Загрузка документа…
| КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-августундагы № 471 токтому менен бекетилди |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Тараптар) 1993-жылдын 3-мартындагы Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын өкмөттөрүнүн ортосундагы Аскердик билим берүү боюнча кызматташтык жөнүндө келишиминин жана 2000-жылдын 15-июнундагы Билим берүү, илим жана техника жаатында кызматташтык жөнүндө келишиминин негизинде, достук мамилелерди өнүктүрүүнүн алкагында, аскердик кызматташтыкты чындоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн реформалоого көмөк көрсөтүү максатында төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
Түркия Республикасынын Өкмөтү аскердик финансылык кызматташтыктын алкагында АКШ доллары эквивалентиндеги 1449000 (бир миллион төрт жүз кырк тогуз миң) түрк лири өлчөмүндөгү грантты жана финансылык жардам катары АКШ доллары эквивалентиндеги 112700 (жүз он эки миң жети жүз) түрк лирин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бөлүп берет. Аталган грант 2011-жылдан тартып 2015-жылдын 31-декабрына чейин пайдаланылат. Финансылык жардам Финансылык жардам жөнүндө протокол күчүнө киргенден кийин пайдаланылат.
АКШ доллары эквивалентиндеги 1449000 (бир миллион төрт жүз кырк тогуз мин) түрк лири Түркия Республикасынын мыйзамдарына ылайык Түркиянын коргонуу өнөр жай ишканалары жана уюмдары чыгарган жана берген коргонуу өнөр жай продукциясын жана кызмат көрсөтүүлөрүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан сатып алуу үчүн пайдаланылат.
Бул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Түркия Республикасынын Улуттук коргоону министрлиги тарабынан аткарылат. Ушул Макулдашуу менен байланышкан маселелер боюнча координациялоочу орган Түркия Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги жана Кыргыз Республикасындагы Түркия Республикасынын Элчилигинин Аскердик атташесинин өкүлчүлүгү болуп эсептелет.
АКШ доллары эквивалентиндеги 1449000 (бир миллион төрт жүз кырк тогуз миң) жай продукциясын сатып алган учурда берилет:
а. эгерде продукциялар жана кызмат көрсөтүүлөр АКШ доллары эквивалентиндеги 1449000 (бир миллион төрт жүз кырк тогуз миң) түрк лири суммасынан ашып кетсе АКШ доллары эквивалентиндеги 1449000 (бир миллион төрт жүз кырк тогуз миң) түрк лири суммасы гана төлөнөт;
б. эгерде продукциялар жана кызмат көрсөтүүлөр АКШ доллары эквивалентиндеги 1449000 (бир миллион төрт жүз кырк тогуз миң) түрк лири суммасынан аз болсо сатып алынган продукциялар жана кызмат көрсөтүүлөр чыгаруучу ишканаларга жана уюмдарга накталай төлөм түрүндө толук көлөмдө төлөнөт. Кыргыз тарабынын ыйгарым укуктуу органы менен Түркиянын коргонуу өнөр жай ишканалары жана уюмдарынын ортосундагы контрактка кол коюлгандан жана контрактынын жоболору, ал эми продукция жана кызмат көрсөтүүлөр аткарылгандыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү билдирүү жасагандан кийин тиешелүү ишканаларга жана уюмдарга Түркиянын Улуттук коргонуу министрлиги акы төлөйт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Макулдашуунун алкагында түрк тарабы берген продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү башка тарапка өткөрүп бербөөгө, ошондой эле Түркия Республикасынын Өкмөтү менен алдын ала макулдашпастан үчүнчү тарапка пайдалануу укугун бербөөгө милдет алат.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө Макулдашууда каралбаган маселелер келип чыккан учурда преамбулада көрсөтүлгөн макулдашуу жоболору артыкчылык күчкө ээ болот.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө пайда болгон талаш маселелер Тараптар эл аралык сотту, арбитражды же үчүнчү жактарды тартпастан эки тараптуу тартипте чечилет.
Бул Макулдашуу Тараптар ушул Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду жүргүзгөндүгү жөнүндө акыркы кабарлоо дипломатиялык каналдар боюнча алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аскердик гранттын линиясы боюнча берилген продукцияны сатуудан алынган таза пайданы Түркия Республикасынын Өкмөтүнө төлөп берүүгө милдеттенет.
Бул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтери жана ведомстволору ушул Макулдашуунун негизинде берилген продукцияны жана кызмат көрсөтүүнү эсептен чыгарганга чейин күчүндө болот.
Бул Макулдашуу эки нускада, ар бири кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде түзүлгөн, бардык тесттер бирдей. Пикир келишпестиктер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылык күчкө ээ болот.
Эки тараптын өкмөттөрү ыйгарым укук берген өкүлдөр ушул Макулдашууну ырастап Кыргызстандын Бишкек шаарында 201__-жылы "___" ___________, Түркиянын Анкара шаарында 201__-жылы "____" ___________кол коюшат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ______________________
| Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ________________________
|
Абибилла КУДАЙБЕРДИЕВ генерал-майор Кыргыз Республикасынын Коргоо министри | Февзи ЖОМЕРТ генерал-майор Түркия Республикасынын Улуттук коргонуу министрлиги Финансылык Башкармалыгынын башчысы |