Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 6-июнундагы № 290
«Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Адамдарды мамлекеттер аралык издөө жөнүндө келишимин ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Адамдарды мамлекеттер аралык издөө жөнүндө келишимин ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
Долбоор
1-берене. Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Адамдарды мамлекеттер аралык издөө жөнүндө келишими ратификациялансын.
2-берене. Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Адамдарды мамлекеттер аралык издөө жөнүндө келишимин ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынан компетенттүү органдар болуп Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы аныкталсын.
3-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.
4-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|