Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-июлу № 407
Кыргыз Республикасынын токойлорун Улуттук инвентаризациялоонун жыйынтыктарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-апрелиндеги № 145 «Кыргыз Республикасынын токойлоруна Улуттук инвентаризация жүргүзүү жөнүндө» токтомуна ылайык, токойлорду туруктуу башкаруу, биотүрдүүлүктү сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛТ:
1. Кыргыз Республикасынын токойлорун Улуттук инвентаризациялоонун жыйынтыгы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын токойлорун Улуттук инвентаризациялоонун жыйынтыгын эске алуу менен:
- Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарылдыгына карата талдоо жүргүзсүн;
- токойлорду картага түшүрүү процессин өркүндөтүү үчүн аралыктан иликтөөнү жана геомаалыматтык системаны пайдалануу менен инвестицияларды тартуу маселесин иштеп чыксын;
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык мөөнөттөрдө Бирдиктүү токой фондуна жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына токой жайгаштырууну жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги менен бирдикте жүргүзүлгөн токой жайгаштыруунун натыйжалары боюнча мамлекеттик токой фондунан жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынан сыртта жайгашкан токойлорду оперативдүү башкаруу боюнча сунуштарды киргизсин;
- алынган материалдын негизинде текст жана графикалык материалдар түрүндө Кыргыз Республикасынын токойлорунун абалы жөнүндө Мамлекеттик (Улуттук) отчёттун долбоорун даярдасын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна берсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен бирдикте жүргүзүлгөн токой жайгаштыруунун жыйынтыктары боюнча белгиленген тартипте категориялар жана жер пайдалануучулар боюнча Кыргыз Республикасынын жерлерин мамлекеттик эсепке алуунун жыйынтыктарына жана жерлердин түрү боюнча Кыргыз Республикасынын жер фондун бөлүштүрүүгө өзгөртүүлөрдү киргизсин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине милдеттүү түрдө маалымат берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун тиркемесине ылайык иш-чараларды өткөрүүгө тийиштүү финансылык жылга каражаттардын чегинде финансылык каражаттарды карасын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлуңдагы № 407 токтому менен бекитилген |
№ | Облустардын аталыштары | Жалпы баскан токой аянт | анын ичинде: | ||||
Мамлекеттик токой фондунда жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында токой баскан аянты | Мамлекеттик токой фондунан жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынан сыртта жайгашкан токойлордун аянты | ||||||
миң га | % | миң га | % | миң га | % | ||
1 | Баткен | 166,50 | 0,83 | 138,77 | 0,69 | 27,73 | 0,14 |
2 | Ош | 186,31 | 0,93 | 110,55 | 0,55 | 75,76 | 0,38 |
3 | Жалал-Абад | 380,25 | 1,90 | 324,80 | 1,62 | 55,45 | 0,28 |
4 | Талас | 61,01 | 0,33 | 28,06 | 0,16 | 32,95 | 0,16 |
5 | Чүй | 44,53 | 0,22 | 30,96 | 0,15 | 13,57 | 0,07 |
6 | Ысык-Көл | 142,36 | 0,71 | 102,80 | 0,51 | 39,56 | 0,20 |
7 | Нарын | 135,60 | 0,68 | 103,62 | 0,52 | 31,98 | 0,16 |
| Республика боюнча бардыгы: | 1116,56 | 5,61 | 839,56 | 4,22 | 277,00 | 1,39 |
Тиркеме
№ | Облустардын аталышы | МТФ миң га | ӨКЖА миң га | МТФ жана ӨКЖА сыртта жайгашкан токойлор миң га | Бардыгы миң га | Аткаруу мөөнөтү жыл | Сумма, сом |
1 | Чүй | 59,33 | 125,94 | 13,57 | 198,84 | 2011 | 3756000 |
2 | Талас | 115,46 | 91,48 | 32,95 | 239,89 | 2012 | 3756000 |
3 | Ысык-Көл | 348,21 | 129,2 | 39,56 | 516,97 | 2013-2014 | 6586000 |
4 | Жалал-Абад | 732,7 | 173,12 | 55,45 | 961,27 | 2015-2017 | 10718000 |
5 | Ош | 513,19 | 52,94 | 75,76 | 641,89 | 2018-2019 | 6636000 |
6 | Баткен | 493,74 | 66,19 | 27,73 | 587,66 | 2020-2021 | 6000000 |
7 | Нарын | 414,11 | 83,03 | 31,98 | 529,12 | 2022-2023 | 5478000 |
| Республика боюнча бардыгы: | 2676,74 | 721,9 | 277 | 3675,64 |
| 42930000 |
Эскертүү: МТФ - мамлекеттик токой фонду;
ӨКЖА - өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары.