Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 733 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-апрелиндеги №145, 1 февраля 2012 года №71, 2012-жылдын 15-февралындагы №95 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жобо
II. Министрликтин максаты
III. Министрликтин милдети
IV. Министрликтин негизги функциялары
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары - Министрлик) бюджет жана финансы чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу жана башкарууну жүргүзүүчү аткаруу бийлигинин органы болуп саналат, ошондой эле ички аудит жагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп эсептелет.
2. Министрлик өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктары менен буйруктарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун жана буйруктарынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун жана башка ченемдик-укук актыларынын, ошондой эле ушул Жобонун негизинде жана аткарууга алып уюштурат.
3. Министрлик юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, белгиленген үлгүдөгү дагы башка мөөрлөрү, штамптары, бланктары болот, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктарда эсептик, валюталык жана башка эсеп-чоту бар.
4. Министрликтин максаты мамлекеттик финансыны майнаптуу башкаруу болуп саналат.
5. Министрликтин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- мамлекеттик финансыны башкаруунун балансталган системасын өркүндөтүү жана өнүктүрүү;
- мамлекеттик сектордо финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын жана ички аудит системасын колдонуу;
- мамлекеттик бюджетке фискалдык тобокелдиктердин тийгизген таасирин баалоо;
- (бешинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы №71 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- баалуу металлдарды жана асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды өндүрүү, пайдалануу, жүгүртүү, эсебин жүргүзүү жана сактоо үчүн мамлекеттик жөнгө салууну, Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүлгөн баалуулуктар менен болгон операцияларды аткарууну камсыз кылуу;
- товарларды, ишти, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызматты мамлекеттик сатып алуулардын максималдуу үнөмчүлдүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу;
- министрликтин компетенциясынын чегинде тармактык министрликтердин кызматкерлеринин потенциалын көтөрүү.
- мамлекеттик карыз каражаттарды эсепке алуу, талдоо жана кайрылышын камсыз кылуу.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы №71, 2012-жылдын 15-февралындагы №95 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында министрлик төмөнкүдөй негизги функцияларды ишке ашырат:
1. мамлекеттик финансыны башкаруунун балансталган системасын өркүндөтүү жана өнүктүрүү төмөнкү жолдор менен:
а) Мамлекеттик бюджет саясатын ишке ашыруу:
- мамлекеттик (консолидацияланган) бюджетти түзүү жана анын аткарылышы жөнүндө отчет;
- мамлекеттик (консолидацияланган) бюджеттин кезектеги бюджеттик жылга жана андан кийинки болжолдонгон эки жылга болжолдуу көрсөткүчтөрүнүн эсеби;
- орточо мөөнөттүү келечекке бюджеттин болжолдуу көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бюджеттин орточо мөөнөттүү болжолун түзүү;
- финансылык программалаштыруу моделин иштеп чыгуу жана колдонуу жана башка үч макроэкономикалык эсептер менен (анык сектор, төлөм балансы, акча-кредит сектору) бюджеттик эсептин өз ара байланышын белгилөө;
- макроэкономикалык көрсөткүчтөргө бюджеттин таасиринин фактордук жана эконометрикалык талдоосун жүргүзүү;
- райондордун негизги экономикалык көрсөткүчтөрүнүн бюджетти иштеп чыгуунун алкагында алардын киреше потенциалын баалоо максатында анализ жүргүзүү жана болжолун даярдоо;
- республикалык бюджеттин долбоорун түзүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берүү;
- республикалык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана киргизүү;
- өнүктүрүү бюджетинин интеграциясы жана анын республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүндө өзгөрүшү жана толукталышы;
- өнүктүрүү бюджетин (мамлекеттик инвестициялар программасы, капиталдык салымдар жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттар) жана тышкы жардамды аткаруу эсебин алуу жана отчеттуулугу;
- Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук Агенттигине республикалык бюджеттен капиталдык салымдарды пландаштыруу боюнча сунуштарды даярдоо жана киргизүү;
- республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен дем берүүчү үлүштүк гранттардын механизмин ишке ашыруу;
- республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчеттун долбоорун түзүү;
- бирдиктүү бюджеттик классификацияны, ошондой эле аны колдонуунун тартибин иштеп чыгуу жана өркүндөтүү;
- бюджеттик жазууларга ылайык бюджеттин кирешелеринин түшүү болжолун түзүү жана аны кирешелер администраторлоруна чейин аларды камсыз кылуу боюнча чараларды көрүшү үчүн жеткирүү;
- бюджеттик кассалык аткаруу;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсеп-чотундагы каражаттардын өтүмдүүлүгүн башкаруу;
- бюджеттик мекемелердин милдеттенмелерин каттоону жүргүзүү;
- республикалык бюджеттин аткарылышынын жүрүшүнө контроль жүргүзүү жана талдоосун өткөрүү;
- кирешелерди жумшоо боюнча сунуштарды даярдоо жана бюджеттик ассигнациялардын пайдаланылышынын натыйжалуулугун жогорулатуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө чыгашалардын лимитин жана ченемдерин белгилөө боюнча сунуштарды киргизүү;
- бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары боюнча усулдук иштерди эсепке алууну жана отчеттуулукту ишке ашыруу;
- республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди кассалык тейлөөнү усулдук камсыз кылуу;
- программалык негизде бюджеттерди түзүү боюнча усулун иштеп чыгуу жана алардын аткарылышы тууралуу отчеттор;
- мамлекеттин кирешелерин азайтууну же чыгашаларын көбөйтүүнү караган маселелер боюнча ченемдик-укук актыларынын долбоорун макулдашуу;
б) бюджеттер аралык жөнгө салуу:
- мыйзамдарда каралган чегинде жергиликтүү бюджеттерди түзүү боюнча координация жана контроль;
- жергиликтүү бюджеттерге бюджеттик ссудаларды берүү;
- республикалык бюджеттен берилген ссудалар боюнча жергиликтүү бюджеттердин карызын жараксыздыкка чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизүү;
- жалпы мамлекеттик салыктардан жана башка кирешелерден чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдерин белгилөө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чейин бекитилген ченемдерди жеткирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизүү;
- жалпы мамлекеттик салыктардын, салыктык эмес жана башка бюджеттер аралык кирешелердин туура бөлүштүрүлүшүнө, максаттуу трансферттердин пайдаланышына мыйзамда каралган чегинде мониторингди жана контролдукту ишке ашыруу;
- бекитилген ыкмаларга жана формулаларга шайкеш категориялык жана теңөөчү гранттарды жергиликтүү бюджеттерге бөлүштүрүү;
- райондор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча кирешелердин түшүүсүнүн болжолун түзүү жана аны кирешелер администраторуна чейин жеткирүү;
в) эл аралык кызматташтык, мамлекеттик карызды жана мамлекеттик активдерди башкарууну оңтойлоштуруу:
- Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы мамлекеттик карыздарын башкаруу;
- мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу;
- тышкы жана ички зайым каражаттарын тартып келүү, ошондой эле мамлекеттик кепилдиктерди берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бирден-бир агенттигинин функциясын ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча Борбордук агенттиги менен биргеликте инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда сунуштарды иштеп чыгуу жана катышуу;
- Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча Борбордук агенттигине өнүктүрүүнүн расмий жардамын ишке ашыруу мониторингинде көмөк көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча Борбордук агенттиги менен макулдашуу боюнча министрликтин компетенциясынын чегинде эл аралык финансы уюмдары, донор өлкөлөр, дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана чет өлкөлүк инвесторлор менен өз ара мамилелерде Кыргыз Республикасын көрсөтүү;
- эл аралык уюмдарда жана интеграциялык бирикмелерде мүчөлүк акыларды төлөөнү жүргүзүү;
- чет өлкөлүк мамлекеттер менен Кыргыз Республикасынын Өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги отурумдарын уюштуруу жана өткөрүү, Кыргыз Республикасынын Финансы министри анын Төрагасы болуп саналат;
- Мамлекеттик активдердин эсебин алуу усулун иштеп чыгуу;
2. мамлекеттик сектордо финансылык отчеттуулуктун жана ички аудит системасынын эл аралык стандартын киргизүү:
- коомдук сектордун финансылык отчеттуулугунун жана мамлекеттик сектордун ички аудитинин эл аралык стандарттарына ылайык бухгалтердик эсептин жана финансылык отчеттуулуктун усулдук базасын иштеп чыгуу жана өркүндөтүү, ошондой эле бухгалтердик эсеп жана ички аудит боюнча адистердин квалификациясын жогорулатууну жана кайра даярдоону уюштуруу;
- мамлекеттик сектордо бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук жана ички аудит боюнча ченемдик-укук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу;
- коомдук сектордо финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандартына жана бюджеттик уюмдарда ички аудиттин стандартына ылайык бухгалтердик эсептин жана финансылык отчеттуулуктун колдонулушун уюштуруу жана координациялоо;
- мамлекеттик органдарда жана мекемелерде ички аудит системасын өнүктүрүү боюнча иштерди уюштуруу;
- мамлекеттик башкаруу секторунун балансын түзүү;
3. мамлекеттик бюджетке фискалдык тобокелчиликтердин таасир тийгизишин баалоо:
- структуралык жана институционалдык өзгөртүүлөрдүн, ошондой эле бюджеттин көрсөткүчтөрүнө тарифтердин өзгөрүшүнүн таасирин талдоону жана баалоону жүргүзүү;
- мамлекеттик (консолидацияланган) бюджеттин аткарылышына фискалдык тобокелчиликтердин таасиринин экспертизасын жана баалоосун жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышынын комплекстүү талдоосун жүргүзүү;
- бюджетке мыйзам актыларынын долбоорлорунун таасирин талдоо;
4. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы №71 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. баалуу металлдар жана асыл таштар жана алардан жасалган буюмдарды өндүрүү, пайдалануу, жүгүртүү, эсебин жүргүзүү жана сактоо үчүн мамлекеттик жөнгө салууну, Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүлгөн баалуулуктар менен болгон операцияларды аткарууну камсыз кылуу:
- Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар Мамлекеттик фондунун баалуулуктарынын финансылык жыл ичинде толукталышы жана сарпталышы жөнүндө отчетту жана ушул фондуну түзүүгө бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражатынын пайдалынылышы тууралуу отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшыруу;
- Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар Мамлекеттик фондунун баалуулуктарын сатып өткөрүүдөн түшкөн каражаттарды республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө эсептөө;
- баалуу металлдар жана асыл таштар менен болгон операцияларга контролдоону жана мониторингди ишке ашыруу;
- юридикалык жана жеке жактардын баалуу металлдар жана асыл таштар менен болгон операцияларды ишке ашырууда мыйзамдуулукту сакташын камсыз кылуу;
6. товарларды, ишти, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызматты мамлекеттик сатып алуулардын максималдуу үнөмчүлдүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу:
- сатып алууларды пландаштыруу тартибин жана жол-жобосун жана келишимдерди түзүүнү камтыган мамлекеттик сатып алуулардын үнөмчүл жана натыйжалуу системасын иштетүү үчүн ченемдик-укук базасын иштеп чыгуу;
- товарларды, ишти, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызматты мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө сатып алуулар жол-жобосу жана консультациялык жардам көрсөтүү боюнча персоналды окутууну кошкондо мамлекеттик органдарга көмөктөшүү;
- тендердик негизде өткөрүлгөн мамлекеттик сатып алуулардын натыйжасы боюнча бюджеттик мекемелердин милдеттенмелерин жана контракттарды эсептик каттоону жүргүзүү;
7. министрликтин системасындагы, ошондой эле министрликтин компетенциясынын чегинде тармактык министрликтердин кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу:
- министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча практикалык курстарды жана семинарларды уюштуруу жана өткөрүү.
8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка функцияларды ишке ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы №71 токтомунун редакциясына ылайык)
V. Министрликтин укуктары
7. Министрлик укуктуу:
- министрликтин компетенциясына таандык маселелер боюнча мыйзамдардын жана башка ченемдик-укук актыларынын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүүгө;
- министрликтин компетенциясына таандык маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл маалыматтарды белгиленген тартипте сурап алууга;
- мамлекеттик муктаждыктар жана министрликтин муктаждыктары үчүн товарларды жеткирип берүүгө, иш аткарууга жана кызмат көрсөтүүлөргө заказдарды жайгаштырууга белгиленген тартипте конкурстарды өткөрүүгө жана мамлекеттик контракттарды түзүүгө;
- консультативдик-кеңешүүчү, аналитикалык жумушчу топторду/комиссияларды, анын ичинде эл аралык уюмдардын көмөктөшүүсүндө түзүүгө;
- министрликтин грамоталарын, төш белгилерин жана башка сыйлыктарын белгиленген тартипте уюштурууга;
- журналдарды жана башка басылмаларды белгиленген тартипте уюштурууга жана басып чыгарууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жана дагы башка иштерди жүзөгө ашырууга.
8. Министрлик:
- борбордук аппараттан:
- ведомстволук баш ийүүдөгү органдардан;
- (төртүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы №71 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу баалуу металлдар департаментинен;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин окуу борборунан;
- аймактык органдарынан турган борборлоштурулган система болуп саналат.
Ведомстволук баш ийүүдөгү органдар өз ишин Кыргыз Республикасынын Финансы министринин сунуштоосу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жобого ылайык ишке ашырышат. Аймактык органдар өз ишин Кыргыз Республикасынын Финансы министри бекиткен жобого ылайык ишке ашырат.
Ведомстволук баш ийүүдөгү жана аймактык органдардын ишине контроль белгиленген тартипте министрлик тарабынан жүзөгө ашырылат.
Министрликтин борбордук аппаратында туруктуу иштеген ички аудиттин кызматы иштейт, ал борбордук аппараттын, министрликтин ведомстволук баш ийүүдөгү жана аймактык органдарынын ички аудит функциясын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудити боюнча мыйзамдарга ылайык ишке ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы №71 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Министрликти Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу Министр жетектейт.
10. Министр министрликке жүктөлгөн ыйгарым укуктардын аткарылышы жана иштин белгиленген чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын ишке ашырылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
11. Министр:
- министрликтин ишине жалпы жетекчиликти жүргүзөт;
- министрдин орун басарлары ортосунда функционалдык милдеттерди бөлүштүрөт;
- министрликтин компетенциясы чегинде буйруктарды жана башка укуктук актыларды чыгарат;
- министрликтин ишинин ар жылкы планын жана Регламентин бекитет;
- белгиленген штаттык сандын чегинде жана эмгек акы фондусунун алкагында министрликтин борбордук аппаратынын, аймактык жана ведомстволук уюмдарынын штаттык расписаниеси менен структурасын бекитет;
- борбордук аппараттын структуралык бөлүктөрү (кызматкерлердин функционалдык милдеттери менен кошо) жөнүндө жобону жана аймактык органдар жөнүндө жобону бекитет;
- бөлүнгөн каражатынын чегинде борбордук аппараттын министрликтин системасындагы аймактык органдардын жана ведомстволук баш ийүүдөгү уюмдардын чыгашалар сметасын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу депозиттерди коргоо Агенттигинин өзүн күтүүгө, анын чыгашалар бөлүгүн кошпогондо облустар, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча штаттык санды көрсөтүү менен бекитет;
- белгиленген тартипте Министрлик системасынын кызматкерлерин
кызматтан бошотот;
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүүнү киргизет;
- берилген ыйгарым укуктарга ылайык эл аралык келишимдерге (макулдашууларга) кол коет;
- өз компетенциясынын же болбосо берилген ыйгарым укугунун чегинде чет өлкөлүк мамлекеттерде жана эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасын көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-апрелиндеги №145 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Министрликте мыйзамдарга ылайык кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу жогорку административдик мамлекеттик статс-катчы кызматы уюшулган.
Статс-катчы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тар-
типте министр менен макулдашуу боюнча:
- талапкерлерди бош турган административдик мамлекеттик кызматтарга дайындайт;
- Министрлик системасынын административдик мамлекеттик кызматтарды ээлеген мамлекеттик кызматчыларын которуштурууну жана ротациялоону ишке ашырат.
Министрдин көрсөтүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу Министрдин орун басарлары болот.
Министрдин орун басарлары түздөн-түз Министрге баш ийишет жана аларга жүктөлгөн милдеттер менен ыйгарым укуктардын чегинде министрликтин ишин уюштурат.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-апрелиндеги №145 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Министрликте 11 адамдан турган коллегия түзүлөт. Коллегиянын иш тартиби Министр бекиткен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин коллегиясы жөнүндө жободо белгиленет.
Коллегиянын курамына Министр, статс-катчы, министрдин орун басарлары, башкармалыктардын начальниктери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча Борбордук агенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлдөрү кирет. Кызматы боюнча министр Коллегиянын Төрагасы болуп саналат. Өзгөчө учурда ал тарабынан ыйгарым укук берилген орун басары болот. Коллегиянын курамы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет.
|
|