Редакцияот 06.06.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 6-июну № 292

"Екатеринбург шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган Терроризмге каршы Шанхай кызматташтык уюмунун конвенциясын ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу

Екатеринбург шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган Терроризмге каршы Шанхай кызматташтык уюмунун конвенциясынын 31-беренесине ылайык ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Екатеринбург шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган Терроризмге каршы Шанхай кызматташтык уюмунун конвенциясын ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер-министр

А.Атамбаев

 

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Екатеринбург шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган Терроризмге каршы Шанхай кызматташтык уюмунун конвенциясын ратификациялоо жөнүндө

 

1-берене.

 

Екатеринбург шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган Терроризмге каршы Шанхай кызматташтык уюмунун конвенциясы ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Конвенциянын 6-беренесинин 2-пунктун аткаруу үчүн аны ишке ашырууга жооптуу Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары катары: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы аныкталсын.

 

3-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Конвенциянын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жана анын ишке ашырууга жооптуу компетенттүү органдар жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгына билдирсин.

 

4-берене.

 

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти