Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 13-сентябрындагы № 573
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-январы № 15
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы № 257 " Кыргыз Республикасында экспорттук контролдун улуттук тутумун өркүндөтүү боюнча андан аркы чаралары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Экспорттук контролдун тутумун өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасында экспорттук контролдун улуттук тутумун өркүндөтүү боюнча андан аркы чаралары жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) 3-пункттагы "Экономикалык тескөө министрлиги" деген сөздөр "Экономика министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасында контролдонуучу продукцияга экспорттук контролду жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө жободо:
- бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Экономикалык тескөө министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Экономика министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9, 10, 11 жана 12-главалардын бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы", "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган", "мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган" жана "ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- бүткүл текст боюнча жана 4 жана 5-тиркемелердеги ар кандай жөндөмөлөрдөгү "импорттук сертификат" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "акыркы пайдалануучунун сертификаты" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1.2-пункт "тышкы экономикалык иштердин (мындан ары - ТЭИ)" деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинде брокердик иштердин жана контролдонуучу продукцияны ташууга байланышкан иштердин" деген сөздөр менен толукталсын;
- 1.7-пунктта:
алтынчы абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"акыркы пайдалануучунун кепилдик милдеттенмеси - акыркы пайдалануучунун контролдонуучу продукцияны Кыргыз Республикасына импорттоо жөнүндө, контролдонуучу продукцияны билдирилген максаттарда пайдалануу жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин уруксатысыз Кыргыз Республикасынын аймагындагы чарбалык иштин башка субъектисине берүүгө жана/же таризделген, аны үчүнчү өлкөлөргө реэкспорттоого жол бербөө жөнүндө белгиленген тартипте күбөлөндүрүүсү;";
сегизинчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"акыркы пайдалануучунун сертификаты - алынып келинген контролдонуучу продукция билдирилген максаттарга гана пайдаланыла тургандыгы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин уруксатысыз үчүнчү өлкөлөргө реэкспорттолбой тургандыгы жөнүндө кыргыз импорттоочусунун милдеттенмесин ырастаган, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги берген документ;";
тогузунчу абзацтагы "документ." деген сөз "документ;" деген сөзгө алмаштырылсын;
төмөнкү мазмундагы онунчу-он экинчи абзацтар менен толукталсын:
"- контролдонуучу продукцияны өткөрүп берүү - акыркы пайдалануучунун контролдонуучу продукцияны башка акыркы пайдалануучуга тапшыруусу, мында контролдонуучу продукция ошол эле бажы аймагында калат;
- брокердик иштер - сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүн жасоо же финансылык жана транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү кошо алганда контролдонуучу продукцияны жеткирип берүү боюнча кызмат көрсөтүү;
- ташуу - контролдонуучу продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча жана анын чегинен тышкары да жеткирүү кызматтарын көрсөтүү.";
- 2.4-пункттун экинчи абзацындагы "Айыл чарба министрлиги" деген сөздөр "Айыл чарба жана мелиорация министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2.6-пункттагы "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр "Экономика министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2.7-пункттун биринчи абзацындагы "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2.8-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 2.10-пунктта:
алтынчы абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- келишимде экспорттук контролдоо боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине каршы келген шарттардын болушу;";
төмөнкү мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук кызыкчылыктарына каршы келген бүтүмдөрдүн болушу;";
- 9.2-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"9.2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети жана Кыргыз Республикасынын төмөнкү кызыкдар мамлекеттик органдары менен:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен - адамдын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн ооруларын козгоочуларды (патогендерди), микроорганизмдердин генетикалык өзгөрүлгөн түрлөрүн, уулуу заттарды, жабдууларды жана технологияларды алып келүүнү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги менен - химиялык куралды жасоодо колдонулушу мүмкүн болгон химикаттарды, жабдууларды жана технологияларды; ядролук материалдарды, жабдууларды, атайын ядролук эмес материалдарды жана тийиштүү технологияларды алып келүүнү;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен - ядролук максатта колдонулуучу кош багыттагы жабдууларды, материалдарды жана тиешелүү технологияларды; ракеталык куралды жасоодо колдонулушу мүмкүн болгон жабдууларды, материалдарды жана технологияларды; курал-жаракты жана аскердик техниканы жасоодо колдонулушу мүмкүн болгон кош багыттагы товарларды жана технологияларды алып келүүнү ТЭИ катышуучуларынын кепилдик милдеттенмелерин алдын ала макулдашкандан кийин акыркы пайдалануучунун сертификатын берүүнү жүзөгө ашырат.";
- 13.1-пунктта:
расмий тилдеги тексттин алтынчы абзацындагы "Государственная служба национальной безопасности" деген сөздөр "Государственный комитет национальной безопасности" деген сөздөргө алмаштырылсын;
тогузунчу абзацтагы "Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы" деген сөздөр "Мамлекеттик чек ара кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
он биринчи абзацтагы "ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-тиркемедеги "АТКАРУУЧУ БИЙЛИКТИН МАМЛЕКЕТТИК ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ОРГАНЫ" деген сөздөр "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКОНОМИКА МИНИСТРЛИГИ" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-тиркеменин 16-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"16. Импорттоочу (акыркы пайдалануучу) 9-пунктта көрсөтүлгөн продукцияны Кыргыз Республикасына импорттоого, аны 8-пунктта көрсөтүлгөн максаттарда пайдаланууга, Кыргыз Республикасынын аймагындагы чарбалык иштин башка субъектисине бербөөгө жана аны Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин уруксатысыз реэкспорттообоого милдеттенет";
- 4-тиркеменин 15-пунктундагы "мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы" деген сөздөр "Экономика министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |