Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-августундагы № 468 токтому менен бекитилген
|
1. Жалпы жоболор
2. Жүгүртүүдөн баалуу кагаздарды алуунун жана инвестиция
каражат тарын баалуу кагаздардын ээлерине кайтарып
берүүнүн жол-жоболору жана этаптары
3. Жүгүртүүдөн баалуу кагаздарды алууну жана инвестиция
каражаттарын кайтарып берүүнү уюштуруунун тартиби
4. Кайтарылып берилүүгө тийиш болгон инвестиция
каражаттарынын өлчөмдөрүн аныктоонун тартиби
5. Баалуу кагаздарды жүгүртүүдөн алуунун тартиби
6. Инвестиция каражаттарын кайтарып берүүнүн тартиби
7. Корутунду жоболор
1-тиркеме. Инвестиция каражаттарын баалуу кагаздардын ээлерине
кайтарып берүү ведомосту
2-тиркеме. Баалуу кагаздардын ээсине билдирүү
3-тиркеме. Инвестиция каражаттарын кайтарып берүү жөнүндө арыз
1. Бул Жобо "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана чыгарылышы ишке ашпай калды, же жараксыз деп таанылган баалуу кагаздарды төлөп берүүнүн эсебинен эмитент алган акча каражаттарды (мүлктү) баалуу кагаздардын ээлерине кайтарып берүүнүн тартибин, ушул жобо аныктайт.
2. Бул жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
- инвестиция кылуу каражаттары - акча каражаттарын, башка мүлктөрдү жайгаштыруу учурунда учурунда эмиссиялуу баалуу кагаздарга төлөнгөн акылардан эмитент алган акча каражаттары, башка мүлктөр (баалуу кагаздар, кыймылдуу, кыймылсыз мүлктөр, же акчалай баасы бар мүлктүк укуктар же башка укуктар);
- баалуу кагаздардын ээлери - чыгарылбай калды же жараксыз деп таанылган чыгарылыштагы баалуу кагаздарды сатып алган жеке же юридикалык жак.
3. Баалуу кагаздардын чыгарылышы ишке ашпай калды же жараксыз деп таанылган учурда баалуу кагаздардын эмитенти аларды жүгүртүүдөн алып таштоого жана инвестиция кылуу каражаттарын баалуу кагаздардын ээлерине кайтарып берүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
4. Жакырланды (банкрот) деп таанылган эмитент инвестиция каражаттарын кайтарып берүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте иш жүзүнө ашырат.
5. Баалуу кагаздарды жүгүртүүдөн алуунун жана инвестиция каражаттарын баалуу кагаздардын ээлерине кайтарып берүүнүн жол-жоболору төмөнкүдөй этаптардан турат:
1) баалуу кагаздарды жүгүртүүдөн алууну жана инвестиция каражаттарын баалуу кагаздардын ээлерине кайтарып берүүнү уюштуруу боюнча комиссияны эмитенттин түзүү;
2) жүгүртүүдөн алынуучу баалуу кагаздардын жана баалуу кагаздардын ээлерине кайтарылып берилүүчү инвестиция каражаттарынын жалпы сандарын аныктоо;
3) жүгүртүүдөн алынуучу баалуу кагаздардын ар бир ээсинин баалуу кагаздарынын сандарын жана баалуу кагаздардын ар бир ээсине кайтарылып берилүүчү инвестиция кылуучу каражаттардын өлчөмдөрүн аныктоо;
4) баалуу кагаздарды жүгүртүүдөн алуу жана баалуу кагаздардын ээлерине инвестиция каражаттарын кайтарып берүү тартиптери жөнүндөгү маалыматтарды ачыкка чыгаруу;
5) жүгүртүүдөн баалуу кагаздарды алуу, анын ичинде документтик формада чыгарылган баалуу кагаздардын сертификаттарын чогултуп алуу;
6) баалуу кагаздардын ээлерине инвестиция каражаттарын кайтарып берүү;
7) баалуу кагаздар жүгүртүүдөн алынгандан кийин, эмитент инвестиция каражаттарын баалуу кагаздардын ээлерине кайтарып берүүгө милдеттүү.
6. Мамлекеттик каттоодон өткөн баалуу кагаздардын чыгарылышын жаратпай таштоо жөнүндөгү чечим кабыл алынган учурдан тартып эмитент баалуу кагаздарды жүгүртүүдөн алууну жана инвестиция каражаттарын баалуу кагаздардын ээлерине кайтарып берүүнү уюштуруу боюнча комиссияны түзүүгө (мындан ары - Комиссия) милдеттүү. Комиссия өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жана ушул Жобого, ошондой эле эмитенттин уюштуруу документтерине ылайык инвестициялык каражаттарды кайтарып берүү менен байланышкан баардык жол-жоболор бүткөнгө чейинки баардык мезгилдин ичинде, жүргүзө берет.
7. Комиссиянын мүчөлөрүнүн саны үч адамдан кем болбошу керек. Комиссиянын мүчөлөрү эмитенттин жетекчисинин буйругу менен дайындалат. Чыгарылышы ишке ашпай калды же жараксыз деп таанылган баалуу кагаздардын ээлери комиссиянын курамына мүчө боло албайт. Баалуу кагаздар рыногу боюнча мамлекеттик орган койгон талаптын негизинде чыгарылышы ишке ашпай калды деп чыгарылган чечимге ылайык эмитенттеги комиссиянын курамына баалуу кагаздар рыногу боюнча мамлекеттик органдын өкүлү киргизилиши керек.
Комиссиянын мүчөлөрүнүн арасынан комиссиянын төрагасы дайындалат (шайланат).
8. Комиссия:
1) чыгарылышы ишке ашпай калды же жараксыз деп таанылган баалуу кагаздарды жүгүртүүдөн алууну камсыз кылат;
2) инвестиция каражаттарын кайтарып берүүнүн тартиптери жөнүндө баалуу кагаздардын ээлерине билдирет;
3) аталышы бар баалуу кагаздардын реестрин эмитент өз алдынча жүргүзгөн учурда баалуу кагаздардын сертификаттарын кабыл алат жана эсепке алат;
4) инвестиция каражаттарын баалуу кагаздардын ээлерине кайтарып берүүнү уюштурат;
5) баалуу кагаздардын ар бир ээсине кайтарылып берилүүчү инвестиция каражаттарынын өлчөмдөрүн аныктайт;
6) баалуу кагаздардын ар бир ээсине кайтарылып берилүүчү инвестиция каражаттарынын ведомостун түзөт;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо көрсөтүлгөн башка аракеттерди жүзөгө ашырат.
9. Баалуу кагаздардын чыгарылышынын мамлекеттик каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып Комиссия баалуу кагаздардын ээсине кайтарылып берилүүчү инвестиция каражаттарынын ведомостун (мындан ары - Ведомость) түзүүгө милдеттүү. Ведомость чыгарылышы мамлекеттик каттоодон өткөн баалуу кагаздардын ээлеринин тизмесинин негизинде түзүлөт.
10. Ведомостто төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
- баалуу кагаздарды жайгаштыруу учурунда чыгарылышы ишке ашпай калды же жараксыз деп таанылган баалуу кагаздардын төлөнгөн жалпы саны (жарым-жартылай төлөнгөн баалуу кагаздардын санын жана өлчөмүн көрсөтүү менен);
- баалуу кагаздарга төлөнгөн төлөөлөрдүн эсебинен эмитент алган инвестиция каражаттарынын жалпы өлчөмү (баалуу кагаздарга акчалай жана акчалай эмес каражаттар менен төлөнгөн учурда, ушул категориялардын ар бири боюнча каражаттардын жалпы өлчөмдөрү өз өзүнчө көрсөтүлүүгө тийиш);
- баалуу кагаздардын ар бир ээсине кайтарылып берилүүчү инвестиция каражаттарынын өлчөмдөрү;
- ушул Жобонун 1-тиркемесинде каралган башка маалыматтарды.
11. Бир чыгарылыштагы баалуу кагаздарга карата ведомосттун формасы (ушул Жобонун 1-тиркемеси) түзүлөт, ведомостту акционердик коомдун директорлор кеңеши же аткаруу органы (эгерде коом директорлор кеңешин түзбөй туруп эле өз ишмердигин жүргүзсө) бекитет жана эмитенттин мөөрү басылып, күбөлөндүрөт.
12. Комиссия түзүлгөн учурдан тартып жүгүртүүдөн алынып ташталуучу баалуу кагаздардын ээлери жөнүндө маалыматты берүүнүн зарылдыгы жөнүндө билдирүүнү баалуу кагаздардын номиналдарын кармоочуга жөнөтүүгө милдеттүү. Мындай билдирүүдө жүгүртүүдөн алынып ташталууга тийиш болгон баалуу кагаздардын чыгарылышынын түрү, категориясы, мамлекеттик каттоодон өткөн күнү, сериясы жана баалуу кагаздардын чыгарылышынын мамлекеттик каттоо номери, көрсөтүлүшү керек. Номиналды кармоочулар ушул пунктта көрсөтүлгөн билдирүүнү алган күндөн тартып 3 күндөн кечикпеген мөөнөттө баалуу кагаздардын ээлери жөнүндөгү төмөнкүдөй маалыматтарды эмитентке берүүгө милдеттүү:
- баалуу кагаздардын ээлеринин аты-жөнү (толук фирмалык аталышы), анын почталык дареги же жашаган жери;
- ар бир ээлик кылуучунун баалуу кагаздарынын сандары, мында жүгүртүүдөн алынып салынууга тийиш болгон баалуу кагаздардын чыгарылышын мамлекеттик каттоонун категориялары, сериялары, күнү жана мамлекеттик каттоо номерин көрсөтүлөт. Жүгүртүүдөн алынып ташталуучу баалуу кагаздардын ээлери жөнүндөгү толук эмес же жалган маалыматтарды берген учурда номиналдык кармоочулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат;
- баалуу кагаздардын акысы төлөнгөндүгүн ырастоочу документтер.
13. Жүгүртүүдөн алынып ташталуучу баалуу кагаздардын ээлеринин же алардын ишенимдүү адамдарынын баалуу кагаздардын ээлеринин мураскорлорунун койгон талаптары боюнча эмитент белгиленген тартипте ведомостту таанышуу үчүн аларга берүүгө милдеттүү.
14. Инвестиция каражаттары акча түрүндө кайтарылып берилет. Баалуу кагаздарды сатып алуу учурунда чет элдик валюталар менен төлөнгөн акча каражаттары төлөмдү төгүп берген күндөгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аныктаган курс менен сомдук эквивалентте кайтарылып берилет.
15. Инвестиция каражаттарын кайтарып берүү бухгалтердик эсептин маалыматтарына, аталышы бар баалуу кагаздардын ээлеринин реестринде каралган маалыматтарга жана (же) депозитардык эсептин маалыматтарына ылайык мындай баалуу кагаздардын төлөмү же ал төлөмдүн бир бөлүгү өлчөмүндө (баалуу кагаздын акысын жарым-жартылай төлөгөн учурда) жүзөгө ашырылат.
16. Акча каражаттары жетишсиз болуп калган учурда эмитент ушул Жободо каралган өлчөмдөгү инвестиция каражаттарын өз мезгилинде кайтарып берүү максатында чараларды көрүүгө милдеттүү.
17. Баалуу кагаздардын чыгарылышынын мамлекеттик каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып Комиссия 3 күндөн кеч эмес мөөнөттө бул тууралуу баалуу кагаздардын ээлерине, ошондой эле баалуу кагаздардын номиналдарын кармоочуларга билдирүүгө (мындан ары Билдирүү) милдеттүү. Бул Билдирүүдө төмөнкүдөй мазмундагы маалыматтар камтылууга тийиш:
1) баалуу кагаздар эмитентинин толук фирмалык аталышы;
2) баалуу кагаздардын чыгарылышын жараксыз деп таануу жөнүндө чечимди кабыл алуучу мамлекеттик каттоо органынын аталышы;
3) соттук тартипте баалуу кагаздардын чыгарылышы жараксыз деп табылган учурда баалуу кагаздардын чыгарылышын жараксыз деп таануу жөнүндө чечимди кабыл алган соттун аталышы, соттук акт кабыл алынган күн, баалуу кагаздардын чыгарылышын жараксыз деп таануу жөнүндө соттук актынын мыйзамдык күчүнө кирген күнү;
4) каттоочунун толук фирмалык аталышы, анын почталык дареги (эгерде каттоочу баалуу кагаздардын ээлеринин реестрин жүргүзсө);
5) баалуу кагаздардын формасы, категориясы, сериясы, түрү, баалуу кагаздардын чыгарылышынын мамлекеттик катталган номери жана мамлекеттик каттоого алынган күн, чыгарылышы ишке ашпай калды же жараксыз деп таанылган баалуу кагаздардын чыгарылышын мамлекеттик каттоого алган каттоочу органдын аталышы;
6) баалуу кагаздардын чыгарылышын мамлекеттик каттоого алуу жараксыз кылынган күн;
7) баалуу кагаздардын ээсинин аты-жөнү (толук фирмалык аталышы);
8) баалуу кагаздардын ээсинин жашаган жери (почталык дареги);
9) баалуу кагаздардын ээсинин категориясы (биринчи жана (же) башка сатып алуучу);
10) баалуу кагаздардын ээсинен алынууга тийиш болгон баалуу кагаздардын саны, түрүн, категориясын, сериясын көрсөтүү менен;
11) баалуу кагаздардын ээсине кайтарылып берилүүгө тийиш болгон инвестиция каражаттарынын өлчөмү;
12) баалуу кагаздарды жүгүртүүдөн алуунун жана инвестиция каражаттарын кайтарып берүүнүн тартиптери жана мөөнөттөрү;
13) мамлекеттик каттоого алынган чыгарылышы жарабай калган баалуу кагаздар менен келишимди жасоого жол берилбей тургандыгын көрсөтүү;
14) баалуу кагаздардын ээлери арыздарын, сертификаттарын (документтик түрдө) бергенден кийин гана инвестиция каражаттары кайтарылып бериле тургандыгын көрсөтүү;
15) инвестиция каражаттарын кайтарып берүү жөнүндө арызды жөнөтүүчү дарек, эмитенттин байланыш телефондору.
18. Билдирүүгө комиссиянын төрагасы кол коюшу керек жана эмитенттин мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек. Билдирүүнүн формасы ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык келүүгө тийиш.
Инвестиция каражаттарын кайтарып берүү жөнүндө баалуу кагаздардын ээсинин арызынын бланкы Билдирүүгө (3-тиркеме) тиркелип берилиши керек.
19. Коомго эмиссия кылынган учурда Комиссия баалуу кагаздарды жүгүртүүдөн алуунун жана инвестиция каражаттарын кайтарып берүүнүн тартиптери жөнүндө билдирүүнү ушул Жобонун 17-пунктунда каралган мөөнөттө жарыя кылууга милдеттүү. Мындай билдирүү баалуу кагаздары жүгүртүүдөн алынып жаткан ээлик кылуучуларга жеткиликтүү болгон мезгилдүү басылмаларга жарыяланышы керек. Баалуу кагаздарды жүгүртүүдөн алуунун жана инвестиция каражаттарын кайтарып берүүнүн тартиптери жөнүндөгү билдирүүдө ушул Жобонун 17-пунктунда каралган маалыматтар (6-10-пунктчаларда каралган маалыматтарды кошпогондо) камтылышы керек.
20. Документтелген баалуу кагаздардын ээлери билдирүүнү алган күндөн тартып 3 күндөн кечикпеген мөөнөттө чыгарылышы ишке ашпай калды же жараксыз деп табылган баалуу кагаздардын сертификаттын эмитентке бериши же жөнөтүшү керек.
21. Жараксыз кылынган учурдан тартып баалуу кагаздар жүгүртүүдөн алынды деп эсептелет.
22. Коомго сунуштоо ишке ашпай калды деп таанылган учурда:
- баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуу ишке ашпай калды деп таанылгандан кийинки 3 жумушчу күндүн ичинде баалуу кагаздарды жайгаштыруудан алынган акча каражаттары инвесторго кайтарылып берилет;
- ошол баалуу кагаздарды коомго сунуш кылган эмитенттин эсебине баалуу кагаздар кайта келип түшөт. Коомго сунуштоо ишке ашпай калды деп таанылган баалуу кагаздар жараксыз кылынууга тийиш.
Жараксыз болуп калган баалуу кагаздарды коомго жана жеке жактарга сунуштоо менен байланышкан баардык чыгымдар ошол баалуу кагаздарды коомго жана жекече сунуш кылган эмитенттин эсебине тийиштүү болот.
23. Жекече сунуш кылуу жолу менен баалуу кагаздардын эмиссиясына жеке инвестициянын каражаттарын кайтарып берүүнүн тартиби коомго сунушталган каражаттарды кайтарып берүү тартибине окшош.
24. Билдирүүгө тиркелүүчү инвестиция каражаттарын кайтарып берүү жөнүндөгү баалуу кагаздардын ээсинин арызынын бланкында төмөнкүдөй маалыматтар камтылышы керек:
- баалуу кагаздардын ээсинин аты-жөнү (толук фирмалык аталышы);
- баалуу кагаздардын ээсинин жашаган жери (почталык дареги);
- баалуу кагаздардын ээсине кайтарылып берилүүчү инвестиция каражаттарынын суммасы сом менен.
25. Жүгүртүүдөн алынып жаткан баалуу кагаздардын ээси же анын өкүлү арызга кол коюшу керек. Арызга баалуу кагаздардын ээсинин өкүлү кол койгон учурда, анын ыйгарым укугун ырастоочу документтер кошо тиркелиши керек. Инвестиция каражаттарын кайтарып берүү жөнүндөгү баалуу кагаздардын ээсинин арызынын формасы ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык келиши керек.
26. Баалуу кагаздардын ээси билдирүүнү алган учурдан тартып инвестиция каражаттарын кайтарып берүү жөнүндө арызды жүгүртүүдөн алынып жаткан баалуу кагаздардын ээси эмитентке жөнөтүшү керек. Билдирүүдө көрсөтүлгөн кайтарылып берилүүчү инвестиция каражаттарынын өлчөмүнө баалуу кагаздардын ээси макул болбогон учурда, ал ушул пунктта көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде тиешелүү арызды эмитентке жөнөтүүгө тийиш.
Арызда баалуу кагаздардын ээсинин макул болбой тургандыгынын себептери жана негиздери, ошондой эле анын жүйөөлөрүн ырастоочу документтер көрсөтүлүшү керек. Баалуу кагаздардын ээси кайтарылып берилүүчү инвестиция каражаттарынын өлчөмүнө жана шарттарына макул эместиги жөнүндөгү арызды алдын ала макулдашпай туруп, эмитенттен инвестиция каражаттарын өндүрүп берүү жөнүндө талаптар менен сотко кайрылууга, укуктуу.
27. Кайтарылып берилүүчү инвестиция каражаттарынын өлчөмүнө жана шарттарына макул эместиги жөнүндөгү баалуу кагаздардын ээсинин арызын алган күндөн тартып Комиссия аны карап чыгууга жана баалуу кагаздардын ээсине экинчи Билдирүүнү жөнөтүүгө милдеттүү. Экинчи Билдирүүдөгү кайтарылып берилүүчү инвестиция каражаттарынын өлчөмүнө жана шарттарына баалуу кагаздардын ээси макул болбой турган болсо анда баалуу кагаздардын ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмитенттен инвестиция каражаттарын өндүрүп берүү талабы менен сотко кайрылууга укуктуу.
28. Инвестиция каражаттарын кайтарып берүү баалуу кагаздардын ээсинин эсебине которуу же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же эмитент менен баалуу кагаздардын ээсинин ортосундагы келишимде каралган башка ыкмалар аркылуу жүзөгө ашырылат.
29. Баалуу кагаздардын ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте эмитенттен инвестиция каражаттарын өндүрүп берүү талабы менен сотко кайрылууга укуктуу.
30. Инвестиция каражаттарын баалуу кагаздардын ээсине кайтарып берүүгө байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте эмитент тарабынан төлөнүп берилет.
31. Эмитенттин кызмат адамынын аракеттеринде кылмыштын курамы бар болсо, анда баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган инвестиция каражаттарын кайтарып берүү учурунда эмитент тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулган фактылар боюнча текшерүүлөрдүн материалдарын баалуу кагаздардын ээсинин укуктарын коргоо максатында укук коргоо органдарына жөнөтөт.
1-тиркеме
1. Баалуу кагаздарды алууну уюштуруу боюнча комиссиянын мүчөлөрү тарабынан ушул ведомость түзүлдү ______________________________________ _______________________________________________________________________
(эмитенттин фирмалык толук аталышы)
инвестиция каражаттарын жүгүртүүдөн алуучу жана баалуу кагаздардын ээлерине кайтарып берүүчү комиссиянын курамы:
_______________________________________________________________________
(Комиссиянын ар бир мүчөсүнүн аты-жөнү, иштеген
_______________________________________________________________________
жери, кызмат орду көрсөтүлөт)
2. _______________________________________________________________
(эмитенттин дареги жана аны мамлекеттик каттоодон өткөргөн
_______________________________________________________________________
органдын аталышы, каттоодон өткөн күн, каттоо номери көрсөтүлөт)
3. Жүгүртүүдөн алынышы керек______________________________________
(чыгарылган баалуу кагаздардын
__________________________________________________________________
ар биринин түрү, категориясы, жалпы саны көрсөтүлөт)
4. Чыгарылган баалуу кагаздар мамлекеттик каттоого алынды
_______________________________________________________________________
(Каттоого алган орган, мамлекеттик каттоого алынган күн,
_______________________________________________________________________
чыгарылыштын мамлекеттик каттоодон өткөн номери көрсөтүлөт)
5. Баалуу кагаздарды жүгүртүүдөн алуунун негиздери: ______________ _______________________________________________________________________
(баалуу кагаздардын чыгарылышы жараксыз деп таануу
_______________________________________________________________________
жөнүндө чечимди кабыл алган каттоочу орган, мындай чечим кабыл
_______________________________________________________________________
алынган күн жана анын номери же баалуу кагаздардын чыгарылышы
_______________________________________________________________________
жараксыз деген актыны чыгарган соттун аталышы, мындай соттук акт
_______________________________________________________________________
кабыл алынган күн, актынын мыйзамдуу күчүнө кирүүчү күн көрсөтүлөт).
6. Жарабай калды же жараксыз деп таанылган, жайгаштыруу учурунда акы төлөнгөн баалуу кагаздардын жалпы саны (мында толук төлөнбөгөн баалуу кагаздардын саны жана көлөмү көрсөтүлөт) __________________________ ________________________________________________________ даананы түздү.
7. Жарабай калды же жараксыз деп таанылган, чыгарылган баалуу кагаздарга акы төлөөнүн эсебинен эмитент иш жүзүндө алган инвестиция каражаттарынын жалпы көлөмү _____________________________________________ сомду түздү.
8. Баалуу кагаздардын ээлерине кайтарылып берилүүгө тийиш болгон инвестиция каражаттарынын жалпы көлөмү, ошондой эле баалуу кагаздардын ээлерине кайтарылып берилүүчү инвестиция каражаттарынын көлөмү.
Комиссиянын төрагасынын жана
мүчөлөрүнүн койгон колдору:_______________________________________
(аты-жөнү)
_______________________________________
(аты-жөнү)
_______________________________________
(аты-жөнү)
М.О.
2-тиркеме
Баалуу кагаздардын ээсине билдирүү
___________шаары, 20___-жылдын_______________________
1.________________________________________________________________
(эмитенттин толук фирмалык аталышы көрсөтүлөт)
баалуу кагаздары жүгүртүүдөн алынгандыгы жана инвестиция каражаттары
баалуу кагаздардын ээлерине кайтарылып берилээри жөнүндө_______________ _______________________________________________________________________
(баалуу кагаздардын ээсинин аты-жөнү
_______________________________________________________________________
(фирмалык толук аталышы) көрсөтүлөт)
билдирет.
2.________________________________________________________________
(эмитенттин почталык дареги жана аны мамлекеттик каттоодон өткөргөн _______________________________________________________________________ органдын аталышы, каттоодон өткөн күн, каттоо номери көрсөтүлөт)
3. Сизге таандык баалуу кагаздар жүгүртүүдөн алынат ______________ _______________________________________________________________________
(баалуу кагаздардын түрү, категориясы, сериясы, жалпы саны, ар бир
_______________________________________________________________________ баалуу кагаздын өздүк наркы көрсөтүлөт)
4. Чыгарылган баалуу кагаздар мамлекеттик каттоого алынды _________ _______________________________________________________________________ (каттоого алган орган, мамлекеттик каттоого алынган күн, чыгарылыштын
_______________________________________________________________________ мамлекеттик каттоодон өткөн номери көрсөтүлөт)
5. Баалуу кагаздарды жүгүртүүдөн алуунун негиздери: ______________ _______________________________________________________________________
(баалуу кагаздардын чыгарылышы жарабай калды деп таануу жөнүндө
_______________________________________________________________________
чечимди кабыл алган каттоочу орган, мындай чечим кабыл алынган күн
_______________________________________________________________________
жана анын номери же баалуу кагаздардын чыгарылышы жараксыз деп
_______________________________________________________________________ таануу жөнүндө актыны чыгарган соттун аталышы, мындай соттук акт
_______________________________________________________________________ кабыл алынган күн, актынын мыйзамдуу күчүнө кирүүчү күн көрсөтүлөт).
6.________________________________________________________________
(каттоочунун фирмалык аталышы, анын почталык дареги (эгерде
_______________________________________________________________________
аталышы бар баалуу кагаздардын ээлеринин реестрин каттоочу
_______________________________________________________________________
жүргүзсө) көрсөтүлөт)
7. Кайтарылып берилүүчү каражаттардын өлчөмү_________________сомду түзөт.
8.________________________________________________________________
(баалуу кагаздарды алуунун жана инвестиция каражаттарын
_______________________________________________________________________
кайтарып берүүнүн тартиптери жана мөөнөттөрү көрсөтүлөт)
9. Сиз __________________________ чейинки мөөнөттө ушул билдирүүгө тиркелген арызды толтуруп төмөнкү дарекке жөнөтүшүңүз керек ___________ _______________________________________________________________________
(арыздарды кабыл алуучу, Инвестиция каражаттарын жүгүртүүдөн
_______________________________________________________________________
алуучу жана баалуу кагаздардын ээлерине кайтарып берүүчү
_______________________________________________________________________
комиссиянын так дареги жана эмитенттин байланыш телефондору
_______________________________________________________________________
көрсөтүлөт)
10. Чыгарылган баалуу кагаздар документтештирилген түргө ээ болгон учурда, алардын сертификаты эмитентке берилгенден кийин гана инвестиция каражаттары кайтарылып берилээри көрсөтүлөт. Баалуу кагаздардын сертификаттары жөнөтүлүүчү дарек, аларды жөнөтүүнүн жана кабыл алуунун тартиптери, мөөнөттөрү көрсөтүлөт.
11. Жүгүртүлүүдөн алынып жаткан баалуу кагаздар менен бүтүмдөр жасалбай тургандыгын эскертебиз.
12. Кайтарылып берилген инвестиция каражаттарынын өлчөмүнө Сиз макул болбосоңуз, анда ушул Билдирүүнү алган күндөн тартып 3 күндөн кечиктирбей бул тууралуу арызды эмитентке жөнөтүүгө укугуңуз бар. Мындай арызда Сиздин макул эместигиңиздин себептери жана негиздери камтылышы керек. Мындан тышкары, кайтарылып берилүүгө тийиш болгон инвестиция каражаттарынын өлчөмүнө жана шарттарына макул эместик жөнүндөгү арызды жөнөтпөй туруп, эмитенттен инвестиция каражаттарын өндүрүп берүү тууралуу талап менен сотко кайрылууга Сиздин укугуңуз бар.
Комиссиянын мүчөсүнүн койгон колу: _______________________________ _______________________________________________________________________
(аты-жөнү)
М.О.
3-тиркеме
_______________________________________________________________________
(арыз жөнөтүлүүгө тийиш болгон дарек көрсөтүлөт)
_______________________________________________________________________ (баалуу кагаздардын ээсинин жашаган жери (почталык дареги) көрсөтүлөт)
Инвестиция каражаттарын кайтарып берүү жөнүндө арыз
___________шаары, 20_____-жылдын____________
_______________________________________________________________________
(баалуу кагаздардын ээсинин жана анын өкүлүнүн аты-жөнү
_______________________________________________________________________
(ээлик кылуучунун кызыкчылыгын анын өкүлү коргогон учурда)
_______________________________________________________________________
(фирмалык толук аталышы) көрсөтүлөт
Кайтарып берүүңүздү өтүнөмүн:_____________________________________
(кайтарылып берилүүчү инвестиция
_______________________________________________________________________
каражаттарынын суммасы сом менен көрсөтүлөт)
Көрсөтүлгөн сумманы: _____________________________________________
_____________________________________________________ которуп коюуңузду
(банктын реквизиттери көрсөтүлөт)
же накталай акча түрүндө берүүнү өтүнөм.
Аты-жөнү _________________________________________ (койгон колу)
М.О.
|
|