Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-ноябры № 738
"Бишкек шаарында 2011-жылдын 3-октябрында кол коюлган "Табигый кырсыктардын коркунучтарын башкаруу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Бишкек шаарында 2011-жылдын 3-октябрында кол коюлган "Табигый кырсыктардын коркунучтарын башкаруу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү болуп дайындалышсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри |
Ө.Бабанов |
Долбоор
1-берене.
Бишкек шаарында 2011-жылдын 3-октябрында кол коюлган "Табигый кырсыктардын коркунучтарын башкаруу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда аталган Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына белгиленген тартипте билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-сентябрындагы № 437-б буйругуна ылайык "Табигый кырсыктардын кооптуулугун башкаруу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндөгү Макулдашуу жактырылган жана бул Макулдашууга кол коюуда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Каржы министри ыйгарым укуктуу болуп саналат.
2011-жылдын 3-октябрында Бишкек шаарында бул Макулдашууга кол коюу аземи болду.
"Табигый кырсыктардын кооптуулугун башкаруу" долбоору Кыргыз Республикасындагы өзгөчө жана кыйчалыш кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруу тутумун ишке ашырууга багытталган (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасындагы өзгөчө жана кыйчалыш кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруу тутуму жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө" токтому).
Бул долбоордун алкагында Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясы Кыргыз Республикасына 1,45 млн. Америка доллары грант түрүндө бөлүп берет.
Долбоор төмөнкү бөлүктөрдөн турат:
1. Борбордук органдын жана облустардын кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун тутумун өнүктүрүү;
2. Калкка маалымдоонун жана кабарландыруунун жалпы мамлекеттик комплекстүү тутумун түзүү жана өнүктүрүү;
3. Бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик байланыш -112 программасын ишке ашыруу;
Бул долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин институционалдык потенциалын чыңдоо, өзгөчө жана кыйчалыш кырдаалдарда башкаруунун натыйжалуу тутумун камсыздоо үчүн калкка маалымат берүү жана кабарландыруу тутумун өркүндөтүү каралган:
- Жарандык коргонуунун Мамлекеттик тутумунун башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн автоматташтыруу;
- өзгөчө жана кризистик кырдаалдардагы ишмердүүлүктөрүн жүзөгө ашырууда аткаруу бийлигинин республикалык органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын өз ара тыгыз байланышын камсыздоо;
- калкка алдын ала маалымдоо жана билдирүү тутумун түзүү жана өнүктүрүү.
Бул долбоордун алкагында бул иш-чараларды ишке ашыруу КРнын бардык аймактарында боло турган кырсыктардын алдын алууда жогору тараптан (КРнын Өкмөтү) төмөнкү деңгээлге (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары) чейин ыкчам аракет кылуунун негизинде табигый кырсыктардын азайышына шарт түзөт.
Өз ара маалыматтык байланышты натыйжалуу жогорулатуу үчүн нөөмөттүк-диспетчердик байланыш менен шаарлардын, райондордун авариялык кызматтарынын байланышына өзгөчө кырдаалды жоюуда, алардын аракеттерин координациялоодо, бардык чукул кырдаалда толук жана ишенимдүү маалыматтарды башка ведомстволордун маалыматтык интеграциясына берүү жетишилет.
1. КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ККББ (Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборун - бирдиктүү маалыматтык-башкаруу тутумун башкаруу органын) өнүктүрүү жана өркүндөтүү.
Бүгүнкү күндө КРнын ӨКМде Кризистик кырдаалда башкаруу борборун түзүү боюнча баштапкы этап иш жүзүнө ашырылып жатат, башкача айтканда Кризистик кырдаалда башкаруу борбору Ош, Бишкек шаарында, Талас жана Жалал-Абад шаарларында түзүлгөн. Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборун жана баштапкы этапта иштеп жаткан Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборун мындан ары өркүндөтүү боюнча иш-чаралар планы иштелип чыкты. Планга ылайык төмөнкү иш-чараларды иш жүзүнө ашыруу зарыл:
- КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек, Ош шаардык башкармалыгын, Нарын, Ысык-Көл, Баткен, Чүй жана Ош облустарында Кризнетик кырдаалдарда башкаруу борборун ачуу;
- O№-li№e режими менен КРнын ӨКМнин 20 абонентин бир эле убакта кошуу менен видеоконференцияларды өткөрүү;
- КРнын ӨКМнин жабык санариптик түйүнүн ачуу;
- маалыматты кабыл алуу, иштетүү жана сактоо тутумун базада сактоо, ошондой эле базаны дайыма жаңылап туруу.
Азыркы мезгилде видеоконференцияга 4 гана абонент катыша алат. Маалыматты Бишкек жана Ош шаарларынын Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборлору гана ала алат. Базада сактоо үчүн өзгөчө кырдаалдын өрчүшү боюнча жана кырсыктарды жоюунун натыйжасы боюнча маалыматтык серверлер республикалык деңгээлде даярдалат, алар Бишкек жана Ош шаарларында жайгашкан.
Биринчи этапта КРнын ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборлорун өнүктүрүүгө иштеп турган Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборлору үчүн ылайыктуу зарыл жабдууларды сатып алуу зарыл;
Экинчи этапта ӨКМдин Бишкек, Ош шаардык башкармалыктарында, Чүй жана Ош облустарында Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборлорун ачуу планынын иш-чаралары аткарылат;
Нарын, Ысык-Көл жана Баткен облустарында Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборлорун түзүү үчүн бул долбоорду кошумча каржылоого республикалык бюджеттен финансы каражатын бөлдүрүү пландаштырылып жатат.
Муну менен биз бардык аймактарды камтып, O№-Li№e режиминде өзгөчө кырдаалдын масштабын баалоого жана ага каражаттарды жана күчтөрдү тартуу боюнча ыкчам чечимдерди кабыл алууга жана аны жоюуга мүмкүнчүлүк берет.
Көрсөтүлгөндөрдөн сырткары, бул каржы каражаттарынын эсебинен олуттуу иш сапарынын чыгымдарын, транспорт чыгымдарын ж.б. азайтат. Ыкчам кабыл алынган чечимдер бир топ адамдардын өмүрүн сактап жана материалдык чыгымдардын азайышына алып келет.
2. Бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик байланыш -112 (тутум-112) программасын иш жүзүнө ашырууга.
Бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик байланыш -112 (тутум-112) КРнын Өрт коопсуздугу боюнча Агенттигинин түзүмдүк бөлүктөрүнүн базасында түзүлөт.
Ал:
- өрт, кырсык, бүлгүн, табигый кырсыктарды жана башка өзгөчө кырдаалдарды калктан жана ишканалардан кабыл алууга;
- ведомстволук нөөмөттүк-диспетчердик кызматтары менен эриш-аркак жана ыкчам чараларды көрүүгө;
- Жарандык коргонуунун өрткө каршы кызматынын, авариялык-сактоо, издөө-сактоо жана башка ыкчам башкармалыктарынын гарнизондогу күчтөрү жана каражаттары дайыма даярдыкта болуусуна;
- Жарандык коргонуунун аймактык тутумчасынын иштөө режиминин өзгөрүүсүнө башкаруу белгилерин алууга-берүүгө.
Бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик кызмат өзүнүн ишмердүүлүгүндө авариялык-диспетчердик кызматтар менен дайыма маалымат алмашышат жана чогултушат:
- медициналык тез жардам;
- коммуналдык кызматтар;
- аэропорттор;
- ички иштер органдары;
- энергосектор уюмдары жана башка кызматтар менен.
3. Калкка маалымдоонун жана кабарландыруунун жалпы мамлекеттик комплекстүү тутумунун түзүлүшү жана өнүгүшү.
Өзгөчө кырдаалдар түзүлгөндө Калкка маалымдоонун жана кабарландыруунун жалпы мамлекеттик комплекстүү тутуму калкка, ишканаларга жана уюмдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын өз убагында жана туура маалымат менен камсыздоого жана калктын талаптарын канааттандырууга багытталган.
Калкка маалымдоонун жана кабарландыруунун жалпы мамлекеттик комплекстүү тутумунун өнүгүшү калктын жарандык коргонуусун, өрт коопсуздугун камсыздоодо, жарандарды өзгөчө кырдаалдар боюнча өз убагында жана ыкчам кабарлоодо жогорку натыйжалуулукка жетишүүгө, мүмкүн боло турган террордук акттарда, тартип бузуулардын, тополоңдордун абалы жөнүндө эл көп топтолгон жерлерде заманбап техникалык каражаттардын негизинде мониторингди уюштурууга максат кылынган.
Бул долбоор пилоттук деп эсептелет жана ишке ашыруу Бишкек жана Ош шаарларында пландалууда.
Калкка маалымдоонун жана кабарландыруунун жалпы мамлекеттик комплекстүү тутумунун курамына төмөнкүлөрдү киргизүү каралууда:
- маалыматтык борбор;
- калкты көчөлөрдөн маалымдоо жана кабарландыруу пункттары;
- калкты имараттарда эл көп чогулган жайларда маалымдоо жана кабарландыруу пункттары;
- калкты унаа каражаттарында маалымдоо жана кабарландыруу пункттары.
Маалымат борбору төмөнкүлөрдөн турушу зарыл:
- маалыматтын талап кылынган форматында калкка маалымдоонун жана кабарландыруунун жалпы мамлекеттик комплекстүү тутумунун терминалдык комплекстери үчүн маалыматтарды даярдоону ишке ашыруучу берүү борборунан;
- визуалдык жана телеметрикалык маалыматтын айрым чен-өлчөмдөрү боюнча топтоо үчүн арналган маалыматты топтоо жана иштеп чыгуу борборунан;
- калкка маалымдоонун жана кабарландыруунун жалпы мамлекеттик комплекстүү тутумунун объектилерин бириктирүүчү тармактын жумушка жарамдуулугун колдоо маселелерин чечүүчү маалыматтарды берүү тармагынын башкаруу борборунан;
- кепилденген электрдик азыктандыруу тутумунан, кондиционерлөө жана климат-көзөмөлдөн, күзөттү, өрт коопсуздугун, суу менен жабдууну, канализацияны камсыздоону ж.б.
Калкты көчөлөрдөн маалымдоо жана кабарландыруу пункттарына эл көп топтолгон жайларга жайгаштырылуучу терминалдык комплекстер кирет, мисалы, шаарга кирүү жана чыгуу орундары, шаар магистралдарынын кесилиштери, аянттары, көчөлөр, стадиондор, вокзалдар, аэропорттор, гипермаркеттер, метрополитендердин ири бекеттери ж.б. жана өз курамында төмөнкү техникалык каражаттар болуусу керек:
1. Терминалдык комплекстин сервери;
2. Байланыштын жана маалыматтарды берүү тутумчасынын жана маалыматтык коопсуздук тутумчасынын түпкү жабдуусу;
3. Түстүү диоддуу экрандар;
4. Видеобайкоо камералары;
5. Үн коштоо жана маалымдоо тутумчасынын үн күчөтүүчү жабдуусу;
6. Радиациялык жана химиялык тутумчанын түпкү жабдуусу.
Калкты имараттарда эл көп чогулган жайларда маалымдоо жана кабарландыруу пункттарына (толук түстүү экран) эл көп чогулган жерлерде жайгашкан терминалдык комплекстер кирет жана өз курамында төмөнкү техникалык каражаттар болуусу керек:
1. Терминалдык комплекстин сервери;
2. Байланыштын жана маалыматтарды берүү тутумчасынын жана маалыматтык коопсуздук тутумчасынын түпкү жабдуусу;
3. Толук түстөгү плазмалык (суюк кристаллдуу) панелдер;
4. Үн коштоо жана маалымдоо тутумчасынын үн күчөтүүчү жабдуусу;
5. Видеобайкоо камералары.
Унаа каражаттарында калкты маалымдоо жана кабарландыруу пункттарына жалпы пайдалануудагы унаа каражаттарына орнотулуучу курамына башкаруу компьютерлери, экрандары кирүүчү терминалдык комплекстер кирет, мисалы, поезддердин вагондорунда, автобустарда, троллейбустарда ж.б.
Долбоор 2013-жылдын 28-июнунда жабылат.
Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу, 2011-жылдын 3-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Табигый кырсыктардын кооптуулугун башкаруу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндөгү Макулдашуу күчүнө кирүү үчүн зарыл болгон мамлекеттин ички жол-жоболорун жүргүзүү максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 2011-жылдын 3-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Табигый кырсыктардын кооптуулугун башкаруу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндөгү Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнөтүлөт.
Мурда "Табигый кырсыктардын кооптуулугун башкаруу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндөгү Макулдашуунун долбоору ушул жылдын 2-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитети менен, ушул жылдын 14-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргонуу жана укуктук тартип боюнча комитети менен жана ушул жылдын 3-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана каржы боюнча комитети менен макулдашылган.
Министр | Б.Борбиев
|