Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-июлу № 409
Брокердик компанияларда баалуу кагаздар менен жасалган операцияларды ички эсепке алуунун стандарттарын бекитүү жөнүндө
«Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Брокердик компанияларда баалуу кагаздар менен жасалган операцияларды ички эсепке алуунун тиркелген стандарттары бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы № 409 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
1. Бул стандарттар «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине, «Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты.
2. Бул стандарттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн, баалуу кагаздар боюнча адистешкен ишти жүргүзүүгө уруксат берүүчү лицензияны баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан алган брокердик ишти жүргүзгөн юридикалык жактар үчүн баалуу кагаздар менен жасалуучу операцияларды уюштуруунун жана жасалган операцияларды ички эсепке алууну жүргүзүүнүн бирдиктүү принциптерин белгилейт. Бул стандарттар өз ишин жүргүзгөндө брокерлер жүргүзүп жаткан баалуу кагаздар менен жасаган операцияларды ички эсепке алууга коюлуучу негизги талаптарды, ошол эсепти уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиптерин, брокерлердин кардарларынын кызыкчылыктарын коргоону камсыз кыла турган кардарлардын алдында отчётторду берүүнүн негизги принциптерин аныктайт.
2. Бул стандарттарда колдонулуучу терминдер жана алардын аныктамалары
3. Ыйгарым укуктуу орган - баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
Кардар - баалуу кагаздар рыногунда ага кызмат көрсөтүүнүн шарттары менен тартибин жөнгө салган келишимге ылайык брокерлер менен байланышкан жана баалуу кагаздар рыногуна инвестор катары чыккан, брокердин кызмат адамы же уюштуруучусу болуп саналбаган жеке же юридикалык жак.
Кардардын баалуу кагаздары - кардар үчүн жана анын тапшырмасы боюнча дилер тарабынан сатылып алынган, аны кардарга тапшыруу дагы эле бүтө элек баалуу кагаздар; кардар үчүн баалуу кагаздардын номиналын кармаган кардардын же компаниянын атына катталган жана компаниянын жоопкерчилиндеги сактоодо турган баалуу кагаздардын сертификаттары, документтештирилбеген түрдөгү баалуу кагаздар, ага карата компания кардар үчүн номиналды кармоочу болуп саналат.
Брокердин кардар менен түзгөн келишими - баалуу кагаздар рыногунда кардарга акыркы кызматты көрсөтүүнүн шарттарын аныктаган кардар менен компаниянын ортосунда түзүлгөн келишим. Брокердин кардар менен түзгөн келишими баалуу кагаздарды башкаруу ( номиналдык кармоочунун кызматын көрсөтүү менен же көрсөтпөө аркылуу брокердин кароосу боюнча операцияларды жүргүзүү) келишими, брокердик тейлөө (кардардын тапшырмасы боюнча операцияларды жүргүзүү) келишими, мыйзамдарда каралган келишимдердин кааланган башка түрү.
Контрагент - брокер баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүү келишимин түзгөн жеке же юридикалык жак.
4. Баалуу кагаздарды тапшыруу:
документтештирилген баалуу кагаздарды тапшыруу - көрсөтүп алуучу тарапка бир тараптын баалуу кагаздарды өткөрүп бериши же ордерлүү баалуу кагазга өткөрүп берүү жазууларын (индоссаментти) жазуу;
документтештирилбеген баалуу кагаздарды тапшыруу - тиешелүү түрдө таризделген, баалуу кагаздарга карата болгон менчик укугун кайра каттоо фактысын күбөлөндүргөн документтерди (акционерлердин реестринен көчүрмөнү) бир тараптын экинчи тарапка бериши;
аталыштуу баалуу кагаздардын сертификаттарын тапшыруу - аталыштуу баалуу кагаздын сертификатын жана тиешелүү түрдө таризделген өткөрүп берүү буйругун, ошондой эле менчикке карата болгон укукту кайра каттатуу үчүн керектүү башка документтерди бир тараптын экинчи тарапка өткөрүп бериши.
Баалуу кагаздар менеи жасалган бүтүмдөр - макулдашылган баа жана макулдашылган шарттарда баалуу кагаздарды бир тарап сатууга (белекке берүүгө, алмаштырууга), ал эми башка тарап сатып алууга (алмаштырууга же белек катары алууга) макул болгон брокер менен башка тараптын ортосундагы макулдашуу түзүмү.
Баалуу кагаздар менен жасалган операция - кардарлардын же контрагенттердин алдында баалуу кагаздарга карата болгон компаниянын милдеттенмелеринин, ошондой эле компаниянын алдында кардарлар менен контрагенттердин милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу үчүн брокерлердин баалуу кагаздар жана/же акча каражаттары менен жасаган аракеттери, аныи натыйжасында акча каражаттарынын же баалуу кагаздардын кыймылы жаралат.
Бүтүм же операция жасалган учур - бүтүмдүн же операциянын баардык олуттуу шарттары жөнүндө тараптардын оозеки макулдашууга жетишкен учуру, же бүтүмдү түзүү же операцияларды жасоо жөнүндө жазуу жүзүндөгү келишимге кол коюу, анын натыйжасында баалу кагаздарга жана/же акча каражаттарына карата милдеттенме жаралат.
Бүтүмдөрдүн аякташы - сатып алуучу менен сатуучунун ортосундагы келишим боюнча баарыдк милдеттенмелер аткарылган учур.
Бүтүм түзүлгөн жер - фондулук биржа, биржадан тышкаркы рынок, соода системасы же башка соода аянтчасы.
Бэк-офис - брокердин баалуу кагаздары менен жасалган операциялардын ички эсепке алуунун функциясы жүктөлгөн бөлүм, жооптуу адам же адамдардын тобу.
3. Ички эсепке алууну жүргүзүүнүн негизги эрежелери жана талаптары
5. Брокерлер ички эсепке алуу регистринде баалуу кагаздар менен жасаган операцияларды башынын аягына чейин, үзгүлтүксүз, документтештирилген түрдө чагылдырып көрсөтүү жолу менен алардын санынын жана акчалай баасынын эсебин өз учурунда жана так жүргүзүүгө милдеттүү. Компанияны ыкчам жетектөө жана башкаруу үчүн, компаниянын кардарлардын алдындагы отчётторун так жана өз учурунда түзүү, компаниянын ишиндеги терс кубулуштарды өз учурунда алдын алуу үчүн, ошондой эле баалуу кагаздар рыногундагы компаниянын ишине жөнгө салуучу органдардын контролдоосун камсыз кылуу үчүн баалуу кагаздар менен жасалган операциялардын жыйынтыктары жөнүндө толук жана так маалыматтарды түзүү ички эсепке алуунун башкы милдети болуп саналат.
6. Баалуу кагаздар рыногундагы ошол компаниялар жүргүзүп жаткан операциялардын бөтөнчөлүктөрүн кыйла так чагылдырып көрсөтүү максаты үчүн алардын финансылык-чарбалык ишине жүргүзүлгөн бухгалтердик эсепке карата кошумча түрдө жана өзүнчө баалуу кагаздар менен жасалган операцияларды ички эсепке алууну брокерлер жүргүзөт.
7. Брокерлер төмөнкүлөр милдеттүү:
- өзүнүн атынан же кардардын тапшырмасы боюнча жүргүзүлгөн баалуу кагаздар менен жасалган баардык операцияларды, операция бүткөн күнү, тактап айтканда операция бүткөн жумушчу күндөн кечиктирбей, ички эсепке алуунун ведомостторунда чагылдырып көрсөтүүгө. Баалуу кагаздар менен жасалган операциялардын бүтушү жөнүндө маалыматты компания жумушчу күн аяктагандан кеч ала турган болсо, анда операциянын бүтүшү жөнүндө маалымат алынган жумушчу күндүн аякташынан кечиктирбей аталган операцияны ички эсепке алуу ведомстволорунда чагылдырып көрсөтүүгө;
- өзүнүн акча каражаттары менен баалуу кагаздарын жана өзүнүн кардарларынын акча каражаттары менен баалуу кагаздарын ички эсепке алууга бөлүштүрүүгө, Мындай максат үчүн брокерлер, эсеп системасындагы эсептердин иреттик сандарын түзүүнүн ички принциптерине ылайык, ички эсепке алуу системасында баалуу кагаздар боюнча өзүнчө эсепти жана акча каражаттары боюнча талдоо эсебинин эсептерин компаниянын ар бир кардары жана контрагенттери үчүн ачууга жана жүргүзүүгө милдеттүү;
- кайсыл кардарлар үчүн баалуу кагаздар менен операциялар жасалса, өзүнүн ошол кардарларына анын жыйынтыктары боюнча отчётторду берип турууга. Аталган отчётто кардардын каражаттарын жана баалуу кагаздарын пайдалануу менен ал үчүн жүргүзүлгөн баардык операциялар, ошондой эле кардардын эсебиндеги акча каражаттарынын жана баалуу кагаздардын калдыктарын ички эсепке алуу маалыматтарына ылайык чагылдырып көрсөтүлөт.
4. Ички эсепке алууну уюштуруу Жалпы талаптар
8. Компаниялардын кызматкерлери, өз алдынча бөлүмдөр брокердин ички эсепке алууну жүргүзүшү мүмкүн же аны жүргүзүү келишимдик башталышта адистешкен уюмга же адиске тапшырылышы ыктымал. Мындай болгон учурда ички эсепке алуунун ведомостун так, толук, бирдей жана өз учурунда жүргүзүү жоопкерчилиги толугу менен брокерге жүктөлөт.
9. Брокердин ички эсепке алууну уюштурууга карата болгон жоопкерчиликти компанияньш жетекчиси тартат. Компаниянын жетекчиси ички эсепке алууга тиешеси бар компаниянын баардык бөлүктөрүнүн ички эсепке алууну уюштуруу боюнча талаптарды милдеттүү түрдө сакташын, эсепти тийиштүү түрдө уюштуруу үчүн, ошондой эле зарыл болгон ички отчётту жана кардарларга берилүүчү отчётту түзүү үчүн керектүү маалыматтарды тиешелүү түрдө документтештирип берүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
10. Брокерлер ички эсепке алууну уюштуруп жатып, компаниянын технологиялык шарттарын жана эсептик маалыматтарды иштеп чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн эске алат жана ушул стандарттарды сактоо менен ички эсепке алууну качтоочулардын санын жана конкреттүү түрүн өз алдынча аныктайт.
Операцияларды документтештирүү
11. Баалуу кагаздар менен операцияларды (бүтүмдөрдү, баалуу кагаздардын кыймылын, акча каражаттарынын кыймылын) жасоо фактысын белгилеген төмөнкүдөй алгачкы документтер ички эсепке алуунун регистрине жазууларды жазуу үчүн негиз болуп саналат:
- баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоо келишимдери, контракттары, макулдашуулары;
- төлөө документтери (колдонуудагы мыйзамдарга ылайык төлөөлөрдү таануу үчүн негиз болуп саналган ордер, тапшырма, талап жана башка документтер);
- баалуу кагаздарга карата болгон менчик укугунун кайра катталгандыгын күбөлөндүргөн документтер (акционерлердин реестринин көчүрмөлөрү, депо эсебиндеги депозитарийдин көчүрмөлөрү), өткөрүп берүү буйруктары жана баалуу кагаздарга карата болгон менчик укугун кайра каттатуу үчүн колдонуудагы мыйзамдарга ылайык керектүү башка документтер, ошондой эле баалуу кагаздардын сертификаттарын кабыл алуу - өткөрүп берүү актылары.
12. Баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоо тууралуу кардардын буйругун алуу фактысын күбөлөндүргөн документтерди жана баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоо фактыларын күбөлөндүргөн документтерди толтуруу жолу менен алгачкы эсепти тиешелүү түрдө документтештирүү камсыз кылынат.
13. Алгачкы документтерди өз мезгилинде түзүүгө жана аларда камтылган маалыматтардын аныктыгына карата болгон, ошондой эле жасалган операциялардын эсебин андан ары жүргүзүү үчүн аларды белгиленген мөөнөттө берүүгө карата болгон жоопкерчиликти ошол алгачкы документтерге кол койгон адам тартат.
Ички эсепке алууну чагылдырып көрсөтүү үчүн керектүү, эсепке алынган алгачкы документтерде камтылган маалыматтар эсепке алуу регистрлеринде топтолот жана системага салынат.
Алгачкы документтерде жана эсепке алуу регистрлеринде кетирилген каталарды оңдоолор документке кол койгон адамдын койгон колу менен ырасталышы керек, мында оңдоо киргизилген күн көрсөтүлөт.
Алгачкы документтер менен ички эсепке алуунун регистрлери Мамлекеттик архив иштерин жүргүзүүчү уюмдардын эрежелерине ылайык белгиленген мөөнөттүн ичинде, бирок беш жылдан кем эмес сакталышы керек.
Ички эсепке алуунун регистрлери
14. Брокердик ишти жүргүзгөн баалуу кагаздар рыногунун адистешкен катышуучусу туруктуу негизде төмөнкүдөй ички эсепке алуу журналдарын жүргүзүүгө милдеттүү:
- бүтүмдөр журналы;
- акча каражаттарынын эсеби күн сайын алынуучу журнал;
- акча каражаттарынын эсеби китеби (ведомость);
- баалуу кагаздардын эсеби күн сайын алынуучу журнал;
- баалуу кагаздардын эсеби китеби (ведомость).
Мындан тышкары, төмөнкүдөй ички эсепке алуу ведомостторун жүргүчүү брокерлерге кошумча түрдө сунуш кылынат:
- бүтө элек операциялар журналы;
- кардардык операциялардын эсеби журналы.
Операциялардын көлөмүнө жана программалык камсыздоонун мүмкүнчүлүктөрүнө жараша ички эсепке алуунун журналдарын жүргүзүүчү ыкманы компания тандап алат. Ички эсепке алуунун журналдарын жүргүзүүчү ыкмалар:
- журнал же эсеп карточкасы түрүндө маалыматтарды кагазда сактоо;
- электрондук таблица түрүндө;
- маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системасынын бэк-офистин жана башкалардын бөлүгү болуп саналган компьютерлердеги маалыматтардын базасы.
Кошумча эсепке алуу регистрлери
15. Бүтө элек операциялардын журналы - операцияларды жасоо башталган учурдан тартып алар бүткөн учурга чейин жасалган операциялардын же бүтүмдөр боюнча эсептердин ар бир этабына көзөмөл коюу үчүн арналган.
16. Кардардык операциялардын эсебинин журналы - кардарлардьш тапшырмасы боюнча өзүнүн атынан же кардарлардын атынан жана тапшырмасы боюнча компаниянын кардарлар менен жасаган операциялары менен бүтүмдөрү жөнүндө маалыматтарды чагылдырып көрсөтүү үчүн арналган. Ар бир кардардын эсебиндеги абалдын ар кандай өзгөрүүлөрү, акча каражаттарынын, ошондой эле баалуу кагаздарынын калдыктары жөнүндө маалыматтар журналда камтылат. Кардардык операциялардын эсебинин журналы ар бир кардардын акча каражаттарынын эсептерин талдоочу эсептер жана ар бир кардардын баалуу кагаздарынын талдоо эсептерин алуу өңүтүндө жүргүзүлөт.
5. Кардарлардын алдындагы жоопкерчилик
17. Кардарлардын акча каражаттары менен баалуу кагаздарын брокерлердин пайдаланышы.
Бул стандарттарда брокердин банктардагы эсептеринде турган кардарлардын акча каражаттарын кардардын буйругу жок эле пайдалануусуна, брокерлерге, кардарды брокердик тейлөө келишиминде атайын каралган учурларды кошпогондо, уруксат берилбейт. Ошондой эле, кардарды брокердик тейлөө келишиминде атайын каралган учурларды кошгюгондо, кардардын буйругу жок эле кардарлардын баалуу кагаздарын пайдаланууга да жол берилбейт.
Кардардын алдындагы отчёттуулук
18. Брокерлер кардар үчүн жасалган операциялар боюнча отчётторду мезгил мезгили менен, ушул стандарттарга ылайык ошол кардарларга берип турууга милдеттүү.
Брокерлер баалуу кагаздардын эмитентинен же анын агентинен алынган, баалуу кагаздарга карата болгон укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн керектүү документтерди жана маалыматтарды, баалуу кагаздарды номиналдык кармаган, кардарларга берип турууга милдеттүү.
6. Мезгил мезгили менен салыштыруу
Бар болгон баалуу кагаздарды салыштыруу
19. Ар бир брокер бар болгон баалуу кагаздарды баалуу кагаздардын эсебин алуучу китептеги жазуулар менен салыштырууну ар квартал сайын, ушул стандарттарга ылайык жүргүзүшү керек.
Бар болгон акча каражаттарын салыштыруу
20. Баардык брокерлер ички эсепке алуудагы жазууларды бухгалтердик эсептердин маалыматтары менен айына бир жолудан кем эмес салыштырып турушу керек.
7. Эсеп журналдары менен китептеринин жөнгө салуучу органдарга жеткиликтүү болушу
21. Баалуу кагаздар менен брокердик иш жүргүзгөн баардык компаниялар ыйгарым укуктуу адамдардын койгон талаптары боюнча ички эсепке алуу саясаты жөнүндө баардык маалыматтарды (документтерди), эсептик регистрлерди жана отётторду ыйгарым укуктуу адамга текшерүү үчүн брокерлер ишин жөнгө салган нормативдик документтерге ылайык бериши керек.
8. Бул стандарттарда белгиленген талаптарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
22. Бул стандарттарда белгиленген талаптарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекси менен белгиленет.
Бүтүмдөрдү алгачкы эсепке алуунун стандарттары
9. Бүтүмдөр журналы
23. Бүтүмдөр журналын жүргүзүү жана анын арналышы.
Журнал ар күндүк журнал болуп саналат, ага компания түзгөн бүтүмдөр жөнүндө негизги маалыматтар жазылат.
Бүтүмдөр журналына жазууларды жазуу үчүн маалыматтардын булагы болуп биржалык контракттар саналат.
Ар бир жасалган бүтүмдөргө тиешелүү бирден жазуу бүтүмдөр журналына жазылат.
Бүтүмдөр жөнүндө маалыматтар бүтүмдөр жасалган күнү хронологиялык тартипте журналга жазылат.
24. Бүтүмдөр журналындагы маалыматтар (тиркеменин 01-формасы).
Бүтүмдөр журналында бүтүмдөр жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтар камтылышы керек:
- бүтүмдөр жасалган күн;
- келишимге кол коюлган күн;
- баалуу кагаздар кайра катталган күн;
- бүтүмдөргө суммалар төлөнгөн күн (сатуучунун эсебине акча каражаттары кириштелген күн);
- келишимдин номери;
- сатуучунун аталышы;
- ички эсепке алуу системасындагы сатуучунун эсебинин номери;
- сатып алуучунун аталышы;
- ички эсепке алуу системасындагы сатып алуучунун эсебинин номери;
- баалуу кагаздардын түрү;
- баа;
- төлөнгөн валюта;
- баалуу кагаздардын саны;
- бүтүмдөрдүн жалпы суммасы;
- брокердик комиссия;
- каттоо төлөмдөрү;
- бүтүмдөрдүн жыйынтык суммасы.
Акча каражаттарынын кыймылын эсепке алуу системасы
10. Акча каражаттарынын кыймылын эсепке алуу системасынын принциптери
25. Бэк-офис акча каражаттарынын кыймылын эсепке алуу системасы бэк-офис ички эсепке алуунун эсептериндеги баалуу кагаздар менен жасалган операцияларда акча каражаттарынын кыймылдарынын эсептерин алууга арналган.
Баалуу кагаздар менен жасалган операциялардын акчалай эсептелген жыйынтыктары жөнүндөгү толук жана ьшанымдуу маалыматтарды түзүү, компаниянын баалуу кагаздардагы жана акчалай каражаттардагы активдерин, анын кардарларга жана контрагенттерге болгон карыздарын, кардарлар менен контрагенттердин компанияга болгон карыздарын, баалуу кагаздар менен жасалган операцияларга байланыштуу жаралган кирешелер менен чыгашаларды аныктоо системаны жүргүзүүнүн максаты болуп саналат.
Системаны жүргүзүүдө эсептин төмөнкүдөй негизги принциптери сакталышы керек:
- операциянын формасынан анын мазмунунун артыкчылыгы;
- финансылык маалыматтардын олуттуулугу;
- кирешелер менен чыгашаларды көбөйтүү;
- активдер менен пассивдерди өз өзүнчө чагылдыруу;
- эсеп эрежелеринин туруктуулугу;
- эки илтиктүү жазууларды жүргүзүү.
Ички эсепке алуудагы өздүк акча каражаттарды жана компаниянын баалуу кагаздарына салынган салымдарды жана анын кардарларынын акча каражаттары менен баалуу кагаздарга салган салымдарын түрлөргө бөлүп ажыратууну система камсыз кылат.
Система акча каражаттарынын ар күндүк эсеби алынуучу журналды, акча каражаттарынын эсеби алынуучу китепти (ведомостту), акча каражаттары боюнча балансты камтыйт.
Акча каражаттарынын ар күндүк эсеби алынуучу журнал ар күндүк эсептердин ведомосту болуп эсептелет. Келип түшкөн эсептер эки илтиктүү жазуулар принциби боюнча журналга жазылат жана ошол операциялык күндүн ичинде болгон милдеттенмелер менен акча каражаттарынын баардык кыймылдары анда чагылдырылып көрсөтүлөт. Күн аяктаганда, операция бүткөн күндүн аягынан кечиктирбей бардык операциялар журналга жазылат.
Ар күндүк эсептер журналындагы маалыматтардын негизинде, айына бир жолу акча каражаттарынын эсеби алынуучу китеп (ведомость) жазылат. Китеп эсептердин иреттик номери тартибинде уюштурулат жана бэк-офис системасындагы акча каражаттарынын кыймылдарынын баардык эсептериндеги калдыктар чагылдырылып көрсөтүлөт. Китеп ички эсепке алууда кетирилген каталардын жана дал келбестиктердин бетин ачуу үчүн курал катары да кызмат кылат.
Акча каражаттары боюнча баланста отчёттук мезгилдин аягындагы акча каражаттарынын кыймылынын эсебинин регистрлердеги эсептери боюнча калдыктар камтылат. Отчёттук мезгилдин узактыгын ички эсепке алуу саясаты жөнүндө жободо компания белгилейт. Операциялар жасалган күнү эсептердин регистрлеринде чагылдырылган бүтүмдөр боюнча маалыматтардын негизинде баланс түзүлөт.
Дебет жана кредит эсептери боюнча жүгүртүүдө чагылдырылган компаниянын кызматкерлери же жетекчилери, алардын жакын туугандары же аффилирденген компаниялар иш жүзүнө ашырган баалуу кагаздар менен жасалган операциялар акча каражаттары боюнча баланста өзүнчө сап менен көрсөтүлөт.
11. Эсептердин ички планы
26. Бэк-офис баалуу кагаздар менен операцияларды жасоо боюнча эсепти жана отчёт берүүнү туура жана өз мезгилинде жасоону камсыз кылуу үчүн акча каражаттары менен баалуу кагаздардын кыймылын ички эсепке алууну жүргүзөт. Жалпы кабыл алынган бухгалтердик эсептин принциптеринин, ошондой эле компаниянын атайын керектөөлөрүнүн эсебинин, Ички эсепке алуунун саясаты жөнүндө жобонун базасында компания тарабынан ошол эсептер боюнча синтетикалык жана талдоо эсебинин эрежелери менен жол-жоболору аныкталат.
Ички эсепке алуунун эсептери бэк-офистин алкаларында гана пайдаланылат. Бэк-офис эсептин негизги эрежесин сактоо менен ички эсепке алуунун планына керектүү толуктоолорду иштеп чыгат жана киргизет жана ички эсепке алуунун эсептеринин ортосундагы кат алышууларды белгилейт. Ички эсепке алуунун эсептери баалуу кагаздар менен жасалган операциялардын маани маңызын так чагылдырууга коюлган талаптарды канааттандырышы керек. Финансылык отчёт менен аудит стандарттары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сунуш кылган эсептердин планынын негизинде ички эсепке алууда ачылган эсептин номерлерин жана алардын аталыштарын компания өз алдынча аныктайт.
Бэк-офис эсептеринин планына төмөнкүлөр кирет:
а) акча каражаттарынын, кирешелер менен чыгашалардын эсеби:
жалпы ички эсепке алуунун максаттарында эсептик жана валюталык эсептерде жана компаниянын кассасында компаниянын акча каражаттарынан шарттуу бөлүнгөн акча каражаттарын чагылдыруу үчүн акча каражаттарынын эсеби ачылышы керек. Алар баалуу кагаздар менен жүргүзүлгөн операциялар боюнча акча каражаттарынын бар-жогун жана кыймылын чагылдыруу үчүн арналат.
Компания баалуу кагаздар менен ортомчулук операцияларды жүргүзүү учурунда эсептелген жана компания алган комиссиондук кирешелердин эсебин жүргүзүшү керек.
Баалуу кагаздар менен компания жасаган ортомчулук операцияларды чагылдыруу үчүн компания эсептерди жүргүзөт, анда ошол бүтүм боюнча сатуучу жана сатып алуучу катары чыккан кардарлардын жана контрагенттердин эсептери менен кат алышууларындагы бүтүмдөрдүн суммасы эсепке алынат.
Операция жүргүзүлгөндөн кийин ошол эсеп боюнча баланс нөлгө барабар болушу керек.
Компанияга таандык баалуу кагаздардан компания алган дивиденддердин жана пайыздардын жана компаниянын номиналдык ээлигинде турган кардарлардын баалуу кагаздарынан алынган дивиденддердин жана пайыздардын эсебин компания жүргүзүшү керек. Кардарлардын баалуу кагаздарынан алынган дивиденддер менен пайыздар алар келип түшкөндөн кийин дароо кардарлардын эсептерине которулушу керек.
Компания кирешелер менен чыгашалар эсебин да компания жүргүзөт, анда баалуу кагаздар менен жасалган операциялардан алган жыйынтыктар жөнүндө маалыматты чагылдырып көрсөтөт.
Компания баалуу кагаздарга карата болгон менчик укугун кайра каттоого жумшалган чыгымдардын эсебин компания жүргүзүшү мүмкүн. Өз атынан жана кардарлардын жана контрагенттердин эсебинен телөнген каттоо төлөмдөрүн да эсепке алат;
б) баалуу кагаздарга салынган салымдардын эсеби:
компаниянын бэк-офиси компаниянын портфелинин абалынын эсебин алуу үчүн баалуу кагаздар боюнча эсепти жүргүзөт;
өз атынан жана өзүнүн эсебинен төлөмү жок сатылган («жакындарына сатылган») баалуу кагаздардын да эсебин компания жүргүзөт;
РЕПО - белгиленген баада жана белгиленген мөөнөттө кайрадан сатып алуу (сатуу) жөнүндө сатуучунун (сатып алуучунун) милдеттенмеси бар баалуу кагаздарды сатуу (сатып алуу) тууралуу келишим.
Көрсөтүлгөн операциялар боюнча акча каражаттарынын кыймылдарын жана РЕПО операциясы боюнча милдеттенмелердин эсептерин жана тескери РЕПОну чагылдыруу үчүн, РЕПО операцияларында жана тескери РЕПО операцияларында баалуу кагаздарды тапшыруу боюнча милдеттенмелердин кыймылын акчалай чагылдыруу үчүн РЕПО операциясы жана тескери РЕПО боюнча эсептер ички эсепке алууда жүргүзүлөт;
в) кардарлардын, контрагенттердин эсептери жана аффилирденген адамдар менен эсептешүүлөр:
кардарлардын, контрагенттердин эсептери жана аффилирденген адамдар менен эсептешүүлөр компаниянын кардарлары жана контрагенттери менен болгон, ошондой эле кызматкерлеринин, директорлорунун жана аффилирденген адамдардын баалуу кагаздар менен болгон операциялары боюнча эсептешүүлөрү жөнүндө маалыматтарды жалпылоого арналат. Компаниянын кызматкерлер, директорлор жана аффилирденген адамдар менен болгон эсептешүүлөрү өзүнчө эсеп катары бөлүнүшү керек жана өзүнчө сап менен баланста көрсөтүлет.
Компаниянын ар бир кардарына, контрагентине жана аффилирденген адамына кайталанбоочу жекече номер ыйгарылат;
г) ички баланстын маалыматы үчүн:
ички эсепке алууда акча каражаттары боюнча ички баланстын маалыматтарынын максатында брокер тарабынан баалуу кагаздар менен операцияларды жасоого шарттуу арналган акча каражаттарын бөлүү керек. Бул каражаттар ички баланстын пассивинде көрсөтүлөт жана баланстын активдери менен пассивдеринин теңдигин камсыз кылууга багытталат. Баалуу кагаздар менен операцияларды жасоого шарттуу арналган фонддун каражаттарынын чоңдугу компания тарабынан өз алдынча белгиленет жана отчёттук мезгилдин ичинде зарыл болгон учурда көбөйтүлөт жана азайтылат.
12. Акча каражаттарынын ар күндүк эсеби алынуучу журналды жүргүзүүнүн принциптери
27. Акча каражаттарынын ар күндүк эсеби алынуучу журнал баалуу кагаздар менен жасалган операциялар боюнча, эсептердеги акча каражаттарынын кыймылы менен байланышкан баардык операцияларды чагылдыруу үчүн арналат. Кассада, банктык эсептерде же эсепке алуунун башка эсептеринде акча каражаттарынын кыймылдары болгон бардык операциялар, ошондой эле милдеттенмелердин чоңдуктарындагы өзгөрүүлөр ушул журналда, эсептерге эки жолу жазуу принциби боюнча хронологиялык тартипте, өсүү тартиби менен номерлери коюлуп чагылдырылат.
Акча каражаттарынын ар күндүк эсеби алынуучу журнал төмөнкүдөй принциптерге ылайык жүргүзүлөт:
- күндө аткарылган операциялардын эсеби;
- компаниянын өздүк акча каражаттарын жана анын кардарларынын акча каражаттарын сегрегация кылуу;
- бир нече валюталардагы эсеп. Баардык нарктык көрсөткүчтөрү журналда улуттук валютада, ошондой эле бир нече валюталарда (сом, АКШ доллары ж.б. менен) эсептелиши мүмкүн;
- башка эсептик регистрлер менен салыштыруу. Журналдагы маалыматтар дилердик операциялардын эсептери алынуучу журналдагы, баалуу кагаздардын эсеби алынуучу журналдагы маалыматтар менен соода бөлүктөрүнөн жана бухгалтериялардан келип түшкөн маалыматтар менен мезгил мезгили менен салыштырылууга тийиш;
- салыштырууларды жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү акча каражаттары боюнча балансты түзүүнүн мезгилине туура келиши керек.
Акча каражаттарынын эсептери алынуучу журналда төмөнкү операциялар чагылдырылат:
- эсептер боюнча акча каражаттарынын кыймылы;
- бүтүмдөр;
- төлөмдөр;
- келип түшүүлөр;
- кайра баалоолор;
- кайра өткөрүүлөр.
13. Акча каражаттарынын ар күндүк эсеби алынуучу журнал (тиркеме, 2-форма)
28. Акча каражаттарынын ар күндүк эсеби алынуучу журнал төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
- күндү;
- эсептин номерин;
- эсептин аталышын;
- операциялардын иреттик номерин;
- операциялардын кыскача баяндамасын;
- коштомо документтин номерин;
- баштапкы сальдону.
Баштапкы сальдо дебеттик же кредиттик болушу мүмкүн. Бир нече валюталардын эсептери үчүн баштапкы сальдо сом жана валюталар менен көрсөтүлөт;
- дебет боюнча өткөрүүнүн суммасын;
- кредит боюнча өткөрүүнүн суммасын.
Бир нече валюталардын эсептери үчүн өткөрүүлөрдүн суммасы сом жана валюталар менен көрсөтүлөт;
- корреспонденттик эсептин номери жана/же аталышы;
- акыркы сальдону.
Акыркы сальдо дебеттик же кредиттик болушу мүмкүн. Бир нече валюталардын эсептери үчүн баштапкы сальдо сом жана валюталар менен көрсөтүлөт.
14. Акча каражаттарынын эсеби алынуучу журнал (тиркеме, 3-форма)
29. Акча каражаттарынын эсеби алынуучу китеп (ведомость) акча каражаттарынын ар күндүк эсеби алынуучу журналдагы маалыматтардын негизинде түзүлөт. Китеп эсептердин иреттик номерлери боюнча уюштурулат жана акча каражаттарынын кыймылынын эсебин алуу системасындагы баардык эсептер боюнча калдыктар чагылдырылат.
Акча каражаттарынын эсеби алынуучу китеп төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
- күндү;
- эсептин номерин;
- эсептин аталышын;
- дебет эсеби боюнча сальдону;
- кредит эсеби боюнча сальдону;
- мезгилдеги дебет эсептери боюнча жүгүртүүнүн жыйынтыгын;
- мезгилдеги кредит эсептери боюнча жүгүртүүнүн жыйынтыгын.
Мындан тышкары, керек болгон учурда китепке кошумча маалыматтар киргизилиши мүмкүн.
15. Акча каражаттары боюнча баланс
30. Акча каражаттарынын эсеби алынуучу журналдагы отчеттук мезгилдин аягындагы сальдосунан отчёттук мезгилдеги акча каражаттарынын балансы түзүлөт.
Акча каражаттарынын балансына төмөнкүлөр кирет:
1.Активдер:
а) акча каражаттары:
- кассадагы,
- алыш-бериш эсебиндеги;
- валюталык эсептеги;
б) баалуу кагаздарга салынган салымдар:
- баалуу кагаздар;
в) эсептешүүлөр жана башка активдер:
- РЕПО операциялары боюнча эсептешүүлөр;
- РЕПОнун тескери операциялары боюнча милдеттенмелер;
- кардарлар-дебеторлор менен эсептешүүлөр;
- контрагенттер-дебеторлор менен эсептешүүлөр;
- аффилирденген адамдар-дебеторлор менен эсептешүүлөр;
- чыгымдар;
г) активдердин жыйынтыгы.
2. Милдеттенмелер:
баалуу кагаздар менен операцияларды жасоо каражаттарынын фондусу:
а) баалуу кагаздар боюнча атайын милдеттенме;
- «жакындарына сатуулар»;
б) эсептешүүлөр жана башка милдеттенмелер;
в) РЕПОнун тескери операциялары боюнча эсептешүүлөр:
- РЕПО операциялары боюнча милдеттенме;
- кардар - кредиторлор менен эсептешүүлөр;
- контрагенттер-кардарлар менен эсептешүүлөр;
- аффилирденген адамдар-кредиторлор менен эсептешүүлөр;
- пайда;
г) милдеттенменин жыйынтыгы.
4. Баалуу кагаздардын кыймылынын эсебин алуу системасы
16. Баалуу кагаздардын кыймылын эсепке алуу системасынын принциптери
31. Баалуу кагаздардын кыймылынын эсебин алуу системасы баалуу кагаздардын сан түрүндө билдирилген кыймылын чагылдырып көрсөтүү үчүн арналган.
Системаны жүргүзүүнүн максаты болуп баалуу кагаздар менен жасалган операциялардын сан түрүңдө билдирилген жыйынтыктары жөнүндө толук жана так маалыматтарды түзүү, компаниялардын активдерин баалуу кагаздарда аныктоо, компаниялардын номиналдарды кармоосундагы кардарлардын баалуу кагаздарынын санын, компаниялардын баалуу кагаздарды тапшыруу боюнча кардарларга жана контрагенттерге карата болгон карыздарын жана мезгилдин ар бир учурунда баалуу кагаздардын иш жүзүндө турган жерин аныктоо саналат.
Система баалуу кагаздардын эсеби алынуучу журналдан жана китептен (ведомосттордон) турат.
Баалуу кагаздардын ар күндүк эсебин алуу журналы ар күндүк эсептин ведомостун билдирет. Баардык операциялардын натыйжасында компаниялардын, кардарлардын баалуу кагаздарында жүрүп жаткан кыймылдар корреспонденттик эсептерде эки илитиктүү жазуу принциби боюнча чагылдырылып көрсөтүлөт жана ошол операция күнүнүн ичинде болгон баалуу кагаздардын баардык кыймылдары чагылдырылат. Баардык операциялар алар бүткөн күнү, б.а. качан операция жасалганда иш күндүн аягынан кечиктирилбей журналга жазылат.
Баалуу кагаздардын эсеби алынуучу китеп (ведомост) операция күнүнүн аягында баалуу кагаздардын эсебин ар күн сайын алуучу журналдагы маалыматтарды негизинде түзүлөт. Китеп эсептердин катар номерлеринин тартибинде уюштурулат жана баалуу кагаздардын кыймылынын эсебин алуу системасындагы баардык эсептер боюнча калдыктарды чагылдырып көрсөтөт. Китеп ички эсепке алууда кетирилген каталарды жана айырмаларды табуучу курал катары да кызмат кылат.
Компания зарыл болуп калган учурда, ушул стандарттарда каралган, бул журналдарда чагылдырылып көрсөтүлүүчү маалыматтардын курамы сакталган шартта, баалуу кагаздардын ар күндүк эсебин алуу журналы менен баалуу кагаздардын эсебин алуу китебин бир эсептик ведомостко бириктире алат.
17. Баалуу кагаздар кыймылынын эсебин алуу системасындагы эсептер
32. Ар бир кардар, контрагент, баалуу кагаздардын ар бир турган жери (реестрде, депозитарийде, жолдогу баалуу кагаздар д.у.с.) жана компаниялардын баалуу кагаздарынын өздүк портфели үчүн баалуу кагаздардын кыймылынын эсебин алуучу системада кайталанбоочу номерлер менен эсеп ачылат.
Баалуу кагаздардын таандыгын көрсөтүүчү эсеп, б.а. компаниянын, кардарлардын баалуу кагаздарынын эсеби, алардын баалуу кагаздарынын эсеби компаниянын номиналды кармоосунда турган ж.у.с. баалуу кагаздардын дебет боюнча калдыктары болот (же «узун» тарапта).
Баалуу кагаздардын турган жерин көрсөтүүчү эсеп - реестрдин, депозитарийдин ж.у.с, ошондой эле орду толтурулбай туруп сатылган, кредит боюнча калдыктары бар (же «кыска» тарапта) баалуу кагаздардын эсеби.
Милдеттенмелерди же турган жердин алмашышын көрсөтүүчү эсеп -контрагенттердин эсеби, кардардын атына катталган баалуу кагаздарды чагылдырып көрсөтүүчү кардарлардын эсеби, «жолдогу» баалуу кагаздардын дебет боюнча жана кредит боюнча да калдыктары болушу мүмкүн.
18. Баалуу кагаздардын ар күндүк эсеби алынуучу журналды жүргүзүүнүн принциптери
33. Баалуу кагаздардын ар күндүк эсеби алынуучу журнал хронологиялык тартипте төмөнкү принциптерге ылайык жүргүзүлөт:
- операциялар бүткөн күндөгү эсеби;
- компаниянын өзүнүн баалуу кагаздарын жана анын кардарларынын баалуу кагаздарын түрлөрү боюнча ажыратуу;
- башка эсептик регистрлер менен салыштыруу.
Журналдагы маалыматтар мезгил мезгили менен акча каражаттарынын эсебин алуучу журналдьга маалыматтары менен, соода бөлүктөрүнөн келип түшкөн маалыматтар менен салыштырылып турууга тийиш.
19. Баалуу кагаздар менен жасалган операцияларды чагылдырып көрсөтүү
34. Баалуу кагаздар менен жасалган операциялар төмөнкүдөй чагылдырылат:
а) сатып алуу/сатуу:
- сатып алуучунун дебет эсеби боюнча; жана
- сатуучунун кредит эсеби боюнча;
б) компаниялардан баалуу кагаздарды алуу:
- кардардын, контрагенттин жана баалуу кагаздар алынган башкалардын дебет эсеби боюнча; жана
- кредит эсебинин турган жери боюнча;
в) компаниянын баалуу кагаздарын тапшыруу:
- дебет эсебинин турган жери боюнча; жана
- кардардын, контрагенттин жана тапшырууларды жасаган башкалардын кредит эсеби боюнча;
г) баалуу кагаздардын турган жерин өзгөртүү:
- дебет эсебинин турган жери боюнча; жана
- кредит эсебинин мурда турган жери боюнча;
20. Баалуу кагаздардын эсеби күн сайын алынуучу журнал (тиркеме, 5-форма)
35. Баалуу кагаздардын эсеби күн сайын алынуучу журнал ар бир баалуу кагаз боюнча өзүнчө жүргүзүлөт. Журналда күндүн ичинде иштетилген эсептер гана чагылдырылат.
Баалуу кагаздардын эсеби күн сайын алынуучу журнал төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:
- эсептин номерин;
- эсептин аталышын;
- операциянын баяндамасын; бул тилкеге ошол эсеп боюнча жасалган операциянын толук же кыскартылган аталышы жазылат, мисалы:
- сатып алуу, сатуу - жазуулар кардарлардын, контрагенттердин эсептерине жана компаниянын баалуу кагаздар боюнча эсептери жазылат;
- тапшыруу - баалуу кагаздарды кайра каттоо жөнүндө реестрден көчүрмөнү алган учурда же баалуу кагаздардын сертификаттарын тапшыруу учурунда кардарлардын жана контрагенттердин эсептерине жазуулар жазылат;
- алуу - баалуу кагаздарды кайра каттоо жөнүндө реестрден көчүрмөнү алган учурда же баалуу кагаздардьга сертификаттарын алуу учурунда кардарлардын жана контрагенттердин эсептерине жазуулар жазылат;
- келишимдин номери - керек болгон учурда кардарлардын жана конртрагенттердин эсептери үчүн көрсөтүлөт;
- дебет эсеби боюнча жазуу;
- кредит эсеби боюнча жазуу. Ошол эсепке кошулуучу же андан алынуучу баалуу кагаздардын саны чагылдырылат.
Жогоруда саналган маалыматтардан тышкары журналга компанияга керектүү кошумча маалыматтар киргизилиши мүмкүн.
21. Баалуу кагаздардын эсеби алынуучу китеп (тиркеме, 6-форма)
36. Баалуу кагаздардын эсеби алынуучу китеп баалуу кагаздардын эсеби жүргүзүлгөн журналдан алынган маалыматтардын негизинде түзүлөт жана баланс түрүндө уюштурулат. Китеп баалуу кагаздардын эсеби системасындагы баардык эсептердеги калдыктарды чагылдырып көрсөтөт.
Баалуу кагаздардын эсеби алынуучу китеп баалуу кагаздардын эсеби системасындагы эсептердин номерлеринин тартиби боюнча уюштурулат. Баалуу кагаздардын ар бир түрү үчүн өзүнчө китеп жүргүзүлөт.
Баалуу кагаздардын эсеби альгнуучу китепте төмөнкүдөй маалыматтар камтылат:
- эсептин номери;
- эсептин аталышы;
- акыркы операция жасалган күн. Ошол эсепте баалуу кагаздар менен акыркы операция жасалган күн чагылдырылат;
- дебет боюнча сальдо;
- кредит боюнча сальдо. Ошол эсептеги дебет же кредит боюнча тиешелүү жүгүртүүлөрдүн суммалары чагылдырылат.
Мындан тышкары, зарыл болгон учурда китепке кошумча маалыматтар киргизилиши мүмкүн.
22. Бар болгон баалуу кагаздарды мезгил мезгили менен салыштыруу
37. Ар бир брокер ар квартал сайын бар болгон баалуу кагаздарды баалуу кагаздардын эсеби алынуучу китептеги жазуулар менен салыштырып турушу керек. Баардык брокерлер кварталына бир жолудан кем эмес төмөнкүлөргө милдеттүү:
- кагаз түрүндө жүгүртүүгө чыгарылган жана кардардын атына катталган жана брокердин сактоосунда турган же номиналды кармоочу катары брокердин наамына катталган баалуу кагаздардын бар болгонун жана санын текшерүүгө;
- номиналды кармоочу катары брокердин же инвестициялык компаниянын наамына катталган жана реестрде турган документтештирилбеген түрдөгү баалуу кагаздарга карата каггоочудан жазуу жүзүндө баалуу кагаздардын саны жана кармоочулары жөнүндө ырастаманы алууга жана реестрдин маалыматтарын компаниянын баалуу кагаздардын эсебин алуучу китебиндеги жазуулар менен салыштырууга;
- депозитарийдин сактоосунда турган баалуу кагаздарга карата депозитарийден жазуу жүзүндө баалуу кагаздардын саны жана ээлери жөнүндө ырастаманы алууга жана алынган маалыматтарды компаниянын жазуулары менен салыштырууга. Депо эсеби боюнча көчүрмөлөрдү депозитарийдин мезгил мезгили менен берүүсү депозитардык тейлөө жөнүндө келишимде белгилениши мүмкүн;
- менчиктөө укугунун кайра катталышы бүтө элек же күрөөгө коюлган баалуу кагаздардын санын текшерүүгө;
- баардык табылган туура келбестиктер жана каталар тууралуу китепке жазууларды жазууга. Ага баалуу кагаздардын аталышы, текшерүү жүргүзүлгөн күн жана оңдоолорду киргизген адамдын койгон колу киргизилиши керек.
Компания белгилеген күнү салыштыруулар бир мезгилде баардык баалуу кагаздар үчүн кварталына бир жолу (мезгилдүү метод), же болбосо убактылуу циклдин алкагында (циклдик эсептөө методу) баалуу кагаздардын ар бир позициясы (позициялардын тобу) үчүн салыштыруу белгиленген күнү жүргүзүлөт. Циклдик эсептөө методу пайдаланылган учурда, мезгилдүү методду пайдалануу учурундагыдай эле баалуу кагаздардын баардык позициялары кварталдын ичинде салыштырылышы керек.
Баалуу кагаздар менен жасалган операциялардьш эсебин жүргүзүү же баалуу кагаздарга болгон менчик укугун кайра каттоо документтери менен иштөө милдети болуп саналбаган ыйгарым укуктуу адамдын көзөмөлү астында, маалыматтардын аныктыгын камсыз кылуу максаты үчүн салыштыруулар жүргүзүлөт.
Кардарлардын алдында отчётторду жүргүзүү боюнча стандарттар
23. Кардарлардын алдында отчёт берүүнүн арналышы
38. Эсептин жана документтерди жүгүртүүнүн кыргыз практикасына жана кардар менен түзүлгөн келишимде каралган эсептешүүлөрдүн тартибине ылайык бухгалтердик эсепти жана салык салууну жүргүзүү максатын көздөп брокердик компания кардарга алгачкы отчёттук документтерди (контрактыны, төлөм тапшырмаларынын көчүрмөлөрүн, реестрдин көчүрмөсүн ж.б.) берет.
Мындан тышкары брокердик компания кардардын каражаттары менен жасалган операциялар жөнүндө жана ошол операциялардын кирешелүүлүгүн камтыган маалыматтарды билдирүү үчүн кардарга мезгилдүү отчётторду берет.
Брокерлер өздөрүнүн ички эсепке алуусунда, келишимдердин түрүнө жана ошол кардар менен операцияларды жүргүзүүнүн жыштыгына карабастан, өзүнүн баардык кардарларынын эсебин жүргүзөт.
Инвестициялык эсептери ачыла элек кардарларга (мисалы, бир жолку гана тапшырма берген кардарларга) алар үчүн жасалган ар бир бүтүм боюнча отчёттор гана берилет.
Кардардын инвестициялык эсебин жүргүзүү учурунда (брокердик тейлөө келишиминин же кардардын каражаттарын компаниянын башкаруусун караган келишимдин негизинде) компания эсептин абалы жөнүндө отчётту кардарга үзгүлтүксүз түрдө берет. Эсептин абалы жөнүндө отчёттун баалуу кагаздар тууралуу маалымат бөлүгүнө брокердик компаниянын номиналдык кармоосунда же жоопкерчиликтүү сактоосунда турган кардардын баалуу кагаздары гана киргизилет.
Кардарга компанияда бирден ашуун инвестициялык эсеп ачылган учурда , ошондой эле бул боюнча/ ушул эсептер боюнча иш жүргүзүүдөн тышкары компания ошол кардардын бир жолку тапшырмасын аткарса, анда инвестициялык эсептердин ар бириндеги, ошондой эле бир жолку бүтүмдөр боюнча маалыматтар аралаштырылбайт.
Эсептин абалы жөнүндө отчётто камтылган маалыматтар купуялуу сыр болуп саналат. Компания жана кардар ошол отчёттогу маалыматтарды үчүнчү жакка ачыкка чыгарбоо үчүн жоопкерчиликтерди өз ара тартышат. Кардардын аталышы/ аты жөнүндө маалымат купуялуу сыр болуп саналат жана үчүнчү жакка ачыкка чыгарылбайт.
24. Эсептин абалы жөнүндө отчётко киргизилүүчү маалымат
39. Эсептин абалы жөнүндө отчёт төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:
- кардардын эсебиндеги баалуу кагаздар менен жасалган баардык операцияларды, сатып алуу-сатуу боюнча бүткөн бүтүмдөрдү жана бүтө элек бүтүмдөрдү;
- акыркы отчётту бергенден кийинки мезгилдеги төлөмдөрдү;
- кардар төлөп берүүгө тийиш болгон жана төлөп берген комиссиондук сыйлыктарды;
- компания кардарга которгон жана төлөп берген дивиденддерди жана пайыздарды;
- компания төлөгөн жана кардар ордун толтурган каттоодогу төлөмдөрдү жана башка чыгымдарды;
- кардар менен түзүлгөн келишимдин шарттарын аткаруунун жүрүшүндө кардардан кармалуучу башка суммаларды;
- кардарга таандык жана брокердик компаниянын номиналдык ээлигинде турган баалуу кагаздардын саны, ошондой эле кардар менен түзүлгөн келишимге ылайык брокердик компаниянын жоопкерчиликтүү сактоосуна берилген кардарлардын баалуу кагаздарынын санын;
- кардардын портфелинин рыноктук наркы жөнүндө маалыматтар. Портфелдин рыноктук наркын баалоочу метод компания менен кардардын ортосундагы келишим менен аныкталат. Ал жок болгон учурда инвестициялык фонддордун таза активдерин баалоо методикасы пайдаланылышы мүмкүн;
- отчёт түзүлгөн күндөгү кардардын эсебиндеги акча калдыктары.
25. Эсептин абалы жөнүндө отчётту түзүүнүн принциптери
40. Кардарга отчётту түзүү учурунда компания төмөнкүдөй принциптерди карманышы керек:
- кардардын эсебиндеги акча каражаттардын же баалуу кагаздардын кыймылы жөнүндө маалыматтар документтердеги жана брокердик иштердин эсеби жүргүзүлгөн журналдардан алынган маалыматтардын негизинде бүтүм жасалган күнү киргизилет;
- нарк көрсөткүчтөрү мультивалюталык эсептин принциптерине жараша сом менен жана валюта менен да көрсөтүлүшү мүмкүн. Компания отчёттогу маалыматтарды кардар менен түзүлгөн келишимге ылайык каалаган валютада берет;
- баалуу кагаздардын ар кандай түрү менен жасалган операциялар жөнүндө маалыматтар отчётту берүүнүн кабыл алынган түрүнө жараша өзүнчө блоктор түрүндө (мамлекеттик баалуу кагаздар, эркин баалуу кагаздар, корпоративдик баалуу кагаздар д.у.с), кардардын инвестиция портфелинин жалпы түзүлүшүндөгү баалуу кагаздардын ар бир түрүнүн үлүшүн көрсөтүү менен отчётко киргизилет.
26. Эсептин абалы жөнүндө отчётту берүүнүн мөөнөттөрү
41. Эсептин абалы жөнүндө отчёт компаниянын ар бир кардарына төмөнкүдөй мезгилдерде берилет:
- айына кеминде бир жолу, эгерде бул мезгилдин ичинде кардардын эсебинде операциялар жүргүзүлсө;
- кварталына кеминде бир жолу, эгерде бул мезгилдин ичинде эсепте операциялар жүргүзүлбөй, бирок эсепте акча каражаттарынын жана/же баалуу кагаздардын калдыктары бар болсо;
- кардардын эсебинин абалы жөнүндө отчёт отчёттук мезгил бүткөн күндөн кийинки 5 жумушчу күндүн ичинде;
- кардар Финансылык отчёттун эл аралык стандарттарына (ФОЭАСка) ылайык отчётту түзүшү үчүн зарыл болгон, кардар үчүн жүргүзүлгөн ар бир бүтүмдөрдүн алгачкы документтери айына кеминде бир жолу кардарга берилет.
Тиркеме
1-форма
Бүтүмдөр журналы
Бүтүм жасалган күн | Келишимге кол коюлган күн | Баалуу кагаздар кайра катталган күн | Келишимдин № | Сатуучунун аталышы | Ички эсепке алуунун системасындагы сатуучунун эсебинин № |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
Баалуу кагаздардын түрү | Баасы | Төлөө валютасы | Баалуу кагаздардын саны | Бүтүмдөрдүн жалпы суммасы | Брокердик комиссия | Каттоо төлөмү | Бүтүмдөрдүн жыйын-тык суммасы |
7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 |
2-форма
Акча каражаттарынын ар күндүк эсеби алынуучу журнал
Күн | Эсептин номери | Эсептин аталышы | Операциянын катар № | Кошо жиберилген документтин номери |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
Баштапкы сальдо | Жүгүртүүлөр | Акыркы сальдо | |||||||||
Дт | Кт | Дт | Кт | Дт | Кт | ||||||
миң сом | АКШ доллары | миң сом | АКШ доллары | миң сом | АКШ доллары | миң сом | АКШ доллары | миң сом | АКШ доллары | миң сом | АКШ доллары |
6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 |
3-форма
Акча каражаттарынын эсеби алынуучу китеп
Күн | Эсептин номери | Эсептин аталышы | Сальдо | Жүгүртүү жыйынтыгы | Мезгил | ||||||
Дт | Кт | Дт | Кт | ||||||||
миң сом | АКШ доллары | миң сом | АКШ доллары | миң сом | АКШ доллары | миң сом | АКШ доллары | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 |
Баланстык көрсөткүчтөр
Баланстагы баалуу кагаздардын саны (даана) | Орточо салмактагы нарк | Баланстык нарк | Операциялык киреше/чыгаша | Киреше/чыгаша суммалары | ||||
| миң сом | АКШ доллары | миң сом | АКШ доллары | миң сом | АКШ доллары | миң сом | АКШ доллары |
|
|
|
|
|
|
| ||
5-форма
Баалуу кагаздардын ар күндүк эсеби алынуучу журнал
Эсептин номери | Эсептин аталышы | Операция баяндамасы | Келишимдин номери | Баштапкы сальдо | Акыркы сальдо | ||
Дт | Кт | Дт | Кт | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
6-форма
Баалуу кагаздардын эсеби алынуучу китеп
Эсептин номери | Эсептин аталышы | Акыркы операция жасалган күн | Сальдо | |
Дт | Кт | |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
|
|