Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-июлу № 424
Кыргыз Республикасынын Жазык аткаруу тутумунун № 50 түзөтүү мекемеси жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-мартындагы № 158 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Жазык аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Төмөнкү-Нооруз айылында жайгашкан № 50 мекемеси түзөтүү мекемеси - түрмө болуп кайра түзүлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-мартындагы № 158 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы эки айлык мөөнөттө:
- түзөтүү мекемеси - түрмө жөнүндө жобо иштеп чыгып, аны бекитсин;
- түзөтүү мекемеси - түрмөнүн түзүмүн жана персоналынын штаттык расписаниесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын персоналынын штаттык санынын чегинде бекитсин;
- түзөтүү мекемеси - түрмөнүн атайын жайларын жана аймагын кайра жабдысын жана Кыргыз Республикасынын кылмыш-аткаруу мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык келтирсин;
- түзөтүү мекемеси - түрмө алдында тергөө изолятору режиминде иштеген атайын жай түзсүн;
- түзөтүү мекемеси - түрмөнү түзүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардын чегинде ишке ашырсын.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-мартындагы № 158 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ө. Бабанов
|