Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-июлу № 412
Кыргыз Республикасында ички авиаташууларды өнүктүрүү боюнча айрым чаралар жөнүндө
Республика ичиндеги аба линиялары боюнча авиаташууларды өнүктүрүүгө дем берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылдын 31-декабрына чейин авиаташуучулар ички авиарейстерди аткарууда:
- «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомуна авиаташуучулардан аэропорттук тейлөө үчүн жыйымдардын ставкасынын 50 процентин гана алуу сунушталсын;
- «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы Баткен жана Исфана шаарлары багытындагы рейстерди ишке ашыруучу авиаташуучуларды аэронавигациялык тейлөөнү аэронавигациялык тейлөө үчүн жыйымдардын нөлдүк ставкасы боюнча камсыз кылсын.
2. «Кыргызстан» авиакомпаниясы» ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- Бишкек - Исфана - Бишкек маршруту боюнча регулярдуу рейсти белгиленген тартипте ачуу жөнүндө маселени кароо;
- бир айлык мөөнөттө отун-эффективдүү параметрлерге шайкеш келген аба кемелерин жаңылоо боюнча сунуш киргизүү.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А. Атамбаев |