Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-октябры № 580
Инвестициялык фонддордун ишин жөнгө салуу маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-мартындагы № 178 токтомунун редакциясына ылайык)
"Инвестициялык фонддордун иштеринин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 249 "Үлүштүк инвестициялык фонддордун башкаруучу компаниялары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Үлүштүк инвестициялык фонддордун башкаруучу компаниялары жөнүндө жободо:
11-пунктунда:
- он төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонддордон тышкары, башка инвестициялык фонддор чыгарган баалуу кагаздарды сатып алууга;";
- он тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонддордон жана мамлекеттик баалуу кагаздарга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кепилденген баалуу кагаздарга инвестициялоодон тышкары, Фонддун бардык таза активдеринин 20 (жыйырма) пайызынан ашыгын бир эмитенттин баалуу кагаздарына же жоопкерчилиги чектелген инвестициялык фонддордун үлүшүнө инвестициялоого;";
- жыйырма биринчи жана жыйырма экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- инвестициялык активдер менен репо операцияларын жасоодон тышкары, ар кандай түрдөгү кепилдиктерди берүүгө же күрөө бүтүмдөрүн жасоого;
- квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонддордон тышкары, Фонддун туунду ишканаларын түзүүгө;";
- төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонддордон тышкары, күрөө бүтүмдөрүн жасоого;".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 250 "Пайлык инвестициялык фонддун, инвестициялык пайлардын эмиссияларынын проспектисинин жана пайлык инвестициялык фонддун инвестициялык пайларын алгачкы жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндөгү отчеттун эрежелерин каттоо тартиби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Пайлык инвестициялык фонддун, инвестициялык пайлардын эмиссияларынын проспектисинин жана пайлык инвестициялык фонддун инвестициялык пайларын алгачкы жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндөгү отчеттун эрежелерин каттоо тартиби тууралуу жободо:
- 4, 15, 17, 21, 27, 31, 33, 34-пункттарында жана III бөлүмүнүн аталышында ар түрдүү жөндөмөдөгү "баалуу кагаздар рыногу боюнча мамлекеттик орган", "баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган", "баалуу кагаздар рыногу боюнча укуктуу мамлекеттик орган", "баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча мамлекеттик орган", "баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган", "баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы VIII бөлүм менен толукталсын:
"VIII. Квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык пайларды жеке сунуштоо аркылуу каттоонун жол-жоболору
35. Квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык пайларды чыгарууну каттоо максатында баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй документтер берилет:
- Жабык пайлык инвестициялык фонддун эрежесин мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз;
- Жабык пайлык инвестициялык фонддун эрежесин бекитүү жөнүндө жабык пайлык инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы тарабынан чечим кабыл алынгандыгын ырастаган документтин көчүрмөсү;
- Жабык пайлык инвестициялык фонддун эрежеси (эки нускада);
- каттоо жыйымдарын төлөөнү ырастаган документ.
36. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган квалификациялуу инвесторлор үчүн Жабык пайлык инвестициялык фонддун эрежесин каттайт же ушул Жобонун 35-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди алган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбей каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөөлүү чечим кабыл алат.
37. Жабык пайлык инвестициялык фонддун эрежесин каттоодон баш тартылган учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баш тартуунун себебин көрсөтүү менен мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жумуш күндөн кечиктирбей бул жөнүндө арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирүүгө тийиш.
Баш тартылган учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берилген ар бир документтин бирден нускасын же болбосо алардын көчүрмөлөрүн өзүндө сактап калат, калган документтер эмитентке кайтарылат.
38. Жабык пайлык инвестициялык фонддун эрежесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанылат.
39. Жаңы редакцияда баяндалган жабык пайлык инвестициялык фонддун эрежесине киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду каттоо үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүлөр берилет:
- жабык пайлык инвестициялык фонддун эрежесине киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду каттоо арызы;
- өзгөртүүлөрү жана/же толуктоолору менен Жабык пайлык инвестициялык фонддун эрежесинин жаңы редакциясы (эки нускада);
- жабык пайлык инвестициялык фонддун пайщиктеринин жалпы жыйынында Жабык пайлык инвестициялык фонддун эрежесине өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынгандыгын ырастаган документтин көчүрмөсү.
40. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор берилген күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбей Жабык пайлык инвестициялык фонддун эрежесине киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду каттайт.
41. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Жабык пайлык инвестициялык фонддун эрежесине киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүүгө укуктуу.
Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Жабык пайлык инвестициялык фонддун эрежесине киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүү үчүн зарыл болгон документтерди сурап алууга укуктуу.
42. Жабык пайлык инвестициялык фонддун эрежесине киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду каттоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде башкаруучу компанияга төмөнкүлөрдү берет (жиберет):
- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Жабык пайлык инвестициялык фонддун эрежесине киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду каттоо жөнүндө чечимин;
- катталгандыгы жөнүндө белги менен жаңы редакцияда баяндалган Жабык пайлык инвестициялык фонддун эрежесине киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн жана/же толуктоолордун эки нускасын.
Жабык пайлык инвестициялык фонддун эрежесине киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде башкаруучу компанияга баш тартуунун негизин камтыган баш тартуу жөнүндө билдирүүнү берүүгө (жиберүүгө) милдеттүү.
43. Жабык пайлык инвестициялык фонддун эрежесине киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду каттоодон баш тартылган учурда өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду каттоо үчүн берилген документтер кайтарылбайт.
Жабык пайлык инвестициялык фонддун инвестициялык пайларын алгачкы жайгаштыруунун жыйынтыктары.
44. Жабык пайлык инвестициялык фонддун инвестициялык пайларын жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту бекитүүгө арыз ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш келүүгө тийиш.
45. Төмөнкүлөр инвестициялык пайлардын төлөнгөндүгүн ырастаган документтерден болуп саналат:
- инвестициялык пайларды акча каражаттары менен төлөө жөнүндө банктын маалым каты;
- акча каражаттарынын төлөнгөндүгүн ырастаган төлөм документтеринин көчүрмөлөрү;
- мүлктү жабык пайлык инвестициялык фондго киргизүүдө көз карандысыз баалоочунун корутундусу.
46. Инвестициялык пайларды алгачкы жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө отчет ишке тиркелет, башкаруучу компаниянын мөөрү басылып, ага жетекчиси, башкы бухгалтери, ошондой эле фонддун каттоочусу кол коёт.
47. Отчет эки нускада баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет. Отчетко кол коюшкан кызмат адамдары анын аныктыгы үчүн бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 252 "Инвестициялык фонддордун активдери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Инвестициялык фонддордун активдери жөнүндө жободо:
- 7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:
"пайлардын ээлеринин талаптары боюнча инвестициялык фонд эмитент болгон инвестициялык пайларды сатып алуу милдеттенмеси жок пайлык инвестициялык фонд (жабык пайлык инвестициялык фонддор);";
- 9-пунктунда:
"в" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"в) квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонддордон жана мамлекеттик баалуу кагаздарга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кепилденген баалуу кагаздарга инвестициялоодон тышкары, бир эмитенттин баалуу кагаздарынын наркы инвестициялык фонддун таза активдеринин наркынын 20 (жыйырма) пайызынан ашпоого тийиш;";
"д" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Инвестициялык пайды сатып алуунун жана сатуунун баасы башкаруучу компания тарабынан пайлык инвестициялык фонддун таза активдеринин наркын жайгаштырылган инвестициялык пайлардын санына бөлүү жолу менен эсептелет.";
- 16-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 254 "Акционердик инвестициялык фонддорду башкаруучу компаниялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Акционердик инвестициялык фонддорду башкаруучу компаниялар жөнүндө жободо:
- 5-бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 14-1-пункту менен толукталсын:
"14-1. Ушул бөлүмдө белгиленген ченемдер квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонддордун ишине жайылтылбайт.".
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 265 "Акциялардын чыгарылышын, акцияларды коомго сунуш кылуунун шарттарын, проспектин жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Акциялардын чыгарылышын, акцияларды коомго сунуш кылуунун шарттарын, проспектин жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жободо:
- I бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 9-1-пункту менен толукталсын:
"9-1. Акционердик инвестициялык фонддун акцияларын жайгаштырууда же кийинки сатууларда (сатылып алынган акциялар үчүн) акциялар акча каражаттары менен гана төлөнөт (пайданы капиталдаштыруу учурларынан тышкары) жана кызмат көрсөтүү үчүн төлөм катары берилбейт.".
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-мартындагы № 178 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 647 "Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесинде:
- 30-пунктунун он биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 12-ноябрындагы N 94 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |