Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-сентябрындагы № 541 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-июлу № 433
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мамлекеттик кызматчыларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттарын андан ары өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мамлекеттик кызматчыларына 2011-жылдын 1-июнунан тартып минималдуу базалык ставка - 5500 сом жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясынын кызматкерлерине минималдуу базалык ставка -4000 сом болуп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 1-пунктун ишке ашыруу үчүн бюджеттен кошумча финансылык каражаттарды издеп тапсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А. Атамбаев |