Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-августу № 507
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-майындагы № 240 «Социалдык чөйрөдөгү мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерине «Эл» жана «Эмгек сиңирген» деген ардактуу наамдар үчүн үстөк акылар жөнүндө» токтомуна чечмелөө (түшүндүрмө) тууралуу
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-майындагы № 240 «Социалдык чөйрөдөгү мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерине «Эл» жана «Эмгек сиңирген» деген ардактуу наамдар үчүн үстөк акылар жөнүндө» токтомуна чечмелөө (түшүндүрмө) бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министри | А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы № 507 токтому менен бекитилген |
Үстөк акылардын өлчөмүндөгү диспропорцияларды жоюу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-майындагы № 240 «Социалдык чөйрөдөгү мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерине «Эл» жана «Эмгек сиңирген» деген ардактуу наамдар үчүн үстөк акылар жөнүндө» токтому менен социалдык чөйрөдөгү уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлерине «Эл» жана «Эмгек сиңирген» деген ардактуу наамдар үчүн үстөк акылар белгиленген.
«Эл» жана «Эмгек сиңирген» деген ардактуу наамдар үчүн үстөк акы (мындан ары - үстөк акы) социалдык чөйрөнүн төмөнкүдөй ардактуу наамы бар кызматкерлерине берилет:
- СССРдин эл жазуучусу;
- СССРдин эл акыны;
- СССРдин эл сүрөтчүсү;
- СССРдин эл артисти;
- СССРдин эл мугалими;
- Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу;
- Кыргыз Республикасынын эл акыны;
- Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү;
- Кыргыз Республикасынын эл артисти;
- Кыргыз Республикасынын эл мугалими;
- Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими;
- Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер;
- Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы;
- Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоосуна эмгек сиңирген кызматкер;
- Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти;
- Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер;
- Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер;
- Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкер;
- Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ойлоп табуучусу;
- Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун эмгек сиңирген кызматкери.
Маданияттын жана искусствонун ишмерлери, дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлери, педагог, медициналык жана илимий кызматкерлер, ошондой эле социалдык чөйрөнүн «Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наамы бар кызматкерлери мурда бул үстөктү ар кандай өлчөмдөрдө алышчу. Үстөк акы социалдык чөйрөдө иштеген кызматкерлерди мамлекеттик колдоо жана көтөрмөлөө чараларынын бири.
«Эл» жана «Эмгек сиңирген» деген ардактуу наамдар үчүн үстөк акылар социалдык чөйрөдөгү уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлерине алардын иштеп жаткан иши аталган ардак наамдардын бирине профили боюнча дал келсе белгиленет. Мисалы, «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер» деген ардак наамы бар кызматкер билим берүү системасында иштесе, ушул айтылган үстөк акыга укугу бар. Эгерде ал кызматкер саламаттык сактоо системасында иштесе жана анын кесиптик иши алган ардактуу наамына дал келбесе. анда ал бул үстөк акыга укугу жок.
Эгер жогоруда аталган ардак наамдары бар кызматкерлер социалдык чөйрөдө иштешпесе, аларга бул үстөк акы төлөнбөйт. Мисалы, «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер» деген ардак наамы бар кызматкер мамлекеттик кызматта эмгектенип жаткан болсо, мындай үстөк акыны алууга укугу жок.
Бул үстөк акы «Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер», «Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер», «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу», «Кыргыз Республикасынын транспортуна эмгек сиңирген кызматкер», «Кыргыз Республикасынын байланышына эмгек сиңирген кызматкер», «Кыргыз Республикасынын геология кызматына эмгек сиңирген кызматкер», «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи», «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти», «Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоосуна эмгек сиңирген кызматкер», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер», «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сиңирген кызматкер», «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куткаруучусу» деген ардак наамы бар кызматкерлерге карата колдонулбайт.
«Эл» жана «Эмгек сиңирген» деген ардактуу наамдар үчүн үстөк акыларды төлөө үчүн каржылоо булактары:
- мамлекеттик бюджет - Кыргыз Республикасынын бюджеттик уюмдары жана мекемелери үчүн;
- өздүк каражаттар - менчигинин формасына карабастан ишканалар, уюмдар, мекемелер үчүн.