Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 28-июлу № 419
"2009-жылдын 9-октябрында Кишинев шаарында кол коюлган 1992-жылдын 13-мартындагы Бажы саясатынын принциптери жөнүндө макулдашуунун колдонуусун токтотуу тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
2009-жылдын 9-октябрында Кишинев шаарында кол коюлган 1992-жылдын 13-мартындагы Бажы саясатынын принциптери жөнүндө макулдашуунун колдонуусун токтотуу тууралуу Протоколдун 2-беренесине, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "2009-жылдын 9-октябрында Кишинев шаарында кол коюлган 1992-жылдын 13-мартындагы Бажы саясатынын принциптери жөнүндө макулдашуунун колдонуусун токтотуу тууралуу Протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аталган долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | А.Атамбаев |
Долбоор
1-берене.
2009-жылдын 9-октябрында Кишинев шаарында кол коюлган 1992-жылдын 13-мартындагы Бажы саясатынын принциптери жөнүндө макулдашуунун колдонуусун токтотуу тууралуу Протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы бул Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаргандыгы тууралуу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарласын.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|