КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19-августу №471
2010-жылдын 24-декабрында Бишкек шаарында жана 2010-жылдын 24-декабрында Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик финансылык кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
2010-жылдын 24-декабрында Бишкек шаарында жана 2010-жылдын 24-декабрында Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик финансылык кызматташуу жөнүндө макулдашуунун 7-беренесинде каралган ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген 2010-жылдын 24-декабрында Бишкек шаарында жана 2010-жылдын 24-декабрында Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик финансылык кызматташуу жөнүндө макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги аталган Макулдашууну аткарууга жооптуу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө түркия тарапка нота жиберсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри |
А.Атамбаев |