Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-августундагы №443 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Жерди пайдаланууну жана коргоону мамлекеттик контролдоо боюнча жер инспекциясы жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигинин алдындагы Жерди пайдаланууну жана коргоону мамлекеттик контролдоо боюнча жер инспекциясы (мындан ары - Мамжеринспекция) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин жерди пайдаланууну жана коргоону контролдоону жүзөгө ашыруучу ведомстволук бөлүмчөсү болуп саналат.
2. Мамжеринспекция өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ченемдик-укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген башка ченемдик-укуктук актыларды, эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Мамжеринспекция юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик, расмий тилдердеги аталышы менен, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөргө, Кыргыз Республикасынын казыналыгынын тутумунда эсеп-чотко ээ болот.
4. Мамжеринспекция белгиленген тартипте мамлекеттик мүлк ыкчам башкаруу укугунда берилген мамлекеттик мекеме болуп саналат.
2. Негизги максаты
5. Мамжеринспекциясынын негизги максаты уюштуруу-укуктук түрүнө жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдар, алардын жетекчилери, кызмат адамдары, ошондой эле жарандар тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын сакталышын, алардын максаттуу багыттарына ылайык жер участокторун пайдалануунун белгиленген режиминин сакталышын жана бардык категориялардагы жердин туура пайдаланылышын камсыз кылуу болуп саналат.
3. Мамжеринспекциясынын милдеттери
6. Мамжеринспекциясынын негизги максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
- мамлекеттин жана жарандык-укуктук жер мамилелеринин бардык катышуучуларынын кызыкчылыктарын колдонуудагы жер мыйзамдарына ылайык коргоо;
- өз компетенциясына ылайык жер укук бузууларынын алдын алуу жана болтурбоо;
- жерди талаптагыдай эмес пайдалануу фактыларын ашкерелөө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жерге карата укукту мажбурлап токтотуу боюнча сунуштарды даярдоо;
- жер мамилелер чөйрөсүндө мыйзамдуулукту камсыз кылуу маселелери боюнча аткаруу бийлик органдарынын иштерин координациялоо жана аткаруу бийлик органдарынын кызыкдар кызматтары, прокуратура жана ички иштер органдары менен өз ара аракеттенүүлөрүн уюштуруу.
4. Мамжеринспекциясынын иш милдеттери
7. Мамжеринспекциясынын иш милдеттери:
- жерди пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндө жер мыйзамдарынын сакталышына, алардын ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан, республикадагы бардык жер ээлеринин жана жерди пайдалануучулардын бардык категориялардагы жерди максаттуу пайдаланууларына, анын ичинде коргоо, мамлекеттик коопсуздук жана ички иштер уюмдарынын жерди пайдалануусуна мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат;
- жер участокторун өзүм билемдик менен ээлеп алууга, жер участокторун өзүм билемдик менен алмашууга жана жер участокторун аларга белгиленген укук белгилөөчү жана укук ырастоочу документтерди жол-жоболоштуруусуз, ошондой эле чарбалык иштерди жүзөгө ашырууга уруксат берген документтерсиз пайдаланууга жол берилбестиги жөнүндө жер мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышына мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат;
- жерлерди максаттуу багыттары боюнча пайдалануу тууралуу жер мыйзамдарынын аткарылышына жана жерлерди максаттуу багыттары боюнча пайдалануу үчүн жарактуу абалга келтирүү боюнча милдеттенмелердин аткарылышына мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат;
- жер участокторунун чек белгилеринин болушу жана сакталышы боюнча талаптардын аткарылышына мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат;
- жерди бир категориядан экинчи категорияга которууда (трансформациялоо) тийиштүү документтерди макулдашууда катышат;
- жерди пайдалануу тууралуу маалыматтардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан берилүүчү бош жер фондунун бар экенин жөнүндө маалыматтардын ишенимдүүлүгүнө мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат;
- жер мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча көрсөтмөлөрдүн аткарылышына жана жер мамилелери жагындагы укук бузуулардын четтетилишине мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат;
- жерди жакшыртуу, кыртыштын бузулуу, шор басуу, саз каптоо, суу басуу, чөлгө айлануу, кургакчылык, катып калуу, булгануу жана жердин бузулушуна алып келүүчү башка процесстердин кесепеттерин болтурбоо жана жоюу боюнча иш чаралардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышына мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат;
- жер кыртышы бузулган, жер участокторун рекультивациялоонун рекультивация долбоорун даярдоо жана долбоорго жерди калыбына келтирүүгө финансы чыгымдарын киргизүүнүн аткарылышына мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат;
- жер курулуш долбоорлорунун, жерлерди пайдалануу жана коргоо, жерлердин булганышына жана бузулушуна алып келүүчү процесстердин алдын алуу жана жоюу боюнча башка долбоорлордун жана иш-чаралардын аткарылышына мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат;
- жердин сандык жана сапаттык абалдарынын өзгөрүүлөрүнө мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат;
- убактылуу пайдаланууга берилген жерлердин өз убагында кайтарылышына мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдары жана жер участокторун берүү боюнча ченемдик укуктук актылардын талаптары бузулганда жана жер участогунун максаттуу багыты пайдалануучу же ээлерине өзүм билемдик менен өзгөртүлгөндө укук бузуулар четтетилгенге чейин жер участогун пайдаланууну токтото туруу боюнча көрсөтмөлөр берет;
- алардын менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан, жерди пайдалануучулар тарабынан бардык категориядагы жерлерди пайдаланууга жана коргоого мамлекеттик контроль боюнча пландуу жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзөт;
- менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан, жерди пайдалануучуларга, ошондой эле чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактарга, жарандыгы жок адамдарга карата жер ресурстарына келтирилген зыяндардын ордун толтуруу жөнүндө доолорду коет;
- жоопкерчиликке тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын жерди пайдалануу жана коргоону чөйрөсүндө укук бузуулар жөнүндө протоколдорду (актыларды) түзөт;
- жер мыйзамдарынын жерди пайдалануу жана коргоону чөйрөсүндө укук бузгандыгы үчүн администрациялык жаза-чаралары тууралуу токтомдорду чыгарат;
- жерди пайдалануу жана коргоо маселелери боюнча аткаруу бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жердин менчик ээлерине, жерди пайдалануучуларга усулдук жардамдарды жана сунуштамаларды берет;
- жерди пайдаланууга жана коргоого мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруу үчүн ата мекендик жана чет өлкөлүк илимдин жана техниканын жетишкендиктерин үйрөнөт жана иш тажрыйбага киргизет;
- жерди пайдаланууга жана коргоого мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруунун актуалдуу маселелерин чагылдыруу боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара иштешет;
- жер маселелери боюнча талаш-тартыштарды кароого катышат ;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, максаттуу багыттары боюнча пайдаланылбаган же болбосо Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузуу менен пайдаланылган жер участокторун мажбурлап алып коюу жөнүндө маселелерди сот тартибинде чечет;
- жерди пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндө жер мыйзамдарын бузууларды кароо доо-арыз менен кайрылып, сот инстанцияларына өкүл катары чыгат.
8. Мамжеринспекция жер ресурстарын пайдалануу жана сактоо жагындагы администрациялык укук бузуулар боюнча материалдарды карайт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган айыптарды жана администрациялык жоопкерчиликтин башка түрлөрүн көрөт.
9. Мамжеринспекция жер мыйзамдарына ылайык жана башка иш милдеттерди аткарат.
5. Мамжеринспекциясынын укуктары
10. Мамжеринспекция төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жеке жана юридикалык жактардан жер ресурстарын пайдалануу, чарба жерлерин жакшыртуу боюнча жумуштардын утурумдук жана акыркы натыйжалары, жерлердин күрдүүлүгүн калыбына келтирүү, жерди өздөштүрүү жана пайдаланууга киргизүү тууралуу маалыматтарды акысыз алууга;
- кызматтык күбөлүгүн көрсөтүү менен, мыйзамда белгиленген тартипте уюмдарга барууга, менчикте жана пайдаланууда турган жер участокторун текшерүүгө, ал эми аскердик, коргонуу жана башка атайын объекттер ээлеп турган жер участокторуна - аларга келүүнүн белгиленген режимин эске алуу менен барууга;
- Кыргыз Республикасынын жер мамилелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгууда өз компетенциясына кирген маселелери боюнча катышууга;
- мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жеке жана юридикалык жактардан жер участокторун берүү маселелерине тийиштүү адепки жана архивдик материалдардын көчүрмөлөрүн акысыз алууга;
- айыл чарба багытындагы жерлерин айыл чарба эмес багыттагы жерлерге которууда айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын жана колдон чыгарылган пайданын ордун толтуруунун эсебине контролдукту жүзөгө ашырууга;
- жер мыйзамынын талаптарын бузууга жол берген кызмат адамдарынын жогорку жетекчилерине маалымат киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын жерлерин пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндөгү жер мыйзамдарын бузууга;
- "Жердин күрдүүлүгүн калыбына келтирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 12-июлундагы №304 токтомуна ылайык жаңы өздөштүрүлгөн жана жакшыртылган жерди пайдаланууга кабыл алуу боюнча комиссиялардын иштерине катышууга.
6. Мамжеринспекциясынын ишин уюштуруу
11. Мамжеринспекциясын Кыргыз Республикасынын жерди пайдалануу жана коргоону башкы мамлекеттик инспектору болуп саналган директор жетектейт, аны Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.
12. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министринин сунушу боюнча Мамжеринспекциясынын директорунун орун басары кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
13. Мамжеринспекциясынын директору жер инспекциясынын жумушун уюштурат жана жетектейт, инспекцияга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жана өз иш милдеттеринин жүзөгө ашырылышы үчүн жекече жоопкерчилик тартат.
Бул максаттарда Мамжеринспекциясынын директору:
- буйруктар таризинде жеке колдонулуучу актыларды чыгарат;
- өзүнүн орун басарынын, бөлүм башчылардын жана адистердин милдеттерин жана ыйгарым укуктарын аныктайт;
- мыйзамдарга ылайык Мамжеринспекциясынын кызматчыларын кызмат орундарынан бошотот;
- колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, өз компетенциясынын чектеринде мамлекеттик органдарда жана башка уюмдарда Мамжеринспекциясынын атынан чыгат;
- Мамжеринспекциясынын бюджеттик билдирмесин даярдоону, ошондой эле бюджеттик процесстин башка жол жоболорун аткарууну камсыз кылат;
- Мамжеринспекциясынын тутумунун кызматчыларынын кеңешмелерин, семинарларын жана конференцияларын чакырат жана өткөрөт;
- Мамжеринспекциясынын алдыңкы кызматчыларын жана жерди коргоо жана туура пайдалануу менен байланыштуу башка адамдарды белгиленген тартипте сыйлайт жана кызыктырат;
- мыйзамда белгиленген тартипте жер инспекциясынын кызматкерине тартип бузгандыгы үчүн чара көрөт;
- Мамжеринспекциясынын кызматчыларына бул максаттар үчүн бөлүнгөн каражаттардан материалдык жардамдарды көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
14. Мамжеринспекциясынын түзүмү жана анын штаттык ырааттамасы Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министри тарабынан белгиленген сандын чегинде бекитилет.
15. Мамжеринспекциясынын жерге мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу кызмат адамдары бир эле убакта кызмат орундары боюнча төмөнкүлөр болуп саналат:
- башкаруу чөйрөсүнө жерге мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруу кирген Мамжеринспекциясынын директорунун орун басары - жерди пайдаланууну жана коргоону контролдоо боюнча Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик инспекторунун орун басары;
- башкаруу чөйрөсүнө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруу кирген Мамжеринспекциясынын кызматкерлери - жерди пайдаланууну жана коргоону контролдоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик инспекторлору;
- башкаруу чөйрөсүнө жерге мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруу кирген Мамжеринспекциясынын райондук бөлүмчөлөрүнүн жетекчилери - жерди пайдаланууну жана коргоону контролдоо боюнча райондун башкы мамлекеттик инспекторлору;
- башкаруу чөйрөсүнө жерге мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруу кирген Мамжеринспекциясынын райондук бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлери жерди пайдаланууну жана коргоону контролдоо боюнча райондун мамлекеттик инспекторлору.
Жерди пайдаланууну жана коргоону контролдоо боюнча мамлекеттик инспекторлорго бирдиктүү үлгүдөгү күбөлүк жана жекече мөөр берилет.
7. Каржы жана мүлк
16. Мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка каражаттар Мамжеринспекциясынын мүлкүн жана финансы каражаттарын түзүүнүн булактары болуп саналат.
17. Мамжеринспекциясынын бухгалтердик, статистикалык эсептери жана негизги иши боюнча отчеттору мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
8. Мамжеринспекциясын жоюу жана кайра түзүү
18. Мамжеринспекциясын жоюу жана кайра түзүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
19. Мамжеринспекциясынын иши жөнүндө документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.