Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 6-июну № 289
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-июлундагы № 376 «Айрым коркунучтуу химиялык заттардын жана пестициддердин жагымсыз таасиринен курчап турган чөйрөнү жана калктын ден соолугун коргоо боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Айрым коркунучтуу өнөр жайлык химиялык заттардын жана пестициддик курамдардын зыяндуу таасиринен калктын ден соолугун жана курчап турган чөйрөнү коргоо, алардын соодада мыйзамсыз жүгүртүлүшүн четтетүү, ошондой эле Эл аралык соодада айрым коркунучтуу химиялык заттар жана пестициддер жагынан алдын ала негизделген макулдашуунун жол-жобосу жөнүндө БУУнун Роттердам конвенциясынын жана Туруктуу органикалык булгоочу заттар жөнүндө Стокгольм конвенциясынын милдеттенмелерин аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-июлундагы № 376 «Айрым коркунучтуу химиялык заттардын жана пестициддердин жагымсыз таасиринен курчап турган чөйрөнү жана калктын ден соолугун коргоо боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- преамбула «Роттердам конвенциясынын» деген сөздөрдөн кийин «жана «Туруктуу органикалык булгоочу заттар жөнүндө Стокгольм конвенциясынын» деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-пункт «тыюу салынган» деген сөздөрдөн кийин «же катуу чектелген» деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 3-пункттагы «2000-2004» деген цифралар «2010-2014» деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«4. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик бажы органы ушул токтом менен бекитилген Тизмеге ылайык химиялык заттарды жана пестициддерди мыйзамсыз ташуунун фактысы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоонун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына өз убагында берип турсун.».
- аталган токтом менен бекитилген Колдонууга тыюу салынган химиялык заттардын жана пестициддердин тизмесинде:
Тизменин аталышы «тыюу салынган» деген сөздөрдөн кийин «же катуу чектелген» деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 26-46-пункттар менен толукталсын:
«
26 | Токсафен | 8001-35-2 | Туруктуу органикалык булгоочу зат (ТОБЗ), активдүү канцероген |
27 | Трибутилол кошулмалары, төмөнкүлөрдү кошкондо: |
| Туруктуу, суу организмдериндеги биоаккумуляция |
оксид трибутилол бензоат трибутилол хлорид трибутилол фторид трибутилол линолеат трибутилол метакрилат трибутилол нафтенат трибутилол | 56-35-9 4342-36-3 1461-22-9 1983-10-4 24124-25-2 2155-70-6 85409-17-2 | ||
28 | Динитро-орто-крезол жана анын туздары (аммоний, калий жана натрий туздары) | 534-52-1 2980-64-5 5787-96-2 2312-76-7 | Абдан уулуу |
29 | Төмөнкүдөй комбинацияларды камтыган чачылуучу порошок курамдары: беномил концентрациясы 7 же андан көп процент, карбофуран концентрациясы 10 же андан көп процент, тирам концентрациясы 15 же андан көп процент (кошулмаларда) | 17804-35-2 1763-66-2 137-26-8 | Абдан уулуу, өтө коркунучтуу пестицид курамы |
30 | Полихлордуу дифенил* | 1336-36-3 | Мутаген, активдүү канцероген |
31 | Полибромдуу дифенил* | 1336-36-3 27858-07-7 13654-09-6 | Мутаген, активдүү канцероген |
32 | Полихлордуу терфенил* | 61788-33-8 | Мутаген, активдүү канцероген |
33 | Трис (2,3-дибромпропил) фосфат | 126-72-7 | Өтө активдүү канцероген |
34 | Тетраэтилкоргошун | 78-00-2 | Өтө активдүү канцероген, уулуу |
35 | Тетраметилкоргошун | 75-74-1 | Өтө активдүү канцероген, уулуу |
36 | Асбес формалары: |
| Өтө активдүү канцероген |
- крокидолит - актинолит - антофиллит - амозит - тремолит | 12001-28-4 77536-66-4 77536-67-5 12172-73-5 77536-68-6 | ||
37 | Эндрин | 72-20-8 | ТОБЗ, абдан уулуу |
38 | Мирекс | 2385-85-5 | ТОБЗ, активдүү канцероген |
39 | Альфа-гексахлорциклогексан | 319-84-6 | ТОБЗ, өтө активдүү канцероген |
40 | Бета-гексахлорциклогексан | 319-85-7 | ТОБЗ, өтө активдүү канцероген |
41 | Хлордекон | 143-50-0 | ТОБЗ, өтө активдүү канцероген, уулуу |
42 | Гексабромбифенил | 36355-01-8 | ТОБЗ, өтө активдүү канцероген |
43 | Гекса-жана гептахлорбифен эфири | 68631-49-2 207122-15- 446255-22-7 207122-16-5 | ТОБЗ, биоаккумуляция жана биомагнификация |
44 | Пентахлорбензол | 608-93-5 | ТОБЗ, туруктуу, биоаккумуляция |
45 | Перфтороктан сульфонаты жана анын туздары, перфтороктан сульфонилфториди * | 1763-23-1 307-35-7 | ТОБЗ, уулуу, биоаккумуляция |
46 | Тетрабромдифен эфири жана пентабромдифен эфири | 5436-43-1 60348-60-9 | ТОБЗ, уулуу, биоаккумуляция |
»;
төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
«Эскертүү:
* - колдонууга катуу чектелген заттар»,
- аталган токтомго тиркереме күчүн жоготту деп табылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | А. Атамбаев |