Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-февралындагы № 62 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19-августу №472
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын январь-июнь айларындагы социалдык-экономикалык ɵнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө
Орто мөөнөттүү келечекте өлкөнүн туруктуу экономикалык өнүгүүсү үчүн базалык шарттарды түзүү жана 2011-жылга коюлган милдеттерге жетүү боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын ишинин багыттарын аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын январь-июнь айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө тиркелген маалымат эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги облустардын мамлекеттик администрациялары менен биргеликте 2011-жылдын түшүмүн жыйноо иштерин жүргүзүү боюнча бардык зарыл болгон уюштуруу чараларын көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен биргеликте инфляциянын деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган макулдашылган, бирдиктүү акча-кредит жана бюджеттик салык саясатын жүргүзүшсүн, ошондой эле негизги керектөөчү товарларга жана кызматтарга карата баанын кескин өзгөрүүсүн токтотуу боюнча бардык чараларды көрүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги тиешелүү министрликтер жана ведомстволор менен биргеликте 2012-жылга төмөнкү программаларды иштеп чыгууга киришсин: "Арзан турак-жай" (15-20 жылга ипотека), "Арзан айыл чарба техникасы", "Фермерлерге жана ишкерлерге узак мөөнөттүү кредиттер".
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги 2011-жылдын июнь-июль айларында Баткен облусунда болгон селдин жана жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча жеткиликтүү чараларды көрүшсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | А.Атамбаев
|