Редакцияот 11.08.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 11-августу №463

Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган "Аскердик багыттагы продукция чыгаруу боюнча жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунда Мамлекеттер аралык илимий-өндүрүштүк бирикмелерди түзүүнүн жалпы принциптери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Аскердик багыттагы продукция чыгаруу боюнча жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунда Мамлекеттер аралык илимий-өндүрүштүк бирикмелерди түзүүнүн жалпы принциптери жөнүндө макулдашуунун 15-беренесине ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган "Аскердик багыттагы продукция чыгаруу боюнча жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунда Мамлекеттер аралык илимий-өндүрүштүк бирикмелерди түзүүнүн жалпы принциптери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер-министр

 

А.Атамбаев

 

 

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ  Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган "Аскердик багыттагы продукция чыгаруу боюнча жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунда Мамлекеттер аралык илимий-өндүрүштүк бирикмелерди түзүүнүн жалпы принциптери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене.

 

Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Аскердик багыттагы продукция чыгаруу боюнча жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунда Мамлекеттер аралык илимий-өндүрүштүк бирикмелерди түзүүнүн жалпы принциптери жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл мамлекеттик ички жолжоболордун Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун катчылыгына билдирсин.

 

3-берене.

 

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти