КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 15-августу №468
Чыгарылышы ишке ашпай калды же жараксыз деп таанылган баалуу кагаздарды төлөп берүүнүн эсебинен эмитент алган акча каражаттарын (мүлктү) баалуу кагаздардын ээлерине кайтарып берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чыгарылышы ишке ашпай калды же жараксыз деп таанылган баалуу кагаздарды төлөп берүүнүн эсебинен эмитент алган акча каражаттарын (мүлктү) баалуу кагаздардын ээлерине кайтарып берүүнүн тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
3. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министри |
А.Атамбаев |