Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-августу №490
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан пенсиялык топтомдордун каражаттарын инвестициялоо үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун убактылуу эрежелери;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан депозиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобо.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансылык жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет жана 2012-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
Премьер-министри |
А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы №490 токтому менен бекитилген |
1. Негизги жоболор
2. Пенсиялык топтоолорду инвестициялоонун курамын жана түзүмүн түзүү боюнча талаптар
3. Пенсиялык топтоолорду инвестициялоону контролдоонун тартиби
1. Бул Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун убактылуу эрежелери (мындан ары Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду үчүн (мындан ары - Социалдык фонду) пенсиялык топтоолорду инвестициялоонун тартибин жана пенсиялык топтоолорду инвестициялоонун курамын жана түзүмүн түзүү ошондой эле аларды жайгаштырууну контролдоо боюнча талаптарды белгилейт.
2. Пенсиялык топтоолор пенсиянын топтоо бөлүгү боюнча камсыздандырылган адамдардын кызыкчылыгында сактоо жана көбөйтүү максатында гана жайгаштырылат.
3. Пенсиялык топтоолорду инвестициялоо 2012-жылдын 31-декабрына чейин Социалдык фонд тарабынан ишке ашырылат, андан кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башкаруучу компанияларга башкарууга өткөрүлүп берилет.
4. Пенсиялык топтоолорду иивестициялоо ушул Эрежелерге жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.
5. Социалдык фонд пенсиялык топтоолордун сакталуусуна жана кайрымдуулугуна, пенсиялык топтоолорду башкаруу мезгилинде алардын көбөйүшүнө толук материалдык жана финансылык жоопкерчилик тартат.
6. Социалдык фондго пенсиялык топтоолорду төмөнкү багыттар боюнча инвестициялоого уруксат берилет:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарына пенсиялык топтоолордун наркынын 80 пайызынан ашпаганын анын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын баалуу кагаздарына;
2) кредиттик уюмдардагы мөөнөттүү депозиттерге - пенсиялык топтоолордун наркынын 30 пайызынан ашпаганын. Мында бир кредиттик уюмга ушул пунктчада уруксат берилген пенсиялык топтоолордун наркынын 25 пайызынан ашпаганын инвестициялоого уруксат берилет.
7. Пенсиялык топтоолорду төмөнкү объекттер жана багыттар боюнча инвестициялоого тыюу салынат:
- соода-ортомчулук, банк жана өндүрүш ишине;
- интелектуалдык менчикке;
- Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлүк эмитенттери тарабынан чыгарылган акцияларга, облигацияларга;
- уюшулган базарларда анчалык бааланбаган жана наркы аныкталбаган жеке активдерге (антиквардык буюмдарга, искусство предметтерине жана автоунааларга);
- финансылык инструменттерден (опциондордон, фьючердик жана фор-
варддык контракттардан) алынган операцияларды жүргүзүүгө.
8. Пенсиялык топтоолорду инвестициялоодо төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- ссудаларды берүүгө, үчүнчү тарапка акчалай милдеттердин аткарылышы боюнча кепилдиктерди берүүгө жана фонддун мүлкүн коюуга (активдер күрөөнүн жана кредит берүүчүгө милдеттүү кепилдик боюнча акчалай суммаларды төлөө предмети боло албайт);
- толук мүлктүк жоопкерчилик менен уюмдун уюштуруучусу болуп чыгууга;
- ушул Эрежелердин 6-пунктунда көрсөтүлгөн объекттер боюнча сатып алуу - сатуу келишимин кошпогондо, сатып алуу-сатуу келишимдерин түзүүгө;
- пенсиялык топтоолорду кайтарымсыз ажыратууга;
- пенсиялык топтоолорду Социалдык фонддун башка активдери менен бириктирүүгө;
- пенсиялык топтоолордун эсебинен кайтарылууга тийиш болгон акча каражаттарын же башка мүлктү зайым келишимдеринин же кредиттик келишимдердин шарттарында алууга;
- пенсиялык топтоолордун эсебинен зайымдарды берүүгө;
- ишенимдик башкарууну жүзөгө ашыруу жана топтоочу пенсиялык камсыздоо боюнча иш, ошондой эле башка жактардын милдеттенмелери менен байланышпаган Социалдык фонддун милдеттеринин аткарылышын камсыз кылуу үчүн пенсиялык топтоолорду пайдаланууга.
9. Социалдык фонд пенсиялык топтоолорду натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу максатында төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
- инвестициялык декларацияны бекитет;
- пенсиялык топтоолорду башкаруу боюнча натыйжалуу ички эсепке алуунун жана контролдоонун системасын камсыз кылат.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы №490 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Аныктамалар жана терминдер
3. Депозиттик аукциондорду жүргүзүүнүн жалпы шарттары
4. Депозиттик аукциондор боюнча билдирмелерди тариздөөнүн
жана берүүнүн жалпы шарттары
5. Депозиттик аукцион өткөрүүнүн тартиби
6. Депозиттик операциялардын жыйынтыктары боюнча
эсептешүүлөрдү жүргүзүү
7. Депозиттик аукциондорду өткөрүү боюнча комиссия
8. Корутунду жобо
9. Депозиттик аукциондун жыйынтыктарына каршы доо-арыз берүү
1-тиркеме. Депозиттик аукциондун параметрлери
2-тиркеме. Билдирме
3-тиркеме. Кабарлоо
4-тиркеме. Депоpзиттик аукционду өткөрүү боюнча комиссиясынын
(ДАӨК) жыйынынын протоколу
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан (мындан ары - Социалдык фонд) депозиттик аукциондорду өткөрүүнүн тартибин аныктайт.
2. Социалдык фонд депозиттик аукциондорду "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзөт.
3. Коммерциялык банктардагы депозиттерге пайыздык ставканын өлчөмүн рыноктук аныктоо аркылуу пенсиялык топтоо каражаттарын жайгаштыруу механизмин өркүндөтүү депозиттик аукциондорду өткөрүүнүн максаты болуп эсептелет.
4. Депозиттик аукциондор кайтарымдуулук, төлөөгө жөндөмдүүлүк жана мөөнөттүүлүк шарттарында жүргүзүлөт.
5. Депозиттик операциялардын катышуучулары бир тараптан Социалдык фонд, экинчи тараптан ушул Жобонун 8-пунктунун талаптарына жооп берген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары (мындан ары - банктар) болуп саналат.
6. Ушул Жобонун максаттары үчүн төмөнкүдөй аныктамалар жана терминдер колдонулат:
убактылуу бош каражаттар - Акча каражаттарынын бошотуунун графигине ылайык аныкталган Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы акча каражаттарынын суммасы;
акча каражаттарын бошотуу графиги - Социалдык фонддун башкармасы тарабынан бекитиле турган убактылуу бошогон акча каражаттарын жана аларды жайгаштыруунун максималдуу мөөнөтүн чагылдырган таблица түрүндө иштелип чыккан документ;
депозиттин мөөнөтүн бүткөрүү күнү Социалдык фонд тарабынан депозиттик аукциондун параметрлеринде жарыяланган күн, бул күндө депозиттин негизги суммасын жана эсептелген пайыздарды Социалдык фонддун алыш бериш эсебине чегерүү аркылуу депозиттин негизги суммасы жана эсептелген пайыздар кайтарылат;
депозиттик аукциондун жыйынтыктарын аткаруу күнү - Социалдык фонд тарабынан депозиттик аукциондун параметрлеринде жарыяланган күн, бул күндө банктагы мөөнөттүү депозиттик эсепке акча каражаттарын анык чегерүү жүргүзүлөт;
депозиттик аукцион өткөрүү күнү - Социалдык фонд тарабынан депозиттик аукциондун параметрлеринде жарыяланган күн, бул күндө билдирмелерди кабыл алуу, иштеп чыгуу, жана карап чыгуу жүргүзүлөт, ошондой эле депозиттик аукциондун жыйынтыктары жарыяланат;
депозит - Социалдык фонд тарабынан кайтарымдуулук, мөөнөттүүлүк жана төлөөгө жөндөмдүүлүк шарттарында банктарга бериле турган жана мөөнөттүү депозиттик эсепте сакталып турган Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы акча каражаттарынын суммасы;
депозиттик аукцион - ушул Жобого ылайык Социалдык фонд тарабынан өткөрүлүүчү конкурстук негизде банктардагы депозиттерге убактылуу бош акча каражаттарын жана пенсиялык топтоо каражаттарын кабыл алуу укугун ачык ишке ашыруу;
мөөнөттү банк депозитинин келишими - милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу менен депозиттик аукциондун жыйынтыктарына ылайык жайгаштырылган депозиттик салымдар боюнча Социалдык фонд менен банктын өз ара мамилелерин жөнгө салган келишим;
депозиттик аукциондорду өткөрүү боюнча комиссия - убактылуу бош акча каражаттарын жана пенсиялык топтоо каражаттарын депозиттерге жайгаштыруу боюнча депозиттик аукциондорду өткөрүү үчүн Социалдык фонддун башкармасынын чечими менен түзүлө турган турган жана ушул жобого ылайык иштей турган комиссия;
минималдык пайыздык ставка - депозиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча жайгаштырылган депозит боюнча пайыздык кирешенин минималдык өлчөмү, андан аз пайыздык киреше көрсөтүлгөн билдирмелер канааттандырылбайт. Минималдык пайыздык ставканын өлчөмү Социалдык фонддун башкармасы тарабынан белгиленет;
пенсиялык топтоо каражаттары - пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн Социалдык фондго Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун эсебине келип түшкөн жана камсыздандырылган адамдын пайдасына инвестициялоо жана инвестициялык киреше алуу үчүн арналган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммалары;
депозиттин мөөнөтү - календардык күндөрдө туюндурулган жана депозиттик аукциондун жыйынтыктары аткарылган күндөн кийинки күндөн тартып депозиттик операция аяктаган күн кошо эсептелген 12 айдан ашпаган убакыт аралыгы;
депозит боюнча пайыздарды эсептөө мөөнөтү - календардык күндөрдө туюндурулган жана банк тарабынан банктын мөөнөттүү депозиттик эсебине акча каражаттарынын суммасы чегерилгенден кийинки күндөн тартып депозиттин мөөнөтү аяктаган күнгө бир күн калганга чейинки мезгил аралыгы;
мөөнөттүү депозиттик эсеп - депозитти эсепке алуу үчүн Социалдык фонддун эсеби.
7. Банктардын депозиттик аукциондор боюнча Социалдык фонд менен болгон өз ара мамилелери ушул Жобо, Социалдык фонд менен банктардын ортосундагы депозиттик аукциондорго коммерциялык банктардын катышуусу жөнүндө эки тараптуу келишимдер (текстте мындан ары - катышуу жөнүндө келишим) менен жөнгө салынат.
8. Депозиттик аукцион өткөрүлө турган күнгө карата төмөндөгү талаптарга жооп берген банктар депозиттик аукционго катыша алышат:
- банк операцияларын жүргүзүүгө (депозиттерди аманатчылар менен аныкталган шарттарда өз атынан тартууга чектөөлөрсүз) Улуттук банктын лицензиясынын бар болушу;
- Социалдык фонд менен түзүлгөн катышуу жөнүндө келишимдин бар болушу;
- "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган процесстерге же жол-жоболорго тартылбоосу;
- мурда банктагы депозиттерге жайгаштырылган Социалдык фонддун каражаттары суммасы өздүк капиталынын 75%ынан жана депозиттик аукцион өткөрүлө турган күнгө карата банктын жогорку ликвидүү активдеринин 80%ынан ашпайт;
- депозиттик аукцион өткөрүлө турган күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген экономикалык ченемдердин жана талаптардын банк тарабынан сакталбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын санкциясынын жок болушу.
9. Депозиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча депозиттик салымдарды жайгаштырууга укуктарды ыйгаруу жөнүндө депозиттик аукцион өткөрүү боюнча комиссиянын оң чечими мөөнөттүү банк депозити келишимин түзүү жана депозитти жайгаштыруу үчүн негиз болуп эсептелет.
10. Социалдык фонд ушул Жобонун № 1 тиркемесине ылайык депозиттик аукциондун параметрлери жөнүндө билдирүүнүн формасы боюнча төмөнкүдөй депозиттик аукциондун параметрлерин белгилейт жана жарыялайт:
- депозиттик аукционду өткөрүү датасы;
- депозиттик салымдардын мөөнөтү;
- билдирмелерди кабыл алуу убактысы;
- депозиттик аукциондун жыйынтыктарын аткаруу датасы;
- депозиттик аукциондун ар бир лотуна депозиттин суммасы өзүнчө;
- депозиттик аукциондун ар бир лотуна минималдык пайыздык ставка өзүнчө;
11. Ушул Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн депозиттик аукциондун параметрлери Социалдык фонддун башкармасы тарабынан бекитилет жана депозиттик аукцион өткөрүү күнүнө чейинки үч иш күнүнөн кечиктирбестен маалыматтарды Социалдык фонддун веб-сайтында жайгаштыруу, ошондой эле банктарга жазуу жүзүндө кабарлоо аркылуу жарыяланат.
12. Социалдык фонд жүргүзүлгөн депозиттик аукциондордун жыйынтыктарын депозиттик аукцион өткөрүү күнүнөн кийинки үч иш күндү аралыгында маалыматтарды Социалдык фонддун веб-сайтында жайгаштыруу жана факсималдык байланыш аркылуу банктарга жазуу жүзүндө кабарлоону жиберүү аркылуу жарыяланат.
13. Жайгаштырылган депозиттер боюнча пайыздар Социалдык фонддун тийиштүү алыш-бериш эсебине депозит боюнча пайыздарды чегерүүнүн мөөнөтүнүн ичинде 360 күнгө барабар болгон убакыт базасынын негизинде жөнөкөй пайыздардын формуласы боюнча эсептелет.
14. Билдирмелери канааттандырылган банктарга тиешелүү кабарлоолор жана Социалдык фонд менен аталган банктын ортосунда мөөнөттүү банк депозитинин келишиминин долбоору жиберилет.
15. Жүргүзүлгөн депозиттик аукциондордун жыйынтыктары боюнча билдирмелери канааттандырылбаган банктарга Социалдык фонд ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык депозиттик аукциондун жыйынтыктары жөнүндө кабарлоонун формасы боюнча фиксималдык байланыш аркылуу кабарлайт.
16. Социалдык фонд менен банк мөөнөттүү банк депозити келишимине кол койгондон кийин депозиттик аукциондун параметрлеринде көрсөтүлгөн датага депозитти жайгаштыруу үчүн акча каражаттарын которуунун ишке ашырат.
17. Депозиттик аукциондун жыйынтыктарын аткаруу күнү иш эмес күн болгон учурда депозиттик аукциондун жыйынтыктарын аткаруу кийинки иш күнү жүргүзүлөт. Мында депозиттик операцияны аяктоо күнү жылдырылат.
18. Депозиттик салымды бүткөрүү мөөнөтү иш эмес күнгө туш келгенде депозиттик аукциондун мөөнөтүн аяктоо кийинки иш күнүнөн кечиктирилбестен аткарылат.
19. Банка мөөнөттүү депозит салымдарына жайгаштырылган акча каражаттарын Социалдык фонд тарабынан мөөнөтүнө мурда алуу укугу мөөнөттүү банк депозит келишими менен жөнгө салынат жана депозиттик аукциондун жарыяланган параметрлеринде көрсөтүлөт.
20. Банкта жайгаштырылган депозиттик салымдар пролонгацияланбайт.
21. Депозиттик операцияларды жүргүзүү күнү билдирмелерди кабыл алуунун Социалдык фонд тарабынан жарыяланган убагында банктар билдирмелерди ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык депозиттик аукционго катышуу үчүн билдирменин формасы боюнча документ түрүндө, конвертке салып Депозиттик аукционду өткөрүү боюнча комиссиянын катчысына беришет.
22. Банктар тарабынан билдирмелерди берүү фактысы Депозиттик аукционду өткөрүү боюнча комиссиянын катчысы тарабынан банктын өкүлүнүн катышуусунда Билдирмелерди каттоо журналында катталат жана банктын өкүлүнүн колу менен ырасталат.
23. Билдирме депозиттик аукциондордун Социалдык фонд жарыялаган параметрлерине дал келүүгө тийиш.
24. Депозиттик салым боюнча банк тарабынан жайгаштырууга кабыл алынган жана депозиттик аукционго катышуу үчүн билдирмеде көрсөтүлгөн пайыздык ставкалардын өлчөмү үтүрдөн кийинки бир белгиге чейин тегеректелип так аныкталат.
25. Билдирме кайра кайтарылып алынгыс болуп саналат.
26. Банктар депозиттик аукциондун эки лотунан ашпаган билдирме берүүгө укуктуу.
27. Ар бир лот боюнча билдирменин суммасы лоттун жалпы суммасы 10000000 (он миллион) сомдон кем болсо, анда лоттун жалпы суммасында нан 50%ынан кем эмес болууга жана лоттун жалпы суммасы 10000000 (он миллион) сомдон ашык болсо, анда 25%ынан кем эмес болууга тийиш.
28. Ушул Жобонун ченемдери бузуу менен толтурулган же таризделген, ошондой эле депозиттик аукциондун параметрлеринде жарыялаган билдирмелерди кабыл алуу убактысынан кечирээк берилген билдирмелер туура эмес деп табылат жана депозиттик аукционго киргизилбейт.
29. Эгерде берилген билдирменин суммасы жана мурда депозитке жайгаштырылган Социалдык фонддун каражаттарынын суммасы мөөнөттүү банк депозитннин колдонулуп жаткан келишимине ылайык өздүк капиталдын 75%ынан жана/же депозиттик аукцион өткөрүлгөн датага карата банктын жогорку ликвиддүү активдеринин суммасынын 80%ынан ашса анда банктын билдирмелери депозиттик аукционго киргизилбейт.
30. Ушул Жобонун 32-пунктунда ылайык билдирмелери туура эмес деп табылган банктар бул жөнүндө депозиттик аукцион өткөрүлгөн күнү фиксималдык байланыштын жардамы аркылуу кабарланат.
31. Социалдык фонд банктын билдирмесинде көрсөтүлгөн маалыматтардын жашырындуулугун камсыз кылат.
32. Банк депозиттик аукционго катышуу үчүн бир гана билдирме бере алат. Банктан бирден көп билдирме келип түшкөн учурда банк депозиттик аукционго киргизилбейт, ал эми берген билдирмелердин бардыгы жараксыз деп табылып, аукционго катыштырылбайт.
33. Билдирмеде лоттор Социалдык фонд тарабынан жарыяланган депозиттик аукциондун параметрлеринде көрсөтүлгөн тартипте көрсөтүлүүгө тийиш.
34. Билдирменин бардык лотторунун акча каражаттарынын жалпы суммасы жайгаштырыла турган акча каражаттардын Социалдык фонд жарыялаган суммасынан ашпоого тийиш.
35. Депозиттик аукционго Социалдык фонд жарыялаган пайыздык ставкадан жогору же максималдуу пайыздык ставкага барабар билдирмелер киргизилет.
36. Депозиттик аукционго катыштырылган билдирмелердин лоттору пайыздык ставканын өлчөмү боюнча алардын азаюу тартибинде бөлүштүрүлөт жана биринчи кезекте, эң жогорку пайыздык ставкадан (Социалдык фонд тарабынан жарыяланган минималдуу пайыздык ставкага салыштырмалуу) сунуштаган банктардын билдирмелеринин лоттору канааттандырылат. Билдирмелердин лотторун канааттандыруу эң жогорку чекте сунушталган пайыздык ставкадан баштап, андан ары азаюу тартибинде, анда депозитке жайгаштырылуучу акча каражаттарынын жалпы суммасы азайган, чек коюлган ставка боюнча аяктоо аркылуу жүзөгө ашырылат.
37. Эгерде депозиттик аукциондун бир лотуна бирден көп банктан бирдей пайыздык ставка менен Билдирмелер берилсе анда акча каражаттарынын суммасы билдирмелерди каттоо журналынын маалыматтары боюнча билдирмелери башкалардан мурда берилген эки банктын ортосунда тең бөлүштүрүлөт.
38. Эгерде пайыздык ставкалары бирдей банктардын билдирмелери депозиттик аукциондун лотунун суммасын толук камтыбаса лоттун суммасынын калдыгы ушул Жобонун 36 жана 37-пункттарына ылайык банктардын билдирмелеринин ортосумда бөлүштүрүлөт.
39. Депозиттик аукцион бул аукциондо "бир гана катышуучу" катышса Социалдык фонд тарабынан ар бир лот боюнча өткөрүлбөгөн болуп таанылышы мүмкүн.
40. Депозиттик аукцион аткарылган күнү Социалдык фонд мөөнөттүү банк депозити келишимине ылайык ачылган өзүнүн банктагы мөөнөттүү депозиттик эсебине акча каражаттарынын суммасын өз убагында жана толук көлөмдө чегерет.
41. Депозиттик салымдын мөөнөтү бүткөн күнү банк депозиттин негизги суммасын жана эсептелген пайыздарын Социалдык фонддун банктагы алыш-бериш эсебине өз убагында жана толук көлөмдө чегерет.
42. Банк тарабынан депозиттик аукционго катышуу үчүн берилген билдирменин шарттарына ылайык депозитти кабыл алуудан баш тартуу банк тарабынан депозиттик аукцион боюнча милдеттенмелерин аткарбай коюу болуп эсептелет.
43. Депозиттик аукциондорду өткөрүү боюнча комиссиянын курамы (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басарларынан, Социалдык фонддун борбордук аппаратынын башкармалыктарынын жана өз алдынча бөлүмдөрүнүн начальниктеринен түзүлүп, Социалдык фонддун башкармасы тарабынан бекитилет.
44. Комиссия депозиттик аукционго уруксат берилген банктардын билдирмелерин ачат жана анын жыйынтыгын аныктайт.
45. Комиссиянын жыйыны эгерде ага Комиссиянын мүчөлөрүнүн кеминде 2/3 катышса мыйзамдуу деп табылат.
46. Комиссиянын чечими Комиссиянын жыйынында катышкандардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Комиссиянын мүчөлөрүнүн добушу тең болуп калса Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
47. Комиссия өз компетенциясынын алкагында акциондун катышуучулары жана Социалдык фонддун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн бардыгы үчүн милдеттүү болуп эсептелген чечим кабыл алат.
48. Комиссиянын чечими протокол (ушул Жобонун 4-тиркемеси) менен таризделет, ага Комиссиянын төрагасы же болбосо отурумду башкарган анын орун басары жана Комиссиянын мүчөлөрү кол коет.
49. Комиссиянын ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу Социалдык фонддун активдерди башкаруу боюнча түзүмдүк бөлүмү тарабынан ишке ашырылат.
50. Депозиттик операциялар боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби ушул Жобо жана Социалдык фонд менен банктын ортосундагы мөөнөттүү банк депозитинин келишими менен жөнгө салынат.
51. Депозиттик аукциондун жыйынтыктарына каршы доо-арыз берүү депозиттик аукциондун жыйынтыгы жарыяланган күндөн кийинки иш күнүнөн кечиктирилбестен катышуучулардын жазуу жүзүндө берген арыз боюнча комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Арыз ээси өзүнүн суроо талабына депозиттик аукциондун жыйынтыктарына каршы доо-арыз бергенден кийин үч жумушчу күндүн аралыгында толук жооп ала албаса, Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамдарына ылайык сот органдарына депозиттик аукциондун жыйынтыктарына каршы доо-арыз берет.
1-тиркеме
Социалдык фонд 2011-ж. "___" __________________ убактылуу бош акча каражаттарын жана пенсиялык топтоо каражаттарын төмөнкү шарттарда коммерциялык банктарга депозиттик салым үчүн жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрөөрү тууралуу билдирет.
Депозиттик аукциондун параметрлери (мисал)
┌────────────┬─────────────┬─────────────┬──────────────┬──────────────┐
│ Лоттун │ Жайгаштыруу │ Минималдуу │ Жайгаштыруу │ Акча │
│ номери │ суммасы │ пайыздык │ мөөнөтү күн │ каражаттарын│
│ │ │ ставка │ менен │ которуу күнү│
├────────────┼─────────────┼─────────────┼──────────────┼──────────────┤
│ 1 │ 20000000,00 │ 8,5% │ 182 │ 2011-жылдын │
│ │ │ │ │ 20-майы │
├────────────┼─────────────┼─────────────┼──────────────┼──────────────┤
│Жыйынтыгы: │ │ │ │ │
│ орточо │ │ │ │ │
│көрсөткүчтөр│ │ │ │ │
└────────────┴─────────────┴─────────────┴──────────────┴──────────────┘
Депозиттик аукционго билдирмелер документ формасында 2011-жылдын "__" _______________________ саат __.____ чейин кабыл алынат.
Активдер менен иштөө боюнча
бөлүмдүн начальниги
2-тиркеме
Мындан ары "Катышуучу" деп аталган (аукциондун катышуучусунун аталышы) өткөрүлүп жаткан депозиттик аукциондо акча каражаттарын төмөнкүдөй шарттарда депозиттик салым үчүн алууга даяр экендигин билдирет:
┌───────────────────────┬─────────────────┬───────────────────────────┐
│ Лоттун номери │ Жайгаштыруу │ Жылдык пайыздык ставка │
│ │ суммасы │ │
├───────────────────────┼─────────────────┼───────────────────────────┤
│ │ │ │
├───────────────────────┼─────────────────┼───────────────────────────┤
│ │ │ │
└───────────────────────┴─────────────────┴───────────────────────────┘
Катышуучулар депозиттик аукцион өткөрүүнүн эрежелери менен таанышып чыкты жана андан келип чыккан бардык милдеттенмелерди алат.
(кызматы) (колу) (аты-жөнү)
_________________ ____________ _____________________________
Күнү М.О.
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2011-жылдын "___" _______________ боло турган Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун убактылуу бош акча каражаттарын жана пенсиялык топтоо каражаттарын депозиттик салымдарга жайгаштыруу боюнча аукциондун жыйынтыгы боюнча Сиздин билдирмеңиз төмөнкүдөй көлөмдө канаатандырылганын билдирет:
┌──────────────────┬─────────────────────┬──────────────┬─────────────┐
│ Лоттун │ Жайгаштыруу │ Жылдык │ Жайгаштыруу │
│ номери │ суммасы │ пайыздык │ мөөнөтү күн │
│ │ │ ставка │ менен │
├──────────────────┼─────────────────────┼──────────────┼─────────────┤
│ 1 │ 0 │ │ │
├──────────────────┼─────────────────────┼──────────────┼─────────────┤
│ 2 │ 0 │ │ │
├──────────────────┼─────────────────────┼──────────────┼─────────────┤
│ 3 │ 20000000,00 │ 8,9% │ 182 │
└──────────────────┴─────────────────────┴──────────────┴─────────────┘
Депозиттик аукциондун жыйынтыктары
2011-жылдын "_____" ______________
┌──────────────────┬─────────────────────┬──────────────┬─────────────┐
│ Лоттун │ Жайгаштыруу │ Жылдык │ Жайгаштыруу │
│ номери │ суммасы │ пайыздык │ мөөнөтү күн │
│ │ │ ставка │ менен │
├──────────────────┼─────────────────────┼──────────────┼─────────────┤
│ 1 │ 100000000,00 │ 8,5% │ 360 │
├──────────────────┼─────────────────────┼──────────────┼─────────────┤
│ 2 │ 50000000,00 │ 7% │ 96 │
├──────────────────┼─────────────────────┼──────────────┼─────────────┤
│ 3 │ 20000000,00 │ 8,9% │ 182 │
└──────────────────┴─────────────────────┴──────────────┴─────────────┘
Активдер менен иштөө
боюнча бөлүм ____________ _________ ______________
(кызматы) (колу) (аты-жөнү)
4-тиркеме
____________________________________
(мекеменин аталышы)
"____" ___________ № ________________
Күн тартиби: ____________________________________________________
1. Комисcия төмөнкүдөн курамда:
Төрага: _________________________________________________________
Комиссиянын мүчөлөрү: ________________________________________________
______________________________________________________________________
Чакырылгандар
______________________________________________________________________
(ДАСЖкө материалдарды берген адистер, эксперттик
______________________________________________________________________
топтордун жетекчилери, эксперттер)
ДАӨКтун катчысы: ________________________________________________
(аты-жөнү)
2. Төмөнкү берилген материалдарды
карап чыкты: _________________________________________________________
(аукциондук билдирмелер)
3. Төмөнкүлөр аныкталды:
______________________________________________________________________
(каралып жаткан маселенин маңызы жазылат)
4. Төмөнкүлөрдү белгиледи:
______________________________________________________________________
(табылган кемчилдиктер жана бузуулар)
5. Корутунду ____________________________________________________
ДАӨКтүн төрагасы ______________ ______________________________
колу аты-жөнү
ДАӨКтүн катчысы ______________ ______________________________
колу аты-жөнү
ДАӨКтүн мүчөлөрү ______________ ______________________________
колу аты-жөнү