Загрузка документа…
УТРАТИЛО СИЛУ в соответствии с постановлением Правительства КР от 20 февраля 2012 года №136
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 3-августу №443
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Жерди пайдаланууну жана коргоону мамлекеттик контролдоо боюнча жер инспекциясы жөнүндө
Жерди пайдаланууну жана коргоону мамлекеттик контролдоону жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Жерди пайдаланууну жана коргоону мамлекеттик контролдоо боюнча жер инспекциясы жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Жерди пайдаланууну жана коргоону мамлекеттик контролдоо боюнча жер инспекциясынын кызматкерлеринин чектик штаттык саны 63 штаттык бирдикте белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирүү боюнча сунуштарды киргизишсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | А. Атамбаев |