Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 250 токтому менен бекитилген |
Пайлык инвестициялык фонддун, инвестициялык пайлардын эмиссияларынын проспектисин жана пайлык инвестициялык фонддун инвестициялык пайларын алгачкы жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндөгү отчеттун эрежелерин каттоо тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Бул Жобо пайлык инвестициялык фондду, инвестициялык пайлардын эмиссияларынын проспектисинин эрежелерин каттоо тартибин аныктайт жана пайлык инвестициялык фонддун инвестициялык пайларын алгачкы жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту бекитүү тартибин "Инвестициялык фонддор жөнүндө" (мындан ары - Фонд) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгилейт.
2. Инвестициялык пайларды чыгарууну каттатуу үчүн башкаруучу компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык комиссиондук жыйым төлөөгө тийиш.
3. Эмитент чыгарылган инвестициялык пайларды инвестициялык пайларды эмиссиясынын проспектисинде белгиленген мөөнөттүн ичинде жайгаштырууга милдеттүү, бирок ал инвестициялык пайларды алгачкы жайгаштыруу башталган күндөн тартып 90 календарлык күндөн ашпайт.
4. Инвестициялык пайларды алгачкы жайгаштыруу бүткөндөн кийин 5 календарлык күндөн кечиктирбей, ал эми толук эмес жайгаштырылган учурда инвестициялык пайларды алгачкы жайгаштыруу мөөнөтү бүткөндөн кийин 5 календарлык күндөн кечиктирбей башкаруучу компания инвестициялык пайларды алгачкы жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту (мындан ары - отчет) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бекитүүсүнө берүүгө милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Отчетту бербей коюу же өз учурунда эмес берүү башкаруучу компаниянын кызмат адамына Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык администрациялык айып салууга кириптер кылат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Фонддун эрежелерин жана эмиссияларынын проспектисин каттоо үчүн башкаруучу компания балуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди берет:
- фондду түзүү ниетин билдирген башкаруучу компаниянын арызын;
- фонддун эрежелерин жана эмиссия проспектисин бекитүү жөнүндө башкаруучу компаниянын чечимин;
- баалуу кагаздар боюнча кесиптик ишти жүргүзүүгө укук берген тиешелүү лицензиянын көчүрмөсүн;
- фонддун эрежелерин (эки нускада, көктөлгөн жана башкаруучу компаниянын мөөрү басылып күбөлөндүрүлгөн);
- эмиссия проспектисин (эки нускада, көктөлгөн жана башкаруучу компаниянын мөөрү басылып күбөлөндүрүлгөн);
- депозиттик кызмат көрсөтүү жөнүндөгү келишимдин көчүрмөсүн;
- көз каранды эмес баалоочунун кызматын көрсөтүү жөнүндө келишимдин көчүрмөсүн;
- фондду башкарууга байланышкан эсеп-кысапты жана отчетту аудитордук текшерүүнү өткөрүү жөнүндө көз каранды эмес аудитор менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсүн;
- инвестициялык пайларды жайгаштыруучу жана сатып алуучу агенттердин, алардын турган жери көрсөтүлгөн жана башкаруучу компания түзгөн келишимдери тиркелген тизмесин;
- башкаруучу компаниянын башкаруусунда турган башка инвестициялык фонддордун тизмесин.
7. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бул жобонун 6-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди алган күндөн тартып 15 жумушчу күндөн кечиктирбей фонддун эрежесин жана эмиссиянын проспектисин каттоого милдеттүү, эгерде фонддун эрежесин жана эмиссиясынын проспектисин каттоо токтотулбаса же каттоодон баш тартылбаса.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 583 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүдөй учурларда фонддун эрежелерин жана эмиссиясынын проспектисин каттоодон баш тартууга жана каттоону токтотууга укуктуу:
- баалуу кагаздар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын башкаруучу компания бузса, анын ичинде берилген документтерде инвестициялык пайларды чыгаруунун жана жүгүртүүнүн шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына каршы келери жөнүндө бүтүмдү чыгарууга мүмкүндүк берүүчү маалыматтар болсо;
- берилген документтер жана анын курамында камтылган маалыматтар ушул жобонун талаптарына ылайык келбесе;
- фонддун эрежелерине эмиссия проспектисиие жана фонддун эрежелерин, эмиссия проспектисин каттоо үчүн негиз болуп саналган башка документтерге анык эмес маалыматтар киргизилсе;
- фонддун инвесторлорунун укуктарын кысымга алынган учурда.
Баалуу кагаздарды ачык сунуш кылуунун шарттарын жана проспектин максатка ылайык келбегендигинен улам мамлекеттик каттоодон баш тартууга мүмкүн эмес.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Фонддун эрежелерин жана эмиссия проспектисин каттоодон баш тартуу баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын региондук бөлүмү (өкүлчүлүгү) тарабынан мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен баш тартуунун себептерин көрсөтүп, аларды негиздөө менен эмитентке жазуу жүзүндө билдирилет.
Фонддун эрежелерин жана эмиссия проспектисин каттоо жоюлгандан кийин фонддун эрежелерин жана эмиссия проспектисин каттоодон баш тартууга себеп болгон укук бузуулар кайра жаңыртылат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 583 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Инвестициялык пайларлы алгачкы жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндөгү отчетту бекиттүүдө баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүлөр берилет:
- башкаруучу компаниянын арызы;
- инвестициялык пайлардын толук төлөнүп берилгендигин ырастаган документтер;
- инвестициялык пайларды алгачкы жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндөгү отчет (эки нускадан) (1-тиркеме).
11. Арызда төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
- эмитенттин аталышы, тиби, жайгашкан жери;
- чыгуу (катталуу) номери жана күнү:
- инвестициялык пайлардын чыгарылышынын каттоо номери;
- эмиссияга иш жүзүндө төлөнгөн сумма;
- мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн жетекчинин аты-жөнү жана койгон колу, эмитенттин аркылуу.
12. Инвестициялык пайлардын төлөнүп берилгендигин ырастаган документтер төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
- инвестициялык пайларга акча каражаттарынын төлөнгөндүгү жөнүндөгү банктын маалымкаты;
- акча каражаттарынын төгүлгөндүгүн ырастаган төлөм документтеринин көчүрмөсү.
13. Инвестициялык пайларды алгачкы жайгашгыруунун жыйынтыктары жөнүндөгү отчет тиркелет, башкаруучу компаниянын мөөрү менен бекемделет жана ага фонддун жетекчиси, башкы бухгалтери, ошондой эле фондду каттоочу колдорун коет.
14. Эскертилбеген оңдоолорго, чийип-сызууларга, тазалоолорго, булгоолорго, кошумча жазууларга (кошумча басууларга) д.у.с. берилбейт. Ар бир оңдоо (толуктоо) алдын ала эскертилүүгө жана бул документке кол койгон адам тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Ар бир оңдоо (толуктоо) бул документке кол койгон адам тарабынан алдын ала эскертилиши жана күбөлөндүрүлүшү керек.
15. Отчет баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга эки нускада берилет. Отчетко кол койгон кызмат адамдары анын аныктыгы үчүн жоопкерчиликтүү болушат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган отчетто берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчиликтүү болбойт.
17. Алынган отчетту баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган инвестициялык пайларды алгачкы жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту 10 жумушчу күндүн ичинде карайт жана ал боюнча сын-пикирлери болбосо аны бекитет. Мында баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган башкаруу компаниясына отчеттун бекитилгендиги тууралуу чечимди жана бекитилген отчеттун бир нускасын берет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 583, 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
18. Инвестициялык пайларды алгачкы жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндөгү отчетту бекитүү, жайгаштырылган инвестициялык пайлардын бааларынын суммасындагы инвестициялык пайлардын чыгарылышын таанылгандыгын билдирет.
19. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүдөй учурларда отчетту бекитүүдөн баш тартууга, инвестициялык пайлардын чыгарылышы ишке ашкан жок деп таанууга жана ыйгарылган мамлекеттик каттоо номерин алып коюуга укуктуу:
- башкаруучу компания инвестициялык пайларды эмиссиялоонун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузулганда, инвестициялык пайлар жөнсүз жарнамаланганда, эмиссиянын проспектисинде бекитилген инвестициялык пайларды алгачкы жайгаштыруунун шарттары бузулганда;
- ушул жобонун 10-пунктуна ылайык талап кылынган документтердин баардыгы берилбегенде;
- инвестициялык пайлардын чыгарылышын каттоого негиз болгон документтерден жалган маалыматтар табылганда;
- берилген отчеттон жалган маалыматтар табылганда;
- инвестициялык пайларды алгачкы жайгаштыруу мөөнөтүнүн ичинде эмитент бир да инвестициялык пайды жайгаштырбаганда;
- пайлык инвестициялык фонддун кудуретсиздигинде жана жоюлганда.
20. Эгерде башкаруучу компания, инвестициялык пайлардын эмиссиясын токтотууга негиз болгон жобо бузууларды буйрукта көрсөтүлгөн мөөнөттө жое албаса, анда инвестициялык пайлардын чыгарылышы ишке ашкан жок деп баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан таанылышы мүмкүн.
21. Отчетту бекитүүдөн баш тарткан учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баш тартуунун себептерин көрсөтүү аркылуу бул тууралуу башкаруучу компанияга билдирет. Мындай болгон учурда инвестициялык пайларды чыгаруу ишке ашкан жок деп таанылат жана инвестициялык пайлардын чыгарылышына ыйгарылган мамлекеттик каттоо номери алынып коюлат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Фонддун эрежелери менен эмиссия проспектиси компания башкаруучу жана инвестициялык пайларды жайгаштыруу жана сатып алуу боюнча инвестициялык пайлардын ээлерине жана бардык кызыкдар адамдарга алардын биринчи талабы боюнча агенттик тарабынан берилет.
23. Фонддун эрежелери жана эмиссия проспектиси катталгандан кийин башкаруучу компания инвестициялык пайлардын чыгарылышы жөнүндө билдирүүнү жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт, анда фонд жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтар камтылат:
- фонддун толук аталышы жана түрү;
- башкаруучу компаниянын аталышы, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген лицензиянын номери жана датасы;
- фонддун депозитарийинин аталышы;
- инвестициялык пайларды алгачкы жайгаштыруу башталган жана аяктаган дата;
- инвестициялык пайларды жайгаштыруунун баасы;
- инвестициялык пайларды сатып алууга жана жайгаштырууга арыздарды кабыл алуучу агенттердин тизмеси, алардын жайгашкан жерин көрсөтүү менен;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык башкаруучу компания берүүчү сыйлыктын өлчөмү;
- фонддун депозитарийине, адистешкен каттоочуга, аудиторго жана көз каранды эмес баалоочуга жана фонддун инвестициялык пайларды жайгаштыруу жана сатып алуу боюнча агенттерине төлөнүүчү сыйлыктардын чыгымдардын өлчөмү;
- фонддун эрежелерине жана эмиссия проспектиси менен потенциалдуу инвесторлор тааныша ала турган жерлер жөнүндөгү маалыматтар.
Билдирүүдө фонддун эрежелерине, эмиссия проспектисине каршы келбеген башка, зарыл маалыматтар да камтылышы мүмкүн.
24. Инвестициялык пайларды алгачкы жайгаштыруунун мөөнөтү фонддун эрежелеринде бекитилет жана 90 календарлык күндөн ашпоого тийиш.
25. Инвестициялык пайларды алгачкы жайгаштыруунун мөөнөтүнүн ичиндеги жайгаштыруулар бекитилген баа боюнча жүргүзүлөт.
26. Инвестициялык пайларды алгачкы жайгаштыруулар мөөнөтү аяктагандан кийин фонддун таза активдеринин наркы Кыргыз Республикасында белгиленген 5000 эсептик көрсөткүчтөн кем болбошу керек.
Эгерде инвестициялык пайларды алгачкы жайгаштыруу мөөнөтү аяктагандан кийин фонддун таза активдеринин наркы көрсөтүлгөн чоңдуктан азды түзсө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык фонд жоюлууга тийиш.
27. Төмөнкүдөй укук бузуулар табылган учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган инвестициялык пайларды алгачкы жайгаштырууну токтото турушу же өткөрүлгөн жок деп таанышы мүмкүн:
- инвестициялык пайларды эмиссиялоонун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын башкаруучу компания бузса;
- жалган маалыматтар фонддун эрежелеринен жана эмиссиянын проспектисинен табылса, инвестициялык пайларды алгачкы жайгаштыруу мөөнөтү аяктагандан кийин фонддун активдеринин наркы Кыргыз Республикасында белгиленген минималдуу эмгек акынын 5000 өлчөмүнөн азды түзсө.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Инвестициялык пайлардын эмиссиясынын белгиленген жол-жоболорун бузуулар аныкталганда, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, баалуу кагаздарды жайгаштыруу мөөнөтүнүн чегинде, укук бузуулар жоюлганга чейин эмиссияны токтото турушу да мүмкүн. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын чечими менен гана эмиссияны кайра жаңыртуу жүргүзүлөт.
29. Инвестициялык пайларды чыгаруу өткөрүлгөн жок деп таанылган учурда, инвестициялык пайларды жайгаштыруудан башкаруучу компания алган бардык каражаттар инвестициялык пайлардын ээлерине, аларга таандык инвестициялык пайлардын санына жараша, бирок инвестициялык пайлардын ээлери сатып алган нарктан кем эмес кайтарылып берилүүгө тийиш.
30. Инвестициялык пайлардын чыгарылышын өткөрүлгөн жок деп таануу жөнүндө билдирүү башкаруучу компанияга жазуу жүзүндө берилет, ошондой эле инвестициялык пайлардын чыгарылышы жөнүндөгү билдирүү жалпыга маалымдоо каражатында башкаруучу компания тарабынан жарыяланат.
31. Инвестициялык пайларды алгачкы жайгаштыруу мөөнөтү аяктагандан кийин башкаруучу компания 5 календарлык күндөн кечиктирбей, инвестициялык пайларды алгачкы жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндөгү отчетту баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бекитүүгө милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган пайлык инвестициялык фонддордун реестрлерин жүргүзөт.
33. Фонддун эрежелери жана эмиссия проспектиси башкаруучу компания тарабынан өзгөртүлүшү жана (же) толукталышы мүмкүн.
Фонддун эрежелерине киргизилген өзгөрүүлөр жана (же) толуктоолор баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталышы керек, андан кийин фонддун эрежелери ошол эле көлөмдө жана мурда жарыяланган жалпыга маалымдоо каражатында жарыяланышы керек.
Фонддун эрежелерине киргизилген өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор интервалдык фонддор үчүн жарыя кылынган күндөн тартып кеминде алты айдан кийин жана өздөрү эмитациялаган инвестициялык пайларды сатып алууга милдеттүү фонддор үчүн жарыяланган күндөн тартып кеминде бир айдан кийин күчүнө кирет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Фонддун эрежелеринде камтылган фонддун эмиссия проспектисиндеги өзгөртүүлөр фонддун эрежелериндеги өзгөртүүлөр күчүнө кирген учурдан тартып жана алар баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан катталган шартта күчүнө кирет. Фонддун эмиссиясынын башка жоболорун өзгөртүү баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда макулдашуудан кийин жүзөгө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580 токтомунун редакциясына ылайык)
VIII. Квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык пайларды жеке сунуштоо аркылуу каттоонун жол-жоболору
(Бөлүм КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580 токтомунун редакциясына ылайык)
35. Квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык пайларды чыгарууну каттоо максатында баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй документтер берилет:
- Жабык пайлык инвестициялык фонддун эрежесин мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз;
- Жабык пайлык инвестициялык фонддун эрежесин бекитүү жөнүндө жабык пайлык инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы тарабынан чечим кабыл алынгандыгын ырастаган документтин көчүрмөсү;
- Жабык пайлык инвестициялык фонддун эрежеси (эки нускада);
- каттоо жыйымдарын төлөөнү ырастаган документ.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580 токтомунун редакциясына ылайык)
36. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган квалификациялуу инвесторлор үчүн Жабык пайлык инвестициялык фонддун эрежесин каттайт же ушул Жобонун 35-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди алган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбей каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөөлүү чечим кабыл алат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580 токтомунун редакциясына ылайык)
37. Жабык пайлык инвестициялык фонддун эрежесин каттоодон баш тартылган учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баш тартуунун себебин көрсөтүү менен мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жумуш күндөн кечиктирбей бул жөнүндө арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирүүгө тийиш.
Баш тартылган учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берилген ар бир документтин бирден нускасын же болбосо алардын көчүрмөлөрүн өзүндө сактап калат, калган документтер эмитентке кайтарылат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Жабык пайлык инвестициялык фонддун эрежесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанылат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Жаңы редакцияда баяндалган жабык пайлык инвестициялык фонддун эрежесине киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду каттоо үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүлөр берилет:
- жабык пайлык инвестициялык фонддун эрежесине киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду каттоо арызы;
- өзгөртүүлөрү жана/же толуктоолору менен Жабык пайлык инвестициялык фонддун эрежесинин жаңы редакциясы (эки нускада);
- жабык пайлык инвестициялык фонддун пайщиктеринин жалпы жыйынында Жабык пайлык инвестициялык фонддун эрежесине өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынгандыгын ырастаган документтин көчүрмөсү.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580 токтомунун редакциясына ылайык)
40. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор берилген күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбей Жабык пайлык инвестициялык фонддун эрежесине киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду каттайт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580 токтомунун редакциясына ылайык)
41. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Жабык пайлык инвестициялык фонддун эрежесине киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүүгө укуктуу.
Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Жабык пайлык инвестициялык фонддун эрежесине киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүү үчүн зарыл болгон документтерди сурап алууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580 токтомунун редакциясына ылайык)
42. Жабык пайлык инвестициялык фонддун эрежесине киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду каттоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде башкаруучу компанияга төмөнкүлөрдү берет (жиберет):
- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Жабык пайлык инвестициялык фонддун эрежесине киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду каттоо жөнүндө чечимин;
- катталгандыгы жөнүндө белги менен жаңы редакцияда баяндалган Жабык пайлык инвестициялык фонддун эрежесине киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн жана/же толуктоолордун эки нускасын.
Жабык пайлык инвестициялык фонддун эрежесине киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде башкаруучу компанияга баш тартуунун негизин камтыган баш тартуу жөнүндө билдирүүнү берүүгө (жиберүүгө) милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580 токтомунун редакциясына ылайык)
43. Жабык пайлык инвестициялык фонддун эрежесине киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду каттоодон баш тартылган учурда өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду каттоо үчүн берилген документтер кайтарылбайт.
Жабык пайлык инвестициялык фонддун инвестициялык пайларын алгачкы жайгаштыруунун жыйынтыктары.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580 токтомунун редакциясына ылайык)
44. Жабык пайлык инвестициялык фонддун инвестициялык пайларын жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту бекитүүгө арыз ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш келүүгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580 токтомунун редакциясына ылайык)
45. Төмөнкүлөр инвестициялык пайлардын төлөнгөндүгүн ырастаган документтерден болуп саналат:
- инвестициялык пайларды акча каражаттары менен төлөө жөнүндө банктын маалым каты;
- акча каражаттарынын төлөнгөндүгүн ырастаган төлөм документтеринин көчүрмөлөрү;
- мүлктү жабык пайлык инвестициялык фондго киргизүүдө көз карандысыз баалоочунун корутундусу.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580 токтомунун редакциясына ылайык)
46. Инвестициялык пайларды алгачкы жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө отчет ишке тиркелет, башкаруучу компаниянын мөөрү басылып, ага жетекчиси, башкы бухгалтери, ошондой эле фонддун каттоочусу кол коёт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580 токтомунун редакциясына ылайык)
47. Отчет эки нускада баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет. Отчетко кол коюшкан кызмат адамдары анын аныктыгы үчүн бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580 токтомунун редакциясына ылайык)
Тиркеме
Инвестициялык пайларды алгачкы жайгаштыруунун жыйынтыгы жөнүндөгү ОТЧЕТ
1. Жалпы жоболор
Пайлуу инвестициялык фонддун аталышы ________________________________
Эмитенттин (башкаруучу компаниянын) аталышы __________________________
Башкаруучу компанияга лицензия берген органдын аталышы, лицензиянын номери жана лицензия берилген дата
_______________________________________________________________________
Башкаруучу компаниянын уюштуруучулук-укуктук түрү
_______________________________________________________________________
инвестициялык пайларды чыгаруу катталган дата жана анын номери
_______________________________________________________________________
Инвестициялык пайларды алгачкы жайгаштыруу башталган дата
_______________________________________________________________________
(күнү, айы, жылы)
Инвестициялык пайларды алгачкы жайгаштыруу аяктаган дата
_______________________________________________________________________
(күнү, айы, жылы)
Инвестициялык пайларды алгачкы жайгаштыруу аяктаган датадагы фонддун СЧАсы
_______________________________________________________________________
(сом)
Инвестициялык пайларды чыгаруу жана алгачкы жайгаштыруу
Көрсөткүчтөрдүн аталышы | Инвестициялык пайлардын саны | Наркы (сом) |
Бир инвестициялык пайды жайгаштыруунун баасы | X |
|
Чыгарылган инвестициялык пайлардын наркы |
|
|
Инвестициялык пайлар жайгаштырылды, анын ичинде: - юридикалык жактардын арасында; - жеке жактардын арасында |
|
|
Чет элдик инвесторлордун арасында жайгаштырылган инвестициялык пайлар, анын ичинде: - КМШ өлкөлөрүндө; - алыскы чет өлкөлөрдө |
|
|
|
|
|
Инвестициялык пайларды алгачкы жайгаштыруудан алынган каражаттар
Көрсөткүчтөрдүн аталышы | Наркы (сом) |
Инвестициялык пайларды жайгаштыруу үчүн келип түшүүлөрдүн жалпы көлөмү |
|
Инвестициялык пайларды чыгарууга жана жайгаштырууга байланышкан чыгымдар |
|
Инвестициялык пайларды алгачкы жайгаштыруу мезгилинде алынган каражаттарды инвестициялык активдерге жайгаштыруу
Инвестициялык актив | Сумма (сом) |
Коммерциялык банктардагы депозиттер |
|
Эркин жүгүртүлүүчү валюта |
|
Мамлекеттик баалуу кагаздар |
|
Инвестициялык пайларды алгачкы жайгаштыруу аяктаган датадагы инвестициялык активдерге чегерилген кирешелер |
|
Бул отчетко төмөнкүлөр тиркелет:
1. Фонддун адистешкен каттоочусу жөнүндөгү маалымат (аталышы, номери жана келишим түзүлгөн дата).
2. Фонддун каттоочусу тарабынан берилген инвестициялык пайлардын ээлеринин реестринен төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган жазып алуулар:
- инвестициялык пайлардын ээлеринин жалпы саны, алардын ичинен юридикалык жактар, жеке жактар;
- фонддун мүлкүндөгү үлүшү 5 пайыздан кем болбогон инвестициялык пайлардын бардык ээлеринин тизмеси;
- инвестициялык пайларды резидент эместердин арасында жайгаштыруу жөнүндөгү маалымат, сатып алуучунун аталышы же аты-жөнү, сатып алуучу өлкөнү, алар сатып алган инвестициялык пайлардын саны жана суммалык наркы, инвестициялык пайларды сатып алган дата.
Башкаруучу компаниянын жетекчиси _________________________________
Башкаруучу компаниянын башкы бухгалтери __________________________
Көз каранды эмес реестр кармоочу ___________________________________
"____" ______-жыл
М.О.