Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 6-апрели № 197 токтомуна ылайык
кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-сентябры № 541
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттарын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- 1-пункттун экинчи абзацындагы "1-20" цифралары "1 - 20-1" цифралары менен алмаштырылсын;
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы № 20-1 тиркеме менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 433 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Бул токтом 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министри |
| Дж.К. Оторбаев |
Тиркеме
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 токтомуна № 20-1 тиркеме |
№ | Кызматтардын аталышы | Кызматтык маяналар (сом менен) |
1 | Башкы редактор | 10000 |
2 | Директор - башкы редактордун биринчи орун басары, жооптуу редактор | 9200 |
3 | Башкы редактордун орун басары | 8800 |
4 | Редакция башчысы | 8000 |
5 | Жетектөөчү редактор | 7200 |
6 | Илимий редактор | 5600 |
7 | Редактор | 4800 |
8 | Оператор (кенже редактор) | 4000 |
9 | Бөлүм башчы, сүрөт редактору, улуу бухгалтер | 7200 |
10 | Техникалык редактор, системалык администратор, калыптоочу улуу оператор | 5600 |
11 | Калыптоочу оператор | 4800 |
12 | Референт-катчы, бухгалтер-кассир | 4000 |
"