Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 24-августу № 503
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.А.Арапбаев, К.Т.Туманов, М.К.Осмонов, Т.В.Левина тарабынан демилге кылынган «энергиянын жаңылануучу булактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.А.Арапбавв, К.Т.Туманов, М.К.Осмонов, Т.В.Левина тарабынан демилге кылынган, «Энергиянын жаңылануучу булактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-августундагы № 503 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.А.Арапбаев, К.Т.Туманов, М.К.Осмонов, Т.В.Левина тарабынан демилге кылынган «Энергиянын жаңылануучу булактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып төмөнкүлөрдү белгилейт.
Бул Мыйзам долбоору менен «Энергиянын жаңылануучу булактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына негизинен ички беренелерин шайкеш келтирүүгө багытталган редакциялык мүнөздөгү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жана сүйлөмдөрдөгү механикалык жана стилдик каталарга оңдоолор киргизилет.
Айрым алганда, депутаттар демилге кылган Мыйзам долбоорунун 1-пункту менен «Энергиянын жаңылануучу булактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин энергиянын жаңылануучу булактары чөйрөсүндө иштеген юридикалык жана жеке жактарга артыкчылыктарды берүү бөлүгүнө өзгөртүү киргизилет, атап айтканда «бажы алымдарынан жеңилдик» деген сөз айкашы Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча пайдаланылуучу «бажы алымдарынан бошотуу» деген сөз айкашына алмаштырылат.
Киргизилип жаткан мыйзам долбоорунун 2-пункту негизинен механикалык каталарды өзгөртүүгө багытталган. 14-берененин үчүнчү абзацындагы «каржыланган» деген сөз «каржылануучу» деген сөз менен алмаштырылат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары демилге кылган Мыйзам долбоорунун 3-пункту менен колдонулуудагы «Энергиянын жаңылануучу булактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин экинчи бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилет, анда энергетикалык компанияларга энергиянын жаңылануучу булактары аркылуу иштелип чыккан энергияны алардын милдеттүү алышы боюнча өз милдеттенмелерин аткарбагандыктары үчүн айыптык санкцияларды салуу каралган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары демилге кылган Мыйзам долбоору менен киргизилүүчү өзгөртүүлөр энергиянын жаңылануучу булактарын (ЭЖБ) пайдалануучу энергия чыгаруучуларга компенсация түздөн-түз энергетика компаниялары тарабынан ишке ашырылаары болжолдонгонун белгилөө керек. Бул норма ЭЖБны пайдалануучу энергия чыгаруучулардын алдындагы энергетика компанияларынын жоопкерчилигин жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Бул учурда компенсация өзгөрүүсүз калаарын, б.а. ЭЖБны пайдалануучу энергия чыгаруучулар тарабынан алынбай калган пайданын өлчөмүнө барабар болоорун белгилөө керек, ал мурда айыптык санкция түрүндө алынуучу.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.А.Арапбаев, К.Т.Туманов, М.К.Осмонов, Т.В.Левина тарабынан демилге кылынган «Энергиянын жаңылануучу булактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алууну колдойт.