Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-августу № 518
"Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | А.Атамбаев |
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-б.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
140-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Коомдук компания жыл сайын акционерлердин (катышуучулардын) жылдык чогулушунан кийин отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-июндан кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жылдык финансылык отчетту жарыялоого милдеттүү.".
2-берене.
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
┌─┬────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ │ Аракеттеги редакция │ Сунушталган редакция │
├─┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│1│140-статьяда. │140-статьяда. │
│ │ │ │
│ │2. Акционерлеринин саны 500дөн │2. Ачык жайгаштырган коом жыл │
│ │ашуун болгон же эч болбогондо │сайын акционерлердин жылдык │
│ │баалуу кагаздардын 1 чыгарылышын│чогулушунан кийин, кийинки │
│ │ачык жайгаштырган коом жыл сайын│отчеттук жылдын 1-июндан │
│ │акционерлердин жылдык │кечиктирбестен массалык маалымат │
│ │чогулушунан кийин 2 ай ичинде, │каражаттарында жылдык финансылык │
│ │кийинки отчеттук жылдын │отчетту жарыялоого милдеттүү. │
│ │1-июлунан кечиктирбестен │ │
│ │массалык маалымат каражаттарында│ │
│ │коомдун финансы-чарбалык иши │ │
│ │тууралу жылдык отчет жарыялоого │ │
│ │милдеттүү. │ │
└─┴────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘