Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 625 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 18-июлу N 399
"Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коомунун жана "Борбордук депозитарий" жабык акционердик коомунун кошумча чыгарылуучу акцияларын сатып алуу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 205 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын фондулук рыногунун институционалдык инфраструктурасын өнүктүрүү жана чыңдоо, азыркы системага салыштырганда баалуу кагаздарга болгон менчик укугунун жакшы корголушун камсыз кылуу, фондулук рыноктун институттарына инвесторлордун жана катышуучулардын ишенимин жогорулатуу, ошондой эле улуттук фондулук рыноктун жалпы региондук деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд 2016-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө кошумча чыгарылуучу "Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коомунун наркы 18720 миң сомду түзгөн 33,4 процент өлчөмдөгү жана "Борбордук депозитарий" жабык акционердик коомунун наркы 8294 миң сомду түзгөн 50 проценттен ашпаган өлчөмдөгү акцияларын төлөөнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V токтому менен бекитилген, 2015-2017-жылдарда Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына кирген төмөнкү мүлктүк объекттердин ичинен бир же бир нечесин уставдык капиталдарына салым катары киргизүү жолу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечсин:
- Бишкек шаарынын Кулиев көчөсү, 2 дарегиндеги курулушу бүтө элек 48 тонналык элеватор;
- Бишкек шаарынын Хвойная көчөсү, 64 дарегиндеги клубдун имараты;
- Бишкек шаарынын Хвойная көчөсү, 64 дарегиндеги фирмалык дүкөндөр;
- "Транс-Союз-Азия" ААКтын балансында турган өндүрүштүк эмес багыттагы объекттер;
- Бишкек шаарынын 8-кичи району дарегиндеги жер участогу менен соода павильону;
- Бишкек шаарынын Тимирязев көчөсү, 65 дарегиндеги геология үй башкармалыгы..
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 205 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жана финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 205 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министри | А.Атамбаев |