Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-августу № 520
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-мартындагы № 119 «Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын аудитинин жыйынтыктары тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-мартындагы № 119 «Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын аудитинин жыйынтыктары тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жыйырма алтынчы абзацтын расмий тилдеги текстинде «Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жыйырма алтынчы жана жыйырма жетинчи абзацтардын мамлекеттик тилдеги тексти төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкерлеринин саны Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 19-июнундагы № 223 Жарлыгы менен белгиленген сандан ашып 17704,5 бирдикти түзгөн жана анын эмгек акы төлөө фондусу дээрлик 53,1 млн. сомду түзгөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы № 561 «Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 «Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомун бузуп, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин ведомстволук мекемелеринде негизсиз каралган 28,8 млн. сом суммадагы үстөк акылар, сыйлыктар, кошумча төлөмдөр жана башка төлөмдөр табылган.»;
- 8-пункттагы «Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | А. Атамбаев |