Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-августу №484
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Сасыкбаева, А.Келдибеков, А.Жээнбеков, Б.Мамырова, Б.Кадыров, Ш.Айтматова, Р.Жээнбеков, И.Карамушкина жана А.Батырбеков тарабынан демилге кылынган "Кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамкерчиликке жатпаган же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге жана жазалоолордун түрлөрүнө бөгөт коюу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө", "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу'', "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Сасыкбаева, А.Келдибеков, А.Жээнбеков, Б.Мамырова, Б.Кадыров, Ш.Айтматова, Р.Жээнбеков, И.Карамушкина жана А.Батырбеков тарабынан демилге кылынган "Кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамкерчиликке жатпаган же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге жана жазалоолордун түрлөрүнө бөгөт коюу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө", "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2011-жылдын 23-августундагы№ 484 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Сасыкбаева, А.Келдибеков, А.Жээнбеков, Б.Мамырова, Б.Кадыров, Ш.Айтматова, Р.Жээнбеков, И.Карамушкина жана А.Батырбеков тарабынан демилге кылынган "Кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамкерчиликке жатпаган же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге жана жазалоолордун түрлөрүнө бөгөт коюу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө", "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун карап чыгып, төмөнкүдөй сын-пикирлерди жана сунуштарды четтетүүгө чейин аларды кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-пунктуна ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзамдардын долбоорлору Өкмөт каржылоо булактарын аныктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.
Мындан тышкары, "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кошумча чыгымдар ушул конкреттүү негизделген чыгымдарды жабуу булактары болгондо гана кабыл алынышы мүмкүн.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын түштүк регионун калыбына келтирүү иш-чараларына жана социалдык чөйрөнүн жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга олуттуу каражат каралып, орто мөөнөттүү келечекке республикалык бюджеттин тартыштыгы жогорку болуп, бюджеттик ресурстар өтө чектелген шарттарда Кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамкерчиликке жатпаган же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге жана жазалоолордун түрлөрүнө бөгөт коюу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун ишин республикалык бюджеттин каражаттарынан каржылоого финансы булактарынын жоктугунан мүмкүнчүлүк жок.
"Кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамкерчиликке жатпаган же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге жана жазалоолордун түрлөрүнө бөгөт коюу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө" Мыйзамынын долбоору боюнча.
Кыргыз Республикасы 2008-жылдын 5-апрелинде кошулган Кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамкерчиликке жатпаган же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге жана жазалоолордун түрлөрүнө бөгөт коюу боюнча конвенцияга карата Факультативдик протоколдун 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн маанисинен алганда "эркиндигинен ажыратуу" түшүнүгү өзүнө түздөн-түз эркиндигинен ажыратууну, ошондой эле аны чектөөнү камтыйт, берилген долбоордун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттарын Факультативдик протоколдун аталган бөлүгүнө шайкеш келтирүү чегинде бириктирүүнү, ошондой эле долбоордун бүткүл тексти боюнча тийиштүү оңдоолорду сунуштайбыз.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин жоболорун эске алып, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналат, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык ченемдик укуктук актынын бир түрү мыйзам болуп саналаарын көңүлгө алуу менен 3-беренени төмөнкү редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
"3-берене. Улуттук борбордун ишинин укуктук негиздери
Улуттук борбордун ишинин укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер саналат.".
Анын үстүнө мыйзам долбоорунун 5-беренесинин 8 жана 9-бөлүктөрүн жөнгө салуу предметтери болуп гендердик балансты камсыздоо саналат, нормалардын кайталанышын болтурбоо үчүн аталган бөлүктөрдү бириктирүүнү сунуштайбыз.
Ошол эле мезгилде Мыйзам долбоорунда бири-бирине карама-каршы келген жоболор бар экенин белгилейбиз. Алсак, Мыйзам долбоорунун 9-беренесинин 1-бөлүгүндө Координациялык кеңеш 11 мүчөдөн турары белгиленген. Ошол эле учурда долбоордун 10-беренесинин 11-бөлүгүнө ылайык эгер курамы 9 мүчөдөн кем эмес шайланса Координациялык кеңеш түзүлгөн деп эсептелээри айтылат.
Мыйзам долбоорунун 25-беренесинин 2-бөлүгүнүн мазмунун эске алып, 11-берененин 2-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 3-пункт менен толуктоону сунуштайбыз:
"3) эркиндигинен ажыратылган жайларга превентивдик барууларга катышууга.".
Мыйзам долбоорунун 9-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Координациялык кеңештин курамы 4 жылдык мөөнөткө шайланаарын көңүлгө алуу менен, мыйзам долбоорунун 12-беренесине төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
1-бөлүктө "биринчи" деген сөздү алып салууну;
2-бөлүктө "биринчи курамынын" деген сөздөрдү "толук курамынын" деген сөздөргө алмаштырууну.
Ошол эле мезгилде Координациялык кеңештин мүчөсү катары Акыйкатчынын (Омбудсмендин) ыйгарым укуктары долбоордун 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8 жана 9-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн эместигин белгилейбиз.
Долбоордун 19-беренесинин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацында кылмыш жасагандыгы үчүн административдик кармоого алынган же ага шектенүү менен кармалган Координациялык кеңештин мүчөсү, Улуттук борбордун кызматкери, ким экендиги аныкталгандан кийин дароо бошотулууга тийиш экендиги белгиленген.
Ошону менен бирге административдик кармоо маселесине тиешелүү мамиле, ошондой эле кылмыш жасагандыгына шектелген адамдарды кармоо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинин, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 39-главасынын жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процесстик кодексинин 11-главасынын нормалары менен жөнгө салынат. Ушуга байланыштуу аталган маселелерге карата өзүнчө мамилени Мыйзам менен белгилөө максатка ылайык келбейт деп эсептейбиз.
Факультативдик протоколдун 21-беренесинин 2-бөлүгүнүн жана "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-бөлүгүнүн жоболорун эске алуу менен Мыйзам долбоорунун 21-беренесинин 4-бөлүгүн төмөнкү редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
"4. Улуттук борбор тийиштүү адамдын түз айтылган макулдугу менен гана жеке мүнөздөгү маалыматтарды жарыялоого укуктуу.".
Берилген долбоордун сунушталган Улуттук борбордун бюджетинин долбоорун түзүү жол-жоболорун жөнгө салуучу 21-беренесинин 2-бөлүгүн "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келтирүүнү сунуштайбыз, анын негизинде Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин долбоорун түзүү, республиканын социалдык-экономикалык өнүгүү болжолдорунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү календардык планга ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан ишке ашырылат.
Улуттук борбордун кызматкерлери өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди сапаттуу аткаруусу, ошондой эле Улуттук борбордун иштөөсү үчүн бөлүнгөн, сарпталган каражаттарды актоо максатында 24-берененин 4-бөлүгүндөгү "эки жылда" деген сөздөрдү "бир жылда" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз.
Андан сырткары долбоордун 25-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелгендер кармалган жайларга превентивдик кыдырууларды ишке ашырган топтун мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу ошол жайлардын администрациясына жүктөлгөндүктөн мыйзам долбоорунун аталган беренесинин 7-бөлүгүндө каралган аталган адамдардын текшерип кароодон өтүүгө тыюу салууну кайра кароону сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 9-пунктунун жана 15-беренесинин 5-бөлүгүнүн жоболорун эске алганда, ага ылайык Улуттук борбордун компетенциясына эркиндигинен ажыратылгандар жана эркиндиги чектелгендер кармалган жайларга превентивдик баруулардын жыйынтыгынын жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Улуттук борбордун веб-сайтында жарыяланышын уюштуруу, Улуттук борбордун ар жылдык жана атайын докладдары, финансылык отчеттору расмий басма сөз органдарында жана Улуттук борбордун веб-сайтында жарыяланууга жана таркатылууга тийиш экендигин эске алып долбоордун 29-беренесинин 2-бөлүгүнөн аталган органдын ар жылдык жана атайын докладдарын жарыялоого жана таркатууга мамлекеттик органдардын милдетин алып салуу зарыл деп эсептейбиз.
Мындан тышкары берилген мыйзам долбоорунда ал расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирери белгиленген. Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык күчүнө кирген күндөн тартып милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
|
|