Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 554 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-августу № 492
Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортсмендерине стипендиялар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-августундагы № 475, 2015-жылдын 2-декабры № 820, 2016-жылдын 23-августундагы № 452 токтомунун редакциясына ылайык)
Дүйнөлүк аренада Кыргыз Республикасынын кадыр-баркын арттырган жогорку спорттук жетишкендиктерге дем берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортсмендерине стипендиялар жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги:
- эл аралык чоң мелдештердин жеңүүчүлөрүнө, байге ээлерине стипендия берүүнү жыл сайын бюджетте каралчу финансылык каражаттарынын чегинде жүргүзсүн;
- (Үчүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-августундагы № 475, 2016-жылдын 23-августундагы № 452 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
21. Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлүүчү Азия жана Дүйнө чемпионаттарынын жеңүүчүлөрүнө жана байге ээлерине сый акы берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү түзгөн уюштуруу комитетинин чечиминин негизинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-августундагы № 475 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 18-мартындагы № 133 «Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортсмендерине стипендиялар жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011 жылдын 23-августундагы № 492 токтому менен бекитилген |
(В редакции постановления Правительства КР 2015-жылдын 2-декабры № 820, 2016-жылдын 23-августундагы № 452)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортсмендерине стипендиялар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин тийиштүү жылга каралган каражаттарынан төлөнөт.
2. Спорттун Олимпиадалык түрлөрү жана Азия оюндарына катышкан спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөсү болуп саналган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги же ведомстволук мекеме, уюм менен келишим-контракт түзгөн Кыргыз Республикасынын жарандары-спортсмендер жашаган жерине карабастан стипендиат боло алышат.
3. Стипендиаттар Кыргыз Республикасынын Чемпионаттарына жана Биринчиликтерине милдеттүү түрдө катышууга тийиш.
2. Стипендиялардын өлчөмү жана саны
4. Стипендиянын өлчөмү календарлык жылдын ичинде спортсмендер көрсөткөн спорттук натыйжаларга жараша, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигин бюджеттик каржылоонун чегинде белгиленет жана ай сайынкы негизде төлөнөт. Стипендиялар 7 категорияга бөлүнөт:
Жогорку категория - 45,0 (кырк беш) миң сом;
I категория - 25,0 (жыйырма беш) миң сом;
II категория - 15,0 (он беш) миң сом;
III категория - 8,0 (сегиз) миң сом;
IV категория - 5,0 (беш) миң сом;
V категория - 3,0 (үч) миң сом;
VI категория - 2,0 (эки) миң сом.
5. Жогорку категориядагы стипендия Стипендиялык комиссиянын сунушу боюнча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун буйругу менен бекитилген курама командалардын мүчөлөрүнө 4 жылдык Олимпиадалык циклге чектелет.
6. Стипендиялардын өлчөмү спортсмендер көрсөткөн натыйжага жараша кийинки айдан баштап өзгөрүшү мүмкүн.
7. Стипендиялардын өлчөмү жана саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин бекитилген бюджеттик каражаттарынын чегинде аныкталат.
8. Стипендиялык фонддон он беш пайыз алдыңкы спортсмендерге жана алардын машыктыруучуларына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде 2009-жылы бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашылган Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортсмендерин сыйлоо жөнүндө жобонун негизинде сыйлык катары төлөнөт.
3. Кыргыз Республикасынын күчтүү спортсмендерине стипендия чектөөнүн критерийлери
N | Иш-чаралардын аталышы | Ээлеген орду | |||||
жог. кат. | I кат. | II кат. | III кат. | IV кат. | V кат. | ||
1 | Олимпиадалык оюндар |
|
|
|
|
|
|
| - чоңдор | 1-3 | 4-8 | 9-12 | 13-19 | 20-25 |
|
| - жаштар |
| 1-3 | 4-7 | 8-10 | 10-13 |
|
| - өспүрүмдөр |
|
| 1-3 | 4-8 | 9-12 |
|
2 | Азия оюндары | 1 | 2-3 | 4-6 | 7-9 | 10-16 |
|
3 | Дүйнөлүк Чемпионат |
|
|
|
|
|
|
| - чоңдор | 1-3 | 4-6 | 7-10 | 11-12 |
|
|
| - жаштар |
| 1 | 2-3 | 4-6 | 7-8 |
|
| - өспүрүмдөр |
|
| 1 | 2-3 | 4-6 |
|
4 | Дүйнөлүк Кубогу (фин.бөлүк) |
| 1 | 2-3 | 4-8 |
|
|
5 | Азия Чемпионаты: |
|
|
|
|
|
|
| - чоңдор |
| 1 | 2-3 | 4-6 | 7-9 |
|
| - жаштар |
|
| 1 | 2-3 | 4-5 | 6-8 |
| - өспүрүмдөр |
|
|
| 1 | 2-3 | 4-6 |
6 | Дүйнөлүк Универсиада |
|
| 1 | 2-3 | 4-5 | 6-8 |
7 | Борбордук Азия Оюндары |
|
|
| 1 | 2-3 | 4-6 |
8 | Параолимпиадалык оюндар (сурдолимпиадалык) | 1-3 | 4-6 | 7-10 | 11-12 |
|
|
9 | Дүйнөнүн Чемпионаттары (мүмкүнчүлүктөрү чектелгендер арасында) | 1-3 | 4-6 | 7-10 | 11-12 |
|
|
10 | Азия Чемпионаты мүмкүнчүлүктөрү чектелгендер арасында) |
| 1 | 2-3 | 4-6 | 7-8 |
|
11 | "А" тобу боюнча эл аралык мелдештер жана Гран-При (кеминде 5 мамлекет болгон шартта |
|
| 1 | 2-3 | 4-6 |
|
Эскертүү:
- жогорку категориядагы спортсмендер жекече план аткарылган шартта стипендияны 4 жыл бою; I категориядагылар-2 жыл бою алат.
- I-V категориядагы спортсмендердин стипендиялары спорттун түрүнө жана катышкан өлкөлөрдүн санына жараша Стипендиялык комиссиянын чечими менен азайтуу жагына өзгөрүшү мүмкүн.
9. Алтынчы категорияга Кыргыз Республикасынын Чемпионатында I орунду ээлеген спортсмендер кирет.
4. Стипендиаттарды аныктоо тартиби
10. Стипендиялык комиссия коллегиялуу орган болуп саналат. Стипендиялык фондду аныктоо боюнча Стипендиялык комиссияны түзүүнүн тартиби, Стипендиялык комиссиянын функциялары жана курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун буйругу менен бекитилет.
11. Стипендия дайындоо үчүн спорттун түрлөрү боюнча спортсмендердин тизмеси Стипендиялык комиссиянын кароосуна Кыргыз Республикасынын спорттун түрлөрү боюнча республикалык федерациялары, Кыргыз Республикасынын курама командаларын олимпиадалык даярдоо борборлору, Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиадалык комитети жана Олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр республикалык мектептери тарабынан сунуш кылынат. Стипендиаттардын тизмелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун буйругу менен бекитилет.
12. Стипендиатты аныктоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:
- спорттук уюмдун өтүнүчү;
- мелдештин протоколу;
- стипендиатка маалымкат.
Стипендия дайындоо үчүн спортсмендердин тизмесин берүүгө укуктуу спорттук уюмдардын тизмеси:
- Кыргыз Республикасынын спорттун түрлөрү боюнча республикалык федерациялары;
Спорттун олимпиялык түрлөрү боюнча дирекция;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитети;
- Олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр республикалык мектептери.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 820 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Стипендиялык комиссияга учурдагы календарлык жылдын ичинде спортсмендердин спорттук натыйжаларды көрсөткөндүгүнө жараша белгиленген стипендияны жогорулатууга, төмөндөтүүгө жана алып салууга, мелдештердин протоколдору болгон учурда мамлекеттик стипендияларды кайра дайындоого укук берилет.
14. Стипендия спортсмендерден алар Кыргыз Республикасынын курама командасынын курамынан чыгарылганда, дисквалификацияланганда, спорт менен машыгуусун токтоткондо, мелдештерде белгиленген спорттук көрсөткүчтөрдү аткарбаганда, жекече пландарды жана келишим-контракттын шарттарын аткарбаганда алып салынат.
15. Стипендиялык комиссия олимпиадалык оюндарга катышууга лицензия утуп алган спортсмендерге тийиштүү органдын (спорттун түрлөрү боюнча республикалык федерациянын, Улуттук Олимпиадалык комитети ж.б.) лицензия утуп алгандыгын ырастаган зарыл документи болгон учурда стипендия дайындоого укуктуу.
16. Стипендияларды төлөп берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан спортсмендердин окуу-машыгууларга келиши жана мелдештерге катышуусу жөнүндө башкы машыктыруучулардын ар айлык маалыматтарды бериши боюнча, ошондой эле мамлекеттик стипендияны пайдалануу жөнүндө ырастоочу документтерди тиркөө менен отчетторду бериши боюнча жүргүзүлөт.
17. Курама командалардын стипендиат-мүчөлөрүн даярдоонун жекече пландары аткарылышына, окуу-машыгууларды, жыйындарды өткөрүүгө контролдук кылуу ведомстволук уюмдардын директорлоруна жүктөлөт.