Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 27-июлу № 417
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1995-жылдын 18-июлундагы көчүп келүү процессин жөнгө салуу жана көчүп келүүчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы протоколдун долбоорун жактыруу жөнүндө
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1995-жылдын 18-июлундагы көчүп келүү процессин жөнгө салуу жана көчүп келүүчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы протоколдун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасына принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен бул Протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Россия Федерациясынын Өкмөтү,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1995-жылдын 18-июлундагы көчүп келүү процессин жөнгө салуу жана көчүп келүүчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) 17-беренесине ылайык төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене
Макулдашууга төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: Макулдашуунун 10-беренеси төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«10-берене
Тараптар көчүп келе тургандарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн өздөрүнүн жеке мүлкүн (чыгып жаткан мамлекеттин мыйзамдары менен алып чыгууга жана кирип жаткан мамлекеттин мыйзамдары менен алып кирүүгө тыюу салынган предметтерди эсепке албаганда), анын ичинде жеке пайдалануу үчүн ташылып кирип жаткан көчүп келүүчүнүн үй-бүлөсүнө бир транспорт каражатын (мындан ары - транспорт каражаты) ташып кетүүгө жана ташып чыгууга карата чектөөлөрдөн, бажы алымдарынан, салыктардан жана ушуга байланыштуу жыйымдардан бошотот.
Чыгуучу мамлекеттен ташып чыгууга көрсөтүлгөн транспорт каражаты көчүп келүүчү же анын үй-бүлө мүчөсү тарабынан сатылып алынган, ал мамлекетте ошол адамга катталган жана анын жеке менчигинде келүүчү мамлекеттин аймагына туруктуу жашоо үчүн көчүп келгенине чейин алты айдан кем эмес болушу керек.
Мурунку жашаган өлкөсүнөн мындай транспорт каражатын ташып кирүү адамды чыгуучу мамлекеттин аймагына туруктуу жашоо үчүн көчүп келүүчү катары ырастаган документ берилген күндөн тартып 18 айдан кечиктирилбестен жүргүзүлүшү керек.
Транспорт каражатын кирүүчү мамлекеттин аймагына ташып кирүү тууралуу билдирүүгө чыгып жаткан мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан берилген транспорттук каражатты каттоо тууралуу күбөлүк тиркелет.
Транспорт каражаттары кирүүчү мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык белгиленген автомобилдик техниканын зыяндуу (абаны булгаган) заттарды бөлүп чыгышына карата талаптарына туура келиши керек.
Транспорт каражаттарыньш бул талаптарга дал келүүсүн тастыктоо кирүүчү мамлекеттин мыйзамдары менен белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Алынып чыга турган акча каражаттары жана которула турган акча салымдары жана активдер которуу кызматтары үчүн акы төлөөлөрдү түзгөндөн башкасы алымдардан жана жыйымдардан бошотулат.».
Макулдашуунун 13-беренеси төмөнкү редакцияда берилсин:
«13-берене
Адамдардын көчүүсүн координациялоо ишин жана бул Макулдашуунун аткарылышын контролдоону Тараптар төмөнкүлөргө тапшырат:
Кыргыз Республикасы - Кыргыз Республикасынын миграция тармагындагы ыйгарым укуктуу органына;
Россия Федерациясы - Россия Федерациясынын миграция тармагындагы ыйгарым укуктуу органына.
Макулдашуунун 19-беренеси төмөнкү редакцияда берилсин:
«19-берене
Бул Макулдашуу ратификацияланууга жатат жана ратификациялык грамоталарды алмашкан күндөн тартып күчүнө кирет.
Бул Макулдашуу 7 жыл бою колдонулат жана Тараптардын бири тийиштүү мезгил аяктаганга чейин 6 ай мурда ушул Макулдашуунун күчүн токтотууга өзүнүн ниеттенгендиги жөнүндө башка Тарапка жазуу түрүндө билдирбесе, ар бир жолу кийинки эки жылга өзүнөн өзү узартылат.».
2-берене
Бул Протокол анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы тууралуу акыркы жазуу түрүндөгү билдирүү дипломатиялык каналдар боюнча алынган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет.
_______________ шаарында_____-жылдын «____» _____________
эки түп нускада, ар бири кыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, мында эки текст бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн | Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн |