Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-августу № 519
Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногундагы брокерлердин жана дилерлердин кесиптик иши жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногундагы брокерлердин жана дилерлердин кесиптик иши жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
3. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министр | А.Атамбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-августундагы N 519 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногундагы брокерлердин жана дилерлердин кесиптик иши жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул жобо "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасында брокерлердин жана дилерлердин баалуу кагаздар рыногунда кесиптик ишти жүргүзүшүнө коюлуучу негизги талаптарды жана шарттарды белгилейт.
2. "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык баалуу кагаздар рыногундагы брокерлердин жана дилерлердин кесиптик иши милдеттүү түрдө лицензияланууга тийиш.
3. Брокердин жана (же) дилердин жана кардардын ортолорунда жаралган баардык мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ушул Жобо жана бир тараптан брокердин жана (же) дилердин жана экинчи тараптан кардардын ортолорунда түзүлгөн келишимдер менен жөнгө салынат.
4. Брокердин жана (же) дилердин жетекчилери жана адистери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларында белгиленген квалификациялык талаптарга төп келиши керек.
5. Бул жободо төмөнкүдөй аныктамалар пайдаланылат:
эмитент - баалуу кагаздарга бекитилген укуктарды иш жүзүнө ашыруу боюнча баалуу кагаздардын ээлеринин алдындагы милдетти өз атынан алып жүрүүчү юридикалык жак;
андеррайтинг - баалуу кагаздардын эмитенти менен болгон келишимдин негизинде баалуу кагаздардын эмиссиясын коомго чыгаруунун учурунда баалуу кагаздарга жазылууну же аны сатууну андеррайтердин жүргүзүшү;
андеррайтер - баалуу кагаздардын эмиссиясын коомго чыгаруунун учурунда баалуу кагаздарга жазылууну же аны сатууну жүргүзүү же болбосо баалуу кагаздарга жазылууну же аларды башка адамдардын сатып алышын камсыз кылуу милдеттенмеси бар баалуу кагаздардын эмитенти менен келишимди түзгөн баалуу кагаздар рыногунун кесиптик катышуучусу;
брокердик иш - колдонуудагы тиешелүү келишимдин, ошондой эле ишенимдүү адамдын же комиссионердин ыйгарым укугу келишимде көрсөтүлбөгөн учурда мындай келишимди жасаш үчүн ишеним каттын негизинде баалуу кагаздар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү агент же комиссионер катары жасаган иш;
брокер - брокердик ишти жүргүзгөн жана баалуу кагаздар боюнча кесиптик ишти жүргүзүүгө баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан алган тиешелүү лицензиясы бар баалуу кагаздар рыногунун кесиптик катышуучусу;
сатуучулардын тобу - эмиссия кылынган баалуу кагаздарды алгачкы жайгаштыруу тапшырмасын андеррайтерлердин топторунун мүчөлөрүнөн алган брокерлер жана дилерлер;
дилердик иш - баалуу кагаздарды сатып алуу-сатуу ишин, бүтүмүн жүргүзүүчү деп жарыяланган адам койгон баада, ошондой эле жарыя кылынган баа колдонгон мөөнөттүн ичинде баалуу кагаздарды сатып алуу жана/же сатуу милдеттенмеси менен белгилүү баалуу кагаздарды сатып алуунун жана/же сатуунун баасын ачык жарыя кылуу жолу менен өзүнүн атынан жана өзүнүн эсебинен баалуу кагаздарды сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүн жасоо;
дилер - дилердик ишти жүргүзгөн жана баалуу кагаздар боюнча кесиптик ишти жүргүзүүгө баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берүүчү тиешелүү лицензиясы бар баалуу кагаздар рыногунун кесиптик катышуучусу;
инвестициялык консультант - баалуу кагаздарды сатып алуу жана башка инвестицияларды тартуу маселелери боюнча консультация берүү кызматын көргөзгөн баалуу кагаздар рыногуна катышуучу;
кызыкчылыктардын кагылышы - баалуу кагаздар рыногунда кесиптик ишти жасоонун жүрүшүндө жаралган кырдаал, анда брокердин жана (же) дилердин жана алардын кардарларынын кызыкчылыктарында каршылыктар орун алат;
башкаруучу андеррайтер - андеррайтерлердин тобун уюштурууга, эмиссияны даярдоого жана эмитент менен эмиссиялык синдикаттын ортосундагы келишимди түзүүгө, эмиссиялык синдикаттын жана (же) сатуучулардын тобунун баалуу кагаздарды жайгаштырышына жоопкер андеррайтер;
андеррайтерлердин тобу - эмитенттин баалуу кагаздарын жайгаштырууга көмөк көрсөтүүгө жазуу жүзүндө макул экендиктерин билдиришкен баалуу кагаздар рыногунун кесиптик катышуучуларынын тобу.
2. Брокерлердин жана дилерлердин кесиптик ишине карата коюлуучу негизги талаптар
6. Баалуу кагаздар рыногуна кесиптик ишти жүргүзүү учурунда брокерлер төмөнкүдөй талаптарды сакташы керек:
а) баалуу кагаздар рыногу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сакташы керек;
б) кардарлардын тапшырмаларын жана баалуу кагаздарды сатып алуу-сатуу келишими боюнча милдеттенмени адал, ак ниет аткарууга;
в) кардарлардан алынган көрсөтмөлөргө толук ылайык келгендей кылып кардардын тапшырмасын аткарууга жана кардарлардын тапшырмасын аткарууга керектүү мыкты шарттар менен кардарларды камсыз кылууга;
г) кардарлардын тапшырмаларын орундатууга жана баалуу кагаздарды сатып алуу-сатуу келишиминдеги милдеттенмелерди аткарууга байланышы бар баардык маалыматтарды кардарларга кабарлап турууга, анын ичинде аны менен байланышкан кооптуулуктардын мүнөзүнө кардар түшүнө тургандай иш чара кабыл албай туруп келишимдерди жасоого кеңешин кардарга бербеши керек;
д) баалуу кагаздар рыногундагы бааларга карата көз жазгыруучулукту жана баалуу кагаздар, баалуу кагаздардын эмитенттери, баалуу кагаздардын баалары жөнүндө атайлап бурмаланган маалыматтарды, жарнамада берилген маалыматтарды берүү жолдору менен баалуу кагаздарды сатып алууга же сатууга мажбурлоону болтурбоого;
е) кесиптик ишти жүргүзүүнүн жүрүшүндө алынган кардар жөнүндө финансылык жана башка маалыматтардын жашыруундуулугун сактоого;
ж) брокердин ар кандай финансылык милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды кардарларга ачып берүүгө;
з) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик актыларынын талаптарына ылайык кардарлардын баалуу кагаздарынын ишенимдүү сакталышын жана өзүнчө эсепке алынышын камсыз кылууга;
и) кардарлардын каражаттарын жана баалуу кагаздарын коргоо жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн баардык чараларды көрүүгө;
к) эсептик каттоолорду жүргүзүүнүн ички жол-жоболорун жана эрежелерин бекитүүгө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык ички отчетту түзүүгө;
л) кардарды квалификациялуу инвестор деп таануунун тартиби бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Баалуу кагаздар рыногундагы кесиптик ишти жүргүзүү учурунда дилерлер төмөнкүдөй талаптарды сакташы керек:
а) баалуу кагаздар рыногу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик актыларын сактоо;
б) баалуу кагаздарды сатып алуу-сатуу келишими боюнча милдеттенмени адал, ак ниет аткаруу;
в) баалуу кагаздар рыногундагы бааларга карата көз жазгыруучулукту жана баалуу кагаздар, баалуу кагаздардын эмитенттери, баалуу кагаздардын баалары жөнүндө атайлап бурмаланган маалыматтарды, жарнамада берилген маалыматтарды берүү жолдору менен баалуу кагаздарды сатып алууга же сатууга мажбурлоону болтурбоо;
г) дилердин ар кандай финансылык милдеттери жөнүндө маалыматтарды кардарларга ачып берүү;
д) эсептик каттоолорду жүргүзүүнүн ички жол-жоболорун жана эрежелерин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик актыларынын талаптарына ылайык ички отчетту түзүү.
8. Брокерлер төмөнкүлөргө укуктуу:
а) инвестиция кылуу максатында жана кардарлардын алдындагы милдетти туура жана өз учурунда аткарууга мүмкүндүк бере турган алардын финансылык абалы (акы төлөө жөндөмдүүлүгү) тууралуу маалыматтарды кардарлардан сурап алууга;
б) капиталды түзүүчү булактар жөнүндө маалыматтарды кардардан сурап алууга;
в) кардарлардан - жеке жактардан ишке жөндөмдүүлүктү ырастоону талап кылууга;
г) кардарлардын жетекчисинен - келишим түзүү учурунда юридикалык жактын кызыкчылыгын коргоого берилген ыйгарым укукту ырастоону юридикалык жактан талап кылууга.
Брокерлер төмөнкүлөргө укуксуз:
а) өзүнүн кардарларына жалган кабарларды таратпай, кардардын инвестициялык чечимине таасирин тийгизе турган маалыматтар менен аны кабарлап турууга милдеттүү, ошондой эле кардар менен брокердин, же аффилирденген же брокер менен байланышкан жактын кызыкчылыктарынын кагылышууларын түзүүгө;
б) кардардын жазуу жүзүндөгү буйругу жок эле кардардын атынан баалуу кагаздарды сатып алууга же сатууга, же кардарга таандык баалуу кагаздарды берүүгө;
в) ал өзү эмитент болуп саналган баалуу кагаздар менен келишимдик бүтүмдөрдү жасоого.
3. Брокерлердин жана дилерлердин функциялары жана милдеттери
9. Брокерлер төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
а) кардардын тапшырмасы боюнча, келишимдин жана ишеним каттын негизинде баалуу кагаздарды сатып алуу-сатуу келишимин түзөт;
б) эгерде кардар менен түзүлгөн келишимдин шарттарында каралса, баалуу кагаздарды инвестиция кылууга дайындалган же болбосо баалуу кагаздарды сатуудан алынган кардардын акча каражаттарын сактайт жана пайдаланат;
в) баалуу кагаздарды сатып алуу-сатуу келишимдик бүтүмдөрүн үчүнчү жактын аткарышына карата болгон кепилдикти өзүнө ала алат;
г) кардарга таандык акча каражаттарды жана баалуу кагаздарды пайдалануу боюнча операцияларга байланышкан финансылык кооптуулуктарды тартат;
д) баалуу кагаздар менен болгон операцияларды жүргүзүү үчүн керектүү маалыматтарды даярдайт жана кардарларга берет;
е) баалуу кагаздар рыногу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, талаптарына ылайык баалуу кагаздарды сатып алуу-сатуу келишимдик бүтүмдөрүн түзөт;
ж) инвестициялык сунуштарды кардарларга берүү учурунда инвестициялык кеңешчи боло алат;
з) эмиссиялык баалуу кагаздарды жайгаштыруу учурунда андеррайтердин кызматын аткара алат;
и) баалуу кагаздар менен жасалуучу операцияларды өткөргөнгө чейин брокер кардарды төмөнкүдөй маалыматтар менен жазуу жүзүндө тааныштырышы керек:
- брокердин функциялары;
- сыйлыктын өлчөмүн, көрсөтүлгөн консалтинг кызматына төлөнүүчү акыны;
- бүтүм түзүү учурундагы брокердин жана кардардын укуктары менен милдеттерин;
- бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга тикеден тике катыша турган брокердин лицензиясынын жана адистин квалификациялык күбөлүгүнүн берилген күнүн жана номерин;
- баалуу кагаздардын наркына таасирин тийгизүүчү белгилүү болгон фактылар жөнүндө.
10. Дилерлер төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
а) өзүнүн атынан жана өзүнүн эсебинен баалуу кагаздарды сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүн түзөт;
б) баалуу кагаздар рыногу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик актыларынын талаптарына ылайык баалуу кагаздарды сатып алуу-сатуу келишимдерин түзөт;
в) эмиссиялык баалуу кагаздарды жайгаштыруу учурунда андеррайтердин кызматын аткара алат;
г) алдын-ала жарыяланган акыркы бекемделген (бекитилген) баага жана санга ылайык баалуу кагаздарды сатып алуу же сатуу боюнча бүтүмдөрдү түзөт.
11. Өзүнүн функцияларын аткаруу учурунда брокер төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) эгерде кардар бүтүмдү төлөп берет деген ишеним жок болсо, анда кайсы бир баалуу кагаздарды сатып алуу тапшырмасын кабыл алуудан баш тартууга;
б) тапшырма берген учурдан тартып беш жумуш күндүн ичинде баалуу кагаздар рыногунун катышуучусунун карамагына кардар баалуу кагаздарды берет деген кепилдик жок болгон учурда, баалуу кагаздарды сатуу тапшырмасын кабыл албай коюуга;
в) акча каражаттарын же баалуу кагаздарды алганда аларды дароо кардардын эсебине жайгаштырууга;
г) кардардын акча каражаттарын жана баалуу кагаздарын өзүнүкүнөн обочолонтуп жайгаштырууга;
д) бүтүм жасалып бүткөндөн кийин же аны колдонуу мезгили өткөндөн кийин баалуу кагаздар менен түзүлгөн же болбосо түзүлбөй калган келишимдер жана алардын натыйжалары жөнүндө создуктурбай кардарга билдирүүгө;
е) кардар менен түзүлгөн келишимди аткаруунун жүрүшүндө жасалган бүтүмдөрдүн жана операциялардын эсебин алууга, ошондой эле кардардын баалуу кагаздары жана акча каражаттары менен жасалган операцияларды жасоого негиз болуп саналган документтердин эсебин тиешелүү түрдө камсыз кылууга;
ж) келишимдин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө отчетторду жана кардар менен түзүлгөн келишимди жана кардардын буйругун аткаруу менен байланышкан башка документтерди келишимде бекитилген мөөнөттө кардарга берүүгө;
з) коммерциялык жашыруун сыр жөнүндө шарттары бар кардар менен түзүлгөн келишимдик милдеттенмени аткаруу учурунда кардардын атынын (аталышынын), анын төлөө реквизиттеринин жана кардар менен түзүлгөн келишимдик милдеттенмени аткарууга байланыштуу алынган башка маалыматтардын жашырындуулугун камсыз кылуу боюнча иш-чараларды көрүшү керек, буга баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана компетенциясынын чегинде башка органдарга бериле турган маалыматтар кирбейт;
и) келишим боюнча милдеттенмени аткарбай коюунун же жетик аткарбай коюунун, булар менен кошо кардардын талабы боюнча кайтарылып берилүүгө тийиш болгон акча каражаттарынын өз мезгилинде кайтарып берилбей калышынын жана брокер менен кардардын кызыкчылыктарынын кагылышы жөнүндө кардарга өз учурунда билдирбей коюунун кесепетинен келтирилген чыгымдарды, коммерциялык жашырын сыр жөнүндө шарттарды бузуунун жана кардардын укуктарын, кызыкчылыктарын башка бузуулардын кесепетинен келтирилген чыгымдарды толук көлөмүндө кардарга кайтарып төлөп берүүгө.
12. Эгерде тескерисинче далилденбесе, брокердин жана (же) дилердин эркине көз каранды болбогон жагдайдын кесепетинен келтирилген чыгымдарга карата брокер жана (же) дилер эч кандай жоопкерчиликтерди тартпайт.
13. Кардар менен түзүлгөн келишимди аткаруу менен байланышпаган брокердин милдеттенмелери боюнча өндүрүүлөр кардарларга таандык акча каражаттарына жана баалуу кагаздарга айландырылбайт.
14. Брокер жакыр (банкрот) деп таанылган учурда кардарлардын талаптары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттүү тартипте канааттандырылат.
4. Андеррайтер болуп иштеген брокерлердин жана дилерлердин функциялары жана милдеттери
15. Андеррайтер менен эмитенттин ортосунда түзүлгөн жазуу жүзүндөгү келишимдин негизинде баалуу кагаздарды жайгаштырууну жүргүзүү жана жайгаштырууну тейлөө боюнча кесиптик ишти андеррайтер жүзөгө ашырышы керек.
16. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан баалуу кагаздардын эмиссиясы каттоодон өткөнгө чейин баалуу кагаздарды жайгаштырууну жана жарнама кылууну андеррайтер жүргүзө албайт. Баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектисинде камтылбаган маалыматтар жарнамада камтылбашы керек.
17. Андеррайтер төмөнкүдөй функцияларды жүргүзөт:
а) коомго эмиссиялоону даярдайт:
- андеррайтерлер менен сатуучулардын топторун түзөт;
- баалуу кагаздардын коомго эмиссиясын жүргүзүү жөнүндө эмитенттин ниетин коомчулукка билдирет;
- инвестициялык кеңешчилер жана/же эмитенттер менен биргелешип баалуу кагаздардын эмиссияларын коомго сунуш кылуунун шарттарын аныктайт жана документтерди иштеп чыгат;
- коомго сунуш кылынган баалуу кагаздардын эмиссиясына баа берет, эмитенттер менен инвесторлордун, андеррайтерлердин мүчөлөрүнүн ортосундагы баалуу кагаздарды таратуу боюнча байланыштарды түзөт;
- баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун шарттарын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттатууга көмөк көрсөтөт;
б) баалуу кагаздарды сатып өткөрүү:
- инвесторлорго баалуу кагаздарды сатат;
- жарнама өнөктүгүн жүргүзөт;
- баалуу кагаздарды алгачкы жайгаштыруунун учурунда баалуу кагаздардын сатып алынышына андеррайтингдин түрүнө жараша кепилдик берет;
- алгачкы жайгаштыруунун мезгилинде бааларды турукташтырат;
- инвесторлорду тандоо жана тапшырма боюнча баалуу кагаздарды алгачкы жайгаштыруу ишин жүргүзөт;
- баалуу кагаздардын эмиссиясынын баардык суммасын же бөлүгүн сатып алат;
в) талдоону жана иликтөөнү колдойт.
18. Баалуу кагаздарды коомго чыгарууну уюштуруу жана жайгаштырууну тейлөө жаатында андеррайтер же андеррайтерлер көрсөтүүчү кызматтардын башка түрлөрү келишимде каралышы мүмкүн.
19. Баалуу кагаздарды чыгарууну коомго уюштуруунун жана жайгаштырууну тейлөөнүн баардык түрлөрү үчүн андеррайтерди сыйлоонун суммасы келишимде көрсөтүлүшү керек.
20. Андеррайтер же андеррайтерлердин тобу, потенциалдуу инвестордун өзү же сатуучулардын топтору тарабынан баалуу кагаздардын коомго эмиссиялоо алгачкы рынокко жайгаштырылат. Эмиссия кылынган баалуу кагаздарды төлөп кайта алуу милдеттенмесин сатуучулардын топторунун мүчөлөрү өздөрүнө албайт.
21. Баалуу кагаздардын эмиссиясынын кыйла чоң үлүшүн жайгаштырууну өзүнө алган андеррайтерлердин тобун башкаруучу андеррайтер башкарат жана төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
а) андеррайтер тобун башкарууну жана ишин уюштурууну;
б) андеррайтер тобунун курамын түзөт жана ишин координациялайт;
в) келишимдерди даярдайт жана түзөт;
г) эмитент жана үчүнчү жак менен болгон байланыштарда синдикаттын өкүлү болот.
22. Андеррайтерлер төмөнкүлөргө укуксуз:
а) кызыктыруу жана инвестиция кылуу чечиминин кабыл алынышына таасир тийгизүү максатында жалган маалыматтарды инвесторлорго берүүгө;
б) жүргүзүлгөн изилдөөлөр боюнча бурмаланган жана жалган отчетторду эмитентке берүүгө, ошондой эле туура эмес жана толук эмес маалыматтар камтылган эмиссиянын проспектисин берүүгө;
в) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталбаган эмиссиянын проспектисин пайдаланууга жана таркатууга;
г) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда коомго сунуш кылуунун шарттары жана проспекти каттатылганга чейин жарнамалык өнөктүктү жүргүзүүгө;
д) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда коомго сунуш кылуунун шарттары жана проспекти каттатылганга чейинки мезгилде ошол баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуу боюнча ишти жүргүзүүгө;
е) баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуу менен байланышпаган эмитент жөнүндө маалыматтарды берүүгө.
23. Эгерде андеррайтердин (андеррайтерлердин тобунун) укукка жат аракеттеринин негизинде эмитентке зыян келтирилсе, анда алар эмитенттин алдында толук мүлктүк жоопкерчиликтерди тартышат.
5. Брокерлердин жана дилерлердин эсеби жана отчеттору
24. Баалуу кагаздар менен жасалган операциялардын ички эсебин брокерлер менен дилерлер Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларынын жана өзүн өзү жөнгө салуучу уюмдун (мындан ары - ӨЖСУнун) эрежелеринин талаптарына ылайык жүргүзүүгө милдеттүү.
25. Брокерлер жана дилерлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларында белгиленген формада, тартипте жана мөөнөттө отчетту баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү.
6. Баалуу кагаздар рыногунда брокерлердин жана дилерлердин кесиптик ишти жүргүзүшүн контролдоо
26. Брокерлер менен дилерлер мүчөлөрү болуп саналган ӨЖСУ тарабынан брокерлердин жана дилерлердин иш өзгөчөлүктөрү белгилениши мүмкүн.
27. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана ӨЖСУ брокерлердин жана дилерлердин кесиптик ишти жүргүзүлүшүн контролдойт.