ТоктомКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы №412 «Кыргыз Республикасында ички авиаташууларды өнүктүрүү боюнча айрым чаралар жөнүндө» токтому

Редакция26.07.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 26-июлу № 412

Кыргыз Республикасында ички авиаташууларды өнүктүрүү боюнча айрым чаралар жөнүндө

Республика ичиндеги аба линиялары боюнча авиаташууларды өнүктүрүүгө дем берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2011-жылдын 31-декабрына чейин авиаташуучулар ички авиарейстерди аткарууда:

- «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомуна авиаташуучулардан аэропорттук тейлөө үчүн жыйымдардын ставкасынын 50 процентин гана алуу сунушталсын;

- «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы Баткен жана Исфана шаарлары багытындагы рейстерди ишке ашыруучу авиаташуучуларды аэронавигациялык тейлөөнү аэронавигациялык тейлөө үчүн жыйымдардын нөлдүк ставкасы боюнча камсыз кылсын.

2. «Кыргызстан» авиакомпаниясы» ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:

- Бишкек - Исфана - Бишкек маршруту боюнча регулярдуу рейсти белгиленген тартипте ачуу жөнүндө маселени кароо;

- бир айлык мөөнөттө отун-эффективдүү параметрлерге шайкеш келген аба кемелерин жаңылоо боюнча сунуш киргизүү.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

А. Атамбаев