Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-июлу № 406
«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Э.Сабиров демилге кылган «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы № 406 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Э.Сабиров демилге кылган «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун 1-беренесинде мамлекеттик тилде жазылган редакциясындагы 334-берененин 4-пунктунан «мамлекеттик» деген сөздү алып салууну жана «жер салыгы боюнча» деген сөздөрдөн кийин «пайдаланылган» деген сөз менен толуктоо, андан сырткары «жер участогу пайдаланылганына же пайдаланылбаганына карабастан» деген сөздөрдү алып салуу сунушталган.
Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун пайдаланылбаган жерлерин жер салыгын төлөөдөн бошотууну караган мыйзам долбоорун кабыл алуу расмий статистикада бүтүмдөрдү көрсөтпөстөн ижарага берүүдөн Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин формалдуу эмес жүгүртүүнү кеңейтүүнүн көбөйтүлгөн коркунучтары болгондуктан мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн азайышына алып келет, бул болсо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери тарабынан кыянаттык менен пайдалануу үчүн идеалдуу шарттарды түзөт.
Ушуга байланыштуу көмүскө «текчелердин» болушун, башкача айтканда бүтүмдөрдүн түздөн-түз катышуучулары болуп эсептелбеген адамдарга багытталган, эске алынбаган акча агымдарын эске алуу менен коррупцияны азайтууга карата АРВ жүргүзүүнү жана мыйзам долбоорун тереңирээк изилдөөнү талап кылат.
Мындан сырткары жерди пайдалануунун учурдагы абалын изилдебей туруп Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун бардык жерлерин пайдалануучулардын категориялары боюнча пайдаланууну бир түргө келтирүүнү (биринчилик, экинчилик ж.б.) камсыздоо мүмкүн эмес.
Бул учурда жер салыгы толук боюнча жергиликтүү бюджеттерге келип түшөрүн жана жергиликтүү бюджеттердин салык алынуучубазасын азайтуу республикалык бюджеттен тиешелүү тиешелүү компенсцияны талап кылаарын белгилейбиз.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик статистикалык каттоонун жоктугун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Э.Сабиров демилге кылган жер салыгы бөлүгүндө «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алуу максатка ылайык келбейт деп эсептейт.