Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 1-июну № 278
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму үчүн пруденциялык чендер жана пруденциялык чендердин аткарылышы жөнүндө отчет берүү тууралуу нускаманы бекитүү жөнүндө
Камсыздандыруу уюмдарынын финансылык туруктуулугун бекемдөө, камсыздандыруу рыногунун коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруу уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму үчүн пруденциялык чендер жана пруденциялык чендердин аткарылышы жөнүндө отчет берүү тууралуу нускама бекитилсин.
2. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 25-күнүнөн кечиктирбей Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча ыйгарым укуктуу органына пруденциялык чендердин аткарылышы жөнүндө отчетту көрсөтүлгөн форма боюнча кагазга жазылган жана электрондук түрдө беришсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июнундагы № 278 токтому менен бекитилген |
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Төлөө жөндөмүнүн чендери
3-глава. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун
активдеринин наркы
4-глава. Пруденциялык нормативдердин аткарылганы жөнүндө
отчетту жана төлөө жөндөмүнүн нормативдерин эсептөө
үчүн кошумча маалыматтарды берүүнүн формасы жана
мөөнөттөрү
5-глава. Жыйынтыктоочу жоболор
1-тиркеме. Пруденциялык чендердин аткарылышы жөнүндө отчет
2-тиркеме. Төлөө жөндөмүнүн нормативдерин эсептөө үчүн кошумча
маалыматтар
Бул нускама "Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруу уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) ылайык иштелип чыкты жана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму үчүн нормативдик маанилерди жана төлөө жөндөмүнүн нормативдерин эсептөөлөрдүн методикасын, ошондой эле төлөө жөндөмүнүн нормативдери аткарылганы жөнүндө отчетту жана төлөө жөндөмүнүн нормативдерин эсептөө үчүн кошумча маалыматтарды берүүнүн формасын жана мөөнөттөрүн белгилейт.
1-глава
Жалпы жоболор
1. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун төлөө жөндөмүн жана финансылык туруктуулугун камсыздоо максатында Нускамада пруденциялык чендердин төмөнкүдөй түрлөрү белгиленет:
1) төлөө жөндөмүнүн чендери;
2) финансылык туруктуулуктун чендери.
2. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун төлөө жөндөмүнүн көрсөткүчү болуп алган милдеттенмелер менен активдердин ортосундагы чендик катнаштарды аларын ликвиддүүлүгүн эске алуу менен так сактоо саналат.
3. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун финансылык туруктуулугунун көрсөткүчтөрү төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) уставдык капиталын эң төмөнкү өлчөмдөрүн;
2) камсыздандыруу резервдеринин жана башка милдеттенмелердин өлчөмдөрүн.
4. Ушул Нускаманын 3-пунктунда көрсөтүлгөн чендик маанилерди жана көрсөткүчтөрдү эсептөө методикаларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
2-глава
Төлөө жөндөмүнүн чендери
5. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун төлөө жөндөмүн камсыз кылуу үчүн төлөө жөндөмүнүн төмөнкүдөй чендери сакталышы керек:
1) өтүмдүүлүгү жогору активдердин жетиштүүлүк чени, ал өтүмдүүлүгү жогору активдердин наркынын камсыздандыруу резервдерине суммасына карата катышы катары эсептелет:
ӨЖА
Өжажч = ──────,
КРC
Мында:
Өжажч - өтүмдүүлүгү жогору активдердин жетиштүүлүк чени;
ӨЖА - өтүмдүүлүгү жогору активдердин наркы, ал ушул Нускаманын 3-главасына ылайык сапаты жана ликвиддүүлүгү боюнча классификациясын эске алуу менен эсептелет;
КРС - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун камсыздандыруу резервдеринин суммасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн талаптарына ылайык ал резервдердеги кайра камсыздандыруучунун үлүшүн чыгарып салуу менен эсептелет.
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун өтүмдүүлүгү жогору активдеринин жетиштүүлүк чени бирден кем болбоого тийиш;
2) капиталдын жетиштүүлүк чени, ал бардык активдердин наркынын катышы катары, алардын сапат жана өтүмдүүлүк боюнча классификациясын эске алуу менен, иштеп жаткан камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген уставдык капиталдын минимум өлчөмүнө карата камсыздандыруу резервдеринин жана башка милдеттенмелердин суммасына кемитилүү менен эсептелет:
А - КPС - М
Кч = > ────────────,
Кк
Мында:
Кч - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун капиталынын жетиштүүлүк чени;
А - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун баардык активдеринин наркы, ал ушул Нускаманын 3-главасына ылайык алардын сапаты жана өтүмдүүлүк классификациясын эске алуу менен эсептелген;
КРС - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун камсыздандыруу резервдеринин суммасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн талаптарына ылайык, ал резервдердеги кайра камсыздандыруучунун үлүшүн чыгарып салуу менен эсептелет;
М - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун милдеттенмеси, камсыздандыруу резервдеринин суммасы чыгарып салынгандан кийинки;
Кк - аракеттеги камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму үчүн уставдык капиталдын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген эң төмөнкү өлчөмү.
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун капиталынын жетиштүүлүк чени бирден кем болбоого тийиш;
3) компаниянын учурдагы төлөө жөндөмүнүн чени, ал камсыздандыруу сыйлыктарынын неттосунун камсыздандыруу төлөмдөрүнүн суммасына жана операциялык чыгымдарга карата катышы катары, төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
КСн + ККА
Уажч => ──────────
КНт + ОЧ
Мында:
Уажч - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун учурдагы төлөө жөндөмүнүн чени;
КСн - камсыздандыруу сыйлыгынын неттосу - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун отчеттук мезгилдеги кайра камсыздандырууга берилген камсыздандыруу сыйлыктарын алып таштагандан кийинки камсыздандыруу сыйлыктарынын суммасы;
ККА - кайра камсыздандыруу акысы - камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун отчеттук мезгилде кайра камсыздандыруудан алган акысынын суммасы;
КНт - камсыздандыруунун нетто төлөмдөрү - кайра камсыздандыруу ишин жүргүзүүчү кайра камсыздандырууга төлөгөн камсыздандыруу сыйлыктарын алып таштагандан кийинки камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун отчеттук мезгилде төлөп берген камсыздандыруу төлөмдөрүнүн суммасы;
ОЧ - операциялык чыгымдар.
Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүгө жумшалган учурдагы чыгымдарды жана иш жүргүзүүгө жумшалган учурдагы чыгымдарды жабуу үчүн сарпталуучу камсыздандыруу сыйлыктарынын келип түшүшү түрүндөгү каражаттардын жетиштүү агып киришин бул көрсөткүч мүнөздөп турат. Бул көрсөткүч кайра камсыздандыруу боюнча операцияларды эсепке албастан эсептеп чыгарылат.
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун учурдагы төлөө жөндөмүнүн чени бирден кем болбоого тийиш.
3-глава
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун активдеринин наркы
6. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун төлөө жөндөмүн жана финансылык туруктуулугун аныктоодо анын активдеринин наркынын эсебине алардын сапат жана өтүмдүүлүк боюнча классификациясын эске алуу менен төмөнкүлөр кошулат:
1) акча каражаттары:
кассадагы акча каражат - баланстык наркынын 100 пайыз көлөмүндө;
келе жаткан акча каражаты - баланстык наркынын 100 пайыз көлөмүндө;
банктагы акча каражаты - баланстык наркынын 100 пайыз көлөмүндө.
2) Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына салынган салымдар (депозиттер):
талап кылып-сурап алынчу салымдар - эсептеги сумманын 100 пайыз көлөмүндө (негизги карыздын суммасын жана ыйгарылган сыйлыктын суммаларын эске алуу менен), күмөндүү (үмүтсүз жок) карыздар боюнча резервди чыгарып салгандан кийинки;
мөөнөттүү салымдар - эсептеги сумманын 100 пайыз көлөмүндө (негизги карыздын суммасын жана ыйгарылган сыйлыктын суммаларын эске алуу менен), күмөндүү (үмүтсүз жок) карыздар боюнча резервди чыгарып салгандан кийинки;
3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары - баланстык нарктын 100 пайыз көлөмүндө (негизги карыздын суммасын жана ыйгарылган сыйлыктын суммаларын эске алуу менен), күмөндүү (үмүтсүз жок) карыздар боюнча резервди чыгарып салгандан кийинки;
4) акционердик коомдордун баалуу кагаздары - баланстык нарктын 100 пайыз көлөмүндө (негизги карыздын суммасын жана ыйгарылган сыйлыктын суммаларын эске алуу менен), күмөндүү (үмүтсүз жок) карыздар боюнча резервди чыгарып салгандан кийинки;
5) төмөнкүлөр боюнча берилген карыздар:
карыз берүү келишиминин шарты боюнча узартылбаган карыздар - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 100 пайыз өлчөмүндө;
90 күнгө чейин узартылган карыздар - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 70 пайыз өлчөмүндө;
90 күндөн 180 күнгө чейин узартылган карыздар - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 40 пайыз өлчөмүндө;
180 күндөн ашуун мөөнөткө узартылган карыздар - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 0 пайыз өлчөмүндө;
6) аффилирденген уюмдарды инвестициялоо жана аларга төмөнкүлөр боюнча коюлчу талаптар:
туунду жана көз каранды юридикалык жактардын, ошондой эле башка аффилирденген уюмдардын капиталдарына инвестициялар - сатып алуу баасынын 0 пайыз көлөмүндө;
туунду жана көз каранды юридикалык жактардын, ошондой эле башка аффилирденген уюмдардын кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү дебитордук карыздары - карыздын учурдагы суммасынын өлчөмүнүн 0 пайыз көлөмүндө;
7) кайра камсыздандыруу келишими боюнча кайра камсыздандыруу ишин жүргүзүүчүдөн алынчу суммалар:
кайра камсыздандыруу келишиминин шарттары боюнча узартылбаган карыздар - учурдагы алынчу сумманын өлчөмүнүн 100 пайыз көлөмүндө;
90 күнгө чейин узартылган карыздар - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 70 пайыз көлөмүндө;
90 күндөн 180 күнгө чейин узартылган карыздар - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 40 пайыз көлөмүндө;
180 күндөн ашуун мөөнөткө узартылган карыздар - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 0 пайыз көлөмүндө;
8) кайра камсыздандыруу келишими боюнча кайра камсыздандыруучулардан алынчу суммалар:

9) камсыздандыруучулардан камсыздандыруу келишимдери боюнча алынчу сыйлыктары:
камсыздандыруу келишиминин шарттары боюнча убактысы кечиктирилбеген карыздар - учурдагы алынчу сумманын өлчөмүнүн 100 пайыз көлөмүндө;
убактысы 90 күнгө чейин кечиктирилген карыздар - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 70 пайыз көлөмүндө;
убактысы 90 күндөн 180 күнгө чейин кечиктирилген карыздар - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 40 пайыз көлөмүндө;
убактысы 180 күндөн ашык кечиктирилген карыздар - алына турган учурдагы сумманын өлчөмүнүн 0 пайыз көлөмүндө;
10) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) иши боюнча алынчу эсептер:
алынчу комиссиялыктын түрлөрү:
убактысы кечиктирилбеген карыздар - учурдагы алынчу сумманын өлчөмүнүн 100 пайыз көлөмүндө;

башка эсептерден алынчулардын түрлөрү:
кечиктирилбеген карыздардан - учурдагы алынчу сумманын өлчөмүнүн 100 пайыз көлөмүндө;

11) материалдык эмес активдер (амортизацияны чыгарып салгандан кийинки) - баланстык нарктын 0 пайыз көлөмүндө;
12) негизги каражаттар (амортизацияны чыгарып салгандан кийинки):
жер - баланстык нарктын 100 пайыз көлөмүндө;
имараттар жана курулуштар - баланстык нарктын 100 пайыз көлөмүндө;
бүтө элек капиталдык курулуш - баланстык нарктын 30 пайыз көлөмүндө;
машиналар жана жабдуулар, транспорт каражаттар - баланстык нарктын 50 пайыз көлөмүндө;
негизги каражаттардын башка түрлөрү - баланстык нарктын 0 пайыз көлөмүндө;
13) материалдар - баланстык нарктын 0 пайыз көлөмүндө;
14) күмөндүү (үмүтсүз) карыздар боюнча резервдер - резервдик сумманын 0 пайыз көлөмүндө;
15) башка дебитордук карыздар:
а) кыска мөөнөттүү дебитордук карыздар:
үч ай мөөнөттөн ашпагандары - карыздын суммасынын 100 пайыз көлөмүндө;
үч айдан алты айга чейин мөөнөттөн ашпагандары - карыз сумманын 70 пайыз көлөмүндө;
алты ай мөөнөттөн ашпагандары - карыз сумманын 40 пайыз көлөмүндө;
б) узак мөөнөттүү дебитордук карыздар:
үч жылга чейинки мөөнөттөн ашпагандар - карыздык сумманын 20 пайыз көлөмүндө;
үч жылдык мөөнөттөн ашкандар - карыздык сумманын 0 пайыз көлөмүндө;
16) алдыдагы мезгилдердин сарптоолор - сарптоолордун суммаларынын 100 пайыз көлөмүндө;
17) берилген аванстар:
камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) иши боюнча - аванстардын суммаларынын 100 пайыз көлөмүндө;
башка операциялар боюнча - аванстардын суммаларынын 0 пайыз өлчөмүндө;
18) башка активдер - башка активдердин суммаларынын 0 пайыз өлчөмүндө:
7. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун активдеринин эсеп-кысабы жана кайра баалоо финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына жана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун эсептик саясатына ылайык жүргүзүлөт.
8. Наркы чет элдик валюта менен көрсөтүлгөн активдердин баалары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын отчеттук күнгө карата расмий курсу боюнча бааланат.
4-глава
Пруденциялык нормативдердин аткарылганы жөнүндө отчетту жана төлөө жөндөмүнүн нормативдерин эсептөө үчүн кошумча маалыматтарды берүүнүн формасы жана мөөнөттөрү
9. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 25-күнүнөн кечиктирбей Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча ыйгарым укуктуу органына пруденциялык чендердин аткарылышы жөнүндө отчетту (мындан ары - отчет) жана төлөө жөндөмүнүн пруденциялык чендерин эсептөө үчүн кошумча маалыматтарды (мындан ары - кошумча маалыматтар) ушул Нускаманын 1 жана 2-тиркемелеринде көрсөтүлгөн формалар боюнча беришет.
Отчет жана кошумча маалыматтар кагаз жана электрондук сактагычтарда берилет.
10. Отчет жана кошумча маалыматтар улуттук валюта менен түзүлөт.
11. Отчет жана кошумча маалыматтар эки нускада түзүлөт, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун биринчи жетекчиси, башкы бухгалтери кол коет жана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Мында отчеттун жана кошумча маалыматтын бир нускасы Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына берилет, экинчи нускасы камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунда сакталат.
12. Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы оңдоолору жана кырып өчүрүүлөрү бар отчеттор менен кошумча маалыматтарды кабыл албайт жана андай отчеттор кайра жиберилиши керек.
13. Отчетко жана/же кошумча маалыматка өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү керек болгон учурда, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму отчет жана кошумча маалымат тапшырылган күндөн тартып үч күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына отчетко жана/же кошумча маалыматка өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө жазуу жүзүндө өтүнүчтү өзгөртүү жана/же толуктоо киргизүүнүн зарылдыгын түшүндүрүү менен киргизет.
14. Отчет жана кошумча маалымат өз убагында берилбесе, кечиктирип берилсе же таптакыр берилбесе, же болбосо отчетто жана кошумча маалыматта жалган маалыматтар болсо, ошондой эле белгиленген талаптар аткарылбаса, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген жоопкерчиликтерге кириптер кылат.
5-глава
Жыйынтыктоочу жоболор
15. Ушул Нускама менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген тартипте чечилет.
1-тиркеме
201_-жылдын "__" ________ абал
боюнча пруденциялык чендердин
аткарылышы жөнүндө
ОТЧЕТ
__________________________________________________________________
(камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун аталышы)
(миң сом)
┌───┬──────────────────────────────────┬────────┬───────────┬─────────┐
│ № │ Көрсөткүчтүн аталышы │ Баланс │ Эсепке │Эсептешчү│
│ │ │ боюнча │ алынчу │ сумма │
│ │ │ сумма │ көлөм │ │
├───┼──────────────────────────────────┼────────┼───────────┼─────────┤
│1 │Акча каражаттары - баардыгы │ │ 100% │ │
│ │(1.1-1.3-саптардын суммасы), анын │ │ │ │
│ │ичинде │ │ │ │

│1.1│Кассадагы акча каражат │ │ 100% │ │

│1.2│Жолдо келаткан акча каражат │ │ 100% │ │

│1.3│Банктагы акча каражат │ │ 100% │ │

│2 │Кыргыз Республикасынын │ │ 100% │ │
│ │коммерциялык банктарындагы │ │ │ │
│ │салымдар (депозиттер) (анын ичинде│ │ │ │
│ │чет элдик валюта менен) - баардыгы│ │ │ │
│ │(2.1-2.2-саптардын суммасы), анын │ │ │ │

│2.1│Талап кылынып-сурап алынчу │ │ 100% │ │
│ │салымдар - күмөндүү (үмүтсүз) │ │ │ │
│ │карыздар боюнча резервдерди алып │ │ │ │
│ │салгандан кийинки эсептеги │ │ │ │
│ │суммалардын (негизги карыздын жана│ │ │ │
│ │чегерилген сыйлыктын суммасын эске│ │ │ │
│ │алуу менен) 100 пайыз көлөмдө │ │ │ │

│2.2│Кыска мөөнөттүү салымдар - │ │ 100% │ │
│ │күмөндүү (үмүтсүз) карыздар боюнча│ │ │ │
│ │резервди алып салгандан кийинки │ │ │ │
│ │эсептеги суммалардын (негизги │ │ │ │
│ │карыздын жана чегерилген сыйлыктын│ │ │ │
│ │суммасын эске алуу менен) 100% │ │ │ │
│ │көлөмдө │ │ │ │

│3 │Кыргыз Республикасындагы │ │ 100% │ │
│ │мамлекеттик баалуу кагаздар - │ │ │ │

│ │резервди чыгарып салгандан кийинки│ │ │ │
│ │баланстык нарктын (карыздардын │ │ │ │
│ │негизги суммасын жана чегерилген │ │ │ │
│ │сыйлыктарды эске алуу менен) 100% │ │ │ │
│ │көлөмүндө │ │ │ │

│4 │Акционердик коомдордун баалуу │ │ 100% │ │
│ │кагаздары - күмөндүү (үмүтсүз) │ │ │ │

│ │салгандан кийинки баланстык │ │ │ │
│ │нарктын (негизги карыздын жана │ │ │ │

│ │алуу менен) 100% көлөмдө │ │ │ │

│5 │Өтүмдүүлүгү жогору активдердин │ │ 100% │ │
│ │жыйынтыгы - ӨЖА (1, 2, 3, │ │ │ │
│ │4-саптардын суммасы) │ │ │ │

│6 │Берилген карыздар: │ │ │ │
│ ├──────────────────────────────────┼────────┼───────────┼─────────┤
│ │- карыз берүү келишиминин шарты │ │ 100% │ │
│ │боюнча кечиктирилбеген карыз │ │ │ │

│ │- 90 күнгө чейин кечиктирилген │ │ 70% │ │
│ │карыз │ │ │ │

│ │- 90 күндөн 180 күнгө чейин │ │ 80% │ │
│ │кечиктирилген карыз │ │ │ │

│ │- 180 күндөн ашык кечиктирилген │ │ 0% │ │

│7 │Аффилирденген уюмдарга │ │ │ │
│ │инвестициялар жана аларга коюлчу │ │ │ │
│ │талаптар: │ │ │ │

│ │- туунду жана көз каранды │ │ 0% │ │
│ │юридикалык жактардын, ошондой эле │ │ │ │
│ │башка аффилирденген уюмдардын │ │ │ │
│ │капиталдарына, үлүштүк жана/же │ │ │ │
│ │үлүштүк баалуу кагаздарына) │ │ │ │
│ │инвестициялар │ │ │ │

│ │кыска мөөнөттүү жана узак │ │ │ │
│ │мөөнөттүү дебитордук карыздары │ │ │ │

│8 │Кайра камсыздандыруу келишими │ │ │ │
│ │боюнча кайра камсыздандыруучудан │ │ │ │
│ │алынчу суммалар: │ │ │ │

│ │- кайра камсыздандыруу келишиминин│ │ 100% │ │
│ │шарттары боюнча кечиктирилбеген │ │ │ │

│ │- 90 күндөн 180 күнгө чейин │ │ 40% │ │

│9 │Кайра камсыздандыруу келишими │ │ │ │
│ │боюнча камсыздандыруучулардан │ │ │ │

│10 │Камсыздандыруу келишими боюнча │ │ │ │
│ │камсыздандыруучулардан алынчу │ │ │ │
│ │камсыздандыруу сыйлыктары: │ │ │ │

│ │- камсыздандыруу келишиминин │ │ 100% │ │

│11 │Камсыздандыруу (кайра │ │ │ │
│ │камсыздандыруу) иши боюнча алынчу │ │ │ │
│ │эсептер: │ │ │ │

│ │а) алынчу акылардын түрлөрү: │ │ │ │
│ │- кечиктирилбеген карыз │ │ 100% │ │

│ │б) башка эсептерден алынчулар: │ │ │ │

│12 │Материалдык эмес активдер │ │ 0% │ │
│ │(амортизацияны чыгарып салгандан │ │ │ │
│ │кийинки) │ │ │ │

│13 │Негизги каражаттар (амортизацияны │ │ │ │
│ │чыгарып салгандан кийинки): │ │ │ │

│ │- жер; │ │ 100% │ │

│ │- имараттар жана курулуштар │ │ 100% │ │

│ │- бүтө элек курулуш │ │ 30% │ │

│ │- машиналар жана жабдуулар, │ │ 50% │ │
│ │транспорт каражаттар │ │ │ │

│ │- негизги каражаттардын башка │ │ 0% │ │
│ │түрлөрү │ │ │ │

│14 │Материалдар │ │ 0% │ │

│15 │Карыздар (үмүтсүз) боюнча │ │ 0% │ │
│ │резервдер │ │ │ │

│16 │Башка дебитордук карыздар: │ │ │ │
│ │а) кыска мөөнөттүү дебитордук │ │ │ │
│ │карыз: │ │ │ │

│ │- үч айлык мөөнөттөн ашпагандар │ │ 100% │ │

│ │- үч айдан алты айга чейинки │ │ 70% │ │
│ │мөөнөттөн ашпагандар │ │ │ │

│ │- алты айлык мөөнөттөн ашкандар │ │ 40% │ │

│ │б) узак мөөнөттүү дебитордук │ │ │ │
│ │карыздар: │ │ │ │
│ │- үч жылга чейинки мөөнөттөн │ │ 20% │ │
│ │ашпагандар │ │ │ │

│ │- үч жылдык мөөнөттөн ашкандар │ │ 0% │ │

│17 │Алдыдагы мезгилдердин сарптоолору │ │ 0% │ │

│18 │Берилген аванстар: │ │ │ │
│ │- камсыздандыруу (кайра │ │ 100% │ │
│ │камсыздандыруу) иши боюнча │ │ │ │

│ │- башка операциялар боюнча │ │ 0% │ │

│19 │Башка активдер │ │ 0% │ │

│20 │Активдердин жыйынтыгы, сапаты жана│ Х │ Х │ │
│ │өтүмдүүлүгү боюнча │ │ │ │
│ │классификациясын эске алуу менен │ │ │ │
│ │(1-4 жана 6-19-саптардын │ │ │ │
│ │суммалары) │ │ │ │

│21 │Камсыздандыруу резервдери: │ │ │ │

│ │а) өмүрдү камсыздандыруу боюнча; │ │ Х │ Х │

│ │- өмүрдү камсыздандыруу (кайра │ │ Х │ Х │
│ │камсыздандыруу) келишими боюнча │ │ │ │
│ │боло элек чыгымдардын резерви │ │ │ │
│ │(БЧР); │ │ │ │

│ │- анын ичинде кайра │ │ Х │ Х │
│ │камсыздандыруучунун үлүшү (-); │ │ │ │

│ │- иштелип табыла элек сыйлыктардын│ │ │ │
│ │резерви (ИТСР) │ │ │ │

│ │анын ичинде кайра │ │ │ │
│ │камсыздандыруучунун үлүшү (-) │ │ │ │

│ │- аннуитет келишими боюнча │ │ │ │
│ │болбогон чыгымдардын резерви (БЧР)│ │ │ │

│ │- болуп өткөн, бирок талап кылына │ │ │ │
│ │элек чыгымдардын резерви (БТКЧР) │ │ │ │

│ │- анын ичинде кайра │ │ │ │

│ │б) өмүрдөн башканы камсыздандыруу │ │ Х │ Х │
│ │боюнча │ │ │ │

│ │- иштелип табыла элек сыйлыктардын│ │ Х │ Х │

│ │анын ичинде кайра │ │ Х │ Х │

│ │- болуп өткөн, бирок талап кылына │ │ Х │ Х │

│ │- талап кылынган, бирок жөнгө │ │ Х │ Х │
│ │салына элек чыгымдардын резерви │ │ │ │
│ │(БТКЧР) │ │ │ │

│22 │Жыйынтыгы - кайра │ │ Х │ Х │
│ │камсыздандыруучунун үлүшүн чыгарып│ │ │ │
│ │салгандагы камсыздандыруу │ │ │ │
│ │резервдери │ │ │ │

│23 │Камсыздандыруу (кайра │ │ Х │ Х │

│ │камсыздандыруучуга (кайра │ │ │ │
│ │камсыздандыруучуга) берилчү │ │ │ │
│ │суммалар │ │ │ │

│24 │Камсыздандыруу келишими боюнча │ │ Х │ Х │
│ │кайра камсыздандыруучуларга │ │ │ │
│ │берилчү суммалар │ │ │ │

│25 │Алынган кыска мөөнөттүү жана узак │ │ Х │ Х │
│ │мөөнөттүү насыялар │ │ │ │

│26 │Аффилирденген уюмдарга кредитордук│ │ Х │ Х │
│ │карыздар │ │ │ │

│27 │Төлөнүп берилчү эсептер жана │ │ │ │
│ │алынган алдын ала төлөөлөр: │ │ │ │

│ │- камсыздандыруу иши боюнча │ │ Х │ Х │
│ │камсыздандыруунун ортомчулары │ │ │ │
│ │менен эсептешүүлөр; │ │ │ │

│ │- камсыздандыруу (кайра │ │ Х │ Х │
│ │камсыздандыруу) ишинин башка │ │ │ │
│ │милдеттенмелери │ │ │ │

│28 │Башка милдеттенмелер: │ │ │ │

│ │- болочок мезгилдеги кирешелер │ │ Х │ Х │

│ │- дивиденддер боюнча эсептешүүлөр │ │ Х │ Х │

│ │- бюджет менен эсептешүүлөр │ │ Х │ Х │

│ │- туунду жана көз каранды │ │ Х │ Х │
│ │юридикалык жактарга насыялык │ │ │ │

│ │- бюджеттен тышкаркы төлөмдөр │ │ │ │
│ │боюнча эсептешүүлөр │ │ │ │

│ │- алынган аванстар │ │ │ │

│ │- подрядчы-жабдуучулар менен │ │ │ │
│ │эсептешүүлөр │ │ │ │

│ │- башка насыялык карыздар жана │ │ │ │
│ │которуулар │ │ │ │

│ │- башкалар │ │ │ │

│29 │Жыйынтыгы - башка милдеттенмелер │ │ Х │ Х │

│30 │Жыйынтыгы - камсыздандыруу │ │ Х │ Х │
│ │резервдери чыгарып салынгандан │ │ │ │
│ │кийинки милдеттенмелер │ │ │ │
│ │(23-28-саптардын суммасы) │ │ │ │

│31 │Жыйынтыгы - милдеттенмелер, │ │ Х │ Х │
│ │камсыздандыруу резервдери менен │ │ │ │
│ │кошо (22 жана 30-саптардын │ │ │ │

│32 │Капитал (20-сап минус 22 жана │ Х │ Х │ │
│ │30-саптар) │ │ │ │

│33 │Өтүмдүүлүгү жогору активдердин │ Х │ Өачж => 1 │ │
│ │жетиштүүлүк чени Өачж чени │ │ │ │
│ │(сап 5/сап 22) │ │ │ │

│34 │Кыргыз Республикасынын │ │ Х │ Х │
│ │камсыздандыруу көзөмөлү боюнча │ │ │ │
│ │ыйгарым укуктуу мамлекеттик │ │ │ │
│ │органынын ченемдик укуктук актысы │ │ │ │
│ │менен белгиленген капиталдын │ │ │ │
│ │минимум өлчөмү │ │ │ │

│35 │Капиталдын жетиштүүлүк чени - │ Х │ Кч => 1 │ │
│ │Кч чени (32-сап/34-сап) │ │ │ │

│36 │Баланс боюнча активдердин суммасы │ │ Х │ Х │
└───┴──────────────────────────────────┴────────┴───────────┴─────────┘
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу)
уюмунун жетекчиси
______________________________________ _____________
(фамилиясы, аты-жөнү) (колу)
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу)
уюмунун башкы бухгалтери

Мөөрдүн орду
2-тиркеме
201_-жылдын "__" ________
төлөө жөндөмүнүн нормативдерин эсептөө үчүн кошумча
МААЛЫМАТТАР

Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун аталышы
(миң сом)
┌──┬───────────────────────────────────────────┬───────────┬──────────┐
│ │ Көрсөткүчтүн аталышы │ Эсепке │ Баланс │
│ │ │ алынчу │ боюнча │
│ │ │ көлөм │ сумма │
├──┼───────────────────────────────────────────┼───────────┼──────────┤
│1 │Нетто камсыздандыруу сыйлыгы - │ Х │ │
│ │камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму │ │ │
│ │отчеттук мезгилде алган камсыздандыруу │ │ │
│ │сыйлыктарынын суммасы, кайра │ │ │
│ │камсыздандырууга берилген сыйлыктарды │ │ │
│ │чыгарып салгандан кийинки │ │ │

│2 │Кайра камсыздандыруу акысы - камсыздандыруу│ Х │ │
│ │(кайра камсыздандыруу) уюму отчеттук │ │ │
│ │мезгилде кайра камсыздандыруучудан алган │ │ │
│ │акысынын суммасы │ │ │

│3 │Нетто камсыздандыруу төлөмү - │ Х │ │
│ │камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу уюму │ │ │
│ │отчеттук мезгилде төлөп берген, кайра │ │ │
│ │камсыздандыруучунун ошол камсыздандыруу │ │ │
│ │төлөмдөрүндөгү үлүшүн чыгарып салгандан │ │ │
│ │кийинки камсыздандыруу төлөмдөрүнүн │ │ │
│ │суммалары │ │ │

│4 │Нетто операциялык чыгымдар: │ │ │
│ │- эмгек акы; │ │ │
│ │- социалдык муктаждыкка чегерүүлөр; │ │ │
│ │- командировкалык чыгымдар; │ │ │
│ │- негизги каражаттардын ижара акысы; │ │ │
│ │- негизги каражаттарды оңдоо жана │ │ │
│ │техникалык тейлөө; │ │ │
│ │- жарнамалык чыгымдар; │ │ │
│ │- почта кызматына, электр байланышына акы; │ │ │
│ │- коммуналдык кызматтарга акы; │ │ │
│ │- аудиттик кызматка жана адистердин │ │ │
│ │кызматына акы; │ │ │
│ │- өкүлчүлүктөргө жумшалуучу чыгымдар; │ │ │
│ │- ишти жүргүзүү үчүн башка чыгымдар │ │ │

│5 │Учурдагы төлөө жөндөмүнүн чендери - │ Уажч => 1 │ │
│ │Уажч чени (1-сап + 2-сап)/(3-сап + 4-сап) │ │ │
└──┴───────────────────────────────────────────┴───────────┴──────────┘

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ