Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 1 июну № 273
Үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясынын үлүштүк инвестициялык фондду башкарууга байланышкан иш жөнүндө маалымат берүүсү жана жарыялоосу тууралуу жобону бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жана «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясынын үлүштүк инвестициялык фондду башкарууга байланышкан иш жөнүндө маалымат берүүсү жана жарыялоосу тууралуу жобо бекитилсин.
2. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер - министр | А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын1-июнундагы № 273 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
1. Үлүштүк инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясынын үлүштүк инвестициялык фондду башкарууга байланышкан иш жөнүндө маалымат берүүсү жана жарыялоосуна карата коюлуучу талаптарды ушу жобо бекитет.
2. Маалыматтарды толук жана чынчыл, ошондой эле өз мөөнөтүндө беришине жана ачып көрсөтүүгө карата болгон жоопкерчиликти фонд тартат.
2. Кызыкчылыктары бар баардык жактарга берилүүчү маалыматтар
3. Фонддун башкаруучу компаниясы арыздарды кабыл алуу жерлеринде инвесторлордун талабы боюнча документтерди берүүгө, ошондой эле фонддун эрежелерине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларына ылайык фондду башкарууга байланышкан иш жөнүндө маалыматты башкача түрдө алып берүүгө милдеттүү.
3. Фондду башкаруучу компаниянын маалыматтарды ачып берүү мөөнөттөрү
4. Фонддун башкаруучу компаниясы инвестициялык үлүштөрдү жайгаштыруу жана сатып алуу боюнча арыз кабыл алган жерлерде төмөнкүдөй маалыматтарды ачып берүүгө милдеттүү:
- фонддун эрежесинин жана фонддун инвестициялык үлүштөрүнүн эмиссияларынын проспектисинин тексттерин, фонддун инвестициялык үлүштөрүн алгачкы жайгаштыруу жөнүндөгү билдирүүнү фонддун эрежеси жана фонддун инвестициялык үлүштөрүнүн эмиссияларынын проспектиси баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча мамлекеттик органда катталгандан кийин, бирок фонддун инвестициялык үлүштөрүн алгачкы жайгаштыруу башталган күндөн кечиктирбей;
- фонддун эрежеси катталгандыгы жөнүндөгү билдирүүнү жана катталган өзгөрүүлөрдүн жана толуктоолордун толук тексттерин баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча мамлекеттик орган каттагандан кийин;
- фонддун таза активдеринин наркы жөнүндөгү маалымкатты арыздарды кабыл алуунун кезектеги мөөнөтү башталгандан кечиктирбей;
- жайгаштырууну токтото туруу же жайгаштыруу менен кайта сатып алууну бир мезгилде токтото туруу, фонддун инвестициялык үлүштөрүн жайгаштырууну жана (же) кайта сатып алууну калыбына келтирүү жөнүндөгү билдирүүнү, мындай чечим кабыл алынгандан кийинки күндөн кечиктирбей, анын себептерин көрсөтүү менен.
5. Фонддун инвестициялык үлүштөрүн жайгаштыруучу жана кайта сатып алуучу агенттер жөнүндөгү маалыматтар, фонддун жоюлушу жөнүндөгү кабар фонддун эрежесинде жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган тартипте жарыяланат.
Фонд жоюлган учурда башкаруучу компания фонддун жоюлушу жөнүндөгү жана инвестициялык үлүштөрдүн ээлерине каражаттар кайтарылып берилери тууралуу кабарды жарыялоого милдеттүү.
6. Фонддун таза активдери жана фонддун бир инвестициялык үлүшүнүн ошол күндөгү баасы жөнүндөгү кабар фонддун эрежесинде көрсөтүлгөн маалымдоо агенттиктери жана басма сөз органдары аркылуу ачылып берилет.
Таза активдердин баасын жана фонддун бир инвестициялык үлүшүнүн баасын ачып берген кабарда төмөнкүлөр камтылышы керек:
- маалыматтар ачылып берүү датасы;
- фонддун аталышы, фонддун эрежеси жана фонддун инвестициялык үлүштөрүнүн эмиссиясынын проспектиси катталган дата, фонддун башкаруучу компаниясынын аталышы жана лицензиясынын номери, башкаруучу компаниянын дареги, фонд жөнүндө маалыматтар алынуучу телефондор;
- фонддун таза активдеринин жана фонддун бир инвестициялык үлүшүнүн баасы;
7. Ушул жобонун 1-тиркемесинде каралган маалыматтардын тизмеси фонддун эрежесинин жана фонддун инвестициялык үлүштөрүнүн эмиссиясынын проспектисинин кыскача баяндамасында камтылышы керек, ошондой эле фонддун эрежесинин жана фонддун инвестициялык үлүштөрүнүн эмиссиясынын проспектисинин жоболорунун жана башка маалыматтардын түшүндүрмөлөрү да кыскача баяндамага киргизилиши керек.
8. Фонддун башкаруучу компаниясы төмөнкүдөй маалыматтарды жарыялоого милдеттүү:
- үлүштүк инвестициялык фонддун эрежесине киргизилген өзгөрүүлөр менен толуктоолорду, алар баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча мамлекеттик органда катталгандан кийин;
- инвестициялык үлүштөрдү алгачкы жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндөгү отчёту;
- фонддун башкаруучу компаниясы, анын туунду жана көз каранды коомдорун кайра уюштуруу жөнүндө;
- фонддун башкаруучу компаниясынын активдеринин баасын бир жолу 10 пайыздан ашуунга көбөйтүүгө же азайтууга алып келген фактылар жөнүндө фонддун башкаруучу компаниясынын таза кирешелерин жана таза чыгашаларын 10 пайыздан ашуунга бир жолу көбөйтүүгө же азайтууга алып келген фактылар жөнүндө, өлчөмү, же болбосо мүлктүн баасы бүтүм жасалган күндөгү абал боюнча башкаруучу компаниянын активдеринин 10 пайызын жана андан ашуунду түзгөн башкаруучу компаниянын бир жолку жасаган бүтүмдөрү жөнүндөгү фактыларды;
- башкаруучу компаниянын баалуу кагаздарынын 5 пайызынан ашуун инвестициялык үлүштөрүнө ээлик кылган адамдын реестрде пайда болушу жөнүндө;
- инвестициялык үлүштөрдүн ээлеринин реестри жабылган дата жөнүндө, ээлик кылган адамдардын алдындагы милдеттенмени фонддун башкаруучу компаниясынын аткарышынын мөөнөттөрү жөнүндө;
- фонддун башкаруучу компаниясынын ыйгарым укуктуу органынын баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечимди кабыл алышы жөнүндө.
9. Ушул жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн олуттуу окуялар жана аракеттер жөнүндөгү билдирүүнү башкаруучу компания баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча мамлекеттик органга жөнөтүшү керек, ошондой эле ошол окуя болгон же аракеттер жасалган учурдан тартып беш күндөн кечиктирбей баалуу кагаздардын ээлеринин көпчүлүгүнө тиражы таркатылып, жеткириле турган жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыкка чыгарышы керек.
10. Фонддун инвестициялык үлүштөрүн алгачкы жайгаштыруу бүткөндөн кийинки отчеттук квартал аяктагандан кийин кирешелүүлүк жөнүндөгү маалымат ачылып берилиши мүмкүн.
Фонддун таза активдеринин баалары жөнүндө отчёттук кварталдын жыйынтыгында түзүлгөн маалымкаттардын отчёттук маалыматтарынын негизинде кирешелүүлүктүн көрсөткүчтөрү эсептелинип чыгарылат.
Инвестициялардын кирешелүүлүгү жыйынтыктары аныкталуучу мезгилдин башталышы датасы жана аякталышы датасы жөнүндө маалыматтар, ошондой эле «үлүштүн баасы кандай өссө, так ошондой эле төмөндөп кетиши мүмкүн», «фонддун инвестицияларынын келечегинин кирешелүүлүгүнө кепилдик берилбейт», «фонддун инвестицияларынын кирешелүүлүгүнө мамлекет кепилдик бербейт» деген эскертүүлөр фонддун инвестицияларынын кирешелүүлүгү жөнүндө ачылып берилген маалыматтарда камтылышы керек.
11. Фонддун инвестициялык үлүштөрүн алгачкы жайгаштыруу бүткөндөн кийинки биринчи жылдагы инвестициялардын кирешелүүлүгү төмөнкү формула менен эсептелинип чыгарылат:
Кирешелүүлүктүн коэффициенти = (СБ/ЖБ) - 1) х 100, мында:
СБ - акыркы отчёттук кварталдын аягында фонддун инвестициялык үлүшүн сатып алуу баасы;
- ЖБ - фонддун инвестициялык үлүштөрүн алгачкы жайгаштыруу бүткөндөн кийин башталган отчеттук кварталдын биринчи күнүндө инвестициялык үлүштү жайгаштыруу баасы.
4. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча мамлекеттик органга фонддун
башкаруучу компаниясы берүүчү маалыматтар
12. Фонддун эрежесин жана фонддун инвестициялык үлүштөрүнүн эмиссиясынын проспектисин каттоодон өткөргөн фонддун башкаруучу компаниясы баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча мамлекеттик органга төмөнкүдөй документтерди берүүгө милдеттүү:
- фонддун инвестициялык үлүштөрүн алгачкы жайгаштыруу башталгандыгы жөнүндөгү билдирүүнүн тексттерин, фонддун агенттери жөнүндөгү маалыматтарды, аларды жарыяланганга же таратылганга чейин;
- фонддун эрежесине киргизилүүчү өзгөртүүлөр менен-толуктоолордун толук текстин, алар жарыяланганга чейин;
- баалуу кагаздар рыногунун адис катышуучуларынын отчетторду берүүсүн жөнгө салуучу, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык отчетторду;
- фонддун инвестициялык үлүштөрүн жайгаштыруучу жана сатып алуучу агент менен түзүлгөн келишимдин токтотулушу жөнүндөгү билдирүүнү, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча мамлекеттик органдагы үлүштүк инвестициялык фонддордун реестрине киргизилген агенттер жөнүндөгү маалыматтардагы өзгөрүүлөрдү, 7 күндүн ичинде;
- фонддун таза активдеринин баасы жөнүндө ар бир айдын акыркы календарлык күнүндө түзүлгөн маалымкатты ар бир кийинки айдын 10-күнүнөн кечиктирбей жана фонддун инвестициялык үлүштөрүн алгачкы жайгаштыруу бүткөндөн кийинки күнү;
- фонддун таза активдеринин жана бир инвестициялык үлүштүн баасы жөнүндөгү маалыматтар ачылып берилүүчү «Интернет» тармагындагы баракчанын жана электрондук почтонун даректери жөнүндө билдирүү «Интернет» тармагы аркылуу маалыматтар ачылып бериле баштаган биринчи күндөн кечиктирбей;
- фонддун жоюлушу жана фонддун инвестициялык үлүштөрүнүн ээлеринин каражаттарынын кайтарып берилери жөнүндө инвестициялык үлүштөрдү сатып алуу өтүнүчүн бергендерге карата берилген билдирүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мөөнөттөрдө;
- жайгаштырууну токтото туруу же жайгаштырууну жана сатып алууну бир мезгилде токтото туруу, жайгаштырууну жана (же) фонддун инвестициялык үлүштөрүн калыбына келтирүү жөнүндөгү билдирүүнү тиешелүү чечим кабыл алынган күнү;
- фонддун башкаруучу компаниясынын отчётун (2-тиркеме) фонддун инвестициялык үлүштөрүн алгачкы жайгаштыруу бүткөндөн кийинки 5 күндөн кечиктирбей, ал эми кийин отчёттук квартал бүткөндөн кийинки 30 күндөн кечиктирбей.
13. Ушул пунктта көрсөтүлгөн окуялар келип чыккандан кийинки 5 күндөн кечиктирбей төмөндөгүдөй билдирүүлөрдү баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча мамлекеттик органга жөнөтүүгө башкаруучу фонд милдеттүү:
- фондду башкаруучу компаниянын турган жери, почтолук дареги, телефонунун номери өзгөргөндүгү жөнүндө;
- фонддун башкаруучу компаниясын кайра уюштуруу же жоюу чечими кабыл алынгандыгы жөнүндө;
- фонддун башкаруучу компаниясы өзүнүн кудуретсиздиги жөнүндө жарыялагандыгы жөнүндө;
- фонддун башкаруучу компаниясынын филиалдарын түзүү жана өкүлчүлүктөрүн ачуу жөнүндө, ошондой эле алардын ишин токтотуу жөнүндө кабыл алынган чечимдери тууралуу;
- фонддун башкаруучу компаниясын кудуретсиз деп таануу жөнүндөгү, тышкы башкарууну киргизүү жөнүндөгү арызды соттун кабыл алышы тууралуу.
5. Фонддун башкарууга байланышкан иш жөнүндө маалыматтарды берүү тартибин бузгандыгы үчүн фонддун
башкаруучу компаниясынын жоопкерчилиги
14. Фондду башкарууга байланышкан иш жөнүндөгү маалымат берүү тартибин фонддун башкаруучу компаниясы ушул Жобого ылайык камсыз кылышы керек.
15. Фонддун башкарууга байланышкан иш жөнүндөгү маалымат бербегендиги үчүн фонддун башкаруучу компаниясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
1-тиркеме
Үлүштүк инвестициялык фонддун эрежесинин жана үлүштүк инвестициялык фонддун инвестициялык үлүштөрүнүн
эмиссиясынын проспектисинин кыскача баяндамасында камтылууга тийиш болгон маалыматтардын
тизмеси
Үлүштүк инвестициялык фонд жөнүндө маалымат:
1. Үлүштүк инвестициялык фонддун толук жана кыскартылган аталышы, түрү (мындан ары - фонд), фонддун эрежесинин жана фонддун инвестициялык үлүштөрүнүн эмиссияларынын проспектиси катталган дата жана анын номери.
2. Фонддун башкаруучу компаниясынын фирмалык аталышы, фонддун башкаруучу компаниясына берилген лицензиянын номери жана берилген дата, фонддун башкаруучу компаниясынын дареги, телефону, уюштуруучулук-укуктук түрү.
3. Фонддун депозитарийинин фирмалык аталышы, лицензиянын номери жана берилген дата, дареги.
4. Фонддун аудиторунун фирмалык аталышы, лицензиянын номери жана берилген дата, дареги.
5. Фонддун атайын каттоочусунун фирмалык аталышы, лицензиянын номери жана берилген дата, дареги, телефону.
6. Фонддун көз каранды эмес баалоочусунун фирмалык аталышы, лицензиянын номери жана берилген дата, дареги, телефону.
Фонддун инвестициялык декларациясы:
7. Инвестициялык декларацияда баяндалган, жүзөгө ашырылып жаткан инвестицияларды багыттары, ал фонддун эмиссиясынын проспектисинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Инвестициялык үлүштөрдү жайгаштыруунун тартиби жөнүндөгү маалымат:
8. Фонддун инвестициялык үлүштөрүн сатып алууга өтүнүчтү берүү жана кайра алуу тартиби.
9. Фонддун инвестициялык үлүштөрүн сатып алууга берилген өтүнүчтү кабыл алуудан баш тартуу үчүн негиздер.
10. Сатылып алынуучу инвестициялык үлүштөргө акы төлөөнүн шарттары (накталай акча каражаттары менен төлөө шарттарын, башка керектүү маалыматтарды кошуп алганда).
11. Алгачкы жайгаштыруунун ичинде фонддун инвестициялык үлүшүн сатып алуунун баасы, жайгаштыруунун баасын аныктоонун тартиби.
12. Алгачкы жайгаштыруунун мөөнөтү бүткөндөн кийин бир инвестициялык үлүштүн баасын аныктоонун тартиби.
13. Сатылып алынуучу инвестициялык үлүштөрдүн санын эсептөөнүн тартиби.
14. Инвестициялык үлүштөрдү сатып алуунун шарттары.
15. Сатып алуу өтүнүчүн берүү тартиби.
16. Фонддун инвестициялык үлүштөрүн сатып алуунун баасын эсептөө тартиби.
Фонддун таза активдеринин баасын баалоо:
17. Фонддун таза активдеринин баасын баалоону жүргүзүүнүн мөөнөттөрү.
Фонддун башкаруучу компаниясын сый акысы жана фондду түзгөн мүлктүн эсебинен төлөнүүчү башка чыгымдар:
18. Фонддун башкаруучу компаниясынын сый акысынын өлчөмү, аны аныктоо жана шарттары тартиби.
19. Депозитарийге, фонддун көз каранды эмес аудиторуна, атайын каттоочуга, көз каранды эмес баалоочуга (мындай жагдай болсо) берилүүчү сый акынын өлчөмү жана аны аныктоо тартиби.
20. Фонддун башкаруучу компаниясынын милдеттери жана укуктары.
21. Фонддун башкаруучу компаниясына сый акы төлөөнүн тартиби.
22. Фонддун башкаруучу компаниясына ордун толтуруп берүүгө тийиш болгон фондду башкарууга жумшалуучу чыгымдардын түрлөрү, ошондой эле мындай чыгымдарга карата коюлган чектөөлөр.
Фонддун инвестициялык үлүштөрү жөнүндө маалыматтар:
23. Фонддун инвестициялык үлүшүн аныктоо.
24. Фонддун инвестициялык үлүштөрүнүн ээлеринин укуктары.
25. Фонддун инвестициялык үлүштөрүнүн ээлеринин укуктарынын эсебин алуу.
Фонддун инвестициялык үлүштөрүнүн ээлери үчүн тобокелдиктер:
26. Фонддун инвестициялык декларациясында көрсөтүлгөн объекттерди инвестициялоого байланышкан тобокелдиктер сүрөттөмөсү.
27. Инвестициялык үлүштөрдүн ээлерине алардын баасынын төмөндөп кетишине кабылышынын мүмкүндүгү, келечекте инвестициялардын кирешелүүлүгүнө кепилдик берилбегендиги, фонддун инвестицияларынын кирешелүүлүгүнө мамлекет кепилдик берилбей тургандыгы жөнүндө эскертүү.
Кошумча маалыматтар:
28. Фонддун инвестициялык үлүштөрүн жайгаштыруучу жана сатып алуучу агенттердин фирмалык аталыштары, дареги, телефону.
29. Басма сөз органдарынын, маалыматтык агенттиктердин, документтердин тизмеси, фонддун башкаруучу компаниясынын маалыматтары ачылып бериле турган «Интернет» тармагындагы баракчаларынын жана электрондук почтонун дареги, мындай ачып берүүнүн мөөнөттөрүн көрсөтүү менен.
2-тиркеме
Фонддун башкаруучу компаниясынын 201__-жылдын кварталындагы
отчету
Аталышы_____________________________________________________________________________________________________________
Лицензиянын номери жана берилген дата_________________________________________________________________________________
1. Фонддун башкаруучу компаниясы башкарган үлүштүк инвестициялык фонддор:
Үлүштүк инвестициялык фонддун атальшы | Фонддун эрежесин жана фонддун үлүштөрүнүн эмиссиясынын проспектисинин катталган номери жана дата | Отчеттук кварталдын аягындагы таза активдердин баасы | Отчеттук мезгил үчүн башкаруучу компания алган сый акынын суммасы (сом менен) | Отчеттук мезгил үчүн башкаруучу компания алган үстөктүн суммасы (сом менен) | Отчеттук мезгилде башкаруучу компания алган жеңилдиктин суммасы (сом менен) |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
2. Үлүштүк инвестициялык фонддун мүлкүнөн жумшалган чыгымдар (отчеттук жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча толтурулат):
Үлүштүк инвестициялык фонддун аталышы | Башкаруучу компанияга берилген сый акы | Депозитарийдин кызмат көрсөтүүсү | Адис катточунун кызмат көрсөтүүлөрү | Көз каранды эмес баалоочунун кызмат көрсөтүүлөрү | Аудитордун кызмат көрсөтүүлөрү | Ар биринин суммасы көрсөтүлгөн башка чыгымдар | Чыгымдардын жыйынтыгы (сом менен) |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
Башкаруучу компаниянын жеке
аткаруу органынын функциясын
аткарган адамдын койгон колу__________________________________
Башкаруучу компаниянын мөөрү
|
|