Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз
Каталог/Токтом
ТоктомКүчүндө

КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 11-августундагы №462 «Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунда аскердик багыттагы продукция чыгарууга катышуучу ишканалардын жана уюмдардын адистешүүсүн сактоо тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» токтому

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 462
Кабыл алынган
2011-жылдын 11-августу
Чыгарган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

Каттоо жана жарыялоо

Реестрде
2011-жылдын 12-августу

Реестрде

Минюст коду
92765

Минюсттун расмий барагы

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Редакция11.08.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 11-августу №462

 

Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунда аскердик багыттагы продукция чыгарууга катышуучу ишканалардын жана уюмдардын адистешүүсүн сактоо тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу

Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунда аскердик багыттагы продукция чыгарууга катышуучу ишканалардын жана уюмдардын адистешүүсүн сактоо тууралуу макулдашуунун 14-беренесине ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунда аскердик багыттагы продукция чыгарууга кагышуучу ишканалардын жана уюмдардын адистешүүсүн сактоо тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер- министри

А.Атамбаев

 

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунда аскердик багыттагы продукция чыгарууга катышуучу ишканалардын жана уюмдардын адистешүүсүн сактоо тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө

 

1-берене.

 

Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунда аскердик багыттагы продукция чыгарууга катышуучу ишканалардын жана уюмдардын адистешүүсүн сактоо тууралуу макулдашуу ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун катчылыгына билдирсин.

 

3-берене.

 

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.