Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-августу №488
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Иманалиев демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Иманалиев демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы №488 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Иманалиев демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык китеп продукциясын чыгаруу жана сатуу менен байланышкан иштерди киреше салыгын, пайдага салыкты, кошумча нарк салыгын, сатуудан салыкты жана атайын каражаттарга салыкты төлөөдөн бошотууну караган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Иманалиев демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй корутундуга келди.
Кыргыз Республикасынын Салык кодекси чарбакер субъекттерден салык алууга бирдей ыкманы карайт жана бюджетке салыктарды жана жыйымдарды төлөөнүн милдеттүүлүгү, салык жана жыйымдарды алуунун аныктыгы, адилеттүүлүгү, салык системасынын бирдиктүүлүгү, салыктар жана жыйымдар жөнүндө мыйзамдардын туруктуулугу жана ачык-айкындыгы принциптерине негизденет.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 10-беренесине ылайык жеке мүнөздөгү салык жеңилдиктерин берүүгө тыюу салынат.
Салык төлөөчүлөрдүн айрым категорияларына берилүүчү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралбаган ар кандай жеңилдиктер салык салуунун саналган принциптеринин бирин, б.а. салык төлөөчүлөрдүн бардык категориялары үчүн экономикалык иштин шарттарын түзүүнү жана адилеттүүлүк жана бирдейлик принциби боюнча айрым салык төлөөчүлөрдүн ортосунда салыктарды бөлүштүрүү механизмин түзүүнү болжолдоочу адилеттүүлүк принцибин бузууга алып келет. Экономикалык иштин бир түрүнө салык жеңилдиктерин берүү менен мамлекет азайган кирешени толуктоо үчүн иштин башка түрлөрүнө салыктык төлөмдөрдү жогорулатууга аргасыз болот. Бул салык оорчулугун бирдей эмес бөлүштүрүүгө алып келет.
Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) ортосундагы 2011-2014-жылдарга Экономикалык жана финансылык саясат жөнүндө меморандумдун (ЭФСМ) салыктык-бюджеттик саясатынын "А" бөлүмүнүн 10-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Меморандумдун колдонулуу мөөнөтүнүн ичинде жаңы салыктык жеңилдиктерди киргизбөөгө милдеттенме алган.
Салыктын кандайдыр бир түрүн төлөөдөн бошотуу үчүн адегенде бюджеттин кирешелеринин түздөн-түз жоготууларын компенсациялоо боюнча тиешелүү альтернативдик булактарды аныктоо керек, анткени каралуучу мыйзам долбоорунда китеп продукциясын чыгаруу менен байланышкан иштерди, ошондой эле китеп продукциясын чыгаруу менен байланышкан иштерди, анын ичинде редакциялык-басмаканалык кызмат көрсөтүүлөрдү, тиражын чыгаруу кызматтарын, ошондой эле китеп продукциясын ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жана жумуштарды киреше салыгын, пайдага салыкты, кошумча нарк салыгын, сатуудан салыкты жана атайын каражаттарга салыкты төлөөдөн бошотуу сунуш кылынган.
Жогоруда айтылгандардын негизинде бюджеттин кирешелеринин түздөн-түз жоготууларынын ордун толтуруунун альтернативдүү булактары жоктугун эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Иманалиев демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алуу максатка ылайык келбейт деп эсептейт.
|
|