Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 573 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасында контролдонуучу продукцияга экспорттук контролду жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө ЖОБО (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-январындагы № 15, 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 748, 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 13 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 1. Жалпы жоболор 1.1. Ушул Жобо "Экспорттук контроль жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана Контролдонуучу продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесине киргизилген продукцияны (мындан ары - контролдонуучу продукция) экспорттоого, импорттоого жана реэкспорттоого лицензияларды, ошондой эле транзиттөөгө, өлкөнүн ичинде өткөрүп берүүгө уруксаттарды тариздөөдө жана берүүдө контролдоонун жалпы тартибин, бирдей шарттарын жана талаптарын аныктайт. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155 токтомунун редакциясына ылайык) 1.2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана эл аралык келишимдер менен каралган учурларды албаганда, ушул Жобонун талаптары бардык тышкы экономикалык иштердин (мындан ары - ТЭИ), анын ичинде брокердик иштердин жана контролдонуучу продукцияны ташууга байланышкан иштердин катышуучулары, контролдонуучу продукцияга тиешеси бар мамлекеттик бийлик органдарынын аткарышы үчүн милдеттүү болот. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-январындагы № 15 токтомунун редакциясына ылайык) 1.3. Мамлекеттик жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды камтыган контролдонуучу продукцияны экспорттоо жана импорттоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жашыруун сыр жөнүндө мыйзамдары менен ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырылат. 1.4. Ушул Жободо алдын ала айтылбаган, экспорттук контролдоонун жасалган же жасалуучу жол-жоболору жөнүндө үчүнчү жакка маалымат берүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана коммерциялык жашыруун сырлар жаатындагы колдонуудагы мыйзамдары менен жөнгө салынат. 1.5. Контролдонуучу продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына жана Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын экспорттук контроль жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык мамлекеттик контролго алынууга тийиш. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 748 токтомунун редакциясына ылайык) 1.6. Аскердик-техникалык кызматташуу жана экспорттук контроль боюнча комиссия (мындан ары - АТК жана ЭК) экспорттук контроль жаатындагы Кыргыз Республикасынын координациялоочу органы болуп эсептелет. 1.7. Ушул Жободо төмөнкү түшүнүктөр колдонулат: импорт - кайра алып кетүү жөнүндө милдеттенмеси жок чет өлкөдөн Кыргыз Республикасынын аймагына контролдонуучу товарларды, жумуштарды, кызматтарды, интеллектуалдык иштин натыйжаларын, анын ичинде аларга карата өзгөчө укуктарды ташып келүү; экспорт - кайра ташып кетүү жөнүндө милдеттенмеси жок чет өлкөгө Кыргыз Республикасынын аймагынан контролдонуучу товарларды, жумуштарды, кызматтарды, интеллектуалдык иштин натыйжаларын, анын ичинде аларга карата өзгөчө укуктарды ташып чыгуу. Экспорт фактысы товар Кыргыз Республикасынын чек арасы аркылуу өткөндө, интеллектуалдык иштин натыйжаларына укуктарды берүүдө белгиленет. Кыргыз Республикасынын аймагынан чет жакка ташылып чыкпаган айрым коммерциялык операциялар, атап айтканда чет өлкөлүк адамдын Кыргыз Республикасынын жаранынан кайра иштетилген товарды чет жакка кайра иштетүү жана кийин ташып кетүү үчүн Кыргыз Республикасынын башка жаранына өткөрүп берүүсү товарды экспорттоого теңештирилет. Ошондой эле экспортко Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу менен техникалык каражаттардын жардамы аркылуу технологияларды өткөрүп берүү теңештирилет; реэкспорт - Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары өндүрүлгөн жана мурда Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген контролдонуучу продукцияны ташып чыгуу; акыркы пайдалануучу - контролдонуучу продукцияларды сатып алуу-сатуу келишиминин (контракттын) же берүүнүн башка түрлөрүнүн тараптары болуп эсептелген, аларды Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары пайдалануучу Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлүк мамлекеттердин юридикалык жана жеке жактары; акыркы пайдалануучунун кепилдик милдеттенмеси - акыркы пайдалануучунун контролдонуучу продукцияны Кыргыз Республикасына импорттоо жөнүндө, контролдонуучу продукцияны билдирилген максаттарда пайдалануу жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин уруксатысыз Кыргыз Республикасынын аймагындагы чарбалык иштин башка субъектисине берүүгө жана/же таризделген, аны үчүнчү өлкөлөргө реэкспорттоого жол бербөө жөнүндө белгиленген тартипте күбөлөндүрүүсү; арызда билдирилген максат - ТЭИнин катышуучусу же акыркы пайдалануучу тарабынан контролдонуучу продукцияны экспорттоого (реэкспорттоого) жана импорттоого берилген документтерде көрсөтүлгөн контролдонуучу продукцияны пайдалануу максаты; акыркы пайдалануучунун сертификаты - алынып келинген контролдонуучу продукция билдирилген максаттарга гана пайдаланыла тургандыгы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин уруксатысыз үчүнчү өлкөлөргө реэкспорттолбой тургандыгы жөнүндө кыргыз импорттоочусунун милдеттенмесин ырастаган, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги берген документ; (абзац КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155 токтомуна ылайык күчүн жоготту) - контролдонуучу продукцияны өткөрүп берүү - акыркы пайдалануучунун контролдонуучу продукцияны башка акыркы пайдалануучуга тапшыруусу, мында контролдонуучу продукция ошол эле бажы аймагында калат; брокердик иш - сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүн жасоо, контролдонуучу продукцияны жеткирүү, ошондой эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, контракттарды даярдоо же коммерция жана транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү кошо алганда контролдонуучу товарларды өткөрүп берүүнү уюштуруу боюнча кызматтарды көрсөтүү; - ташуу - контролдонуучу продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча жана анын чегинен тышкары да жеткирүү кызматтарын көрсөтүү; экспорттук контролдун фирмалык ички программасы - экспорттук контролдун эрежелерин сактоо максатында ишканалар жана уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылуучу уюштуруучулук, административдик, маалыматтык жана башка мүнөздөгү иш-чаралар; кызмат көрсөтүүлөр - брокердик ишти, техникалык жардамды жана транспорттоону кошо алганда башка адамдардын муктаждыктарын канааттандырууга багытталган иш; техникалык жардам - контролдонуучу товарларга жана технологияларга байланышкан техникалык колдоону көрсөтүү; технология - илимий-техникалык маалымат жана интеллектуалдык иштин башка натыйжалары (аларга карата укуктар), ал моделдер, прототиптер, чиймелер, диаграммалар, долбоорлор, инструкциялар, программалык продуктулар же сезилбеген формада - окутуу, техникалык камсыз кылуу (тейлөө) формасында берилет жана товарларды иштеп чыгуу, өндүрүү же пайдалануу үчүн талап кылынат; контролдонуучу продукция - Контролдонуучу продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесине киргизилген жалпыга кыргын салуучу куралдарды, аны жеткирүү каражаттарын. куралдардын жана аскердик техниканын башка түрлөрүн даярдоодо колдонулушу мүмкүн болгон чийки заттардын жана материалдардын, жабдуулардын жана технологиялардын, илимий-техникалык маалыматтардын, иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн, кош багыттагы продукциялардын жана интеллектуалдык иштердин натыйжаларынын түрлөрү; транзит - Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары ташыла баштаган жана ошол жакка жеткириле турган контролдонуучу продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу өткөрүү (Кыргыз Республикасынын аймагына конбогон аба кемелеринин эл аралык транзиттик учууларын кошпогондо); ыйгарым укуктуу орган - экспорттук контролдоо жаатында мамлекеттик жөнгө салууну ишке ашырган, ушул тармакта тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ болгон мамлекеттик орган; тышкы экономикалык иштер (ТЭИ) - чийки заттарды жана материалдарды, жабдууларды жана технологияларды, илимий-техникалык маалыматтарды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү, интеллектуалдык иштердин натыйжаларын, анын ичинде аларга болгон өзгөчө укуктарды (интеллектуалдык менчик) эл аралык алмашуу жаатындагы тышкы соода, инвестициялык, брокердик жана өндүрүштүк кооперацияны кошуп алганда башка иштер; тышкы экономикалык иштердин катышуучулары - белгиленген тартипте катталган Кыргыз Республикасынын юридикалык, жеке жактары, ошондой эле жарандык укук жөндөмү чет мамлекеттин укуктары боюнча аныкталган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашырган чет өлкөлүк юридикалык, жеке жактар; контролдонуучу продукциянын өндүрүүчүсү - өлкөнүн экспорттук контролдоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген критерийлерге ылайык товар өндүргөн же кайра иштеткен юридикалык жак. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-январындагы № 15, 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 748, 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 13 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 2. Кыргыз Республикасынын Контролдоонун улуттук тизмесине киргизилген контролдонуучу продукциялар менен жүргүзүлүүчү тышкы экономикалык операцияларга карата талаптар 2.1. Кыргыз Республикасынын "Экспорттук контроль жөнүндө" Мыйзамына ылайык контролдонуучу продукцияны импорттоону, экспорттоону жана реэкспорттоону алдын ала караган тышкы экономикалык операциялар белгиленген тартипте милдеттүү лицензияланууга тийиш. 2.2. Ташылып келинген контролдонуучу продукцияларды Кыргыз Республикасынан реэкспорттоо контролдонуучу продукцияны экспорттоо үчүн белгиленген тартипте, продукция чыгарылган өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынын уруксаты болгондо жүзөгө ашырылат. 2.3. Контролдонуучу продукцияны экспорттоого, импорттоого жана реэкспорттоого лицензия берүү боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги болуп эсептелет. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 13 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 2.4. Төмөнкүлөр мамлекеттик орган - контролдонуучу продукциялардын айрым түрлөрү боюнча эксперт болуп эсептелет: 1) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги - адамдын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн оору козгогучтары (патогендери), генетикасы өзгөртүлгөн микроорганизмдер, уу заттар, жабдуулар жана технологиялар боюнча; 2) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги - химиялык курал жасоодо колдонулушу мүмкүн болгон химикаттар, жабдуулар жана технологиялар боюнча; 3) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги - ядролук материалдар, жабдуулар, атайын ядролук эмес материалдар жана тиешелүү технологиялар боюнча; 4) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги - кош багыттуу жабдуулар менен материалдар жана ядролук максаттарда колдонулуучу тиешелүү технологиялар боюнча; 5) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги - ракеталык курал жасоодо колдонулушу мүмкүн болгон жабдуулар, материалдар жана технологиялар боюнча; 6) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги - куралдарды жана аскер техникасын жасоодо колдонулушу мүмкүн болгон кош багыттагы товарлар жана технологиялар боюнча; 7) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги - өнөр жай багытындагы жардыргыч заттар боюнча. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 13 токтомунун редакциясына ылайык) 2.5. ТЭИнин катышуучулары тарабынан контролдонуучу продукцияларды ташып келүүгө (ташып кетүүгө) лицензия берүүгө арыз белгиленген үлгү (1-тиркеме) боюнча жол-жоболоштурулат. Арызда көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгына арыз ээси жоопкерчилик тартат. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 748 токтомунун редакциясына ылайык) 2.6. Экспортту, импортту жана реэкспортту бажылык жол-жоболоштуруу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан берилген лицензиянын негизинде жүргүзүлөт. Лицензиялар ТЭИнин катышуучуларынын арыздарынын жана мамлекеттик органдардын эксперттик корутундуларынын негизинде берилет (аталган органдардын өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында коюлган талаптары арыз берүүчү тарабынан сакталган жана аткарылган шарттарда жогоруда аталган операцияларды аткаруунун максатка ылайыктуулугу жана ага макулдугу боюнча). (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-январындагы № 15, 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 13 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 2.7. Лицензияны жол-жоболоштуруу үчүн арыз берүүчү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине төмөнкү документтерди берет: - келишимге өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду, юридикалык жак үчүн арыз берүүчүнүн (юридикалык жак үчүн) жетекчисинин койгон колу менен ырасталган жана мөөр басылган көчүрмөлөрүн жана котормосун тиркөө менен товарларды (жумуштарды жана кызматтарды) экспорттук-импорттук операцияга келишимдин түп нускасын; - тышкы соода бүтүмүнүн катышуучусу товардын (жумуштардын жана кызматтардын) өндүрүүчүсү болуп эсептелбесе, жогоруда белгиленген тартипте ырасталган сатып алуу-сатуу келишиминин көчүрмөсүн; - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин органдарында (юридикалык жактар үчүн), мамлекеттик статистика органдарында (жеке жактар үчүн), тиешелүү мамлекетте (Кыргыз Республикасында юридикалык жак же жеке ишкер катары катталбаган чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактар үчүн) мамлекеттик каттоону ырастоочу документтин көчүрмөсүн; - лицензиялык жыйымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документ; - арыз берүүчүнүн мамлекеттик катталган жери боюнча салык органдарында катталууну ырастоочу документти (ЖСНнын көчүрмөсү же ЖСНны көрсөтүү менен салык органдарынан справка); - СТ-1 түрү боюнча товардын чыккан жеринин сертификатын жана анын көчүрмөсүн (контролдонуучу продукцияны экспорттоодо же реэкспорттоодо) же товардын чыккан жерин ырастоочу документти жана анын көчүрмөсүн (контролдонуучу продукцияны импорттоодо); - эгерде мындай Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралса, лицензиялоочу иштин белгилүү бир түрүн жүзөгө ашыруу укугуна лицензиянын ошондой эле уруксаттын көчүрмөсүн; - баруучу өлкөнүн экспорттук контроль боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген жана алуучунун Кыргыз Республикасынан импорттолуучу контролдонуучу продукциянын арызда билдирилген максаттарда гана пайдаланылышы жөнүндө, ошондой эле аны контролдонуучу продукция чыккан өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынын уруксатысыз үчүнчү өлкөлөргө реэкспорттоонун жол берилбестиги тууралуу милдеттенмесин камтыган акыркы пайдалануучунун сертификатынын (контролдонуучу продукцияны экспорттоодон жана реэкспорттоодо) түп нускасын; - контролдонуучу продукциясын техникалык мүнөздөмөсү жөнүндө толук маалыматтарды камтыган документи. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-январындагы № 15, 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 13 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 2.8. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-январындагы № 15 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 2.9. Берилген документтердин көчүрмөлөрү контролдонуучу продукцияны экспорттоочунун (импорттоонун) мөөрү менен ырасталууга тийиш. Чет тилдеги документтер экспортоочу же импорттоочу тарабынан белгиленген тартипте ырасталган орус тилиндеги көчүрмөсүн тиркөө менен берилет. 2.10. Лицензияны берүүдөн баш тартуу үчүн төмөнкүлөр негиз болушу мүмкүн: - аларды жүзөгө ашырууга лицензиясы бар арыз берүүчүгө карата соттун ага товарларды (жумуштарды жана кызматтарды) экспорттоонун, импорттоонун үстүндө иштөөгө тыюу салган чечиминин болушу; - ушул Жобого ылайык 2.7-пунктта көрсөтүлгөн документтерди бербегендик же аларды туура эмес жол-жоболоштургандык; - лицензиялык жыйымды төлөбөгөндүк; - арыз берүүчү тарабынан жүргүзүлүп жаткан товарларды (жумуштарды жана кызматтарды) экспорттук-импорттук операция жөнүндө анык эмес маалыматтарды кабарлагандык; - жалпыга кыргын салуучу куралдарды, аларды жеткирүү каражаттарын таркатпоо боюнча, экспорттук контролдоо жаатында Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине, ошондой эле БУУнун Коопсуздук кеңеши кабыл алган санкцияларга каршы келген жагдайлардын болушу; - Кыргыз Республикасынын тышкы саясат, улуттук коргонуу жана коопсуздук кызыкчылыгына каршы келген жагдайлардын болушу; - товарларды (жумуштарды жана кызматтарды) экспортоонун же импорттоонун мүмкүндүгү жана максатка ылайыктуулугу жөнүндө адистешкен уюмдун эксперттин корутундусунун жоктугу; - эл аралык коопсуздукка, региондук стабилдүүлүккө коркунуч келтирген же террористтик актыларга көмөк көрсөткөн товарларга (жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө) жүргүзүлүүчү экспорттук-импорттук операциялар; - ошол өлкөдөгү чыңалууну жогорулатууга жана куралдуу чыр-чатакка көмөк көрсөткөн товарларга (жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө) жүргүзүлүүчү экспорттук-импорттук операциялар; - ыйгарым укуктуу эмес акыркы колдонуучуга же акыркы колдонуучу үчүн контролдонуучу товарлардын дарегин кайра өзгөртүүнүн жогорку тобокелдиги менен мүнөздөлгөн товарларга (жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө) жүргүзүлүүчү экспорттук-импорттук операциялар; - бүтүм жасоого жаткан контролго алынуучу товарлар алып салынган же арестте турган болуп эсептелсе; - арыз берүүчүнүн соңку беш жылда экспорттук контроль чөйрөсүндөгү, ошондой эле улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылуусу; - арыз ээсине карата экспорттук контроль чөйрөсүндөгү мыйзамдарды, ошондой эле улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгына байланыштуу кылмыш иликтөө иштери жүргүзүлүп жатса; - товарларды жана жумуштарды жана кызматтарды экспортоого же импорттоого мамлекеттик монополиянын белгилениши. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-январындагы № 15, 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 748 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 2.10-1. "Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык контролго алынуучу продукциянын экспортун, импортун жана реэкспортун караган тышкы экономикалык бүтүмдөр ушул Жобонун 2.3 жана 2.4-пункттарында аталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жүргүзүүчү мамлекеттик экспертизадан өткөрүлүүгө тийиш. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 748 токтомунун редакциясына ылайык) 2.10-2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине, анын мамлекеттик таламдарына жана экологиялык коопсуздуктун талаптарына ылайык келүүсүн аныктоо максатында тышкы экономикалык бүтүмдөргө тиешеси бар документтерди жана маалыматтарды текшерүү, талдоо боюнча чаралардын комплексин жүзөгө ашырышат. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 748 токтомунун редакциясына ылайык) 2.10-3. Мамлекеттик экспертиза жүргүзүүдө төмөнкүлөр текшерилет: - экспорттук контроль чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык арыз ээси берген документтердин болушу; - лицензияны алуу үчүн билдирилген маалыматтардын берилген документтер менен шайкеш келүүсү; - берилген документтердин тууралыгы; - билдирилген товардын даярдалышы; - ташып чыгуучу товарга менчик укугун ырастоо; - лицензиялык-уруксат берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык билдирилген продукция менен иш жүргүзүү укугуна (ташып келинген/ташып чыгарылган продукциянын түрүнө карата) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилүүчү бардык уруксат берүү документтеринин болушу. Зарылдыкка жараша берилген документтерге мамлекеттик экспертиза жүргүзүүгө көз карандысыз эксперттер, Кыргыз Республикасынын тармактык мамлекеттик органдарынын адистери тартылат. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 748 токтомунун редакциясына ылайык) 2.10-4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана эксперт-мамлекеттик органдар өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында ушул Жобонун 2.10-3-пунктунун талаптарына ылайык тышкы экономикалык бүтүмдөргө мамлекеттик экспертиза жүргүзүшөт. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 748, 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 13 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 2.10-5. Документтерге жүргүзүлгөн мамлекеттик экспертизанын жыйынтыктарынын негизинде эксперт-мамлекеттик органдар товарды (ишти же кызмат көрсөтүүнү) экспорттоо, импорттоо же реэкспорттоо мүмкүндүгү жөнүндө корутундуну Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жөнөтүшөт. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 748, 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 13 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 2.10-6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги контролдонуучу товарлардын экспортуна же импортуна лицензия берүү мүмкүндүгү жөнүндө чечим кабыл алууда документтерге жүргүзүлгөн мамлекеттик экспертизалардын жыйынтыктарын жана эксперт-мамлекеттик органдардын корутундуларын жетекчиликке алат. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 748, 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 13 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 2.10-7. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги лицензияны берүү же берүүдөн баш тартуу тууралуу чечимди аны алуу үчүн бардык документтерди каттаган күндөн тартып 30 иш күндөн кечиктирбестен кабыл алат. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 748, 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 13 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 2.10-8. Эксперт-мамлекеттик органдар арыз келип түшкөн күндөн тартып 10 иш күндөн кечиктирбестен корутунду беришет. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 748 токтомунун редакциясына ылайык) 2.10-9. Лицензия бир календардык жылдан ашпаган мөөнөткө берилет. Бир жолку лицензиянын колдонулуу мөөнөтү тышкы соода контрагынын (келишиминин) же лицензия берүү үчүн негиз болгон документтин колдонуу мөөнөтү менен чектелет. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 748 токтомунун редакциясына ылайык) 2.10-10. Арыз ээсинин кат жүзүндөгү кайрылуусу боюнча лицензиянын колдонулуу мөөнөтү арыз ээсинин тышкы экономикалык бүтүм боюнча бардык милдеттенмелерин аткарууну аякташы үчүн зарыл болгон мөөнөткө, бирок бир календардык жылдан ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн. Лицензиянын колдонулуу мөөнөтү бир жолкудан ашык узартылбайт. Лицензиянын мөөнөтүн узартуу жол-жобосу аны колдонуу мезгилинде жүзөгө ашырылат. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 748 токтомунун редакциясына ылайык) 2.10-11. Лицензиянын мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине арыз ээси тарабынан эркин формада төмөнкүдөй документтерди тиркөө менен берилет: - тышкы соода контрактынын (келишимдин) көчүрмөсүн же тараптардын ниетин ырастоочу башка документтин көчүрмөсүн; - товардык-транспорттук накладнойлордун, жүктөө документтеринин жана бажы декларацияларынын көчүрмөлөрүн; - товар менен тышкы соода операцияларын аткаруунун мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалымат (зарыл болсо). (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 748, 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 13 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 2.10-12. Берилген лицензия тышкы соода контрагынын (келишимдин) негизги шарттарын жана жагдайларын өзгөртүүдө лицензия берген мамлекеттик орган аркылуу кайра таризделүүгө тийиш. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 748 токтомунун редакциясына ылайык) 2.10-13. Лицензияны кайра тариздөө же узартуу лицензия берген мамлекеттик орган тарабынан арыз берген күндөн тартып 15 иш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 748 токтомунун редакциясына ылайык) 2.11. Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген контролдонуучу продукция ал чыгарылган өлкөнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын же өндүрүүчүнүн жазуу жүзүндөгү уруксатынын негизинде гана үчүнчү өлкөгө реэкспорттолушу мүмкүн. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155 токтомунун редакциясына ылайык) 2.12. Тышкы экономикалык иштин катышуучулары контролдонуучу продукцияны жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен кооптуу жүктөрдүн категориясына таандык кылынгандарды экспорттоого, импорттоого жана реэкспорттоого лицензия алгандан кийин ал контролдонуучу продукцияны кооптуу жүктөрдү ташуу жаатында Кыргыз Республикасы тарабынан белгиленген талаптарга так ылайык ташууну жүзөгө ашырат. 2.13. Ишканаларда (уюмдарда) тышкы соода бүтүмдөрүнүн мыйзамдуулугун камсыздоо жана лицензия алууга байланышкан жол-жоболорду аткарууну жеңилдетүү үчүн текшерүү механизмин түзүү максатында чарбакер субъекттер экспорттук контролдун ички фирмалык программаларын түзүшөт. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 748 токтомунун редакциясына ылайык) 2.14. Экспорттук контролдун ички фирмалык программаларын түзгөн уюмдарга лицензияны алуу үчүн бардык керектүү документтерди каттаган күндөн тартып 10 иш күндүн ичинде лицензия берилет. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 748 токтомунун редакциясына ылайык) 3. Адамдын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн, генетикасы өзгөртүлгөн микроорганизмдердин дартын (патогендерин) козгогучтардын, ошондой эле токсиндердин, жабдуулардын жана технологиялардын экспорттук контролдонууга тийиш болгон тизмесине киргизилген контролдонуучу продукция менен жүргүзүлүүчү тышкы экономикалык операцияларга карата талаптар Жогоруда белгиленген категориядагы контролдонуучу продукцияны берүү Бактериологиялык (биологиялык) жана уулуу куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана алардын корун топтоого тыюу салуу менен жок кылуу жөнүндө конвенцияга ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш. 4. Химиялык куралды жасоодо колдонулушу мүмкүн болгон химикаттардын, жабдуулардын жана технологиялардын экспорттук контролдонууга тийиш болгон тизмесине киргизилген контролдонуучу продукция менен жүргүзүлүүчү тышкы экономикалык операцияларга карата талаптар Жогоруда белгиленген категориядагы контролдонуучу продукцияларды берүү Химиялык куралды иштеп чыгууга, өндүрүүгө, топтоого тыюу салуу жана аларды жок кылуу жөнүндө конвенцияга ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш. 5. Ядролук материалдардын, жабдуулардын, ядролук эмес атайын материалдардын жана тиешелүү технологиялардын экспорттук контролдонууга тийиш болгон тизмесине киргизилген контролдонуучу продукция менен жүргүзүлүүчү тышкы экономикалык операцияларга карата талаптар Ядролук куралы жок мамлекетке контролдонуучу продукцияны берүү алынган продукция, ошондой эле анын негизинде же аны пайдалануунун натыйжасында өндүрүлгөн ядролук жана ядролук эмес атайын материалдар, түзүлмөлөр жана жабдуулар алардын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан төмөнкүлөр жөнүндө ынандырылганда жүзөгө ашырылат: - ядролук куралды жана башка ядролук жардыруучу түзүлмөлөр чыгарууга же кандайдыр бир согуштук максаттарга жетишүү үчүн пайдаланылбай тургандыгына; - АТЭЭАГ (МАГАТЭ) тарабынан сунуш кылган деңгээлден төмөн болбогон деңгээлден күчтүү коргонуу чаралары менен камсыз кылына тургандыгына; - жогоруда көрсөтүлгөн шарттарда гана алуучу мамлекеттин юрисдикциясы астында башка мамлекеттерге реэкспорттоло тургандыгына же бериле тургандыгына. Ядролук куралы жок алуучу мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы жөнөтүүчү мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын жазуу жүзүндөгү уруксаатысыз төмөнкүлөр жүзөгө ашырылбастыгы жөнүндө ынандырууга тийиш: - нурланууга дуушар болгон отунду химиялык кайра иштетүү, уранды изотоптук байытуу жана оор сууну, алардын негизинде өндүрүлгөн алардын негизги компоненттери менен шаймандарынын, ошондой эле уранды, плутонийди жана оор сууну 20 пайызга жана андан да жогору байытуу менен өндүрүү үчүн түзүлмөлөрдү андан ары кандай гана болбосун берүү; - 20 пайыздан жогору байытуу менен уранды өндүрүү үчүн берилүүчү түзүлмөлөрдү жана же уранды изотоптук байытуу үчүн технологияларды, ошондой эле андай технологияга негизделген үчүн кандай гана болбосун башка түзүлмөлөрдү пайдалануу же долбоорлоо үчүн. Нурланган отунду химиялык кайра иштетүү, уранды изотоптук байытуу, оор сууну, алардын негизги компоненттерин, 20 жана андан да жогору пайызга байытуу менен уранды, плутонийди жана оор сууну өндүрүү үчүн түзүлмөлөрдү жана технологияларды ядролук куралы бар мамлекетке берүү алардын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан экспорттон алынуучу шаймандар жана анын негизинде өндүрүлгөн шаймандар төмөнкүлөр жөнүндө ынандырылганда жана жүзөгө ашырылышы мүмкүн: - ядролук куралды жана башка ядролук жарылуучу түзүлмөлөрдү өндүрүү үчүн же кайсы бир согуштук максаттарга жетишүү үчүн пайдаланылбастыгына; - АТЭЭАГ тарабынан сунуш кылган деңгээлден төмөн болбогон деңгээлдеги күчтүк коргонуу чаралары менен камсыз кылынгандыгына; - кайсы гана болбосун башка мамлекетке алуучу мамлекеттин юрисдикциясы астында жөнөтүүчү мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын жазуу жүзүндөгү алдын ала уруксаты болгондо реэкспортоолоруна жана берилерине. 6. Экспорттук контролдонууга тийиш болгон ядролук жабдуулар менен ядролук максаттарда колдонулуучу кош багыттагы тиешелүү технологиялардын тизмесине киргизилген контролдонуучу продукция менен жүргүзүлүүчү тышкы экономикалык операцияларга карата талаптар Ядролук куралы жок мамлекетке контролдонуучу продукцияларды берүүдө, акыркы пайдалануучунун өзү алган продукция же анын кайра жасалма көчүрмөсү ядролук отун цикли жаатындагы АТЭЭАГдын кепилдиги астына коюлбаган иштерге колдонулбай тургандыгы жөнүндө милдеттенме берилүүгө тийиш. Кандай гана болбосун ядролук жарылгыч түзүлмөнүн, андай түзүлмөнүн түзүмчөсүн же анын компоненттерин илимий изилдөө, иштеп чыгуу, долбоорлоо, жасап чыгаруу, сыноо, пайдалануу же техникалык тейлөө ядролук жарылгыч түзүлмөлөрдү жасоо боюнча иштер деп түшүнүлөт. Эгерде мындай милдеттенме сакталбаса, аларга карата АТЭЭАГдын кепилдигин кабыл алуу милдеттенмеси болбогон ар кандай реакторду, кооптуу жыйноону, конверсиялык түзүлмөнү, ажыратуучу ядролук отундарды даярдоо же кайра иштетүү боюнча түзүлмөлөрдү, баштапкы изотопторду же бири-биринен атайын материалдарды бөлүү боюнча түзүлмөлөрдү же аларды сактоо үчүн өзүнчө түзүлмөнү илимий изилдөөлөр, иштеп чыгуу, долбоорлоо, жасоо, сыноо, эксплуатациялоо же техникалык тейлөө АТЭЭАГдын кепилдиги астына коюлбаган ядролук отун цикли жаатындагы иштер деп түшүндүрүлөт. Ядролук жөнөтүүчүлөр тобунун катышуучулары болуп эсептелбеген мамлекетке контролдонуучу продукцияларды берүүдө акыркы пайдалануучунун милдеттенмеси анын өлкөсүнүн ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген документ менен ырасталууга тийиш. 7. Экспорттук контролдонууга тийиш болгон тизмеге киргизилген контролдонуучу продукция, ракеталык курал жасоодо колдонулушу мүмкүн болгон жабдуулар, материалдар жана тиешелүү технологиялар менен жүргүзүлүүчү тышкы экономикалык операцияларга карата талаптар 7.1. Ракеталык куралы жок өлкөгө ракеталык техниканы жасоодо колдонулуучу жабдууларды, материалдарды, технологияларды жана компоненттерди экспорттоо, реэкспорттоо ал өлкөлөр эл аралык ракеталык технологияларды контролдоонун режимине (мындан ары - РТКР) мүчө болгон шартта, ал өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу органдары тарабынан алынган экспорттук нерселер төмөнкүлөр жөнүндө жазуу жүзүндөгү ынандыруу болгондо гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн: - кеминде 500 кг пайдалуу жүктү 300 километрге жана андан да ашык аралыкка же анын компоненттерин жеткирүүгө жөндөмдүү жеткирүү каражаттарын түзүү үчүн пайдаланылбастыгы; - алуучу мамлекет тарабынан иш жүзүндө пайдалануунун бардык мөөнөтүнүн ичинде РТКРдын тескөөчү принциптерине ылайык контролдун астында болоору; - алардын жоголушун, уурдалышын ж.б. болтурбоо үчүн күч менен коргоонун зарыл жана жетиштүү чаралары менен камсыз кылынаары; - алуучу мамлекеттен ушул пункттун шарттарында жана кыргыз тараптын жазуу жүзүндөгү уруксаатынын негизинде гана экспорттоло жана реэкспорттоло тургандыгы. 8. Экспорттук контролдонууга тийиш болгон тизмеге киргизилген контролдонуучу продукция, куралданууну жана согуштук техниканы жасоодо колдонулушу мүмкүн болгон кош багыттагы товарлар жана технологиялар менен жүргүзүлүүчү тышкы экономикалык операцияларга карата талаптар Контролдонуучу продукцияларды берүү жөнүндө маселени кароодо мындай берүү алуучу мамлекеттин аскердик дараметин өнүктүрүүгө жана жогорулатууга көмөк көрсөтпөй тургандыгын камсыз кылуу үчүн региондук жана эл аралык коопсуздук менен туруктуулукту начарлатууга алып келүүчү акыркы пайдаланууга карата тиешелүү факторлор көңүлгө алынууга тийиш. 9. Акыркы пайдалануучунун сертификатынын берүүнүн тартиби 9.1. Контролдонуучу продукциянын акыркы пайдалануучунун сертификаты белгиленген түрдө (4-тиркеме) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан эки нускада берилген, биринчиси экспортточу мамлекеттин мамлекеттик органына көрсөтүү үчүн импорттоочуга берилип, экинчиси Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде сакталат. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 13 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 9.2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги акыркы пайдалануучунун сертификатын Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын төмөнкү кызыкдар мамлекеттик органдары менен ТЭМ катышуучуларынын кепилдик милдеттенмелерин алдын ала макулдашуудан кийин берет: 1) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен - адамдын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн оору козгогучтарын (патогендерди), микроорганизмдердин генетикалык өзгөрүлгөн түрлөрүн, уу заттарды, жабдууларды жана технологияларды алып келүүгө; 2) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен - химиялык куралды жасоодо колдонулушу мүмкүн болгон химикаттарды, жабдууларды жана технологияларды; ядролук материалдарды, жабдууларды, атайын ядролук эмес материалдарды жана тийиштүү технологияларды алып келүүгө; 3) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен - кош багыттагы материалдар менен жабдууларды жана ядролук максатта колдонулуучу тиешелүү технологияларды; ракеталык куралды жасоодо колдонулушу мүмкүн болгон жабдууларды, материалдарды жана технологияларды; куралды жана аскердик техниканы жасоодо колдонулушу мүмкүн болгон кош багыттагы товарларды жана технологияларды алып келүүгө; 4) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен - өнөр жай багытындагы жардыргыч заттарды алып келүүгө. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 13 токтомунун редакциясына ылайык) 9.3. Акыркы пайдалануучунун сертификатын алуу үчүн ТЭИнин катышуучусу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине төмөнкү документтерди берет: - акыркы пайдалануучунун импорттук сертификатын алууга арызын; - импорттоочунун - акыркы пайдалануучунун кепилдик милдеттенмелерин (3-тиркеме); - экспортточу жана/же акыркы пайдалануучу менен түзүлгөн контракттын көчүрмөсүн жана аларды салыштыруу үчүн түп нусканы; - контролдонуучу продукциянын техникалык мүнөздөмөсү жөнүндө маалыматты. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 13 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 9.4. Акыркы пайдалануучунун сертификаты контролдонуучу продукциянын санына жана номенклатурасына карабастан бир гана тышкы экономикалык операцияга берилет. 9.5. Акыркы пайдалануучунун сертификатын берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин ишке тиешеси бар мамлекеттик органдарынан корутунду алган күндөн тартып 10 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан кабыл алынат. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 13 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 9.6. Эгерде акыркы пайдалануучунун сертификатын алгандан кийин контрактка өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилсе, импортточу бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине токтоосуз маалымдоого милдеттүү. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 13 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 9.7. Акыркы пайдалануучунун сертификатында чагылдырылган контракттын шарттары өзгөргөндө сертификат жокко чыгарылат жана/же кайра жол-жоболоштурулууга тийиш. 9.8. Акыркы пайдалануучунун сертификаты жоголуп кеткен же жок кылынган учурда, эгерде сертификаттын түп нускасы табылып калса, импорттоочу аны же дубликатын Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине кайтарып берүүгө милдеттенме алууну ырастаган арызды (сертификаттын жоголгон же жок кылынган жагдайын түшүндүргөн) жөнөткөндөн кийин импорттоочу тарабынан анын дубликаты алынышы мүмкүн. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 13 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 9.9. Эгерде импорттолгон товарларды билдирилген максаттарда пайдаланууга карата башка мамлекеттин кепилдиктери же милдеттенмелери кыргыз тарабынын жол-жоболоштурулуусу Кыргыз Республикасына товарларды жөнөтүүнүн шарты болуп эсептелсе, мындай кепилдиктер же милдеттенмелер акыркы пайдалануучунун сертификатына толуктоо катары же айрым документ катары жол-жоболоштурулушу мүмкүн. 9.10. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 9.11. Лицензиялардын жана уруксаттардын ээлери колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин 15 иш күндүн ичинде товарлар (контролдонуучу продукция) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекет болуп саналбаган өлкөгө/өлкөдөн өткөрүлгөн учурда бажы декларацияларын же товардык-транспорттук коштомо кагазды тиркөө менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине алынган лицензиялардын жана уруксаттардын аткарылышы жөнүндө отчетту берүүгө милдеттүү. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 13 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 10. Кыргыз Республикасына импорттолуучу контролдонуучу продукцияны республиканын ичинде башка жактарга берүүнүн тартиби 10.1. Контролдонуучу продукцияны республика ичинде башка жактарга берүүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары сакталганда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин уруксаты болгондо жол берилет (6-тиркеме). (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 13 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 10.2. Кыргыз Республикасына импорттолгон контролдонуучу продукцияны ишин Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырып жаткан башка жакка берүү зарыл болгондо акыркы пайдалануучу мындай берүүгө уруксат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине суроо-талап жөнөтөт. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 13 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 10.3. Суроо-талапта төмөнкүлөр көрсөтүлөт: - продукциянын толук аталышы жана кеңири баяндамасы, ТЭКнын ТНсы (Товардык номенклатура) жана контролдук тизме боюнча коду; - берилүүгө тиешелүү болгон продукциянын саны; - продукцияны Кыргыз Республикасына жөнөткөн экспорттоочунун аталышы жана дареги; - тиешелүү акыркы пайдалануучунун сертификатынын номери жана берилген датасы; - берүүнүн зарылдыгына пайда кылган себептер; - ал продукцияны берүү пландаштырылган башка жактын аталышы жана дареги; - экспортоочу өлкөнүн продукция өндүрүүчүсүнүн продукцияны берүүгө макулдугун ырастаган документ; - ал продукцияны берүү жөнүндө келишимдин көчүрмөсү жана аларды салыштыруу үчүн түп нускасы; - акыркы пайдалануучунун жана контролдонуучу продукцияларды импорттоочунун кепилдик милдеттенмелери. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155 токтомунун редакциясына ылайык) 10.4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги суроо-талапты алган күндөн тартып 10 иш күндүн ичинде продукцияны өткөрүүгө уруксат берүү же баш тартуу тууралуу чечим чыгарат жана бул жөнүндө арыз ээсине маалымдайт. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 748, 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 13 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 10.5. Продукция берүүгө уруксат берилген учурда тиешелүү келишимдин тараптары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине продукция иш жүзүндө берилген (алынган) күндөн тартып 10 иш күндүн ичинде продукция берилгендиги (алынгандыгы) жөнүндө маалымдайт. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 748, 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 13 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 10.6. Контролдонуучу товарларды өлкөнүн ичинде өткөрүп берген уюм аларды ала турган уюмга бул товарлар мамлекеттик контролго алынууга тийиш экендиги жөнүндө маалымдайт жана бул уюмга экспорттук контролдун аталган объекттерине тийиштүү документтерди берет. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 748 токтомунун редакциясына ылайык) 11. Контролдонуучу продукцияны акыркы пайдалануунун ички контролунун тартиби 11.1. Импорттоочулар (акыркы пайдалануучулар) тарабынан кепилдик милдеттенмелердин аткарылышына мамлекеттик контролду камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги текшерүүнү компетенттүү органдардын эксперттерин тартуу менен жүзөгө ашырат. Акыркы пайдалануучу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине контролдонуучу продукцияны пайдалануу боюнча бардык зарыл маалыматтарды жана документтерди берүүгө жана анын ишине көмөк көрсөтүүгө милдеттүү. Текшерүүнүн натыйжасы тиешелүү акт менен жол-жоболоштурулат. Контролдонуучу продукцияны пайдалануунун талаптары бузулгандыгы табылган учурда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги текшерүүнүн материалдарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарына жөнөтөт. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 13 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 11.2. Импорттоочу (акыркы пайдалануучу) өзүнүн кепилдик милдеттенмелерин аткарбагандык жана/же толук аткарбагандык үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. 12. Контролдонуучу продукцияны эсепке алуунун жана отчеттуулукту уюштуруунун тартиби 12.1. Контролдонуучу продукцияны Кыргыз Республикасынан экспорттогон учурда ТЭИнин катышуучулары ыйгарым укуктуу органга төмөнкүлөрдү берүүгө милдеттүү: - жүктүн бажылык декларациясынын көчүрмөлөрүн - продукциянын ар бир партиясын алуу же түшүрүп алуу жүзөгө ашырылгандан кийин 3 күндүк мөөнөттө; - импортточуга (акыркы пайдалануучуга) продукциянын жеткирилгендиги жөнүндө маалыматты. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155, токтомунун редакциясына ылайык) 12.2. Ушул Жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги өзүнө берилген документтердин негизинде контролдонуучу продукциянын экспорттолушу жана импорттолушу жөнүндө маалыматтар банкын жүргүзөт. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 13 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 121. Контролдонуучу продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесине киргизилген Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу контролдонуучу продукциялардын транзитине уруксат берүү тартиби (Глава КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155 токтомунун редакциясына ылайык) 12-1.1. Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу контролдонуучу продукциялардын транзити Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарында жана ушул Жободо белгиленген талаптарды сактоо менен транзитке уруксаттын негизинде ишке ашырылат. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155 токтомунун редакциясына ылайык) 12-1.2. Контролдонуучу продукциялардын транзитине уруксат берүү укугу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жүктөлөт (7-тиркеме). (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 13 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 12-1.3. Контролдонуучу продукциялардын транзитине Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзитти ишке ашыруу мүмкүндүгү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин корутундусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги уруксат берет. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 13 токтомунун редакциясына ылайык) 12-1.4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги контролдонуучу продукциянын транзитин ишке ашыруу мүмкүндүгү жөнүндө корутундуну ТЭИ катышуучусунан арыз келип түшкөн күндөн тартып 5 (беш) иш күндөн кечиктирбестен берет. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 13 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 12-1.5. Контролдонуучу продукциялардын транзитине уруксат берүүгө арыз ушул Жобонун 8-тиркемесине ылайык формада ТЭИ катышуучусу тарабынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берилет. Эскертүү: арызда көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчиликти арыз ээси тартат. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 13 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 12-1.6. Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелүүгө тийиш: 1) арыз берген уюмду мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; 2) эгерде бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралса, контролдонуучу продукциялар менен байланышкан лицензиялануучу иштердин аныкталган түрлөрүн жүзөгө ашыруу укугуна лицензиянын жана уруксаттын көчүрмөлөрү; 3) жүктүн мүнөздөмөсү, ташуунун максаты, жеткирүүчү жана керектөөчү жөнүндө маалыматтар (номенклатура, түшүрүлүүчү продукциялардын түрлөрүнүн саны жана таңгагы, ташуу датасы жана ыкмасы, өндүрүүчүнүн аталышы, экспорттоочу/импорттоочу, аны акыркы пайдалануучу жана акыркы пайдалануу жөнүндө маалыматтар); 4) контролдонуучу продукцияларды жеткирүүгө контракттын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; 5) контролдонуучу продукцияларды ташып чыгууга жана ташып кирүүгө экспорттоочу жана импорттоочу өлкөнүн экспорттук контролдоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген лицензиянын көчүрмөсү. Эскертүү: эгерде өлкөлөрдүн мыйзамдарында мындай документти берүү каралбаса, экспорттоочу/импорттоочу өлкөнүн экспорттук контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардан ырастоо кат берилет. 6) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен өтүүчү ядролук материалдарды жана жабдууларды. атайын ядролук эмес материалдарды, ядролук иштерге тиешеси бар, кош багыттагы жабдууларды жана материалдарды, радиоактивдүү материалдарды, жардыргыч заттарды жана ууларды Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиги (МАГАТЭ) сунуштагандан төмөн болбогондой физикалык коргоого арыз ээсинин жоопкерчилигин аныктаган документтер; 7) эгерде жүк алуучуга ага көз каранды болбогон себептер боюнча жүктү алуу мүмкүн болбосо, бул жүктү кайра кабыл алууга экспорттоочу өлкөнүн контролдонуучу продукциясын өндүрүүчүнүн макулдугун ырастаган документтер; 8) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык транзитти ишке ашырууда авариядан улам келтирилген чыгымдардын ордун толтуруунун камсыздандыруу жана финансылык кепилдиктерин ырастаган документтер; 9) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары бузулганы аныкталса, мамлекеттик органдардын ташуунун реалдуу шарттарын текшерүүгө, ошондой эле мүмкүн болуучу убактылуу сактоого, кайра ташууга, экспертизага жана башка зарыл болгон иш-аракеттерге байланышкан чыгымдардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ядролук жана радиациялык коопсуздук боюнча компетенттүү органдардын уруксатынын жарактуулук шарттарын кошо алганда, ошондой эле аныкталган бузууларды экспорттук контролдоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарына шайкеш келтирүү жана/же экспорттоочу мамлекетке жүктү кайтаруу зарылчылыгына байланышкан чыгымдардын ордун толтурууга кепилдикти ырастаган документтер. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155 токтомунун редакциясына ылайык) 12-1.7. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги бардык зарыл болгон документтерди алгандан кийин 15 (он беш) иш күндүн ичинде уруксат берет. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 13 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 12-1.8. Контролдонуучу продукциялардын транзитине уруксат берилгенден кийин Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине кабарлайт. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 13 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 12-1.9. Уруксат арыз ээсине анын аракети башталган күндөн тартып алты айдан ашпаган мезгилге берилет. Контролдонуучу продукциялардын транзитине уруксаттын колдонулуу мөөнөтү уруксат берүү үчүн негиз болгон контракттын же документтин жана "Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык арыз ээсинин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруу келишиминин колдонулуу мөөнөтү менен чектелет. Эгерде контролдонуучу продукциялардын транзити көрсөтүлгөн мөөнөттө ишке ашырылбаса, анда уруксат автоматтык түрдө жокко чыгарылат. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155 токтомунун редакциясына ылайык) 12-1.10. Контролдонуучу продукциялардын транзитине уруксат конкреттүү көлөмгө өзүнчө контракт боюнча ар бир тышкы экономикалык операцияга берилет. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155 токтомунун редакциясына ылайык) 12-1.11. Арыз ээси контролдонуучу продукциялардын транзити жөнүндө мурда берилген маалыматтардагы ар кандай өзгөртүүлөр тууралуу Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине өз убагында маалымат берүүгө милдеттүү. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 13 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 12-1.12. Контролдонуучу продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу алып өтүүдө аны башка транспорттук каражатка кайрадан жүктөгөн учурда карап чыгуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык компетенттүү мамлекеттик органдардын жана эксперт-ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусу менен жүргүзүлөт. Карап чыгуунун негизинде контролдонуучу продукцияларды кайра жүктөө боюнча биргелешкен акт түзүлөт. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155 токтомунун редакциясына ылайык) 12-1. 13. Аба транспортунун транзитинде төмөнкүдөй маалыматтар камтылган кошумча документтер берилүүгө тийиш: 1) авиакомпаниянын аталышы жана реквизиттери; 2) Жарандык авиация эл аралык уюмунун коду жана рейстин номери; 3) аба кемесинин тиби, каттоо номери; 4) учуу тиби; 5) Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинен чыгуу жана кирүү чекиттерин милдеттүү түрдө көрсөтүү менен кыймылдын датасы, толук багыты жана графиги; 6) навигациялык жана байланыш жабдууларынын тиби. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155 токтомунун редакциясына ылайык) 12-1. 14. Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу контролдонуучу продукциялардын транзиттин ишке ашырууга уруксат төмөнкүдөй учурларда берилбейт: 1) ушул Жобонун 12-1. 16-пунктунда аталган документтер берилбесе же алар туура эмес таризделсе; 2) контролдонуучу продукциялардын транзитинин мүмкүндүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин оң корутундусу болбосо; 3) эгерде арыз ээсине карата Кыргыз Республикасынын алдында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык макулдашууларга ылайык кабыл алынган милдеттенмелерди бузгандыгы жөнүндө маалыматтар болсо; 4) эгерде контролдонуучу продукция жалпыга кыргын салуучу куралдарды (химиялык, биологиялык жана ядролук) же башка ядролук жарылуучу түзүлүштөрдү иштеп чыгуу, түзүү, колдонуу, иштөө абалында кармоо, сактоо, табуу, идентификациялоо же жайылтуу максатында же мындай куралдарды жеткирүүнүн ракеталык каражаттарын иштеп чыгуу, түзүү, иштөө абалында кармоо же сактоо үчүн толугу менен/жарым-жартылай колдонула тургандыгы же колдонулушу мүмкүн экендиги белгилүү болсо; 5) эгерде контролдонуучу продукция куралдарды жана аскердик техникаларды түзүү үчүн толугу менен/жарым-жартылай колдонулса же колдонулушу мүмкүн болсо; 6) эгерде арыз ээсине карата мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген соттун чечими болсо, анын негизинде арыз ээси уруксат алууга байланышкан укуктан ажыратылса; 7) контролдонуучу продукцияларга карата жүргүзүлүүчү транзиттик операциялар жөнүндө арыз ээси тарабынан анык эмес маалыматтар билдирилсе. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155 токтомунун редакциясына ылайык) 12-1.15. Контролдонуучу продукциялардын транзитине уруксат берүүдөн баш тартылса, арыз ээсине 10 иш күндүн ичинде жазуу жүзүндө аргументтелген жооп берилет. Контролдонуучу продукциянын транзитине уруксат берүүдөн баш тартуу административдик (сотко чейинки) тартипте, ал эми кийин "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сот тартибинде даттанылышы мүмкүн. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155 токтомунун редакциясына ылайык) 12-1.16. Контролдонуучу продукциялардын транзитин ишке ашыруу тартибин бузган учурда ГЭИ катышуучулары Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине ылайык жоопкерчилик тартышат. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155 токтомунун редакциясына ылайык) 12-1.17. ТЭИ катышуучулары контролдонуучу продукцияны жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен кооптуу жүктөрдүн категориясына киргизилгендерди транзитөөгө уруксат алгандан кийин бул контролдонуучу продукцияны кооптуу жүктөрдү ташуунун коопсуздугу жаатында Кыргыз Республикасы тарабынан белгиленген талаптарга ылайык ташууну ишке ашырат. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155 токтомунун редакциясына ылайык) 13. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын жана ведомстволорунун экспорттук контроль жаатындагы милдеттери 13.1. Контролдонуучу продукцияларга карата экспорттук контроль менен байланышкан иш-чараларды аткарууну камсыз кылуу үчүн: Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын чек арасы аркылуу өткөрүүгө байланышкан контролдонуучу продукцияга берилген лицензиялардын, башка документтердин аткарылышын эсепке алат жана контролдойт. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги: - тышкы экономикалык иштин чет өлкөлүк катышуучуларынын контролдонуучу продукцияларды билдирилген максаттарда акыркы пайдалануучунун сертификатына ылайык пайдаланып жаткандыгы жөнүндө маалыматты дипломаттык каналдар боюнча суратып алат жана анын түп нуска экендигин текшерет; - чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар тарабынан экспорттук контролдоо жаатындагы мыйзамдарды бузуу фактыларын табуу маселелеринде Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарына көмөк көрсөтөт; - контролдонуучу товарларга тиешелүү маселелер боюнча чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен коммуникацияларды түзүү жаатында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарына көмөк көрсөтөт (зарылдыгына жараша); - Кыргыз Республикасына контролдонуучу продукцияны экспорттук ташып келүүнүн коопсуздугун талдоо жана жалпысынан алганда региондук стабилдүүлүк боюнча сунуштарды даярдайт (зарылдыгына жараша). Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети: - Кыргыз Республикасынын чарбакер жана тышкы экономикалык иштин субъекттери менен чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактардын тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу процессинде улуттук кызыкчылыктарды жана мамлекеттин коопсуздугун коргоону мамлекеттик жөнгө салат; - тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашырууда купуялуулук режиминин сакталышын жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча талаптардын сакталышын контролдойт; - ТЭИ ишке ашырууда кызмат көрсөтүүлөргө жана контролдонуучу программалык камсыз кылууну жана технологияларды электрондук берүүгө байланышкан тартип бузууларды иликтөөдө оперативдүү-издөө иш-аракеттерин жетектейт жана координациялайт; - улуттук коопсуздукка тиешелүү сунушталган бүтүмдөрдүн аспекттерин талдоодо сунуштарды киргизет; - ыйгарым укуктуу эмес акыркы колдонуучуларга товарларды өткөрүп берүүгө байланышкан тобокелдиктерге экспертиза жүргүзөт жана баалайт ошондой эле акыркы колдонуучунун сертификатын берүү үчүн ТЭИ катышуучуларынын кепилдик милдеттенмелерин макулдашууда тиешелүү корутунду берет; - уюмдар тарабынан экспорттук контроль эрежелеринин сакталышын текшерүүгө катышат (зарылдыгына жараша). Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу контролдонуучу продукцияны санкциясыз өткөрүүчү же контролдонуучу кызматтарды көрсөтүүчү жеке адамдардын алып өтүүсүнө бөгөт коюуну Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы камсыздайт. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги: - коргоо чөйрөсүндөгү шарттарды, кырдаалдарды жана бүтүмдөрдү сунуштаган тараптарды талдоодо сунуштарын киргизет; - адаттагы куралдануу же аскердик максатта пайдалануу предметине контролдонуучу продукциянын аталыштарын классификациялоого жардам берет; - Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесине киргизилбеген, аскердик максаттарда жана кайрадан өндүрүүдө колдонулуучу товарлардын тобокелдиктерине экспертиза жүргүзүүгө жана баалоого көмөк көрсөтөт; - уюмдар тарабынан экспорттук контролдоо эрежелеринин сакталышын текшерүүгө катышат (зарыл болсо). Бажы иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык бажылык контролду жана товарларды (контролдонуучу продукцияларды) чыгарууга байланышкан бажылык операцияларды ишке ашырат. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 748, 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 13 токтомдорунун редакцияларына ылайык токтомдорунун редакцияларына ылайык) 13.2. Контролдонуучу продукциялардын айрым түрлөрү боюнча эксперт болуп эсептелген эксперт мамлекеттик органдар ушул Жобонун 2.4.-пунктуна ылайык контролдонуучу товарларды экспорттоо, импорттоо жана реэкспорттоо максатка ылайыктуулугу жөнүндө эксперттик корутундуларды даярдоо сунушталган товарлардын Улуттук контролдук тизмеге киргизилген продукцияларга ылайык экендигине салыштырууну өз компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырат. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 748 токтомунун редакциясына ылайык) 13.3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 13.4. Контролдонуучу продукциянын экспортуна, реэкспортуна жана импортуна лицензияларды, ошондой эле анын транзитине жана өлкөнүн ичинде берүүгө уруксаттарды берүү менен байланышкан талаш-тартыш жагдайлар жапа маселелер пайда болсо, АТК жана ЭК боюнча комиссиянын сунуштамасынын жана корутундусунун негизинде чечим кабыл алынат. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155 токтомунун редакциясына ылайык) 14. Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдук тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү. (Глава КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 748 токтомунун редакциясына ылайык)) 14.1. Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдук тизмеси экспорттук контролдун эл аралык режимдеринин контролдук тизмесиндеги өзгөртүүлөргө ылайык жаңыланып турат. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 748 токтомунун редакциясына ылайык) 14.2. Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдук тизмеси зарылдыгына жараша, бирок акыркы жаңылоодон кийинки эки жылдын ичинде бир жолудан кем эмес жаңыланат. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 748 токтомунун редакциясына ылайык) 14.3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги экспорттук контролдоонун эл аралык режимдеринин контролдук тизмелериндеги өзгөртүүлөр тууралуу маалыматты топтоо боюнча туруктуу иш жүргүзөт, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдук тизмесин жаңылоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгат жана белгиленген тартипте демилгелейт. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 13 токтомунун редакциясына ылайык) 15. Баарын камтуучу контроль (Глава КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 748 токтомунун редакциясына ылайык)) 15.1. Тышкы экономикалык иштин катышуучуларына эгерде бул продукция жана интеллектуалдык чыгармачыл иштин, жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн натыйжалары чет элдик мамлекеттер же чет элдик юридикалык жактар, жеке жактар тарабынан жалпыга кыргын салуучу куралды же жеткирүү каражаттарын түзүү, өндүрүү же пайдалануу максатында жана террористтик актыларды даярдоо жана ишке ашыруу үчүн пайдалана тургандыгы белгилүү болсо, анда товарлар, технологиялар, программалык камсыздоолор, интеллектуалдык чыгармачыл иштин натыйжалары, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр менен тышкы экономикалык бүтүмдөрдү түзүүгө же аларга кандай гана түрдө болбосун катышууга тыюу салынат. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 748 токтомунун редакциясына ылайык) 15.2. Тышкы экономикалык иштин катышуучулары ушул Жобонун 1.1 жана 1.7-пункттарынын аракеттерине туш болбогон товарлар, технологиялар, программалык камсыздоо, интеллектуалдык чыгармачыл иштин натыйжалары, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр менен тышкы экономикалык бүтүмдөрдү ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин лицензиясын жана/же уруксатын белгиленген тартипте алууга милдеттүү, алар төмөнкүдөй учурларда: - алар Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги же Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органы тарабынан ушул продукция же интеллектуалдык чыгармачыл иштин натыйжалары ушул Жобонун 15.1-пунктунда аталган максаттарда пайдаланыла тургандыгы жөнүндө маалымдалса; - аларда ушул продукциянын жана интеллектуалдык чыгармачыл иштин натыйжалары ушул Жобонун 15.1-пунктунда аталган максаттарда пайдаланылышы мүмкүн деп болжолдоого негиздер болсо. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 748, 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 13 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 16. Маалыматка жетүү укугу (Глава КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 748 токтомунун редакциясына ылайык)) Экспорттук контроль жаатында ыйгарым укуктарын ишке ашырган мамлекеттик органдар экспорттук контролдун максаттары үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматты суратууга жана алууга укуктуу. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 748 токтомунун редакциясына ылайык)
Лицензиардын аталышы __________________________________________________________________ (юридикалык жактын аталышы) АРЫЗ _______________________________ экспорттоого/импорттоого башкы, бир жолку лицензия берүүнү өтүнөм _____________________________________________________________________ (алдын сызып коюңуз) Арыздануучу жөнүндө маалымат: Юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө _________________ ______________________________________________________ сериясы № күбөлүк (качан жана ким тарабынан берилген) Турган жери ____________________________________________________________ Жекелештирилген салык номери (ЖСН) ______________________________________ Уюштуруучулук-укуктук түрү: _______________________________________________ ИУЖК(*) коду ____________________________________________________________ Башка маалыматтар ______________________________________________________ _______________________________________________________________________ (билдирмени кароо үчүн зарыл маалыматтар көрсөтүлөт) Жеке ишкер үчүн паспорттук маалымат № _____________ серия __________________ ________________________________________________________________ берилген (качан жана ким тарабынан берилген) Дареги, телефону __________________________________________________________ Жекелештирилген салык коду (ЖСК) ___________________________________________ Башка маалыматтар ________________________________________________________ (арызды кароо үчүн маалыматтар көрсөтүлөт) Продукциянын аталышы _____________________________________________________ Продукциянын ТЭИ ТН коду __________________________________________________ Продукциянын контролдук тизме боюнча коду ___________________________________ Саны ____________________________________________________________________ Жалпы нарк миңде, төлөө валютасы (сом, АКШ доллары, Евро) _____________________ _________________________________________________________________________ Лицензия берүү мөөнөтү ____________________________________________________ Бажы пункту ______________________________________________________________ Импорттоочу, анын дареги __________________________________________________ Импорттоочу өлкөнүн аталышы анын цифралык коду ____________________________ Экспорттоочу, анын дареги __________________________________________________ Экспорттоочу өлкөнүн аталышы, анын цифралык коду ____________________________ Продукцияга арналган өлкө __________________________________________________ Продукция арналып чыккан өлкө ______________________________________________ Пайдалануу максаты _______________________________________________________ Өндүрүүчү, анын дареги ____________________________________________________ Контракт (№ жана түзүлгөн дата) ______________________________________________ Импорттоочунун (акыркы керектөөчүнүн) кепилдик милдеттенмелери ________________ _________________________________________________________________________ Акыркы керектөөчү, анын дареги _____________________________________________ Арызга тиркелет: __________________________________________________________ _________________________________________________________________________ _________________________________________________________________________ 20__-жылдын "__" _____________ _______________________ _________________________________________________________________________ (юридикалык жактын же жеке ишкердин Ф.А.А., колу, М.О.) (*) ишканалардын жана уюмдардын жалпы классификациясы
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ЛИЦЕНЗИЯСЫ (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 13 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Импорттоочунун (акыркы пайдалануучунун) КЕПИЛДИК МИЛДЕТТЕНМЕСИ (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 13 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 13 токтомунун редакциясына ылайык)
Контролдонуучу продукцияны Кыргыз Республикасына жеткирилгендигин ырастоо СЕРТИФИКАТЫ (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 13 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155 токтомунун редакциясына ылайык)
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 13 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||