Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 6-июну № 291
"Манас" эпосунун училтигин сактоо, өнүктүрүү жана даңазалоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Иманалиев демилгелеген "Манас" эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү жана даңазалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри |
Ө.Бабанов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июнундагы № 291 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Иманалиев демилгелеген "Манас" эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү жана даңазалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөндөгүдөй корутундуга келди.
"Манас" эпосу - дүйнөлүк оозеки поэтикалык чыгармалардын кенчине кирген кыргыз элинин уникалдуу эпикалык мурасы болуп саналат.
"Манас" эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү жана даңазалоого багытталган ченемдик-укуктук базаны иштеп чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги тарабынан 2010-жылдын 19-августунда министрликтердин, ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Улуттук академиясынын, "Манас эл кыймылы" коомдук кыймылынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, коомдук ишмерлердин, маданият жана искусство ишмерлеринин, жогорку окуу жайларынын өкүлдөрүнүн курамынан турган жумушчу топ түзүлгөн.
Бул жумушчу топко сунушталган Мыйзам долбоорунун демилгечиси К.К.Иманалиев да кирген.
Жумушчу топтун биргелешкен ишинин жыйынтыгында "Манас" эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү жана даңазалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыккан, ал министрликтердин, ведомстволордун макулдашуусуна жөнөтүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-мартындагы № 107 "2011-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2011-жылга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планына киргизилген (2011-жылдын IV кварталында Жогорку Кеңешке киргизүү мөөнөтү менен).
Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинде макулдашуу процессинде депутат К.С.Самаковдон жана коомдук ишмер Т.Тургуналиевден "Манас" эпосу жөнүндө мыйзамдардын башка долбоорлору да келип түшкөн.
Жумушчу топтун кезектеги жыйынында ушул жылдын апрель айында "Манас" эпосу жөнүндө" мыйзамдардын колдо болгон төрт долбоорунун варианттарынын негизинде (Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги, К.К.Иманалиев, К.С.Самаков, Т.Тургуналиевдер иштеп чыккан) мыйзам долбоорунун бирдиктүү вариантын иштеп чыгуу чечими кабыл алынган.
Сунушталган варианттардын ортосунда негиздүү айырмалар болбогондуктан, К.Иманалиев даярдаган вариантты негиз катары алуу чечилген, анткени мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият, маалымат жана диний саясат боюнча комитетинде каралып толукталып иштелип чыгуу стадиясынан өткөн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана башка демилгечилердин ушул сыяктуу мыйзам долбоорлорунда каралган бардык жоболорду камтыйт.
Жумушчу топтун ишинин алкагында мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча биргелешкен чоң иш жүргүзүлгөндүгүн эске алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык сунушталган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн белгилөөнү да сунуштайбыз.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда эпостун сексенден ашуун варианты бар, ал эми "үчилтикти" эле көрсөтүү дүйнөдөгү эң чоң эпостун чектерин тарытат, жумушчу тобу тарабынан "Манас" эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү жана даңазалоо жөнүндө" Мыйзам долбоорунун аталышын "Манас" эпосу жөнүндө" аталышка алмаштыруу сунушталган.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусуна берилген, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Иманалиев демилгелеген "Манас" эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү жана даңазалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча төмөнкүдөй сын-пикирлер жана сунуштар бар.
Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 4-пунктунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Программаны Манас идеясын жигердүү даңазалаган коомчулукту тартуу менен иштеп чыга тургандыгы, программаны ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жыл сайын отчет бере тургандыгы белгиленген.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын нормаларында Программаны ишке ашыруу жөнүндө ("Манас" эпосунун үчилтигин даңазалоо боюнча) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде жыл сайын отчетторду угуу каралган эмес.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесине ылайык, Конституция жогорку юридикалык күчкө ээ болот жана Кыргыз Республикасында түздөн-түз колдонулат, ошондуктан мыйзамдар Конституциянын негизинде кабыл алынууга тийиш.
Буга байланыштуу 4-берененин 4-пунктундагы "Программаны ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жыл сайын отчет берет" деген сүйлөмдү алып салууну сунуштайбыз.
Андан ары мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 5-пунктунун биринчи сүйлөмүндөгү "өткөрүүнү стимулдаштырат" деген сөздөр "колдоо көрсөтөт" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 5-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Манас эпосун айтуучуларга (түзүүчүлөргө)-манасчыларга колдоо көрсөтүүгө милдеттүү" деген экинчи сүйлөмдү алып салууну сунуштайбыз.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Манас" эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү жана даңазалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Улуттук программасынын долбоорун даярдап жаткандыгын, анда бүткүл дүйнөгө белгилүү эпосту коргоо жана өнүктүрүү боюнча айкын-ачык чаралар каралып, аны каржылоо булактары аныкталгандыгын белгилейбиз.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Иманалиев демилгелеген "Манас" эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү жана даңазалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун аны жогоруда айтылган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алып, толуктап иштеп чыгуу шартында колдоого алат.
|
|