ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы №418 «2010-жылдын 5-июлунда Астана шаарында кол коюлган Евразия экономикалык шериктештигинин Сотунун Статутун ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому

Редакция27.07.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 27-июлу № 418

"2010-жылдын 5-июлунда Астана шаарында кол коюлган Евразия экономикалык шериктештигинин Сотунун Статутун ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "2010-жылдын 5-июлунда Астана шаарында кол коюлган Евразия экономикалык шериктештигинин Сотунун Статутун ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер-министр

А.Атамбаев

 

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"2010-жылдын 5-июлунда Астана шаарында кол коюлган Евразия экономикалык шериктештигинин Сотунун Статутун ратификациялоо жөнүндө"

 

1-берене.

 

"2010-жылдын 5-июлунда Астана шаарында кол коюлган Евразия экономикалык шериктештигинин Сотунун Статуту ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Статутун күчүнө киришине Евразия экономикалык коомдоштугунун Интеграциялык комитети болуп эсептелген депозитарийге зарыл ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө кабардар кылсын.

 

3-берене.

 

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти