Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы №131 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 25-августу № 508

Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулуучу Айнек кайнатуучу меш куруу жана реконструкциялоо үчүн адистештирилген товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө  

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 257-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулуучу Айнек кайнатуучу меш куруу жана реконструкциялоо үчүн адистештирилген товарлардын тизмеси бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

 А. Атамбаев

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы № 508 токтому менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулуучу Айнек кайнатуучу меш куруу жана реконструкциялоо үчүн адистештирилген товарлардын тизмеси

 

ТЭИ ТН коду

Позициянын аталышы

250860000

Чопотопурак отко чыдамдуу муллит

251320000

- сүргүч, жаратылыш корунду, жаратылыш гранаты жана башка табигый абразивдик материалдар

690220100

93 мас. % же андан ашык кремнезем (Si02) кармаган отко чыдамдуу кыштар, блокдор, такталар жана ушул сыяктуу отко чыдамдуу карапа курулуш материалдары

381600000

Отко чыдамдуу цемент, курулуш эритмелери, бетондор, ушул сыяктуу курамдар

6902 209100

7 мас. %тен көп, бирок 45 мас. %тен аз эмес чопотопурак (Аl 203) кармаган отко чыдамдуу кыштар, блокдор, такталар жана ушул сыяктуу карапа курулуш материалдары

6902209900

50 мас. %тен көп чопотопурак (Аl 203), кремнезем (Si02) же аралашма, же ушул продуктулардын бирикмелерин кармаган отко чыдамдуу кыштар, блокдор, такталар жана ушул сыяктуу отко чыдамдуу карапа курулуш материалдары, башка

8001100000

Нелегирленген калай

8109

Цирконий жана калдыктарын жана сыныктарын кошкондо андан жасалган буюмдар