Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 1-июну № 279
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | А. Атамбаев |
Долбоор
1-берене. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1996-ж., № 6, 80-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 328-берененин 3-пунктундагы «250» деген сан «300» деген санга алмаштырылсын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын «Күрөө жөнүндө» Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 6, 377-бер.) төмөнкүдө
өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-берененин 7-бөлүгүндөгү «250» деген сан «300» деген санга алмаштырылсын;
- 21-берененин 1-бөлүгүндөгү «250» деген сан «300» деген санга алмаштырылсын.
3-берене. Бул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|