Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-ноябры № 736
Бишкек шаарында 2011-жылдын 28-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Гранттык макулдашууну бекитүү жөнүндө
Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, Бишкек шаарында 2011-жылдын 28-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Гранттык макулдашуунун 6-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" (16-берене) жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарында 2011-жылдын 28-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы тиркелген Гранттык макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги түркия тарапка аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө билдирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул Макулдашууну аткаруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри |
Ө.Бабанов |