Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 24-августу № 500
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706»Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын аскердик башка түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө» токтомуна түшүндүрмөнү бекитүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын аскердик башка түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө» токтомуна тиркелген түшүндүрмө бекитилсин.
2. Түшүндүрмө Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтерине жана ведомстволоруна жиберилсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-августундагы № 500 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын аскердик башка түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө» токтомуна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун колдонуу бөлүгүндө түшүндүрмө берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүчө түшүндүрөт:
Азык-түлүк менен камсыздоо бөлүгүндө «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренеси мамлекет аскер кызматчыларынын аскердик кызматынын негизги мүнөзүн эске алуу менен милдеттерин аткарышы үчүн зарыл болгон материалдык жана башка шарттарды түзөөрүн аныктайт.
Эл чарбасынын кызматкерлеринин жана адистеринин, мамлекеттик кызматчылардын эмгек акысы жогорулаганда жана жашоо-турмуш наркынын индекси өзгөргөндө аскер кызматчыларына акчалай үлүштүн нормасы дагы жогорулатылат.
Аскер кызматчыларын акчалай үлүш менен камсыздоо тартиби жана ушул үлүштүн нормаларын өзгөртүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Аскер кызматчылары мамлекеттин эсебинен азык-түлүк жана буюм мүлкүн алышат. Алар (мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларын кошпогондо) азык-түлүк жана буюм мүлкү үчүн акчалай компенсация алууга укуктуу. Жашоо-турмуштун наркынын индекси өзгөргөндө акчалай компенсациянын нормасы кайра каралат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 706 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын аскердик башка түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларынын азык-түлүк паегунун нормалары жөнүндө» токтому офицерлер, прапорщиктер контракттык жана мөөнөттүү кызматтын аскер кызматкерлери үчүн килокалория менен азык-түлүк паегунун нормаларын белгилейт (натуралай түрдө).
Ошону менен бирге «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин алтынчы абзацында белгиленгендей аскер кызматчылары (мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларын кошпогондо) азык-түлүк жана буюм мүлкү үчүн акчалай компенсация алууга укуктуу.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган токтомунун күчү азык-түлүктү натуралай түрдө алган аскер кызматчыларына жайылтылат.
Бул учурда натуралай түрдө азык-түлүк албаган аскер кызматчылары акчалай компенсация алууга укуктуу болот.
Ушул үлүш менен камсыз кылуу тартиби жана нормаларын өзгөртүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.