Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 1-июну №272
"2009-жылдын 16-июнунда Екатеринбург шаарында кол коюлган Эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатында кызматташуу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында, 2009-жылдын 16-июнунда Екатеринбург шаарында кол коюлган Эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатында кызматташуу тууралуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашуунун 12-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "2009-жылдын 16-июнунда Екатеринбург шаарында кол коюлган Эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатында кызматташуу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | А. Атамбаев | |
|
| |
| Долбоор | |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 16-июнунда Екатеринбург шаарында кол коюлган Эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатында кызматташуу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2009-жылдын 16-июнунда Екатеринбург шаарында Кол коюлган эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатында кызматташуу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө депозитарий болуп саналган Шанхай кызматташтык уюмунун Секретариатына билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти