Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 27-июлу N 376
Айрым коркунучтуу химиялык заттардын жана пестициддердин жагымсыз таасиринен курчап турган чөйрөнү жана калктын ден ден соолугун коргоо боюнча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июнундагы № 289, 2019-жылдын 28-июнундагы № 328 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Айрым коркунучтуу өнөр жайлык химиялык заттардын жана пестициддик курамдардын зыяндуу таасиринен калктын ден соолугун жана курчап турган чөйрөнү коргоо, алардын соодада мыйзамсыз жүгүртүлүшүн четтетүү максатында, ошондой эле эд аралык соодада айрым коркунучтуу химиялык заттар жана пестициддер жагынан алдын ала негизделген макулдук жол-жобосу жөнүндө Роттердам конвенциясынын, жана Туруктуу органикалык булгоочу заттар жөнүндө Стокгольм конвенциясынын жоболорун эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июнундагы № 289 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Колдонууга тыюу салынган же катуу чектелген химиялык заттардын жана пестициддердин тизмеси бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июнундагы № 289 токтомунун редакциясына ылайык)
2. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июнундагы № 289 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 "Тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жөнүндө" Чечиминин 1.4-бөлүмүнө эскертменин 2-пунктунда каралгандан башка учурларда ушул токтом менен бекитилген Тизмеге ылайык химиялык заттарды жана пестициддерди Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө, өндүрүүгө жана пайдаланууга тыюу салынсын.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 328 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик бажы органы ушул токтом менен бекитилген Тизмеге ылайык химиялык заттарды жана пестициддерди мыйзамсыз ташуунун фактысы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоонун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына өз убагында берип турсун.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июнундагы № 289 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| К. Бакиев |
|
| Тиркеме |
Колдонууга тыюу салынган же катуу чектелген химиялык заттардын жана пестициддердин ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 328 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Химиялык зат | Номерлер С.A.S | Чечимди кабыл алуу себеби (негиз) | ТЭИ ТН коду |
1 | 2,4,5-Т | 93-76-5 | Тератоген, канцероген, мутаген, дибензодиоксин аралашмасын камтыйт | 2918 91 000 0 |
2 | Альдрин | 309-00-2 | Өтө уулуу | 2903 82 000 0 3808 59 000 9 |
3 | Бинапакрил | 485-31-4 | Өтө уулуу | 2916 16 000 0 |
4 | Каптафол | 2425-06-1 | Өтө уулуу | 2930 80 000 0 |
5 | Хлордан | 57-74-9 | Айлана-чөйрөдө туруктуу жана биоаккумуляция | 2903 82 000 0 3808 59 000 9 |
6 | Хлордимеформ | 6164-98-3 | Канцероген | 2925 21 000 0 |
7 | Хлорбензилат | 510-15-6 | Өтө уулуу | 2918 18 000 0 |
8 | ДДТ | 50-29-3 | Туруктуу, жогорку кумулятивдүү, канцероген | 2903 92 000 0 3808 59 000 9 |
9 | Дильдрин | 60-57-1 | Канцероген | 2910 40 000 0 3808 59 000 9 |
10 | Диносеб жана диносебдин тузу | 88-85-7 | Өтө уулуу, тери аркылуу өтө таасир этет | 2908 91 000 0 |
11 | 1,2-дибромэтан | 106-93-4 | Өтө уулуу | 2903 31 000 0 |
12 | Фторацетамид | 640-19-7 | Өтө уулуу | 2924 12 000 0 |
13 | НСН (аралаш изомерлер) | 608-73-1 | Өтө уулуу, биоаккумуляция | 2903 81 000 0 |
14 | Гептахлор | 76-44-8 | Өтө уулуу, туруктуу, канцероген | 2903 82 000 0 3808 59 000 9 |
15 | Гексахлорбензол | 118-74-1 | Өтө уулуу | 2903 92 000 0 3808 59 000 9 |
16 | Линдан | 58-89-9 | Өтө уулуу | 2903 81 000 0 |
17 | Сымаптын бирикмелери, анын ичинде сымаптын органикалык эмес бирикмелери, алкилсымаптын бирикмелери, ошондой эле алкилоксилалкил жана арилденген сымаптын бирикмелери |
| Өтө уулуу заттар | 2852 |
18 | Пептахлорфенол | 87-86-5 | Тери аркылуу өтө таасир этет, дүүлүктүрөт, иштеген адамдардын уулануусу баяндалган | 2908 11 000 0 |
19 | Монопротофос (600г/лден ашкан активдүү ингредиентти камтыган эрий турган суюк зат курамдары) | 6923-22-4 | Өтө уулуу, өзгөчө коркунучтуу пестициддик курам | 2924 12 000 0 |
20 | Метамидофос (600г/лден ашкан активдүү ингредиентти камтыган эрий турган суюк зат курамдары) | 10265-92-6 | Өтө уулуу, өзгөчө коркунучтуу пестициддик курам | 2930 80 000 0 |
21 | Фосфамидон (1000г/лден ашкан активдүү ингредиентти камтыган эрий турган суюк зат курамдары) | 13171-21-6 (аралашма, Е- жана Z-изомерлери) 23783984 (Z-изомери) 297-994 (Е-изомери) | Өтө уулуу, өзгөчө коркунучтуу пестициддик курам | 2924 12 000 0 |
22 | Метилпаратион (19,5; 40, 50, 60 проценттүү активдүү ингредиентти камтыган эмульгир концентраттары (ЭК) жана 1,5; 2 жана 3 проценттүү активдүү ингредиентти камтыган порошок курамдары) | 298-00-0 | Тери аркылуу жана эмбриоуулуу таасир этет, тератоген, тукум улоо функциясына таасир этет | 2920 11 000 0 |
23 | Паратион (бул заттын бардык курамдары - аэрозолдор, чачылуучу порошоктор (ЧК), эмульгир концентраттары (ЭК), гранулдар (Г) жана нымдалуучу порошоктор (НК) киргизилген, буга капсулдагы суспензия (КС) кирбейт) | 56-38-2 | Өтө уулуу, өзгөчө коркунучтуу пестициддик курам | 2920 11 000 0 |
24 | Этилендихлорид | 107-06-2 | Канцероген | 2903 15 000 0 |
25 | Этапеноксид | 75-21-8 | Өтө уулуу, канцероген | 2910 10 000 0 |
26 | Токсафен | 8001-35-2 | Туруктуу органикалык булгоочу зат (ТОБЗ), активдүү канцероген | 3808 59 000 9 |
27 | Трибутилол кошулмалары, анын ичинде: |
| Туруктуу, суу организмдериндеги биоаккумуляция |
|
оксид трибутилол; | 56-35-9 |
| ||
бензоат трибутилол; | 4342-36-3 | 2931 20 000 0 | ||
хлорид трибутилол; | 1461-22-9 |
| ||
фторид трибутилол; | 1983-10-4 |
| ||
линолеат трибутилол; | 24124-25-2 |
| ||
метакрилат трибутилол; | 2155-70-6 |
| ||
нафтенат трибутилол | 85409-17-2 |
| ||
28 | Динитро-орто-крезол жана анын туздары (аммоний, калий жана натрий туздары) | 534-52-1 2980-64-5 5787-96-2 2312-76-7 | Өтө уулуу | 2907 12 000 0 |
29 | Төмөнкүдөй комбинацияларды камтыган чачылуучу порошок курамдары: беномил концентрациясы 7 же андан көп процент, карбофуран концентрациясы 10 же андан көп процент, тирам концентрациясы 15 же андан көп процент (кошулмаларда) | 17804-35-2 1763-66-2 137-26-8 | Өтө уулуу, өтө коркунучтуу пестицид курамы | - |
30 | Полихлордуу дифенилдер(*) | 1336-36-3 | Мутаген, активдүү канцероген | 2903 99 3824 82 000 0 |
31 | Полибромдуу дифенилдер(*) | 1336-36-3 27858-07-7 13654-09-6 | Мутаген, активдүү канцероген | 4707 |
32 | Полихлордуу терфенилдер(*) | 61788-33-8 | Мутаген, активдүү канцероген | 3824 82 000 0 |
33 | Трис (2, 3-дибромпропил) фосфат | 126-72-7 | Өтө активдүү канцероген | 2919 10 000 0 |
34 | Тетраэтил коргошун | 78-00-2 | Өтө активдүү канцероген, уулуу | 2931 10 000 0
|
35 | Тетраметил коргошун | 75-74-1 | Өтө активдүү канцероген, уулуу | 2931 10 000 0
|
36 | Асбесттин формалары: |
| Өтө активдүү канцероген | 2524 10 000 0 |
- крокидолит; | 12001-28-4 |
| ||
- актинолит; | 77536-66-4 |
| ||
- антофиллит; | 77536-67-5 |
| ||
- амозит; | 12172-73-5 |
| ||
- тремолит | 77536-68-6 |
| ||
37 | Эндрин | 72-20-8 | ТОБЗ, абдан уулуу | 2910 50 000 0 |
38 | Мирекс | 2385-85-5 | ТОБЗ, активдүү канцероген | 2903 83 000 0 3808 91 200 0 |
39 | Альфа-гексахлорциклогексан | 319-84-6 | ТОБЗ, өтө активдүү канцероген | 3808 6 2903 81 000 0 |
40 | Бета-гексахлорциклогексан | 319-85-7 | ТОБЗ, өтө активдүү канцероген | 2903 81 000 0 |
41 | Хлордекон | 143-50-0 | ТОБЗ, өтө активдүү канцероген, уулуу | 2914 71 000 0 |
42 | Гексабромбифенил | 36355-01-8 | ТОБЗ, өтө активдүү канцероген | 2903 94 000 0 |
43 | Гекса жана гептахлорбифен эфири | 68631-49-2 207122-15- 446255-22-7 207122-16-5 | ТОБЗ, биоаккумуляция жана биомагнификация | 3815 90 900 0 |
44 | Пентахлорбензол | 608-93-5 | ТОБЗ, туруктуу, биоаккумуляция | 3824 86 000 0 |
45 | Перфтороктан сульфонаты жана анын туздары, перфтороктан сульфонилфториди(*) | 1763-23-1 307-35-7 | ТОБЗ, уулуу, биоаккумуляция | 3808 59 000 2 3824 87 000 0 |
46 | Тетрабромдифен эфири жана пентабромдифен эфири | 5436-43-1 60348-60-9 | ТОБЗ, уулуу, биоаккумуляция | 2909 30 310 0
|
47 | Карбофуран | 1563-66-2 | Өтө уулуу | 3808 99 900 0 |
48 | Трихлорфон | 52-68-6 | Өтө уулуу, активдүү канцероген жана тератоген | - |
49 | Метамидофос | 10265-92-6 | Өтө уулуу | 2930 80 000 0 |
50 | Ацетахлор | 34256-82-1 | Уулуу, туруктуу, биоаккумуляция | 3808 59 |
51 | Форат | 298-02-2 | Уулуу, туруктуу, биоаккумуляция | 3808 59 |
52 | Гексахлорбутадиен | 87-68-3 | ТОБЗ, активдүү канцероген | 2903 89 800 0 |
53 | Эндосульфан жана анын изомерлери | 115-29-7, 959-98-8, 33213-65-9 | ТОБЗ, активдүү канцероген | 2920 30 000 0 3808 59 000 3 |
54 | Кыска чынжырлуу хлордуу парафиндер | 36483-60-0, 68928-80-3 | ТОБЗ, активдүү канцероген | 2903 19 0000 |
55 | Октабромдифенил эфири (гекса- жана гептабромдифенил эфирин кошо), декабромдифенил эфири | 36483-60-0, 68928-80-3, 1163-19-50 | ТОБЗ, биоаккумуляция жана биомагнификация | 3824 88 000 0 |
56 | Полихлордуу нафталиндер | 70776-03-3 | ТОБЗ, мутаген, активдүү канцероген | 3824 82 000 0 |
57 | Гексабромциклододекан | 25637-99-4, 3194-55-6 134237-50-6 134237-51-7 134237-52-8 | ТОБЗ, уулуу, биоаккумуляция | 2903 89 800 0 |
Эскертүү:
(*) - колдонулушу катуу чектелген химиялык заттар.
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-июлундагы N 376 токтомуна тиркеме |
Алдын ала негизделген макулдук жол-жобосунун күчү колдонулган химиялык заттар (**)
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июнундагы № 289 токтомуна ылайык күчүн жоготту)