Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы №131 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-августу № 508
Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулуучу Айнек кайнатуучу меш куруу жана реконструкциялоо үчүн адистештирилген товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 257-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулуучу Айнек кайнатуучу меш куруу жана реконструкциялоо үчүн адистештирилген товарлардын тизмеси бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы № 508 токтому менен бекитилген |
ТЭИ ТН коду | Позициянын аталышы |
250860000 | Чопотопурак отко чыдамдуу муллит |
251320000 | - сүргүч, жаратылыш корунду, жаратылыш гранаты жана башка табигый абразивдик материалдар |
690220100 | 93 мас. % же андан ашык кремнезем (Si02) кармаган отко чыдамдуу кыштар, блокдор, такталар жана ушул сыяктуу отко чыдамдуу карапа курулуш материалдары |
381600000 | Отко чыдамдуу цемент, курулуш эритмелери, бетондор, ушул сыяктуу курамдар |
6902 209100 | 7 мас. %тен көп, бирок 45 мас. %тен аз эмес чопотопурак (Аl 203) кармаган отко чыдамдуу кыштар, блокдор, такталар жана ушул сыяктуу карапа курулуш материалдары |
6902209900 | 50 мас. %тен көп чопотопурак (Аl 203), кремнезем (Si02) же аралашма, же ушул продуктулардын бирикмелерин кармаган отко чыдамдуу кыштар, блокдор, такталар жана ушул сыяктуу отко чыдамдуу карапа курулуш материалдары, башка |
8001100000 | Нелегирленген калай |
8109 | Цирконий жана калдыктарын жана сыныктарын кошкондо андан жасалган буюмдар |