ТоктомКүчүндө

КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы №482 «Ар кайсы мамлекеттердин чарбакер субъекттеринин ортосундагы чарбалык талаш-тартыштарды кароодо мамлекеттик алымдын өлчөмү жана аны өндүрүү тартиби жөнүндө 1993-жылдын 24-декабрындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган Протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому

Редакция23.08.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 23-августу №482

"Ар кайсы мамлекеттердин чарбакер субъекттеринин ортосундагы чарбалык талаш-тартыштарды кароодо мамлекеттик алымдын өлчөмү жана аны өндүрүү тартиби жөнүндө 1993-жылдын 24-декабрындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган Протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Ар кайсы мамлекеттердин чарбакер субъекттеринин ортосундагы чарбалык талаш-тартыштарды кароодо мамлекеттик алымдын өлчөмү жана аны өндүрүү тартиби жөнүндө 1993-жылдын 24-декабрындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган Протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.

 

Премьер-министри

А.Атамбаев

 

 

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Ар кайсы мамлекеттердин чарбакер субъекттеринин ортосундагы чарбалык талаш-тартыштарды кароодо мамлекеттик алымдын өлчөмү жана аны өндүрүү тартиби жөнүндө 1993-жылдын 24-декабрындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган Протоколду ратификациялоо жөнүндө

 

1-берене.

 

Ар кайсы мамлекеттердин чарбакер субъекттеринин ортосундагы чарбалык талаш-тартыштарды кароодо мамлекеттик алымдын өлчөмү жана аны өндүрүү тартиби жөнүндө 1993-жылдын 24-декабрындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган Протокол ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги депозитарий болуп саналган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине Кыргыз Республикасы аталган Протоколун күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарганы жөнүндө кабарласын.

 

3-берене.

 

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти